toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

KICB кызматтары тиркемеде

KICB кызматтары тиркемеде

«О!Деньги» төлөм тутуму финансы кызматтарын пайдалануу мүмкүндүгүн кеңейтүүдө.   

Эми «Мой О!» тиркемесинен жана О! кеңири терминалдык тармагынан «Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы» ЖААКнун (KICB) эсептерин, карталарын толуктоо жана кредиттерин төлөө ыңгайлуу болуп калды.  

Тиркемедеги кызматтарды пайдалануу каалаган учурда онлайн-төлөмдөрдү ишке ашыруу мүмкүндүгүн берет жана банктын бөлүмдөрүнө баруу зарылчылыгынан арылтат.

Колдонуу жөнөкөй:

1.     Google Play же App Store’дон «Мой О!» тиркемесин орнотуңуз;

2.     «О!Деньги» бөлүмүн тандап, «Каталог боюнча издөөнү» басыңыз;

3.     «KICB» деп киргизип, керектүү сервисти тандаңыз жана реквизиттерди жазыңыз;

4.     Телефондун балансынан, капчыктан же кошулган картадан төлөңүз.

Комиссия 1,5% түзөт.

Төлөө жөнүндө электрондук дүмүрчөк төлөмдөрдүн тарыхчасында сакталып калат.