toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

Эми «Бай Түшүм» банкынын кызматтары «Мой О!» тиркемесинен акысыз төлөнөт!

Эми «Бай Түшүм» банкынын кызматтары «Мой О!» тиркемесинен акысыз төлөнөт!

«Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги» капчыгы менен кызматтарды төлөө оңой, кыйла ыңгайлуу жана пайдалуу болуп калды!

Эми «Бай Түшүм» банкынын карталарын «О!Деньги» капчыгы аркылуу толуктоодо жана кредиттерин төгүүдө комиссия алынбайт! Мындан тышкары, комиссия О! төлөм терминалдарынын баарында нөлгө түшүрүлдү.

Капчык аркылуу кантип карталарды толуктоого же кредиттерди төлөөгө болот:

1.     «Мой О!» тиркемесинен «О!Деньги» бөлүмүн ачыңыз.

2.     «Каталог боюнча издөөнү» басып, «Бай Түшүм» деп киргизиңиз жана карталарды толуктоону же кредиттерди төлөөнү тандаңыз.

3.     Эсептин номерин, сумманы көрсөтүп, телефондун балансынан, капчыктан же картадан төлөңүз.

Төлөө дүмүрчөгүн галереяга оңой эле сактап же мессенджерге жиберип койсо болот.

Ал эми дайыма аткарылуучу операциялар үчүн тиркемеден керектүү убакта автотөлөм функциясын же төлөм тууралуу эскертүүнү ырастап коюу мүмкүндүгү бар.

О! төлөм терминалдары аркылуу кантип карталарды толуктоого же кредиттерди төлөөгө болот:

1.     «Финансы кызматтары» бөлүмүн, андан соң «Банк кызматтарын» жана «Бай Түшүм банкын» ачыңыз.

2.     «Картаны толуктоону» же «Кредит төлөөнү» тандаңыз.

3.     Эсептин номерин киргизип, купюра кабыл алгычка керектүү сумманы салыңыз жана төлөңүз.

4.     Төлөө жөнүндө чекти алыңыз.

Мындан тышкары, «О!Деньги» капчыгы аркылуу 15 финансы-кредиттик мекеменин кредиттерин комиссиясыз төлөөгө жана «Бакай Банк», «Айыл Банк», «Халык Банк», «Кыргызкоммерцбанк» (эсепти толуктоо) банктарынын, Ислам финансы борборунун карталарын толуктоого болот.