toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

Лимиттер жана документтер

Электрондук капчык

Бир айлык лимит,

сом

Капчыктын көлөмү,

сом

Бир транзакция,

сом

О!Store'дон идентификациялоо

1 000 000

800 000

100 000

Тиркемеден идентификациялоо (видео)

400 000

200 000

100 000

Тиркемеден идентификациялоо (фото)

200 000

30 000

30 000

Телефондун балансы

Бир айлык лимит,

сом

Баланстын көлөмү,

сом

Бир транзакция,

сом

О!Store'дон идентификациялоо

200 000

60 000

15 000

Тиркемеден идентификациялоо (видео)

200 000

60 000

15 000

Тиркемеден идентификациялоо (фото)

200 000

60 000

15 000

«О!Деньги» электрондук капчыгын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган ЭЛКАРТ картасы боюнча лимиттер

Транзакциянын тиби

Суткасына операциялардын саны

 

Суткасына операциялардын суммасы

c

Айына операциялардын суммасы

c

Банкоматтар

20

70 000

200 000

Толуктоо

20

200 000

500 000

 Берүү түйүндөрүнөн жана банктардын кассаларынан накталатып алуу

20

15 000

30 000

 POS-терминалдардан төлөө

20

200 000

500 000

 Интернет-транзакция

5

50 000

200 000

 Картадан картага которуулар

20

200 000

500 000

«О!Деньги» электрондук капчыгын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган ЭЛКАРТ карталарын чыгаруу жана тейлөө боюнча тарифтер * 

Операция/кызмат

Кардардык комиссиянын өлчөмү

1.

Картаны чыгаруу, жылдык тейлөө жана кайра чыгаруу

 

1.1

Картаны чыгаруу

0 с

1.2

Картаны кайра чыгаруу

0 с

1.3

Жылдык тейлөө

0 с

1.4

Картаны бөгөттөө

0 с

1.5

Картаны бейбөгөттөө

0 с

2

Нак акча каражаттарын берүү үчүн комиссия жана товарларды жана кызматтарды төлөө

 

 

2.1

Нак акча берүү

 

2.1.2

КРдин ичиндеги банктардын банкоматтарынан

0,6%

2.1.3

КРдин сыртындагы банктардын банкоматтарынан

1,5%

2.1.4

КРдин ичиндеги банктардын кассалык бөлүмдөрүнөн

0,6%

2.1.5

КРдин сыртындагы коммерциялык банктардын кассалык бөлүмдөрүнөн

1,5%

2.2

Картага нак акча каражаттарын кабыл алуу үчүн комиссия

 

2.2.1

КРдин ичиндеги банктардын жабдууларынан (картанын катышуусу жок, карта алуучу катары саналат)

0 сом (комиссия жөнөтүүчүдөн алынат)

2.2.2

КРдин сыртындагы коммерциялык банктардын кассалык бөлүмдөрүнөн

1,5%

2.3

Товарларды жана кызматтарды төлөө (pos-терминалдар физикалык жана виртуалдык (e-comm)

0 с

3

Карт-эсептин абалы жөнүндө маалымат

 

3.1

О!Деньги тиркемесинен

0 с

3.2

КРдин ичиндеги башка банктардын жабдууларынын тармагынан

7 с

3.3

КРдин сыртындагы башка банктардын жабдууларынын тармагынан

10 с

4.

Мини-көчүрмөнү суроо

 

4.1

О!Деньги тиркемесинен

0 с

4.2

КРдин ичиндеги башка банктардын жабдууларынын тармагынан

7 с

4.3

КРдин сыртындагы башка банктардын жабдууларынын тармагынан

10 с

5

Акча каражаттарын которуу

 

5.1

Бир эсептик жазуу ичиндеги которуулар

0 с

6

Башка комиссиялар

 

6.1

Карта боюнча финансылык дооматты карап чыгуу

 

6.1.1

О!Деньги тиркемесиндеги операция боюнча

0 с

6.1.2

КРдин ичиндеги башка банктардын жабдууларынын тармагындагы операция боюнча

100 с 1 доомат үчүн

6.1.3

КРдин сыртындагы башка банктардын жабдууларынын тармагындагы операция боюнча

150 с 1 доомат үчүн

6.2

Алынып коюлган картаны кайтаруу

 

6.2.1

КРдин ичиндеги башка банктардын жабдууларынын тармагынан

100 с карта алынып коюлган учурдан тартып 30 күндөн ашпаган мөөнөттө карта кайтарылган шартта. Башка учурларда комиссия алынбайт.

6.2.2

КРдин сыртындагы башка банктардын жабдууларынын тармагынан

Банка-эквайердин комиссиясы

6.3

КРдин сыртындагы операция боюнча түзүлгөн документтин көчүрмөсүн суроо (арыз берген банк төлөйт)

30 с

6.4

Карта боюнча фото жана видео отчет берүү

Банка-эквайердин комиссиясы

 

*«О!Деньги» электрондук капчыгын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган карталарын аралыкта орнотулган өз жабдуулары аркылуу тейлеген КРдин коммерциялык банктары ЭЛКАРТтын талаптарына жараша бекитилген өздөрүнүн ички документтерине ылайык комиссия ала алат.

VISA ЭТС «О!Деньги» электрондук капчыгын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган виртуалдык карталарын чыгаруу жана тейлөө боюнча тарифтер 

Операция/кызмат

Кардардык комиссиянын өлчөмү*

1.

Виртуалдык картаны чыгаруу, жылдык тейлөө жана кайра чыгаруу

 

1.1

Виртуалдык картаны чыгаруу

0 с

1.2

Виртуалдык картанын жылдык тейлөөсу

0 с

1.3

Виртуалдык картаны бөгөттөө

0 с

1.4

Виртуалдык картаны бейбөгөттөө

0 с

1.5

ПИН-коддун эсептегичин түшүрүү

0 с

1.6

ПИН-кодду тиркемеден алмаштыруу

0 с

1.7

ПИН-кодду КРдин ичиндеги жана КРдин чегинен тышкары Банктардын түзмөктөрүнүн тармагынан алмаштыруу

80 с

2

Нак акча каражаттарын берүү үчүн комиссия жана товарларды жана кызматтарды төлөө

 

 

2.1

КРдин ичиндеги банктардын банкоматтарынан

1% мин. 200 с

2.2

КРдин сыртындагы банктардын банкоматтарынан

1,5% мин. 500 с

2.3

КРдин ичиндеги банктардын кассалык бөлүмдөрүнөн

1,5% мин. 500 с

2.4

КРдин сыртындагы коммерциялык банктардын кассалык бөлүмдөрүнөн

1,5% мин. 500 с

3

Финансылык эмес операциялар (баланс тууралуу маалымат, мини-көчүрмөнү суроо)

 

3.1

КРдин ичиндеги башка банктардын жабдууларынын тармагынан

50 с

3.2

КРдин сыртындагы башка банктардын жабдууларынын тармагынан

70 с

4.

Карта боюнча финансылык дооматты карап чыгуу

 

4.1

КРдин ичиндеги башка банктардын жабдууларынын тармагындагы операция боюнча

500 с

4.2

КРдин сыртындагы башка банктардын жабдууларынын тармагындагы операция боюнча

1000 с

4.3

VISA ЭТСтин тарифтерине ылайык, финансылык дооматты карап чыгуу боюнча VISA’нын кошумча комиссиясы

VISA ЭТСтин тарифтерине ылайык

5

 Карта боюнча фото жана видео отчетту берүү

 

5.1

КРдин ичиндеги башка банктардын жабдууларынын тармагынан

Эквайер-банктын тарифтерине ылайык +100 с

5.2

КРдин сыртындагы башка банктардын жабдууларынын тармагынан

кызмат көрсөтүү каралган эмес

 

* VISA виртуалдык картасын өздөрүнүн перифериялык жабдуулары аркылуу тейлеген банктар, VISA ЭТСтин талаптарына ылайык, өздөрүнүн бекитилген ички документтерине ылайык, комиссия алышы мүмкүн.

«Грин Телеком Сервис»

ЖООПКЕРЧИЛИГИ ЧЕКТЕЛГЕН КООМУ 

 

«О!Деньги»

төлөм тутумунун эрежелери

 

1.     ТӨЛӨМ ТУТУМУНУН ОПЕРАТОРУ (ТӨЛӨМ УЮМУ) ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

1.1.  Төлөм тутумунун оператору болуп (ишмердүүлүгүн Төлөм уюумунун ишмердүүлүгү менен бирге жүргүзгөн), «Грин Телеком Сервис» жоопкерчилиги чектелген коому эсептелет (ИНН 00411200910311, ОКПО 26738513, дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.,  Абдрахманов көч., 170/2, блок 2).

1.2.   «Грин Телеком Сервис» жоопкерчилиги чектелген коому төлөм уюмунун маалымат технологиялары менен электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизделген төлөм тутумдары аркылуу башка жактардын пайдасына жеке ишмердүүлүгүнүн натыйжасына кирбеген төлөмдөрдү, товарлар менен кызматтар үчүн эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүгө берилген төлөм уюмунун №3022030817 лицензиясынын жана төлөм тутумунун операторунун башка жактардын төлөм тутумунун, процессинг жана клиринг борборунун катышуучуларынан төлөмдөрү менен эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүүгө байланыштуу кызмат көрсөтүүгө берилген №2021030817 лицензиясынын  негизинде ишмердүүлүк жүргүзөт. Лицензиялар Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы тарабынан 2017-жылдын 03-августунда берилген.  

1.3.  Төлөм тутумунун операторунун (Төлөм уюмунун) телефон номери: +996 312 973-032

1.4.  Төлөм тутумунун операторунун (Төлөм уюмунун) E-mail дареги: dengi@dengi.kg

1.5.  Төлөм тутумунун операторунун (Төлөм уюмунун) call-борборунун номери: +996 700-000-999, 999, 799 (терминалдык тармак үчүн).

 

2.     ТЕРМИНДЕР ЖАНА АНЫКТАМАЛАР

Абонент — Кызмат сатуучу менен Абоненттик келишим түзгөн физикалык же юридикалык жак.

Абоненттик келишим – Товар\кызмат сатуучу менен белгиленген формада түзүлгөн Товарларды чекене сатуу жана сатып алуу, акы төлөнүүчү негизде Кызматтарды көрсөтүү, иштерди аткаруу жөнүндө келишим.

Кепилдик төгүм, Кепилдик төлөм – келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди камсыздандыруу жана Төлөм субагентинин Төлөм тутумунун операторунун (Төлөм уюмунун) алдында, же Төлөм тутумунун операторунун (Төлөм уюмунун) Товар\кызмат сатуучунун же электрондук акчалардын эмитент банкынын алдында милдеттерин аткаруусун камсыздоо максатында Төлөм агенти тарабынан Төлөм тутумунун операторуна (Төлөм уюмуна), жана/же  Төлөм тутумунун оператору (Төлөм уюму) тарабынан Товар/кызмат сатуучуга же электрондук акчалардын эмитент банкына өткөрүлүп берилген акча каражаттары.

Кепилдик фонд –Төлөм тутумунун оператору (Төлөм уюму) же Товар/кызмат сатуучу тарабынан келишимдин шарттарына ылайык кармап калынган суммаларды чыгаргандан кийин Төлөм агенти жана/же Төлөм тутумунун оператору (Төлөм уюму) тарабынан төлөнгөн кепилдик төгүмдөрүнүн жалпы суммасы.

Кошумча сыйакы – Төлөм тутумунун оператору (Төлөм уюму) тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эсепке алганда, Төлөм субагенти тарабынан Төлөөчүдөн Төлөмдү кабыл алуу учурунда кармалган жана Төлөм субагентинин тескөөсүнө түшкөн Төлөм агенти жана Төлөөчүнүн ортосундагы келишимде белгиленген өлчөмдөгү акча каражаттарынын суммасы.

Колдонуучу интерфейси — бул Эрежелердин текстинде — программалык камсыздоо (Төлөм терминалына, мобилдик телефонго орнотулган, же болбосо веб-интерфейс, ошондой эле USSD- жана SMS-сурамдар аркылуу жеткиликтүү) – «О!Деньги» төлөм тутумунун Төлөмдөрдү эсепке алуу, электрондук акчалар менен уруксат берилген операцияларды жүргүзүү жана алар тууралуу маалыматты «О!Деньги» тутумунун серверине өткөрүү мүмкүндүгүн камсыздоочу бир бөлүгү.

