toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

Орозо-2023. Ыңгайлуу онлайн-календарь «Мой О!» тиркемесинде

Орозо-2023. Ыңгайлуу онлайн-календарь «Мой О!» тиркемесинде

«О!Деньги» финансылык сервисинин командасы кыргызстандыктарды ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктап, тынчтык, бакубатчылык каалайт жана өз ара колдоону кубаттайт.

Адаттагыдай «Мой О!» тиркемесинде орозо кармагандардын ыңгайлуулугу үчүн Орозо онлайн-календары ыңгайлуу шартта жеткиликтүү. Календардан өлкөнүн баардык аймактарынын ооз бекитүү жана ооз ачуу убактысын, дубалардын текстин жана маанисин табуу оңой. 

Календарды кантип пайдаланса болот?

1. «Мой О!» тиркемесин жүктөп алып, аны ачыңыз.

2. Тиркеменин башкы бетинен «Орозо-2023 календары» баннерин басыңыз.

3. Жакынкы калктуу конушту тандаңыз. 

«О!Деньги» капчыгы аркылуу битир-садага жана Рамазан айында тѳлѳнѳ турган кайыр төлөмдөрдүн башка түрлөрүн бир нече кадамдар менен берсе болот.

Битир-садаганы кантип онлайн берсе болот?

1.  «Мой О!» тиркемесинен «О!Деньги» бөлүмүн ачыңыз.

2. «Төлөмдүн» ичинен «Жакшы иштерге» кирип, «Битир-садага» же башка төлөмдөрдүн түрүн тандаңыз.

3. Каалаган сумманы көрсөтүп, телефондун балансынан, капчыктан же картадан төлөңүз.

Баардык которулган каражаттар Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын эсебине түшөт.