toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

Автосүйүүчүлөр! Колго жазылган айыппулдарды эми онлайн текшерүү мүмкүн

Автосүйүүчүлөр! Колго жазылган айыппулдарды эми онлайн текшерүү мүмкүн

«Мой О!» тиркемесинде автосүйүүчүлөр үчүн жаңы уникалдуу кызмат пайда болду.

Эми камералардан жазылган айыппулдарды гана эмес, колго жазылгандарды да текшерүүгө болот. Кыргызстанда мындай мүмкүнчүлүк алгачкы ирет жаралууда.

Ыңгайлуу жана акысыз бул функциянын жардамы менен кайсы бир убакта ЖКК инспекторлору тарабынан жазылып, төлөнбөй калган айыппулдардын бар же жок экенин текшерүү мүмкүн. Бул кызмат төлөнбөгөн айыппулдар бар болгон учурда өлкөдөн чыгууга чектөө киргизилген бүгүнкү күндө өзгөчө актуалдуулукка ээ.

Кантип колдонсо болот?

1.     «Мой О!» тиркемесин жанылаңыз жана ачыңыз

2.     «Эсептер жана айыппулдар» бөлүмүн тандаңыз.

3.     «Колго жазылган айыппулдарды» басыңыз.

Айыппул бар болгон учурда аны дароо эле  тиркемеден чыкпай туруп, «О!Деньги» капчыгы аркылуу төлөп койсо болот.

 

Азыркы учурда сервисти Android базасындагы түзүлүштөрдүн колдонуучулары гана  пайдалана алышат, бирок жакын арада кызмат бардык каалоочулар үчүн жеткиликтүү болот.  

 «Мой О!» тиркемесинен «Коопсуз шаар» боюнча айыппулдарды оңой эле текшерип, төлөөгө боло тургандыгын эскерте кетмекчибиз. Сервистен жаңы айыппулдар жөнүндө  SMS алуу, эреже бузуулардын сүрөттөрү менен маалыматтарды көрүп чыгуу,  70%га чейин арзандатуу менен төлөө үчүн автоунааны кошуп койсо болот.