Инцидент  – бул тутумдун штаттык иштөөсүнүн бөлүгү болбогон жана төлөм тутумунда төлөмдөр менен эсептешүүлөрдү аткаруунун үзгүлтүккө учурашына же сапатынын начарлашына жол ачкан же терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон ар кандай окуя.

Абоненттин Өздүк эсеби - сатылган товардын, көрсөтүлгөн кызматтардын, аткарылган иштердин көлөмүнүн, ошондой эле Товар/кызмат сатуучу менен келишим боюнча төлөнгөн акча каражаттарынын келип түшүшүнүн жана сарпталышынын эсебин алуу үчүн колдонулган Товар/кызмат сатуучунун автоматташтырылган эсептөө тутумундагы аналитикалык эсеби.

Төлөм агентинин Жеке кабинети – Төлөм субагентинин реквизиттерин, байланыш маалыматтарын, электрондук документ жүгүртүмүнүн параметрлерин, статистикасын, отчёттуулугун жана бул Эрежелерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды камтыган «О!Деньги» тутумунун web-интерфейсинин бир бөлүмү.

ТИК/ККМК чаралары – террордук ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы күрѳшүү боюнча мыйзамдарды сактоо максатында жүргүзүлгѳн иш-чаралар.

АМТ -  товар/кызмат сатуучу ачкан өздүк эсепке мурда салынган акча каражаттардын эсебинен төлөөчүгө кайтарылган акча каражаттарын, аванстарды/алдын-ала төлөмдөрдү же алардын бир бөлүгүн  пайдалануу менен төлөмдөрдү өткөрүү үчүн колдонулган Оператордун/Оператордун агентинин мобилдик тиркемеси.

Төлөм тутумунун оператору (Төлөм уюму), (Оператор) – Төлөм тутумунун ишмердүүлүгүн координациялоо жана камсыздоо функциясын аткарган «Грин Телеком Сервис» жоопкерчилиги чектелген коому.

Колдонуучу – О!Деньги тиркемесинин идентификацияланган (2020-жылдын 1-октябрынан тарта коюлган милдеттүү талап) колдонуучусу

Төлөм – товарларды, кызматтарды, иштерди тѳлѳѳ боюнча милдеттерин аткаруу (аванстык тѳлѳм аткаруу кошулуп) максатында Төлөөчү тарабынан Кызмат сатуучунун пайдасына төлөнгөн акча каражаттарын өткөрүү боюнча милдеттердин аткарылышы.

Төлөм агенти/(Агент) – төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча ишмердүүлүк жүргүзгөн, Эрежелерге кошулгандыгын билдирген жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 387-беренесине ылайык, Эрежелердин шарттарын толугу менен кабыл алган учурда Эрежелерге кошулуу жөнүндөгү келишимге кол койгон (төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча ишмердүүлүк жүргүзүү жөнүндө Агенттик келишим) юридикалык жак же жеке ишкер, ошондой эле анын төлөмдөрдү кабыл алуу пункттары.

Автоматташтырылган өзүн өзү тейлөө терминалы (Төлөм терминалы) – Төлөөчүдөн акча каражаттарын алууга арналган, автоматтык режимде иштеген түзүлүш. 

Төлөөчү – Тутумдун оператору менен өзүнүн атынан же юридикалык жактын атынан Келишимге кошулуу жолу менен Келишим түзгөн, Сатуучунун алдында өзүнүн же юридикалык жактын акчага байланыштуу милдеттерин аткаруу максатында Тутумду колдонуу укугуна ээ жөндөмдүү физикалык жак.

 «Агент» тутумчасы (АТ) – автоматташтырылган программалык камсыздоо жана экөө биригип Төлөм тутумунун оператору (Төлөм уюму), Төлөм субагенттери жана Кызмат сатуучунун ортосунда Төлөмдөрдү кабыл алуудагы (электрондук акчаларды колдонбостон), ошондой эле төлөмдөр тууралуу маалыматты иштеп чыгуудагы жана өткөрүүдөгү маалыматтык жана технологиялык өз ара аракеттешүүнү камсыздоочу «О!Деньги» тутумунун курамына кирген өзүнчө бир кичи тутумду (тутумчаны) түзгөн, бир жактын экинчи жактын алдында акча менен байланышкан милдеттерин аткаруу (токтотуу) максатында төлөмдөрдү кабыл алууга (электрондук акчалар колдонулган төлөмдөрдөн сырткары) байланыштуу ортомчулук ишмердүүлүгүн уюштуруу жана ишке ашыруу процессинде келип чыккан мамилелердин (юридикалык, техникалык, маалыматтык) комплекси. «Агент» тутумчасынын ишмердүүлүгүн координациялоо жана камсыздоо Төлөм тутумунун оператору (Төлөм уюму) тарабынан ишке ашырылат.

Товар/кызмат сатуучу (Сатуучу) – Абонент менен товар сатуу, кызмат көрсөтүү жана/же иштерди аткаруу жөнүндө келишим түзгөн, Төлөөчүдөн Төлөм алган юридикалык жак же жеке ишкер.  

Процессинг – Төлөмдөрдү кабыл алуу тутумунун Катышуучуларынын ортосундагы маалыматтык (өндүрүштүк операциялар боюнча маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу жана жөнөтүү, ошондой эле башка коштоочу операциялар) жана технологиялык (жалпы тутумдук маалымдамаларды, чектөөлөрдү, реестрлерди жана башка тутумдук маалыматты башкаруу, ошондой эле башка коштоочу операциялар) өз ара аракеттешүү, ошондой эле Төлөм тутумунун катышуучуларынын маалыматтык жана технологиялык өз ара аракеттешүүсү.

Төлөм тутуму (Тутум) – Төлөөчүлөрдөн Төлөмдөрдү кабыл алуудагы жана өткөрүүдөгү, электрондук акчалар менен уруксат берилген операцияларды жүргүзүүдөгү төлөм процессингинин катышуучуларынын ортосунда маалыматтык жана технологиялык өз ара аракеттешүүнү камсыздоочу «О!Деньги» автоматташтырылган төлөм тутуму.

Тарифтик план –Төлөм агентинин Эрежелерде жазылган юридикалык жана башка иш-аракеттерди ишке ашыруусу үчүн Төлөм тутумунун оператору (Төлөм уюму) белгилеген сыйакы коюму, ошондой эле Оператордун Эрежелерде жазылган иш-аракеттери үчүн белгиленген сыйакы коюму. Тарифтик план Төлөм агенти үчүн Эрежелерге карата агенттик келишими түзүлүп жаткан учурда аныкталып, андан ары Тарифтик план менен андагы бардык өзгөрүүлөр Төлөм агентинин жеке кабинетинде чагылдырылат.

Төлөм тутумунун катышуучусу – Төлөөчүлөрдөн Төлөмдөрдү кабыл алуу жана өткөрүү боюнча ишмердүүлүккө катышкан жак. Эрежелердин максатына ылайык, Төлөм тутумунун оператору (Төлөм уюму) да Төлөмдөрдү кабыл алуу тутумунун Катышуучусу болуп саналат.

Электрондук акчалар – программалык-техникалык түзүлүштө электрондук түрдө сакталып турган акча наркы (алдын ала төлөнгөн карталар, виртуалдуу алдын ала төлөнгөн карталар жана электрондук капчык электрондук акчалардын инструменттери (ташуучулары) болуп саналат) жана товарлар/кызматтар үчүн төлөм каражаты иретинде кабыл алынат.

Электрондук капчык – ичинде электрондук акчалардын суммасы жана алардын ээсине таандыктыгы жөнүндө маалымат жазылган программалык камсыздоо же башка программалык-техникалык түзүлүштү билдирген электрондук акчалардын сактагычы.

Өздүк эсептин ID номери – Төлөм тутумунун (ТТ) катышуучусу иретинде Төлөм агентинин/субагентинин өздүк эсебине берилген идентификациялык номер (ID).

3.     ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

3.1. «О!Деньги» төлөм тутумунун эрежелери (мындан ары – «Эрежелер»)  «Грин Телеком Сервис» жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгүнүн бирдиктүү шарттарын аныктайт жана «О!Деньги» Төлөм тутумунун катышуучуларынын стандарттуу укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин белгилейт.

Эрежелердин катышуучулары болуп, Төлөм тутумунун оператору (Төлөм уюму), Төлөм агенттери/субагенттери, Товар/кызмат сатуучулар, колдонуучулар эсептелет. Эрежелерге кошулуу ниетин билдирген жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 387-беренесине ылайык, жалпы эле Эрежелердин шарттарын толугу менен кабыл алган учурда Эрежелерге кошулуу жөнүндөгү келишимге кол койгон жеке ишкер же юридикалык жак Төлөм агенти/субагенти боло алат.  Тараптардын ар бири калган Тараптарга керектүү укук жөндөмдүүлүгүнө ээ экенин, демек, Эрежелерге кошулуу жана Эрежелердин шарттарына ылайык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл жана жетиштүү болгон укуктарга жана ыйгарым укуктарга ээ экенин кепилдейт.

3.2. Бул Эрежелер Тутумдун иштөөсүнүн тартибин жана шарттарын, Катышуучулардын өз ара аракеттешүүсүн регламенттейт, Тутумдун түзүлүшү менен иштөөсүнүн укуктук жана уюштуруу негиздерин, Тутумга кошулуунун шарттары менен тартибин, Төлөмдөрдү өткөрүү максатында  Тутумдун Кызматтарын көрсөтүү жана колдонуу шарттары менен тартибин, ошондой эле Тутумдун иштөөсү үчүн зарыл болгон башка жоболорду белгилейт. Тутумдун Эрежелеринин Катышуучулар тарабынан сакталышынын үстүнөн көзөмөл Оператор тарабынан жүргүзүлөт.

3.3. Оператор Эрежелердин сакталышын көзөмөлдөөнүн алкагында мыйзамдардын талаптарына ылайык төмөнкүлөрдү ишке ашырат:

  • Аракеттеги эрежелер менен процедуралардын сакталышына, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары менен шайкештигине көзөмөл жүргүзөт; 

  • Төлөм тутумунун башка Катышуучуларына төлөмдөрдү өткөрүү үчүн керектүү техникалык жана программалык каражаттарга карата талаптарды белгилейт; 

  • төлөм уюмунун Агенттери, Субагенттери жана Товар/кызмат сатуучулары боюнча маалымат базасын жүргүзөт;

  • төлөм тутумундагы тобокелдиктерди баалап чыгат жана башкарат; 

  • маалымат иштеп чыгуучу каражаттардын коопсуз иштөөсүн камсыздайт; 

  • инциденттерди башкаруу боюнча бирдиктүү ык-амалды камсыз кылат жана инциденттердин реестрин жүргүзөт;

  • штаттык эмес абал келип чыккан учурда тутумга кабыл алынган Төлөмдөр боюнча Товар/кызмат сатуучуга өз убагында келишимдин шарттарына жана КР Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык маалымат берилишин камсыздайт.

3.4. Оператордун ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу жана жоболору, Тиркемелерди кошкондо, бул Эрежелердин жоболоруна каршы келген ченемдик укуктук актыларга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирген  учурда аракеттеги мыйзам ченемдери колдонулат.

4. КАТЫШУУЧУНУ ТӨЛӨМ ТУТУМУНА КОШУУ ТАРТИБИ 

4.1. Бул Эрежелер Тутумдун Катышуучусу менен түзүлгөн Келишимдин ажырагыс жана түзүүчү бөлүгү болуу менен бирге, Катышуучулар тарабынан эч кандай алып же чыгарып таштоосуз толук көлөмдө милдеттүү аткарылууга жатат деп кабыл алынат.

