toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

«О!Деньги» NFC-төлөмдөрүн ишке киргизүүдө! Кешбэк менен!

«О!Деньги» NFC-төлөмдөрүн ишке киргизүүдө! Кешбэк менен!

«О!Деньги» сервиси колдонуучулардын ыңгайлуулугу үчүн контактсыз төлөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө. Эми «О!Деньги» тиркемесинен товарларды жана кызматтарды NFC аркылуу төлөсө болот. Жаңы төлөө ыкмасы айрым кафелерде жана дүкөндөрдө жеткиликтүү – өнөктөштөр тизмеги күндөн күнгө көбөйүүдө. 

Ылдам төлөмдөр үчүн NFC-модулу бар смартфон жана «Мой О!» тиркемеси гана керек. Тиркеме өлкөнүн бардык мобилдик операторлорунун абоненттерине жеткиликтүү. 

Кантип төлөө керек? 

1. Түзмөктүн жөндөөлөрүнөн NFC’ни күйгүзүңүз. 

2. Смартфонду ачып, «О!Деньги» NFC белгисине тийгизиңиз. 

3. Келген билдирүүнү ачыңыз. 

4. Сумманы көрсөтүп, телефондун балансынан, капчыктан же картадан төлөңүз. 

Смартфон менен төлөө тез жана ыңгайлуу гана болбостон, утуштуу дагы. Ар бир NFC-төлөмгө «О!Деньги» 11%га чейин бонустук кешбэк берет. 

Бул кызмат - NFC’си бар Android жана iOS базасындагы смартфондордун колдонуучуларына жеткиликтүү. 

«Мой О!» тиркемесин Google Play же App Store’дон жүктөп, контактсыз төлөмдөрдүн бардык артыкчылыктарын колдонуңуз.