toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

Накталай эмес жол кире төлөмү

Накталай эмес жол кире төлөмү

Бишкектин автобустары менен троллейбустарында жол кирени «Тулпар» картасынын жардамы менен накталай эмес төлөөгө болот. Муну кантип аткарууну айтып беребиз.

«Тулпар» картасын кайдан алса болот?

Шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн транспорттук карталарды O!Store дүкөндөр тармагынан алса болот. Картанын баасы 50 сом жана анда бир жолу акысыз жүрүү мүмкүнчүлүгү берилген.

Транспорттук картаны кантип толуктайт?

Картаны «О!Деньги» капчыгы аркылуу түз эле телефондун балансынан толуктаса болот.

Бул жөнөкөй, тез жана ыңгайлуу:

·«Мой О!» тиркемесине кирип, «О!Деньги» бөлүмүн ачыңыз;

·«Каталог боюнча издөөнү» басып, «Тулпар» деп киргизиңиз;

·Картанын номери же телефондун номери боюнча толуктоо жолун тандаңыз;

·Реквизиттерди, сумманы көрсөтүп, телефондун балансынан, капчыктан же кошулган картадан төлөңүз.

Жол кире кантип төлөнөт?

Жол кирени төлөө үчүн картаны транспорттогу атайы окугучка такаңыз. Жол киренин суммасы автоматтык түрдө кемитилет.