4.2. Оператор Агенттер, Субагенттер жана Товар/кызмат сатуучулар менен келишимдерди түзүүдө жана алар боюнча маалымат базасын пайда кылууда Катышуучудан төмөнкүдөй милдеттүү маалыматтарды алат:

  • юридикалык жактын аталышы/жеке ишкердин аты-жөнү; 

  • юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу маалымат, жеке ишкердин паспорттук маалыматтары, патенти, каттоо күбөлүгү; 

  • жайгашкан жери/ жашаган дареги, ишкердик ишин жүргүзгөн дареги; 

  • жетекчилер тууралуу маалымат; 

  • байланыш маалыматтары; 

  • менчик ээлери/түзүүчүлөрү (юридикалык жактар үчүн) тууралуу маалымат; 

  • Товар/кызмат сатуучулардын бенефициардык ээлери тууралуу маалымат; 

  • юридикалык жактын/жеке ишкердин ишмердүүлүк түрү жөнүндө маалымат (банктык иш, коммуналдык кызматтар ж.б.); 

  • агенттердин/субагенттердин терминалдары жайгашкан даректердин актуалдуу тизмеси (бул маалымат келишим жарамдуу болгон мезгилде ай сайын жаңыртылып турууга тийиш). 

4.3. Товар/кызмат сатуучулар менен келишим түзүү тартиби

4.3.1.     Товар/кызмат сатуучу менен Келишим түзүүдө Товар/кызмат сатуучу Операторго төмөнкү документтердин көчүрмөлөрүн берет:

  • Устав;

  • Уюштуруу келишими (бар болсо);

  • Юридикалык жакты түзүү жөнүндө (же кайра каттоо жөнүндө) чечим;

  • Юридикалык жактын аткаруу органын дайындоо/шайлоо жөнүндө чечим;

  • Юридикалык жактын жетекчисинин паспорту;

  • Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк;

  • Товар/кызмат сатуучунун ишмердүүлүгү лицензиялануучу ишмердүүлүк болсо, анда тийиштүү лицензиянын көчүрмөсү;

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык бенефициардык менчик ээлери жөнүндө маалымат.

Жогоруда тизмектелген документтердин көчүрмөлөрү жетекчинин кол тамгасы менен тастыкталып, юридикалык жактын мөөрү басылат.

4.3.2.     Эгерде Сатуучу жеке ишкер болсо, анда төмөнкү документтердин көчүрмөлөрү берилет:

  • Жеке ишкердин паспорту;

  • Жеке ишкердин Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан социалдык төгүмдөрдүн Төлөөчүсүнө билдирүү; же

  • Тийиштүү төлөм дүмүрчөктөрүн тиркөө менен патент жана камсыздандыруу полиси;

Эгер бар болсо, физикалык жакты/жеке ишкерди Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери боюнча салык органында каттоого тургузуу жөнүндө күбөлүк (ишкердик иши менен алектенген жактарга берилет).

4.3.3.     Айрым учурларда Келишим түзүү үчүн Товар/кызмат сатуучудан башка документтер да талап кылынышы ыктымал.

4.3.4.     Товар/кызмат сатуучу менен келишим түзүүдө Тараптар төмөнкү шарттарды белгилеп чыгышат:

  • Оператордун Товар/кызмат сатуучу алдында Оператор жана/же Агенттери тарабынан кабыл алынган Төлөмдөр үчүн акчага байланыштуу милдеттерин аткаруусунун тартиби жана шарттары;

  • Товар/кызмат сатуучуну Тутумга кошуунун тартиби жана шарттары;

  • Оператор менен Товар/кызмат сатуучунун аппараттык-программалык каражаттарынын өз ара аракеттешүүсүнүн Техникалык регламенти;

  • Оператор жана/же Агенттери тарабынан кабыл алынган Төлөмдөр тууралуу маалыматты Оператордун аппараттык-программалык комплексинде камтылган маалыматтардын жана Сатуучунун аппараттык-программалык комплексинде камтылган Оператор тарабынан кабыл алынган маалыматтардын негизинде регулярдуу текшерип туруу үчүн маалыматтарды (Төлөмдөрдүн реестрлерин) берүү тартиби;

4.3.5.     Тараптар өздөрү кабыл алган Техникалык регламентке жана Маалымат алмашуу протоколуна ылайык, Оператордун аппараттык-программалык каражаттарын Товар/кызмат сатуучунун аппараттык-программалык каражаттары менен интеграциялашат;

4.3.6.     Интеграциялоо аяктаган соң, Оператор Оператор жана/же Агенттери/Субагенттери тарабынан Товар/кызмат сатуучунун төлөмдөрүн кабыл алуу мүмкүндүгүн камсыздоо үчүн Тутумга керектүү маалыматтарды киргизет;

4.3.7.     Оператор Агенттерине Тутумга жаңы Товар/кызмат сатуучуну кошкондугу жөнүндө билдирүү жиберип, Агент тарабынан Товар/кызмат сатуучунун пайдасына Төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн (аталган Товар/кызмат сатуучу боюнча Оператор менен Агенттин ортосундагы финансылык өз ара мамилелердин шарттары кошулуп) объективдүү зарыл маалыматты берет;

4.3.8.     Товар/кызмат сатуучу менен Келишимде Товар/кызмат сатуучу менен Келишим түзүүнүн башкача тартиптери жана шарттары каралышы мүмкүн.

4.4.         Агент жана Төлөм тутумунун башка катышуучулары менен Келишим түзүү тартиби 

4.4.1. Төлөмдөрдү өткөрүү менен байланышкан ишмердүүлүккө киришерден мурун Төлөм тутумунун катышуучусу Оператор тарабынан белгиленген форма боюнча Төлөм тутумунун Келишимине кол коюу/кошулуу жолу аркылуу Төлөм тутумуна катталууга тийиш. Операторго тийиштүү формадагы Келишимге кошулуу жөнүндө кол коюлган Келишимдин/макулдуктун берилиши – Төлөм тутумунун катышуучусунун Эрежелер менен макул экенинин жана Эрежелердин жана Келишимдин шарттарын сактоого милдеттенме алганынын далили болуп саналат. Операторго Төлөм тутумунун катышуучусунун Келишимге кошулгандыгы жөнүндө кол коюлган Келишими/макулдугу берилгенден кийин, Төлөм тутумунун катышуучусу Эрежелер менен таанышып чыкпагандыгын, же болбосо Оператор менен келишимдик мамилелерде алардын милдеттүү экендигин моюнга албай турганын шылтоолой албайт. 

4.4.2. Катышуучу юридикалык жак болгон учурда Операторго жетекчиси тарабынан тастыкталган жана уюмдун мөөрү басылган документтердин көчүрмөлөрүн берет:

  • юридикалык жактын Уставы;

  • юридикалык жакты түзүү жөнүндө чечим (же протокол);

  • юридикалык жактын Юстиция министрлигинде Мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк;

  • юридикалык жактын салык органында каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк (параметрлери менен;

  • уюмдун жетекчисин (башкы директорун, директорун) шайлоо жөнүндө документ (чечим, протокол);

  • эгерде юридикалык жак өкүлү аркылуу ишмердүүлүк жүргүзсө, анда Төлөм агентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнө келишимге жана/же башка документтерге кол коюуга ишеним кат берилет (паспорттук маалыматтарды, ишеним катттын берилген күнүн жана жарамдуулук мөөнөтүн көрсөтүү, ошондой эле ишеним кат берилген өкүлүнүн паспортун тиркөө менен);

  • Бенефициардык менчик ээлери жөнүндө (бар болгон учурда) маалымат (паспорттордун жана мыйзамдарга ылайык берилүүгө тийиш болгон башка документтердин көчүрмөлөрү);

  • эгер бар болсо, Төлөм терминалдары орнотулган даректердин актуалдуу тизмеси.

4.4.3. Жеке ишкер үчүн керектүү документтердин тизмеси:

  • мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөөчүсүнө  билдирүү;

  • салык органында каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк (параметрлери менен);

  • жеке ишкердин паспорту;

  • ыктыярдуу же милдеттүү патент, ошондой эле төлөгөндүгү тууралуу дүмүрчөктөр тиркелген камсыздандыруу полиси;

  • эгер бар болсо, Төлөм терминалдары орнотулган даректердин актуалдуу тизмеси.

4.4.4. Каттоодон өткөн соң, Катышуучуга Тутумдан жеке ID номер ыйгаруу менен өздүк эсеп ачылат.

4.4.5. Төлөм тутумунун катышуучусу мыйзамдардын талаптары менен бул Эрежелердин шарттарына жооп бербеген учурда Оператор Катышуучуну каттоодон, ошондой эле Төлөм тутумунун катышуучусунун Келишимине кол коюудан баш тартууга укуктуу боло алат.

4.     ТӨЛӨМ ТУТУМУНУН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН УКУКТАРЫ, МИЛДЕТТЕРИ ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИГИ 

5.1.    Товар/кызмат сатуучу менен өз ара аракеттешүүдөгү Оператордун укуктары жана милдеттери:

5.1.1. Оператордун укуктары:

  • Оператор Товар/кызмат сатуучунун тапшырмасы боюнча жана анын эсебинен электрондук капчыктар менен электрондук акчаларды колдонуу аркылуу да, аларсыз да, анын ичинен АМТ колдонуу аркылуу, накталай жана накталай эмес каражаттар менен Төлөөчүлөрдүн төлөмдөрүн кабыл алат, жана кабыл алынган төлөмдү бул Эрежелерде, ошондой эле Товар/кызмат сатуучу менен түзгөн Келишимде белгиленген тартипте Товар/кызмат сатуучуга которууга (же Товар/кызмат сатуучу менен башка мыйзамдуу жолдор аркылуу эсептешүүлөрдү жүргүзүү) милдеттүү, ал эми, Товар/кызмат сатуучу менен түзгөн Келишимде сыйакынын төлөнүшү каралган болсо, анда Товар/кызмат сатуучу, өз кезегинде,  бул Эрежелерде, ошондой эле Товар/кызмат сатуучу менен түзгөн Келишимде белгиленген тартипте Операторго сыйакы төлөөгө милдеттүү. Сыйакынын өлчөмү Товар/кызмат сатуучу менен түзгөн Келишимде көрсөтүлөт;

  • Оператор төлөмдөрдү өзү кабыл алууга же Товар/кызмат сатуучунун алдында толугу менен жоопкерчилик алып, башка жактарга – Оператордун Агенттерине төлөмдөрдү кабыл алууну таапшырууга укуктуу;

  • Оператор жана/же Оператордун Агенттери Төлөөчүлөрдүн төлөмдөрүн мыйзамдарда тыюу салынбаган бардык жолдор менен (накталай акчалар менен; накталай эмес каражаттар менен); ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка төлөм тутумдарынын жана инструменттеринин жардамы менен кабыл алууга (алууга) укуктуу;

5.1.2.     Оператордун милдеттери:

 

§     Төлөм тууралуу Маалыматтын берилишин камсыздоо максатында Техникалык регламенттин талаптарына ылайык Оператордун аппараттык-программалык каражаттарынын Сатуучунун аппараттык-программалык каражаттары менен өз ара аракеттешүүсүнө мүмкүндүк берген программалык камсыздоону иштеп чыгуу;

§     Сатуучуну өзүнүн электрондук базасына каттоо жана ага төлөмдөрдү алуучунун кодун ыйгаруу;

§     Оператор жана/же Оператордун Агенти тарабынан кабыл алынган Төлөмдөрдүн Сатуучу менен түзүлгөн Келишимдин тартибине ылайык, Оператор жана/же Оператордун Агенти тарабынан кабыл алынган Төлөмдөрдүн реестриндеги маалыматтардын негизинде, регулярдуу консолидацияланган төлөмдөр менен которулуп туруусун камсыздоо. Мында Товар/кызмат сатуучуга анын пайдасына түшкөн төлөмдөрдү которуу боюнча Оператордун милдеттери Оператордун банк эсебинен акча каражаттарынын тийиштүү суммасы алынган учурдан тартып аткарылды деп эсептелет.   Оператор өзү тарабынан кабыл алынган төлөмдөрдү которуусу зарыл болгон мөөнөт, ошондой эле которуу тартиби Сатуучу менен түзүлгөн Келишимде белгиленет;

§     Оператор менен Сатуучу отчёттук мезгил үчүн Эсептешүүлөрдү салыштырып текшерүү актысына кол коюшат. Актыны берүү, Актыны карап чыгуу жана ага кол коюу тартиби менен мөөнөтү Сатуучу менен түзүлгөн Келишимде белгиленет;

5.1.3. Оператор төмөнкүдөй шарттарды жана иш-аракеттерди аткарууга тийиш:

  • Персоналдын жумушчу станцияларынын коопсуздугун жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоочу процедураларга ээ болуу.

