toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

Ата-энелердин ыңгайлуулугу үчүн: бала бакчаларда тамактанууну онлайн төлөсө болот

Ата-энелердин ыңгайлуулугу үчүн: бала бакчаларда тамактанууну онлайн төлөсө болот

«Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги» капчыгы мурункудан ыңгайлуураак жана функционалдуураак боло баштады. Капчыктын колдонуучулары 2 000ден ашуун түрдүү сервистерди төлөй алышат жана бул сан дагы өсүшү мүмкүн.

Эми тиркемедеги кызматтардын электрондук каталогу аркылуу Бишкек шаарынын мамлекеттик бала бакчаларындагы тамактанууну оңой төлөөгө болот. Мындай пайдалуу мүмкүнчүлүк менен ата-энелер мекемелердин кызматкерлерине накталай акча берүүнүн, же төлөөнүн башка ыкмасын издөөнүн кажети жок, анткени төлөмдү дароо смартфондон онлайн жүргүзсө болот.

Бала бакчаларда тамактанууну кантип төлөсө болот?

1. Google Play же App Store платформаларынан «Мой О!» тиркемесин орнотуңуз.

2. «О!Деньги» бөлүмүн, андан кийин «Билим берүүнү» ачыңыз.

3. «Бишкек ш. Мам. балдар бакчасын» ачыңыз, районду тандаңыз.

4. Берилген квитанциядагы өздүк эсеп менен сумманы киргизиңиз.

5. Телефондун балансынан, капчыктан же кошулган картадан төлөңүз.

Кененирээк маалымат видеоинструкцияда. 

Муну менен катар, «Мой О!» тиркемесинде керектүү сумма менен күндү белгилөө менен төлөмдүн ай сайын убагында келип туруусу үчүн автоматтык төлөмдү ырастап койсо болот.