toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

Мүмкүнчүлүктөр көбөйүүдө! Эми «О!Деньги» капчыгын ЭЛСОМ аркылуу да толуктаса болот

Мүмкүнчүлүктөр көбөйүүдө! Эми «О!Деньги» капчыгын ЭЛСОМ аркылуу да толуктаса болот

«О!Деньги» төлөм тутуму өз кардарларынын ыңгайлуулугу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү улантууда. Эми «О!Деньги» капчыгынын колдонуучулары ЭЛСОМ тиркемесинин колдонуучуларынан да акча которууларды ала алышат.

 

ЭЛСОМ аркылуу «О!Деньгини» кантип толуктаса болот?

 

1.     ЭЛСОМ тиркемесинен «Кызматтар» бөлүмүн ачыңыз;

2.     «Капчыктар», андан кийин «О!Деньги» категориясын тандаңыз;

3.     Капчыктын номерин 996ххххххххх форматында көрсөтүңүз;

4.     Керектүү сумманы төлөңүз.

Баары даяр. Которулган каражаттар дароо түшөт!

Алынган каражаттарды түз эле капчыктан товарлар менен кызматтарды төлөө үчүн сарптоо ыңгайлуу, анткени «О!Деньги» накталай эмес төлөмдөрдүн кеңири спектрин сунуштайт:

·      Супермаркеттерде, кофейняларда, дарыканаларда, таксиде, МКСларда жана 1800дөн ашуун сатуу жана тейлөө кеңсесинде QR-код боюнча төлөө;

·      Коммуналдык жана мамлекеттик кызматтарды (айыппулдар, патент, маалымкаттар, Юстиция министрлиги, ИИМ, ЖААКтын кызматтары) жана 1300дөн ашуун пайдалуу сервистерди төлөө;

·      Алты өлкөнүн капчыктары менен карталарына ылдам акча которуулар;

·      Кыргызстандын 50 кредиттик мекемесинин кредиттерин төгүү, банктарынын эсептерин жана депозиттерин толуктоо жана башка көптөгөн мүмкүнчүлүктөр.

 «О!Деньги» капчыгын комиссиясыз төмөнкү жолдор менен толуктоого боло туррганын белгилей кетмекчибиз:

·      Өлкө боюнча О! төлөм терминалдарынын кеңири тармагынан;

·      Банктардын кошулган карталарынын жардамы менен;

·      Halyk жана Finca мобилдик банкингдери аркылуу;

·      Россия менен Казакстандагы QIWI капчыгы жана терминалдары аркылуу.

 Толуктоону башка төлөм сервистери менен терминалдарынан да ишке ашырса болот, бирок комиссия алынат.