  • Маалымат өткөрүү боюнча байланыш каналдарын резервдөө боюнча процедураларга ээ болуу.

  • Төлөм тутумуна өткөрүлгөн жана андан алынган маалыматтардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык конфиденциалдуулугун камсыздоо боюнча процедураларга ээ болуу.

  • Линиялардын кубаттуулугу менен тутумдардын иштөөсү үчүн энергия берилген соңку жабдуунун кубаттуулук боюнча тутумдардын талаптарына шайкештигин камсыздоо.

  • Энергия менен жабдууда мүчүлүштүктөр келип чыккан учурда, тутумдарды автономдуу энергия менен камсыздоо.

  • Энергия менен жабдуу токтогон учурдан баштап, тутумдун резервдик АПКсына которуу мезгилине чейин тутумдун автономдуу иштөө убактысын регламенттөөчү, ошондой эле тутумдун автономдуу иштөөсүнүн узактыгы боюнча талаптардын аткарылышын камсыздоочу процедураларга ээ болуу.

  • Аппараттык же программалык камсыздоодо үзгүлтүккө учуроолор келип чыкканда өзүнүн ички процедураларына ылайык альтернативдүү жана/же резервдик каражаттардын колдонулушун камсыздоо.

  • Негизги байланыш каналында үзгүлтүккө учуроолор келип чыкса, өзүнүн ички процедураларына ылайык резервдик байланыш каналына которуу.

  • Ички алдамчылыктын келип чыгуу тобокелдигин азайтуу үчүн аппараттык-программалык комплекстин деңгээлинде алдамчылыктан жана уруксатсыз мүмкүндүк алуудан коргоо тутумуна (тутумга кирүү мүмкүндүгү үчүн сырсөздөр менен укуктарды, криптографияларды, шифрлөөнү ж.б.колдонуу), тутумда иштей турган квалификациялуу кызматкерлерге, ошондой эле кызматкерлердин жоопкерчилигин, укуктарын жана милдеттерин белгилөөчү бекитилген кызматтык нускамаларга ээ болуу.

  • Түзүлгөн Келишимдин шарттарына таасир тийгизген ички алдамчылык фактылары келип чыккан учурда Тараптар алдамчылык фактысы боюнча ички иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыктары тууралуу бири-бирине жазуу жүзүндө билдирме беришет. Тараптардын ички алдамчылык фактысына байланыштуу пайда болгон дооматтары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган алкактарда чечилет.

5.1.4 Товар/кызмат сатуучулардын келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерин камсыздандыруу максатында Оператор төмөнкүлөрдү камсыз кылат: 

1) төлөөчүлөрдүн бюджетти божомолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы Бирдиктүү казыналык эсебине түшө турган  салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөөгө багытталган акча каражаттарын кабыл алуу максатында бюджетти божомолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен тийиштүү келишимдик мамилелерде талаптарды белгилөө, ошондой эле тобокелдиктерди көзөмөлдөө жана башкаруу үчүн керектүү механизмдерди ишке ашыруу (түздөн-түз келишим түзүлгөн учурда) менен Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджетине кабыл алынган төлөмдөрдүн жалпы суммасына 100 (жүз) пайыз алдын ала төлөмдүн камсыз кылынышы. Төлөмдөрдүн суммасы алдын ала төлөмдүн суммасынан ашып кеткен учурда Товар/кызмат сатуучунун кызматтары автоматтык түрдө өчүрүлүүгө тийиш; 

2)  келишимдик мамилелерде алдын ала төлөм, кайтарылбас банк кепилдиги же товар/кызмат сатуучунун банк эсебине киргизилген депозиттин болушун талап кылбаган, толугу менен же жарым-жартылай мамлекеттик менчикке караштуу Товар/кызмат сатуучулар, коммуналдык ишканалар жана бюджеттик уюмдар үчүн ар бир товар/кызмат сатуучу боюнча  акыркы кварталдагы бир күндүк орточо жүгүртүмдүн 50 (элүү) пайызы өлчөмүндө камсыздандыруу депозитинин салынышы. 

Товар/кызмат сатуучу менен түзүлгөн келишимде камсыздандыруу депозитинин Оператор тарабынан ал кабыл алган төлөмдөрдүн Товар/кызмат сатуучунун эсебине которуу боюнча милдеттер, ошондой эле камсыздандыруу депозити салынган банк эсебин көзөмөлдөө шарттары, же болбосо Товар/кызмат сатуучунун акча каражаттарын акцептсиз эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгү  аткарылбаган/бузулган учурда гана максатка ылайык колдонулушу керек экендиги белгиленүүгө тийиш; 

3) камсыздандыруу депозитин коммерциялык банктан кайтаруунун башка шарттарында салымдар боюнча банк эсебине салуу, же болбосо Оператор тарабынан Товар/кызмат сатуучунун пайдасына келишимдик мамилелерде Товар/кызмат сатуучуга алдын ала төлөм караштырылбаган товар/кызмат сатуучулар үчүн кайтарылбас банк кепилдигинин берилиши. Камсыздандыруу депозитинин же банк кепилдигинин өлчөмү Оператордун ар бир Товар/кызмат сатуучу боюнча акыркы кварталдагы бир күндүк орточо жүгүртүмүнүн 10 (он) пайызынан кем болбоого тийиш.   

5.2.    Товар/кызмат сатуучунун укуктары жана милдеттери

 5.2.1. Товар/кызмат сатуучунун милдеттери:

  • Оператордун аппараттык-программалык каражаттары менен Техникалык регламенттин талаптарына шайкеш иштөөнү камсыз кылууга жөндөмдүү керектүү жабдуулар менен программалык камсыздоону даярдоо;

  • Товар/кызмат сатуучуну Оператордун электрондук маалымат базасына каттоо жана төлөмдөрдү туура өткөрүп туруу максатында, ошондой эле Товар/кызмат сатуучу менен түзүлгөн Келишимдин шарттарын аткаруунун алкагында Тараптардын өз ара аракеттешүүсү максатында Операторго бул Эрежелердин 4-пунктунда белгиленген маалыматтарды жана документтерди берүү;

  • Төлөмдөрдүн параметрлериндеги Төлөөчүнү идентификациялоого жана жалпы эле Товар/кызмат сатуучу менен түзүлгөн Келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө Төлөмдү өткөрүүнүн тууралыгына таасир этиши мүмкүн болгон өзгөрүүлөр тууралуу Операторго билдирип туруу;

  • Оператор тарабынан Товар/кызмат сатуучуга Оператор ишке ашыра турган алдыдагы Төлөмдөрдүн эсебинен алдын ала төлөм сыпатында төлөнгөн Оператордун акча каражаттарын көзөмөлдөө жана эсепке алуу;

  • Оператордун Товар/кызмат сатуучунун алдында милдеттерин аткаруусунун алкагында Оператор ар кандай техникалык катанын натыйжасында Товар/кызмат сатуучунун пайдасына акча каражаттарын жаңылыштык менен которгон учурда, Оператордун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде талапты алган күндөн тартып 3 (үч) банк күнүнүн ичинде каражаттарды Операторго кайтаруу. Товар/кызмат сатуучулар менен өзүнчө түзүлгөн Келишимдерде Оператор тарабынан Товар/кызмат сатуучунун пайдасына жаңылыштык менен которулган каражаттарды кайтарып берүү боюнча башка шарттар каралышы ыктымал;

  • Төлөөчүнүн күнөөсү менен (өздүк эсептин номерин туура эмес көрсөтүү, төлөм суммасын туура эмес көрсөтүү, телефон номерин туура эмес көрсөтүү ж.б.) жаңылыш төлөм аткарылган учурда  (этиятсыздыкты кошкондо), Оператордун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча жаңылыш которулган акча каражаттарын Операторго кайтаруу, же болбосо мындай кайтаруу же төлөм параметрлеринин өзгөрүүсү мүмкүн болгон же мындай мүмкүндүк бар болсо, төлөм параметрлерин өзгөртүү;

  • Тийиштүү отчёттук мезгил үчүн Эсептешүүлөрдү салыштырып текшерүү актысына кол коюу менен аны макулдашуу. Айлык Актыны алуу тартиби менен мөөнөтү Товар/кызмат сатуучу менен түзүлгөн Келишимде белгиленет;

  • Товар/кызмат сатуучу менен түзүлгөн Келишимде белгиленген учурда, Товар/кызмат сатуучу менен түзүлгөн Келишимде аныкталган тартипте жана өлчөмдө Операторго сыйакы төлөө;

5.2.2. Товар/кызмат сатуучу төмөнкүдөй шарттарды жана иш-аракеттерди аткарууга тийиш:

  • Штатында төлөмдөрдү (акча которууларды) кабыл алуу функциясын, ошондой эле төлөм тутумунун алкагында башка билдирүүлөр менен алмашуу функциясын аткаруучу адистердин болуусу.

  • Штатында техникалык инфраструктуранын үзгүлтүксүз иштөөсүн жана коопсуздугун камсыздоочу тутумду коштоо боюнча адистердин болуусу.

  • Төлөм тутумуна өткөрүлгөн жана андан алынган маалыматтардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык купуялуулугун камсыздоо боюнча процедураларга ээ болуу.

  • Оператор менен негизги байланыш каналында ката кеткен учурда өзүнүн ички процедураларына ылайык жеке резервдик байланыш каналына которуу.

  • Ички алдамчылык тобокелдигин азайтуу үчүн тутумда иштей турган квалификациялуу жана текшерүүдөн өткөн кызматкерлеринин, ошондой эле алардын жоопкерчилигин, укуктарын жана милдеттерин белгилөөчү бекитилген кызматтык нускамалардын болушу.

  • Түзүлгөн Келишимдин шарттарына таасир тийгизген ички алдамчылык фактылары келип чыккан учурда Тараптар алдамчылык фактысы боюнча ички иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыктары тууралуу бири-бирине жазуу жүзүндө билдирме беришет. Тараптардын ички алдамчылык фактысына байланыштуу пайда болгон дооматтары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган алкактарда чечилет.

5.2.3. Товар/кызмат сатуучунун укуктары:

  • Оператордон Оператор жана/же Агенттери тарабынан Товар/кызмат сатуучунун Төлөмдөрүн кабыл алууга байланыштуу келип чыккан финансылык милдеттерин өз убагында аткаруусун талап кылуу;

  • Оператордон бул Эрежелерде жана Товар/кызмат сатуучу менен түзүлгөн Келишимде белгиленген милдеттерин туура жана так аткаруусун талап кылуу;

  • Эгерде Оператор Товар/кызмат сатуучунун алдында өз милдеттерин алдын ала төлөм принциби боюнча аткарса, Товар/кызмат сатуучу Оператордун тийиштүү түрдө таризделген сурамы боюнча Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджетине төлөнгөн төлөмдөрдөн тышкары бардык аткарылган төлөмдөргө кредиттик лимит берүүгө укуктуу. Мында Тараптар кредиттик лимиттин өлчөмүн, ошондой эле Товар/кызмат сатуучу менен түзүлгөн Келишимде башка шарттар каралбаган учурда, кредиттик лимитти төгүүнүн тартиби менен мөөнөттөрүн белгилешет.

5.3.    Оператордун укуктары

5.3.1.Товар/кызмат сатуучудан бул Эрежелерде жана Товар/кызмат сатуучу менен түзүлгөн Келишимде белгиленген милдеттерин туура жана так аткаруусун талап кылуу;

5.3.2. Товар/кызмат сатуучудан Товар/кызмат сатуучу менен түзүлгөн Келишимде белгиленген учурда Оператор жана/же анын Агенттери кабыл алган төлөмдөр үчүн Операторго төлөнө турган төлөмдүн Товар/кызмат сатуучу менен түзүлгөн Келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттө төлөөсүн талап кылуу;

5.3.3. Жаңылыш төлөмдөр аткарылган учурда төлөмдөрдү оңдоо жана жокко чыгаруу Товар/кызмат сатуучу менен түзүлгөн Келишимде сыпатталган процедураларга ылайык ишке ашырылат;

5.3.4. Оператор жана/же анын Агенттери/Субагенттери Төлөөчүлөрдөн Төлөмдөрдү кабыл алууда жана иштеп чыгууда Оператордун аппараттык-программалык комплексинин (АПК) ресурстарын колдонгондугу үчүн акы алууга укуктуу. Мындай акынын өлчөмү Товар/кызмат сатуучу менен түзүлгөн Келишимде аныкталат. 

