toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

Bishkek Petroleum МКС тармагында 2% кешбэк

Bishkek Petroleum МКС тармагында 2% кешбэк

Күйүүчү майдан кантип үнөмдөсө болот? «О!Деньги» менен Bishkek Petroleum МКС тармагынан лайфхак

Автоунаа ээлери күйүүчү майдан да оңой эле үнөмдөй алышат. Анткени, эми Bishkek Petroleum МКСларынан «О!Деньги» капчыгы аркылуу QR боюнча төлөгөн учурда, ар бир төлөмдөн 2% кешбэк берилет!

QR боюнча төлөө пайдалуу гана эмес, ыңгайлуу дагы! Онлайн төлөө күйүүчү майды өз алдынча куюп, унаадан алыстабай туруп төлөө мүмкүндүгүн берет. Демек, мындан ары кассага барып, кезекке туруунун же оператордун жардамын күтүүнүн зарылдыгы жок.

QR боюнча кантип төлөсө болот?

1.     Пистолетти бензобакка салып, күйүүчү май куюу үчүн баскычты басыңыз.

2.     «Мой О!» тиркемесин ачып, «О!Деньги» бөлүмүнө кириңиз.

3.     Колонкадагы QR-кодду сканерлеп, керектүү сумманы төлөңүз.

4.     Күйүүчү май куюлуп бүткөнүн күтүп, пистолетти кайра колонкага орнотуп коюңуз.

Сарпталган сумманын 2% өлчөмүндөгү бонустук кешбэк автоматтык түрдө кошулуп берилет. Топтолгон бонустарды ушул эле жерден, күйүүчү май үчүн төлөөгө, же болбосо «О!Деньги» сервисинин бонустук программасынын башка өнөктөштөрүнөн колдонсо болот. Тиркеме төлөмдү ишке ашырууда каражаттардын бир нече булагын тандоо, ошондой эле бонустар менен жалпы сумманы төлөө, ал эми эсепте бонустар жетишсиз болгон учурда сумманын бир бөлүгүн төлөө мүмкүндүгүн да берет.