toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

Баткен областынын жашоочулары үчүн каражат чогултуу

Баткен областынын жашоочулары үчүн каражат чогултуу

Азыр ар бир кыргызстандыктын болуп жаткан окуялардан жапа чеккен мекендештердин кайгысын тең бөлүшүп, жүрөгү тилинип отурган кези. Жалпы эл үчүн оор мезгилде ар бир каалоочу жардамга муктаж жарандарыбызга колдоо көрсөтө алат.  

 «О!Деньги» капчыгы жана О! төлөм терминалдары аркылуу каалаган сумманы Баткен областынын жашоочуларына жардам катары которуу мүмкүн.

«О!Деньги» аркылуу каражаттарды кантип которсо болот:

1.      «Мой О!» тиркемесинен «О!Деньги» бөлүмүн ачыңыз.

2.     «Баткенге жардам» вкладкасын тандаңыз;

3.     Көңүлдөн чыккан сумманы көрсөтүп, төлөңүз. 

Жардамды төлөм терминалдары аркылуу которуу жолу:

1.     Башкы экрандан «Баткенге жардам» вкладкасын тандаңыз;

2.     Телефон номериңизди көрсөтүңүз;

3.     Көңүлдөн чыккан сумманы купюра кабыл алгычка салып, төлөңүз.

Чогулган каражаттардын баары мамлекеттик бирдиктүү эсепке которулат. Алуучу – КРӨнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты.

Өлкөбүздө тынчтык, бейпилдик жана бакубатчылык өкүм сүрсүн!