5.3.5. Тараптар товардык белгилердин ээлеринин товарларын (иштерин, кызматтарын) жарнамалоо максатында гана жеке маалыматтык ресурстарынын жардамы менен бири биринин товардык белгилерин жайгаштырууга укуктуу.

5.4.    Оператор менен Товар/кызмат сатуучунун өз ара аракеттешүүсүндөгү Тараптардын жоопкерчилиги

5.4.1. Тараптар өз милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн бул Эрежелердин жоболоруна жана Товар/кызмат сатуучу менен түзүлгөн Келишимге ылайык, ал эми Эрежелерде жана Келишимде мындай жоболор каралбаган учурда – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп беришет;

5.4.2. Оператор тарабынан Товар/кызмат сатуучу менен түзүлгөн Келишимдин алкагында кабыл алынган Төлөмдөрдү Товар/кызмат сатуучуга которуу боюнча милдеттери бузулган учурда, Оператор Товар/кызмат сатуучуга Товар/кызмат сатуучу менен түзүлгөн Келишимде белгиленген өлчөмдө, тартипте жана мөөнөттө үстөк айып төлөп берүүгө милдеттүү;

5.4.3. Товар/кызмат сатуучу Товар/кызмат сатуучу менен түзүлгөн Келишимде жана/же анын тийиштүү тиркемелеринде (суммасы, мөөнөтү) көрсөтүлгөн сыйакыны төлөө тартибин бузган учурда, Товар/кызмат сатуучу Операторго Товар/кызмат сатуучу менен түзүлгөн Келишимде көрсөтүлгөн өлчөмдө, тартипте жана мөөнөттөрдө үстөк айып төлөп берүүгө милдеттүү;

5.4.4. Оператор тарабынан Төлөмдөрдү кабыл алуу убактылуу токтотулган же таптакыр токтотулган учурда, анын ичинде Товар/кызмат сатуучу менен Келишим токтотулган учурда, Товар/кызмат сатуучу менен түзүлгөн Келишимде башка шарт каралбаса, Товар/кызмат сатуучу  кандайдыр бир кыйыр зыянды (колдон чыгарып жиберген пайданы, толук алынбаган кирешени (пайданы) ж.б.) төлөп берүүнү талап кылууга укуктуу эмес, ал эми Оператор аларды төлөп берүүгө милдеттүү эмес;

5.4.5. Товар/кызмат сатуучу өзүнүн реквизиттеринин өзгөргөндүгү тууралуу убагында кабарлабаган, ошондой эле тейлөөчү банктын электрондук тутумдарынын иштөөсүндө ката чыккан  учурларда Оператор кабыл алган Төлөмдөрдү Товар/кызмат сатуучуга өз убагында которбогондугу үчүн жооп бербейт;

5.4.6. Төлөөчүнүн Төлөмдү ишке ашырууда жол берген каталары үчүн Оператор жооп бербейт;

5.4.7. Техникалык регламенттин талаптарынын бузулушунан улам Тараптардын бирине же башка жактарга зыян келтирилген учурда, жабыр тарткан Тарапка жана/же тийиштүү жакка мындай зыяндарды Техникалык регламенттин талаптарын бузган Тарап төлөп берет. 

5.5.     Агенттин, башка Катышуучунун укуктары жана милдеттери

5.5.1. Агенттин/ Катышуучунун милдеттери:

  • Агенттин/Катышуучунун Жеке кабинетинде көрсөтүлгөн Төлөм тутумунун операторунун (Төлөм уюмунун) Товар/кызмат сатуучуга байланыштуу Процессинг кызматтарын төлөө.

  • Төлөм тууралуу маалыматтарды өткөрүү боюнча бардык операциялар «О!Деньги» тутуму аркылуу гана жүргүзүлөт.

  • Катышуучу /Агент Төлөм тутумунун операторуна (Төлөм уюмуна) ар бир кабыл алынган Төлөм тууралуу реалдуу мезгил режиминде билдирип турууга милдеттүү.

  • Төлөм агенти Төлөмдү кабыл алгандан кийин Төлөөчүгө аракеттеги мыйзамдарда белгиленген жана Оператор тарабынан аныкталган формада Төлөмдүн кабыл алынгандыгын тастыктоочу билдирме берүүгө тийиш.

  • Төлөмдөрдү кабыл алууга киришерден мурда Оператордун эсебине Кепилдик төгүмүн салат.

  • Агент/ Катышуучу Төлөм тутумунун операторун (Төлөм уюмун) Агент/Катышуучу тарабынан Төлөм тутумуна катталып жаткан учурда көрсөтүлгөн маалыматтарынын, анын ичинде юридикалык жана иш жүзүндөгү дарегинин, почта дарегинин, электрондук почта дарегинин, байланыш телефондорунун, Агенттин/Катышуучунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, банк реквизиттеринин өзгөргөндүгү, Агенттин/Катышуучунун салык салуунун башка режимине өткөндүгү ж.б. тууралуу кабарлоого милдеттүү. Билдирме Агент/Катышуучу тарабынан көзөмөлдөөчү менеджерге тийиштүү маалымат өзгөргөн учурдан тартып 3 (үч) күндүн ичинде, ошондой эле өзгөрүүлөр болгон айдагы Аткарылган иштер жөнүндө актыга тиркөө менен электрондук почта аркылуу жөнөтүлүүгө тийиш.

  • Операторго компромат койбоо жана анын Товардык белгилерине болгон укуктарын бузбоо.

  • Операторго бул Эрежелерди аткаруу үчүн маанилүү жагдайлардын келип чыккандыгы, болуп жаткандыгы, өзгөргөндүгү жөнүндө өз убагында кабарлап туруу.

  • Агенттин/Катышуучунун «О!Деньги» тутумун колдонуу боюнча ыйгарым укуктары токтотулган (убактылуу токтотулган) учурда, Агент/Катышуучу ошол замат Төлөмдөрдү кабыл алууну жана «О!Деньги» тутумун колдонууну токтотуп, бардык жарнама материалдарын алып салууга тийиш.

  • Агент/ Катышуучу Оператор менен андан аркы эсептешүүлөрдү түзүлгөн келишимге, бул Эрежелерге жана аракеттеги мыйзамдарга ылайык жүргүзүүгө милдеттүү.

  • Оператордун агенттик ишмердүүлүккө байланыштуу, анын ичинде Төлөм терминалдары (бар болгон учурда) орнотулган даректердин актуалдуу тизмеси жөнүндө сураган маалыматтарды берүү;

  • Оператордун агенттери менен субагенттерин Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп бергенин текшерүү жана агент катары жүргүзгөн ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча керектүү документтерди берүү максатында Улуттук банктын өкүлдөрү мындай текшерүүнү жүргүзүү укугун ырастоочу документти көрсөткөн учурда Улуттук банктын тоскоолдуксуз мүмкүндүк алуусун камсыздоо.

  • Төлөмдү/төлөмдөрдү өткөрүүнүн натыйжасында террордук ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) же башка предикаттык кылмыштарды аткарууга карата шектенүү жаралган учурда төлөөчүнү идентификациялоо жана верификациялоо.

5.6.     Агенттин/ Катышуучунун укуктары:

  • Оператор менен жазуу жүзүндөгү макулдашуунун негизинде Оператордун Товардык белгилерин жарнамалык максатта колдонуу. Товардык белгилер Агенттин/Катышуучунун колдонуусуна өткөрүлүп берилбейт.

  • Оператор тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен Төлөөчүдөн Кошумча сыйакы алуу.

5.7     Агент/Катышуучу менен өз ара аракеттешүүдөгү Оператордун укуктары жана милдеттери

 5.7.1.  Оператордун милдеттери:

  • Каттоо аяктагандан кийин Оператор Агентке Агенттин/Катышуучунун Жеке кабинетинин логини менен сырсөзүн берүүгө милдеттүү.

  • Агент менен түзүлгөн Келишимде башка шарт каралбаган учурда Агентке/Катышуучуга сыйакы төлөп берүү.

  • Эрежелерди аткаруу үчүн мааниге ээ болгон жагдайлардын келип чыккандыгы, болуп жаткандыгы жана өзгөргөндүгү тууралуу Агентке/Катышуучуга өз убагында маалымат берүү.

  • Оператор Төлөм тутумунун катышуучусу менен Келишим түзүп жатканда Агенттин/Катышуучунун тийиштүү Товар/кызмат сатуучулардын пайдасына кабыл алган Төлөмдөрү үчүн сыйакынын коюмун белгилөөгө, өзүнүн маалымат тутумунун үзгүлтүксүз иштөөсүн жана төлөмдөрдү өткөрүү коопсуздугун камсыздоо үчүн керектүү ички ченемдик документтерди иштеп чыгууга милдеттенет.   Эсептешүү тутумдарында колдонулган программалык жана техникалык каражаттар Улуттук банктын маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча талаптарына шайкеш келүүсү зарыл;

  • төмөнкүлөрдү киргизүү:

  • алдамчылыкты аныктап чыгуу, алдын алуу, жол бербөө жана ага каршы күрөшүү максатында уюштуруу, процедуралык чараларды жана техникалык каражаттарды колдонууну;

  • төлөмдөрдү кабыл алуу учурунда жана Тутумда аны пайда кылуу, иштеп чыгуу, өткөрүү жана сактоо этаптарынын баарында маалыматты үзгүлтүксүз коргой турган маалыматты коргоо тутумун;

  • террордук жана экстремисттик ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички көзөмөлдү;

  • Тутумдун катышуучуларынын ортосунда бардык транзакциялардын белгиленип катталышын камсыздоо;

  • беш жыл бою Тутумдагы бардык транзакциялар жөнүндө тийиштүү маалыматты анын бүтүндүгүн текшерүү мүмкүндүгүн берген формада сактоо.

5.8      Агент/Катышуучу менен өз ара аракеттешүүдө Оператор төмөнкү укуктарга ээ:

5.8.1.     Кепилдик фондунун калдыгында акча каражаттары жок калган учурда Төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча техникалык мүмкүнчүлүктү токтото туруу.

5.8.2.     Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана бул Эрежелерде белгиленген учурларда бул Эрежелер боюнча кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу.

5.8.3.     Каалаган мезгилде Агент/Катышуучунун чарбалык ишмердүүлүгүнө кийлигишпестен, анын бул Эрежелерге байланыштуу милдеттерин аткаруусун текшерип туруу.

5.8.4.     Оператор Тутумдун www.dengi.kg сайтына өзгөрүүлөр тууралуу маалымат камтылган документти жарыялоо жолу аркылуу бир жактуу тартипте Эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу. Жарыяланган учурда өзгөрүүлөрдүн күчүнө кирүүсүнүн башка мөөнөтү каралбаган учурда, бул өзгөрүүлөр жарыяланган күндөн тартып, 5 (беш) жумуш күнүнүн ичинде күчүнө кирет.  Агент/ Катышуучу же Эрежелердин шарттарын өзгөртүүнү кабыл алууга, же болбосо өзгөрүүлөр күчүнө киргенге чейин Операторго сунушту кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө жооп жөнөтүүгө укуктуу.   Сунушту кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө жооп берилбеген учурда, Эрежелердин шарттарын өзгөртүү жөнүндө сунуш Агент/Катышуучу тарабынан акцепттелди (кабыл алынды) деп эсептелет. Агент/Катышуучу Эрежелердин шарттарын өзгөртүү менен макул болбогон учурда тараптар алдын ала эсептешүүлөрдү аткарган соң, Төлөм тутумунун катышуучусу менен Келишимди бузууга укуктуу болот.

5.8.5.     Агент/Катышуучу бул Эрежелерде белгиленген милдеттеринин бирин аткарбаган (туура эмес аткарган) учурда, Оператор алдын ала эскертүүсүз Агентти/Катышуучуну «О!Деньги» тутумунан өчүрүп/бөгөттөп салууга жана жазуу жүзүндө бузууларды дароо ондоосун жана зыяндарды төлөп берүүсүн талап кылууга укуктуу.

