toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

Орусиядан жана башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга которууларды кантип жөнөтүү керек?

Орусиядан жана башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга которууларды кантип жөнөтүү керек?

«О!Деньги» капчыгынын колдонуучулары үчүн Орусиядан жана башка өлкөлөрдөн CONTACT системасынын которууларын дароо алуу мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Бул ыңгайлуу кызмат менен кыргызстандыктар мындан ары которууларды алуу үчүн банкка баруунун кажети жок, анткени акча каражаттары 24/7 бою онлайн режиминде дароо түшөт.

Алуучу адам үчүн комиссия 0% түзөт!

Которууларды кантип жөнөтүү керек?

1. CONTACT акча которуулар системасынын тейлөө түйүндөрүнөн же тиркемесинен алуучу адамдын атына которууну тариздеңиз.

Алуучу адамдын аты-жөнү «О!Деньги» капчыгынын ээсинин аты-жөнү менен дал келиши керек.

2. Которуунун кодун алыңыз.

3. Которуунун кодун, суммасын жана валютасын алуучу адамга маалымдаңяз.

Акча каражаттарын кантип алуу керек?

1. «Мой О!» тиркемесинен «О!Деньги» бөлүмүн ачыңыз.

2. «Которуулардын» ичинен «Contact» баскычын тандаңыз;

3. Которуунун кодун, суммасын жана валютасын көрсөтүңүз.

4. Акча каражатын алууну ырастаңыз.

Которуу «О!Деньги» капчыгына сом валютасында дароо түшөт.

Келген акча каражаттарын товарларга же кызматтарга коротсо болот, же төмөнкү ыкмалардын бири менен накталатса болот:

• Өлкө боюнча 112 O!Store дүкөндөрүнүн биринен.

• Нактаматтардан – накталатуу төлөм терминалдарынан.

• Банк картасына которуп, каалаган банкоматтан накталатса болот. 

«Мой О!» тиркемесин Google Play же App Store’дон жүктөп, накталай эмес төлөмдөрдүн баардык артыкчылыктарын колдонуңуз.

*Акча которуулар кызматтары КРнын коммерциялык банктары менен өнөктөштүктө берилет.