
Бизде жаңылоо бар!
Тиркеменин жаңы версиясына мурункудан да көп мыкты жана пайдалуу функцияларды топтодук.
Башкылары жөнүндө айтсак:
· Эми тиркеме кайсы экрандан - «Кабинет», «О!Деньги» же «О!Маркет» экранынан ачыла турганын сиз тандайсыз.
· Төлөө үчүн түз эле смартфондун камерасынан QR кодду сканерлөө мүмкүн.
· Картага акча которуу мурункудан да тез болуп калды – реквизиттерди киргизүүнүн ордуна картаны сканерлеңиз.
· Төлөмдөрдүн тарыхчасы да өзгөрдү – кооздоп, тартипке келтирип койдук. Ал эми МКСдан төлөгөн учурда куюлган литрлердин көлөмүн көрө аласыз.
· Эми автосүйүүчүлөр кол менен жазылган айыппулдарды да текшере алышат (азырынча Android колдонуучуларына гана жеткиликтүү).
· Мындан ары Тандалгандарды суммасын көрсөтпөй туруп сактап коюуга болот.
«Мой О!» жаңы версиясы Google Play жана App Store’до.