5.8.6.     Агенттен/Катышуучудан Кепилдик фондунун калдыгын Агент/Катышуучу тарабынан Төлөмдөрдүн күнүмдүк кабыл алынган суммасынын болжолдонгон өлчөмүнөн төмөн эмес өлчөмдө кармап туруусун талап кылууга укуктуу жана Кепилдик фондунун калдыгында акча каражаттары жок болгон учурда Төлөмдөрдү кабыл алуунун техникалык мүмкүнчүлүктөрүн токтотуп коюу укугун сактап калат.   

5.8.7.     Эгерде Агент/Катышуучу бузууларды оңдоо боюнча талаптарды 3 (үч) жумуш күнүнүн ичинде аткарбаса, анда Оператор Төлөм тутумунун катышуучусунун Келишимин бир жактуу тартипте бузууга укуктуу.

5.8.8.     Жогорудагы себептен улам Төлөм тутумунун катышуучусунун Келишимин бузуу жөнүндө билдирүү Оператор тарабынан Агентке/Катышуучуга жазуу жүзүндө жиберилет. Агенттин/Катышуучунун «О!Деньги» тутумун колдонуу боюнча ыйгарым укуктары Оператор тарабынан Агентке/Катышуучуга билдирүү жиберилген учурдан тарта токтотулуп, Төлөм тутумунун катышуучусунун Келишими Агентке/Катышуучуга билдирүү берилген учурдан тарта бузулду деп эсептелет.   

5.8.9.     Оператор жаңы Товар/кызмат сатуучу менен келишим түзгөн же Товар/кызмат сатуучу менен иштешүүнүн шарттарын өзгөрткөн, же болбосо бул Эрежелерде белгиленген себептерден улам, Оператор пайдасына Төлөмдөр кабыл алынган Товар/кызмат сатуучулардын тизмесин да, Агентке/Катышуучуга конкреттүү Товар/кызмат сатуучунун Төлөмдөрүн кабыл алуу үчүн төлөнүүчү сыйакынын коюмдарын да бир жактуу тартипте өзгөртүү укугун сактап калат. Өзгөртүү аракети Агенттин/Катышуучунун Жеке кабинетинде бул пункттагы белгиленген өзгөртүүлөрдүн киргизилгендиги тууралуу жаңылыкты жарыялоо аркылуу ишке ашат.  Мында Товар/кызмат сатуучулардын тизмесине жана Тарифтик пландарга киргизилген өзгөртүүлөр, Оператор тарабынан башка күн көрсөтүлбөгөн учурда, Агент/Катышуучу үчүн Агенттин/Катышуучунун Жеке кабинетинде жаңылык жайгаштырылган мезгилден тартып бир сутка өткөн соң күчүнө кирет. Өзгөртүүлөр күчүнө кирген күндөн кийин Агент/Катышуучу тарабынан Төлөмдөр алынса, жаңы шарттар кабыл алынды (акцепттелди) деп эсептелет.

5.9.     Оператор менен Агенттин/Катышуучунун өз ара аракеттешүүсүндөгү тараптардын жоопкерчилиги

5.9.1.     Тараптар өз милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн бул Эрежелердин, ошондой эле Агент/Катышуучу менен түзүлгөн Келишимдин жоболоруна, ал эми Эрежелерде жана Келишимде каралбаган учурда – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп беришет;

5.9.2.     Эгерде Тараптардын бири Эрежелердин шарттарын бузуп, анын натыйжасында экинчи Тарапка зыян келтирилген болсо, күнөөлүү Тарап ал зыяндарды толугу менен төлөп берет.

5.9.3.     Агент/ Катышуучу Төлөөчүлөр менен керектүү программалык же техникалык камсыздоонун жоктугунан улам «О!Деньги» тутумунда Төлөмдөрдүн өтпөй жаткандыгына байланыштуу, ошондой эле Агенттин туура эмес иш-аракеттеринен/аракетсиздигине байланыштуу келип чыккан башка себептерден улам пайда болгон талаш-тартыштарды өз алдынча жана өзүнүн эсебинен чечүүгө милдеттүү. 

5.9.4.     Аракеттеги мыйзамдарды бузуу менен бул Эрежелерде белгиленген милдеттерин аткарбаган Агент/ Катышуучу тийиштүү ченемдик укуктук актыларда аныкталган  жоопкерчилик чараларына тартылат, ошондой эле Агенттин/Катышуучунун өз милдеттерин аткарбоосунун натыйжасында келип чыккан көзөмөл органдарынын иш-аракеттеринин кесепетинен келип чыккан чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү.

5.9.5.     Агенттин/Катышуучунун түз же кыйыр жоготуулары, анын ичинде байланыш сапатынын убактылуу төмөндөшүн жана (же) түйүндүн жабдуусунун иштебей калышын кошкондо, байланыш Операторунун күнөөсү менен тараптар үчүн пайданын колдон чыгып кетиши үчүн Оператор жооп бербейт.

5.9.6.     Агенттин/Катышуучунун «О!Деньги» тутумундагы Жеке кабинетине башка жактардын уруксатсыз кирүүсүнөн улам Оператор жооп бербейт.  

5.9.7.     Тараптар кызматкерлеринин Тараптардын өз милдеттерин аткарбоосу же туура эмес аткаруусуна жол ачкан бул Эрежелердин жана/же Тиркемелеринин жоболорун бузууга байланыштуу иш-аракеттери үчүн жооп беришет.  

5.9.8.     Ар кандай үстөк айыптар менен айып санкцияларын төлөтүү, ошондой эле зыяндардын ордун толтуруу боюнча талаптарды коюу - Тараптардын милдети эмес, укугу болуп саналат, жана Тараптардын жеке чечимдеринин негизинде ишке ашырылат.

5.9.9.     Тараптын зыяндарды, үстөк айыпты, айып санкцияларын төлөтүү укугу күнөөлүү Тарапка жазуу жүзүндө доомат жиберүүсү аркылуу ишке ашат. Оператор Агенттин/Катышуучунун бардык акчага байланыштуу милдеттери боюнча карызын Агентке/Катышуучуга төлөнө турган акчалай сыйакынын эсебинен, же болбосо карыздын суммасын Агенттин/Катышуучунун Кепилдик фондундагы суммадан алып калууга, ошондой эле аталган карызды төлөтүүнүн дооматтык тартибин колдонууга укуктуу.

5.9.10.  Айып санкцияларын төлөө жана зыяндардын ордун толтуруу Тараптарды моюнга алган милдеттерин тийиштүү түрдө аткаруу жана бул Эрежелерди сактоо милдеттеринен бошотпойт.

6. ТАЛАШ-ТАРТЫШТАРДЫ, КАТЫШУУЧУЛАРДЫН ДАТТАНУУЛАРЫН ЧЕЧҮҮ ТАРТИБИ

6.1. Катышуучулар менен түзүлгөн Келишимге байланыштуу жаралган талаш-тартыштардын баарын Тараптар ич ара сүйлөшүүлөр менен чечүүгө аракет кылышат.

6.2. Бул Эрежелерге же Катышуучулар менен түзүлгөн Келишимге, анын ичинде аны бузууга, токтотууга же жараксыз кылууга байланыштуу жаралып, ич ара сүйлөшүүлөр жолу менен чечилбеген талаш-тартыштардын баары Кыргыз Республикасынын сотунда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы материалдык укуктарына ылайык чечилүүгө тийиш;

6.3. Катышуучулардын кайрылуулары менен даттанууларын иштеп чыгуу жалпы тартипте жүргүзүлөт:

1)    Колл-борборго чалуу боюнча кабыл алынган бардык кайрылууларды иштеп чыгуу

2)    Электрондук почта жана атайы кабыл алынган бардык кайрылууларды иштеп чыгуу.

 

6.4. Кайрылуулар менен даттанууларды кабыл алууда кайрылуунун себебин, Төлөм тутумунун катышуучусунун дооматы боюнча толук маалыматты каттоо иш-аракети милдеттүү шарт болуп эсепетелет. Ар бир кайрылуу боюнча кызматкерлерди сурамжылоого, тутумдук журналдарды изилдөөгө негизделген анализ уюштурулуп, мындан ары ушул сыяктуу жагдайларга жол бербөөнүн шарттары белгиленет.

6.5. Төлөм тутумунун катышуучуларынын кайрылуулары боюнча бардык чечимдер Оператор тарабынан иликтенген жагдайларды толук түшүндүрүү менен милдеттүү түрдө кабыл алуучу тарапка жеткирилүүгө тийиш.  

7      КАТЫШУУЧУЛАРДЫН ТӨЛӨМ ТУТУМУНАН ЧЫГУУ ТАРТИБИ

7.1.         Товар/кызмат сатуучу менен өз ара аракеттешүүдө төлөм тутумунан чыгуу тартиби

7.1.1.     Товар/кызмат сатуучу менен Келишим Тараптар кол койгон мезгилден тарта күчүнө кирип, Тараптардын макулдашуусунун негизинде бузулган учурга чейин, же болбосо Товар/кызмат сатуучу менен түзүлгөн Келишимде белгиленген мөөнөт ичинде жарамдуу.

7.1.2.     Товар/кызмат сатуучу менен Келишим Оператордун билдирүүсүнүн негизинде (демилгеси боюнча) төмөнкү учурларда бир жактуу тартипте бузулушу мүмкүн:

- Товар/кызмат сатуучу түзүлгөн Келишимдин жана/же бул Эрежелердин шарттарын бузганда;

- Товар/кызмат сатуучу менен түзүлгөн Келишимде башка шарттар каралбаса, форс-мажордук абал 60 (алтымыш) календардык күндөн узакка созулган учурда тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Сатуучулардын ишкердик ишине тыюу салган же чектөө киргизген ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы;

- форс-мажордук абал 60 (алтымыш) күндөн ашык убакытка созулган учурда.

 

7.1.3.     Товар/кызмат сатуучу менен Келишим Товар/кызмат сатуучунун билдирүүсүнүн негизинде (демилгеси боюнча) төмөнкү учурларда бир жактуу тартипте бузулушу мүмкүн:

- Оператор түзүлгөн Келишимдин жана/же бул Эрежелердин шарттарын бузганда;

- Товар/кызмат сатуучу менен түзүлгөн Келишимде башка шарттар каралбаса, форс-мажордук абал 60 (алтымыш) календардык күндөн узакка созулган учурда;

7.1.4.     Товар/кызмат сатуучу менен Келишим бузулган учурда Тараптардын акчага байланыштуу милдеттери, ошондой эле бул Эрежелердин жана Товар/кызмат сатуучу менен түзүлгөн Келишимдин шарттарын бузуу үчүн жоопкерчиликти белгилеген милдеттенмелер  толугу менен аткарылганга чейин уланат.

7.2.         Агент/Катышуучу менен өз ара аракеттешүүдө төлөм тутумунан чыгуу тартиби

7.2.1.     Агент/Катышуучу менен Келишим Тараптар кол койгон мезгилден тарта күчүнө кирип, Тараптардын макулдашуусунун негизинде бузулган учурга чейин, же болбосо Агент/Катышуучу менен түзүлгөн Келишимдин мөөнөтү бул Эрежелердин жарамдуулук мөөнөтүнөн  ашпаган учурда Келишимде белгиленген мөөнөт ичинде жарамдуу;

7.2.2.     Агент/Катышуучу менен Келишим Оператордун билдирүүсүнүн негизинде (демилгеси боюнча) төмөнкү учурларда бир жактуу тартипте бузулушу мүмкүн:

- Агент/Катышуучу келишимдин шарттарын бузганда;

7.2.3.     Оператор менен Келишим Агенттин/Катышуучунун билдирүүсүнүн негизинде (демилгеси боюнча) төмөнкү учурларда бир жактуу тартипте бузулушу мүмкүн:

- Оператор түзүлгөн келишимдин шарттарын бузганда;

- Агент/Катышуучу менен түзүлгөн Келишимде башка шарттар каралбаса, форс-мажордук абал 60 (алтымыш) календардык күндөн узакка созулган учурда;

7.2.4.     Оператор менен Келишим бир жактуу тартипте бузулган учурда, демилгечи Тарап экинчи Тарапка Оператор менен Келишимде башка шарттар каралбаган учурда Оператор менен Келишимди бузуу болжонгон күндөн 30 (отуз) календардык күндөн кеч эмес убакыт мурун жазуу жүзүндө билдирүү жиберүүгө тийиш;

Агент/Катышуучу менен Келишим Тараптардын акчага байланыштуу милдеттери, ошондой эле бул Эрежелердин жана Келишимдин шарттарын бузуу үчүн жоопкерчиликти белгилеген милдеттенмелер  толугу менен аткарылганга чейин уланат.

