toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

Ыйык Рамазан айы: битир-садаганы кантип онлайн берсе болот

Ыйык Рамазан айы: битир-садаганы кантип онлайн берсе болот

Орозо айында бардык мусулмандарга битир-садага сөзсүз берүү сунушталат. «О!Деньги» капчыгы аркылуу муну бир нече кадам менен комиссиясыз аткарса болот.

Битир-садаганы кантип онлайн берсе болот?

• «Мой О!» тиркемесинен «О!Деньги» бөлүмүн ачыңыз;

• «Төлөмдүн» ичинен «Битир-садаганы» тандаңыз;

• Каалаган сумманы көрсөтүп, телефондун балансынан, капчыктан же картадан төлөңүз. 

Сервис башка кайыр-садаганын түрлөрүн да ыңгайлуу төлөөгө мүмкүндүк берет: жетимдер, кайрымдуулук и зекет. 

Баардык которулган каражаттар Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын эсебине түшөт.

Белгилей кетели, «Мой О!» тиркемесинде орозо кармагандардын ыңгайлуулугу үчүн Орозо онлайн-календары жеткиликтүү. Календарда өлкөнүн баардык аймактарынын ооз бекитүү жана ооз ачуу убактысы, дубалардын тексти жана мааниси көрсөтүлгөн.

«О!Деньги» финансылык сервисинин командасы ыйык Рамазан айында кыргызстандыктарга таза ниеттерди, жакшы иштерди жана өз ара колдонуу каалайт.