toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

«Айыл Банктын» кызматтары комиссиясыз

«Айыл Банктын» кызматтары комиссиясыз

«Мой О!» тиркемеси менен банктык кызматтарды пайдалануу ыңгайлуураак, пайдалуураак жана тезирээк болуп калды!

Смартфондо каржылык сервистерге жеткиликтүүлүк каалаган учурда 24/7 акча которууга, кредитти төлөөгө же эсепти толуктоого жардам берет.

Ошентип, «О!Деньги» капчыгынын колдонуучулары банкка барбай туруп, «Айыл Банктын» кредиттерин төгүп, карталарын, эсептерин жана депозиттерин  акысыз толуктай алышат.

Мындан тышкары, бардык О! терминалдарында «Айыл Банктын» кызматтары үчүн комиссия нөлгө түшүрүлгөн.

Кызматтардан онлайн пайдалануу оңой: 

1.     «Мой О!» тиркемесин орнотуңуз.

2.     Онлайн-идентификациядан өтүңүз.

3.     Каталогдогу керектүү сервисти тандаңыз.

4.     Телефондун балансынан, капчыктан же кошулган банктык картадан төлөңүз.

Тиркемеде автотөлөм функциясын же эскертүүлөрдү ырастап алса болот. Сервис белгиленген күнү төлөм тууралуу эскертет же пландаштырылган төлөмдү автоматтык түрдө жүргүзөт.