8.         ФИЗИКАЛЫК ЖАНА МААЛЫМАТТЫК КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗДОО

  

8.1. Төлөм тутумунун физикалык жана маалыматтык коопсуздугу үчүн Оператор төмөнкү талаптарды камсыздоо боюнча жеткиликтүү чараларды көрөт:

 

1)              Иштеп чыгуу борборуна жана төлөмдөр боюнча маалыматтарды өткөрүү үчүн колдонулган байланыш каналдарына мүмкүндүк алууну чектейт;

2)             Маалыматтарды сактоо учурунда да, өткөрүү процессинде да аларды коргоо механизмдерин ишке ашырат;  

3)             Бардык маалыматтардын туура резервделишин камсыздайт (бардык маалыматтар же негизги маалыматтар боюнча реалдуу мезгил режиминде резервдөө);  

4)             Тутумду зыяндуу программалык камсыздоодон коргоону ишке ашырат, антивирустук программалык камсыздоону регулярдуу жаңылап турат. 

5)             Маалыматтардын байланыш каналдары аркылуу демилгеленип чыккан жерден процессинг борборуна чейин жана кайра өткөрүлүшүндө алардын бүтүндүгү менен аныктыгын камсыздайт; 

6)             Маалыматтык коопсуздукка тиешелүү маалымат тутумдарынын иштөөгө жөндөмдүүлүгүн сактайт;

7)             Штаттык эмес абал келип чыкканда, тутумдун өз убагында резервдик аппараттык-программалык комплекске которулушун/калыбына келтирилишин/кеңейтилишин камсыздайт; 

8)             Кишини жана төлөмдөрдү жүргүзгөн, иштеп чыккан жана кабыл алган жактардын укуктук жөндөмдүүлүгүн текшерүү механизмдерин ишке ашырат;

9)             Маалыматтарды киргизүүдө каталарды минималдаштыруу, ката чыгуу мүмкүндүгүн жок кылуучу же азайтуучу маалыматтарды киргизүүнү көзөмөлдөө механизмдерин ишке ашырат;

10)          Жалпы жабдуулар менен тутумдардын программалык камсыздоолорун кылдат текшерүүдөн өткөрөт.

11)          Автоматташтырылган тутум иштебей калганда, штаттык эмес абалдарда же маалыматтарга уруксатсыз кирилген учурда маалыматтар менен жабдуулардын корголуусун камсыздайт; 

12)          Процессинг борборуна туташтырылган объектилерге, тутумдун маалымат ресурстарына мүмкүндүк алуу сеанстарына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт;

13)          Жабдуунун жана байланыш тутумунун резервделүүсүн камсыздайт;

14)          Төлөм тутумундагы маалыматтардын купуялуулугун камсыздайт;

15)          Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык орунжайлар менен жабдуунун физикалык коопсуздугун камсыздайт.

 

9.         АЛДАМЧЫЛЫКТАН ЖАНА УРУКСАТСЫЗ МҮМКҮНДҮК АЛУУДАН КОРГОО ЧАРАЛАРЫ

Төлөм тутумун алдамчылыктан жана уруксатсыз мүмкүндүк алуудан коргоо максатында Оператор төмөнкү талаптарды камсыздоо боюнча жеткиликтүү чараларды көрөт:

  

9.1.    Төлөмдөрдү иштеп чыгуу борборуна жана төлөмдөр боюнча маалыматты өткөрүү үчүн колдонулган байланыш каналдарына мүмкүндүк алууну чектейт;

9.2.    Маалымат өткөрүү каналдарына шифр коюлуусун камсыздайт;

9.3.    Кишини жана төлөмдөрдү жүргүзгөн, иштеп чыккан жана кабыл алган жактардын укуктук жарамдуулугун текшерүү механизмдерин ишке ашырат;

9.4.    Маалымат тутумундагы берилмелерди өзгөртүү боюнча иш-аракеттерди аткарууда милдеттердин бөлүштүрүлүшүн жана зарыл болгон учурда аларды жок дегенде 2 (эки) кызматкер тарабынан тастыкталышын (уруксат берилишин) камсыздайт;

9.5.    Тутумдун катышуучулары менен кызматкерлеринин авторизациясын жана аутентификациясын камсыздайт.

9.6.    Ар бир колдонуучуга кызматтык милдеттерин аткаруусу жана өз ара алмаштыруучулукту камсыздоосу үчүн зарыл болгон тийиштүү мүмкүндүк алуу укугун белгилейт;

9.7.    Маалымат коопсуздугунун режиминин бузулушун көзөмөлдөөнү камсыздайт;

9.8.    Маалымат тутумдарын физикалык коргоону камсыздайт;

9.9.    Маалыматтардын криптографиялык коргоосун камсыздайт;

9.10. Өрткө каршы коопсуздук чараларын камсыздайт;

9.11. Тутумдардын техникалык абалын протоколдоону жана текшерүүнү камсыздайт;

9.12. Колдоочу инфраструктуранын корголушун камсыздап, кызматкерлерди окутуп үйрөтөт;

9.13. Маалыматтарды кармап калуудан коргоону, мобилдик тутумдарды коргоону камсыздайт;

9.14. Технологиялык процессте башка шарт каралбаса, бардык жумуш орундарында жана тутумдун серверлеринде антивирустук коргоону колдонот.

 

10.      ТӨЛӨМ ТУТУМУНУН ҮЗГҮЛТҮКСҮЗ ИШТӨӨСҮНҮН КРИТЕРИЙЛЕРИ  

10.1. Тутумдун үзгүлтүксүз ишөөсүнүн (ТҮИ) критерийлери:

  • операциялык ишмердүүлүктүн үзгүлтүксүздүк деңгээли;

  • төлөм Процессингинин кызмат көрсөтүүсүндөгү үзгүлтүксүздүк деңгээли;

  • Төлөм тутумунун катышуучуларынын ортосунда эсептешүүлөрдү жүргүзүүдөгү үзгүлтүксүздүк деңгээли.

10.2. ТҮИге таасир эткен факторлор:

  • Төлөм тутумунун катышуучуларынын финансылык абалы;

  • Тутумда каралаган ликвиддүүлүктү башкаруу жана Төлөм тутумунун катышуучуларынын милдеттерин аткаруусун камсыздоонун мүмкүн болгон ыкмалары (Төлөм тутумунун катышуучуларынын финансылык абалына карата коюлган талаптар менен айкалышта);

  • тышкы кызмат Сатуучулардан көз карандылык;

  • техникалык тутумдун ишенимдүүлүгү;

  • Тутумдун кызматтарын Сатуучуларын, Катышуучуларды/Агенттерди технологиялык камсыздоо;

  • Төлөм тутумунун катышуучуларынын өз ара мамилелерине байланыштуу жөнгө салынбаган укуктук мүнөздөгү маселелерди аныктап чыгуу мүмкүндүгү;

  • Төлөм тутумунун катышуучуларынын жеке максаттарына жана Тутумдун алкагында белгиленген максаттарга (анын ичинде ТҮИ камсыздоо боюнча) жетүүгө багытталган ишмердүүлүк аткаруусунда кызыкчылыктардын кагылышуусунун келип чыгуу мүмкүндүгү;

  • рыноктук жана инфраструктуралык факторлор;

  • утумдун иштөөсүнүн өзгөчөлүктөрүнө байланышкан башка тышкы жана ички факторлор.

10.3. ТҮИ камсыздоо стратегиясы төмөнкү бизнес процесстерди көзөмөлдөө базасына негизделет:

  • Тутумдун үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу үчүн Оператордун ишмердүүлүк түрлөрүнө мүнөздүү болжолдуу тобокелдиктерди баалап чыгуу;

  • Катышуучулардын бул Эрежелердин талаптарын, келишимдик милдеттерин сактоосун көзөмөлдөө, ТҮИ камсыздоо тартибин сактоосун көзөмөлдөө;

  • Катышуучуларды Төлөмдөрдү өткөрүүнү ишке ашыруу шарттарын, бул Эрежелердин талаптарын сактоо предметине текшерүү;

  • Оператордун аталышы менен товардык белгилеринин түзүлгөн келишимдердин, макулдашуулардын жана бул Эрежелердин алкагында гана колдонулушун көзөмөлдөө;

  • Катышуучуларга Тутумдун иштөөсүн камсыздоодогу кандайдыр бир каталар тууралуу билдирүү  иштери;

  • Катышуучулардын финансылык туруктуулугун, Катышуучулардын финансылык туруктуулугун жоготуу тобокелдиктери бар факторлорду, анын ичинде потенциалдуу, келечекте Тутумдун финансылык туруктуулугунун жоголушуна алып келүүгө жөндөмдүү факторлорду баалоо жана аларга мониторинг жүргүзүү;

  • операциялык каталарга жол ачкан окуяларды иликтеп чыгуу, алардын себептери менен кесепеттерин анализдөө;

  • КР мыйзамдарынын талаптарына, КРУБ сунуштарына ылайык ишмердүүлүктү анализдөө жана баалоо;

  • чечимдерди кабыл алуу, финансылык жана регулятивдик отчёттуулукту түзүү үчүн колдонулган финансы маалыматтары менен отчёттуулуктун ишенимдүүлүгүн, толуктугун жана өз убагында берилишин камсыздоо;

  • технологиялык өз ара аракеттешүүнүн алкагында Оператор менен Катышуучунун ортосунда туруктуу телекоммуникациялык байланыш каналынын болушу;

  • Тутумдун негизги түйүндөрүндө үзгүлтүксүз электр энергиясы менен азыктануунун болушу;

  • терминалдар тармагын башкаруунун программалык комплексинин үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо;

  • SMS-шлюздун үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо;

  • web-тиркеменин, мобилдик тиркеменин, электрондук капчык тутумунун үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо;

  • почта сервисинин үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо;

  • Тутумдун серверлеринин үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо;

  • төлөм тутумундагы инциденттерди иштеп чыгуу;

  • маалыматты зыяндуу коддон коргоону камсыздоо;

  • террордук жана экстремисттик ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички көзөмөлдү камсыздоо;

  • төлөм транзакцияларын жүргүзүүдө жана Катышуучулар менен өз ара аракеттешүүдө маалыматтын корголушун камсыздоо;

  • штаттык эмес, өзгөчө, стандарттуу эмес абалдарды аныктоо жана Катышуучулардын өз ара аракеттешүүлөрүн белгилөө.

11.      ИНЦИДЕНТТЕРДИ БАШКАРУУ 

Инциденттерди башкарууда Төлөм тутумунун катышуучулары келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди жана кыйынчылыктарды аткаруу боюнча төмөнкүдөй чараларды эске алууга, ал эми Оператор аларды аткарууга милдеттүү:

  • Инциденттерди эрте аныктап чыгуу зарылдыгы – окуялардын мониторингин уюштуруу, ошондой эле колдонуучуларга инциденттер тууралуу маалымат берүүнү үйрөтүү

  • Инциденттерди каттоо зарылдыгы

  • Тутумга мүмкүндүк алуунун жогорулугун камсыздоо

  • Инциденттерди чечүүдө ресурстардын жетишсиздиги, инциденттерди ашкере көптүгү жана «кийинкиге» калтыруу — инциденттер күтүүсүз көбөйүп кеткен учурда туура каттоо үчүн убакыт жетишсиз болуп калышы ыктымал. 

Инциденттерди башкаруу процессиндеги иштер классикалык үч деңгээлдүү схема боюнча аткарылат:

Биринчи деңгээл – кайрылуулар кире турган бирдиктүү түйүн.

Өтүнмөлөрдү каттоо жана классификациялоо, алардын алгачкылыгын жана аткаруу үчүн жооптуу кызматкерлерди белгилөө, типтүү Инциденттерди чечүү үчүн жооптууларды белгилөө ишке ашырылат. Колдоонун бул деңгээли негизинен экинчи деңгээл менен аракеттешүү процессин кошкондо, керектүү бардык документтер жана нускамалар менен камсыз кылынган call-борбор тарабынан жүргүзүлөт.


