toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

Бишкектеги унаа токтотмолорунун акысын эми «О!Деньги» капчыгы аркылуу QR-код менен төлөсө болот

Бишкектеги унаа токтотмолорунун акысын эми «О!Деньги» капчыгы аркылуу QR-код менен төлөсө болот

«О!Деньги» финансылык сервиси кыргызстандыктардын ыңгайлуулугу үчүн инновациялык төлөө чечимдерин киргизүүнү улантууда. Эми айдоочулар муниципалдык токтотмолордун акысын дароо смартфондон QR-код аркылуу төлөй алышат.

Накталай эмес мындай төлөм убакытты бир кыйла үнөмдөп, керектүү накталай сумманы издөөдөн же кайрып берүүнү күтүүдөн кутултат.

Токтотмону QR-код аркылуу кантип төлөө керек?

1. Google Play же App Store’дон «Мой О!» тиркемесин көчүрүңүз. 

2. Токтотмонун кызматкеринин бейжиндеги QR-кодду сканерлеңиз.

3. Сумманы көрсөтүп, телефондун балансынан, капчыктан же кошулган картадан төлөңүз.

«О!Деньги» аркылуу ар бир төлөмдөн автоматтык түрдө 1% кешбэк кошулат.

Накталай эмес төлөөгө мүмкүн болгон токтотмолордун даректери:

• Токтогул көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин («Мото» СБ);

• Шопоков көчөсү Москва көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин;

• Бөкөнбаев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Үсөнбаев көчөсүнө чейин;

• Ибраимов көчөсү («Комфорт» СБ);

• Кулатов көчөсү Сүйүмбаев көчөсүнөн Матросов көчөсүнө чейин; 

• Исанов көчөсү Киев көчөсүнөн Сыдыков көчөсүнө чейин;

• Киев көчөсү Манас проспектисинен Керимбеков көчөсүнө чейин;

• Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин («Караван» СБ). 

Жакын арада «О!Деньги» аркылуу төлөмдөр борбор калаанын бардык токтотмолорунда жеткиликтүү болот.

Токтотмонун кызматкери накталай эмес төлөмдү кабыл алуудан баш тарткан учурда төмөнкү ишеним телефонуна кайрылыңыз: 0312 54 79 67.

Проект Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин алдындагы «Бишкек

токтотмолор жана унаа туруктары»

муниципалдык ишканасы менен биргеликте ишке ашырылды.