Экинчи деңгээл

Колдоо инженерлери — техникалык экспертиза жүргүзүп, типтүү эмес инциденттерди чечишет, тиркеме жөнүндө билимдердин базасынын жаңыланып туруусу үчүн жооп беришет, кемтиктерди аныктап чыгып, аларды колдоонун үчүнчү деңгээлине өткөрүшөт. Эгерде көйгөй тутумдун архитектурасы же анын программалык ишке ашуусу менен байланыштуу болсо, анда аны чечүү милдети үчүнчү деңгээлге өткөрүлөт.


Үчүнчү деңгээл

Тутумдун иштөөсүн техникалык колдоо боюнча адистер экинчи деңгээлде чечилбеген татаал инциденттерге талдоо жүргүзүп, кемтиктерди оңдоп чыгышат, берилген сунуштарды тесттен өткөрүшөт.

12.      КАТЫШУУЧУЛАРГА МААЛЫМДОО ТАРТИБИ  

Келип чыккан Инцидент төлөм тутумунун үзгүлтүксүз иштөөсүнө таасир эткен учурларда Тутумдун Катышуучуларына Оператордун Төлөм тутумунун иштөөсүндөгү бузулуулар жана буларга байланыштуу болжолдуу тобокелдиктер жөнүндө маалымат жеткирилүүгө тийиш. 

Билдирилген бузулуулар жоопкерчилик зонасына кирген Төлөм тутумунун катышуучусу тарабынан бузулуу фактысынын (күнүн, бузулган убактысын, жоюлган убактысын, бузулуулардын мүнөзүн, алардын келип чыгуу себептерин жана аларды жоюу боюнча көрүлгөн чаралардын, аталган окуяларды иликтөөнүн натыйжаларын, кесепеттердин анализин көрсөтүү менен) ырасталышы (же четке кагылышы) тийиштүү Тарапка белгиленген даректен белгиленген дарекке телефондук байланыш каналы же электрондук почта аркылуу кайрылуу жолу менен ишке ашырылат.   Мындан тышкары, Оператор катышуучулардын келип чыккан штаттык эмес абал жөнүндө кабардар болуусун камсыздоо жана аны чечүү үчүн натыйжалуу чараларды көрүү максатында, кеңири коомчулукту маалымдоо иш-аракетин кошкондо,  жеткиликтүү бардык байланыш ыкмаларын колдонот.

Штаттык эмес абалды жойгон жана тутумдун штаттык иштөөсүн калыбына келтирген соң КР  Улуттук банкына, ошондой эле Төлөм тутумунун катышуучуларына маалымдоо процедурасы 8 сааттан ашпаган  убакыт аралыгында жана тараптардын ортосундагы келишимде каралган тартип боюнча ишке ашырылат.

Төлөм тутумунун үзгүлтүксүздүгүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон Инцидент пайда болгон учурда, инцидентти аныктап чыккан Төлөм тутумунун катышуучусу

  • тобокелдикке дуушар боло турган тарапка же тараптарга бул тууралуу билдирет, 

  • Төлөм тутумунун катышуучуларынын алдында өзүнүн финансылык милдеттенмелерин аткаруу/аягына чыгаруу боюнча чараларды көрөт; 

  • маалыматтардын сакталышын камсыздоо жана төлөм тутумунун иштөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча чараларды көрөт; 

  • башка Катышуучулар үчүн өз милдеттерин аткаруу мүмкүндүгүн камсыз кылат. 

    Оператор төлөм тутуму 2 сааттан ашык убакыт бою иштөөгө жөндөмсүз болгон учурда келип чыккан инцидент тууралуу КР Улуттук банкына кабарлоого тийиш.

Төлөм тутумунун катышуучуларына Төлөм тутумундагы бузулуулар жана аларга байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктер тууралуу маалымдоо бузулуунун натыйжасында тобокелдик деңгээли «Орто» же «Жогорку» категорияларга кирип, Катышуучулардын тутумдарынын үзгүлтүксүз иштөөсүнө терс таасир этиши мүмкүн болгон учурларда аткарылат.

«Орто» же «Жогорку» тобокелдик деңгээли менен сыпатталуучу окуя келип чыкканда, иштөөдөгү аныкталып чыккан бузулуулар жалпы эле Төлөм тутумунун үзгүлтүксүз иштөөсүнө таасир эткен шарттарда, Оператор тарабынан КРУБ Төлөм тутумдарынын башкармалыгына телефондук байланыш каналдары, электрондук почта же билдирүүнү алуучуга жеткирүүнүн башка каражаты аркылуу дароо маалымат берилет.  

Төлөм тутумунда башка Катышуучуларга дагы коркунуч келтирүүсү мүмкүн болгон тышкы коркунуч, кылмыш, алдамчылык фактылары жаралган учурда, КРУБ Төлөм тутумдарынын башкармалыгына телефондук байланыш каналдары, электрондук почта же билдирүүнү алуучуга жеткирүүнүн башка каражаты аркылуу дароо маалымат берилет.

13.      ТИК/ККЛК чаралары

1. Ички көзөмөл программасын колдонуу

Оператор ТИК/ККЛК боюнча негизги милдеттерин аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ички көзөмөл эрежелерин колдонот:

1) тобокелдиктерди аныктап чыгуу, баалоо, мониторинг жүргүзүү, башкаруу, азайтуу жана документтештирүү боюнча чараларды ишке ашыруу;

2) колдонуучуларды тийиштүү түрдө текшерип чыгуу чараларын ишке ашыруу;

3) максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу жана операцияларды (бүтүмдөрдү) токтото туруу;

4) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды көрүү;

5) финансылык чалгындоо органына өз убагында маалыматтар менен документтерди, ошондой эле көзөмөлдөнүүгө жана билдирилүүгө тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөрдү берүү;

6) операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматтар менен документтердин, ошондой эле колдонуучуну тийиштүү түрдө текшерип чыгуунун жыйынтыгында алынган маалыматтын сакталышын камсыздоо;

7) маалыматтардын купуялуулугун камсыздоо;

8) ТИК//ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген башка милдеттердин аткарылышын камсыздоо.

2. Тизмелерди колдонуу

Оператор идентификациялык маалыматтарды онлайн мониторингдөө жана аларды салыштырып текшерип туруу максатында Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмесинин, БУУ Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмесинин, кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) катыштыгы бар экендиги жөнүндө маалыматтар болгон адамдардын, топтордун, уюмдардын Тизмесинин,  кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо), террордук же экстремисттик ишмердүүлүк, ошондой эле бул ишти каржылоо үчүн жазасын өтөп келген физикалык жактардын Тизмесинин төлөм тутумуна интеграцияланышын камсыздайт.  

3. Бенефициардык ээлердин ачык-айкындуулугун камсыздоо боюнча чаралар

Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлүп, каттоодон өткөн бардык юридикалык жактар – Оператордун контрагенттери, алардын ичинде товарлар менен кызматтарды сатуучулар, төлөм тутумдарынын операторлору жана төлөм уюмдары, Агенттер/Катышуучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:

  • ээ болгон маалыматтын негизинде эң акырында (ээлик кылуу жана көзөмөл чынжыры аркылуу) түз же кыйыр түрдө (башка жактар аркылуу) юридикалык жактын менчик укугуна ээ же ал юридикалык жакты көзөмөлдөп туруучу физикалык жак (мындан ары – бенефициардык ээси) тууралуу туура жана жаңыртылган маалыматты түзүү, ошондой эле өзүнүн бенефициардык ээсин аныктоо үчүн бардык жеткиликтүү жана мүмкүн болгон чараларды көрүү;

  • Оператор бенефициардык ээси тууралуу алган маалыматты ал түзүлгөн учурдан тартып беш жылдан кем эмес мөөнөт бою сактайт.

4. Тобокелдикке багытталган ык-амалды колдонуу

Оператор өз ишмердүүлүгүндө тобокелдикке багытталган ык-амалды колдонот, тагыраагы:

1) ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрүн, тобокелдиктерди улуттук баалоонун натыйжаларын жана жогорку жана төмөнкү тобокелдиктерди аныктап чыгуунун типтүү критерийлерин эске алуу менен тобокелдиктерин баалап, дайыма жаңылап турат;

2) аныктап чыккан тобокелдиктер жөнүндө тийиштүү текшерүү органына жана финансылык чалгындоо органына белгиленген тартипте маалымат берет;

3) күчөтүлгөн же жөнөкөйлөтүлгөн саясатты, ошондой эле көзөмөлдөө чараларын, тобокелдиктерди башкаруу жана аларды азайтуу боюнча процедураларды иштеп чыгат жана колдонот;

4) тобокелдиктерди баалап чыгуунун натыйжаларын эске алуу менен колдонуучуну тийиштүү түрдө текшерүүнүн күчөтүлгөн же жөнөкөйлөтүлгөн чараларын көрөт;

5) Катышуучуларды тобокелдик критерийлерин эске алуу менен классификациялайт.

5. Талаптагыдай текшерүү жүргүзүү

Оператор бардык колдонуучуларына, Катышуучуларга карата мыйзамдарга ылайык өз алдынча текшерүү жүргүзөт, же болбосо экинчи тараптын текшерүүлөрүнүн натыйжаларына таянып, талаптагыдай текшерүүнүн төмөнкү чараларын көрөт:

1) Катышуучуларды идентификациялоо жана верификациялоо;

2) Катышуучунун иштиктүү мамилелеринин максаты жана болжолдуу мүнөзү тууралуу маалымат алуу;

3) бенефициардык ээсин идентификациялоо жана бенефициардык ээсин верификациялоо үчүн жеткиликтүү чараларды кабыл алуу;

4) Катышуучуну жана бенефициардык ээсин идентификациялоонун жана верификациялоонун натыйжасында алынган маалыматтарды документ түрүндө каттайт;

5) Катышуучунун ишмердүүлүгү жана анын финансылык абалы жөнүндө маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле кардарды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган маалыматтар менен документтерди сактайт жана жаңылап турат;

6) Катышуучунун ишмердүүлүгү, анын финансылык абалы, каражаттарынын булагы, ошондой эле террордук ишмердүүлүктү каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктеринин мүнөзү жөнүндө колдо бар маалыматтардын негизинде колдонуучуну тийиштүү түрдө жана туруктуу негизде текшерип (колдонуучу менен иштиктүү мамиле ишке ашырылган мезгил бою), колдонуучу тарабынан жана колдонуучунун пайдасына жүргүзүлгөн операциялардын (төлөмдөрдүн) анализин жүргүзөт.

Мындан тышкары, Оператор колдонуучуну коомдук кызмат адамдарына, үй-бүлө мүчөлөрү менен жакын адамдарына (жакын туугандары, иш өнөктөштөрү жана расмий өкүлдөрү) карата текшерүү боюнча төмөнкүдөй кошумча чараларды көрүүгө укуктуу:

1) Катышуучунун же бенефициардык ээсинин коомдук кызмат адамы болуп болбогонун аныктоо үчүн тобокелдиктерди башкаруу тутумун колдонот;

2) коомдук кызмат адамы менен иштиктүү мамилелерди түзүү же улантуу (учурдагы Катышуучуларга карата) үчүн уюмдун жетекчисинин жазуу жүзүндөгү уруксатын алат;

3) коомдук кызмат адамынын акча каражаттарынын же башка мүлкүнүн булагын аныктап чыгат;

4) колдонуучу үчүн белгиленген жогорку тобокелдикте коомдук кызмат адамы тарабынан ишке ашырылган операцияларды (бүтүмдөрдү) кошкондо, иштиктүү мамилелерге туруктуу жана тереңдетилген мониторинг жүргүзөт.

Оператор төмөнкү учурлардын баарында талаптагыдай текшерүү жүргүзөт:

1)  иштиктүү мамилелерди түзүүдө;

2) акча которууну кошкондо, 70 000 сомго барабар же андан ашык суммада бир жолку операцияны (төлөмдү) же өз ара байланыштуу бир нече бир жолку операцияларды (төлөмдөрдү) ишке ашырууда.

3) 70 000 сомго барабар же андан ашык суммада же чет өлкөлүк валютанын эквивалентинде бир жолку электрондук акча которууну ишке ашырууда;

4) кардардын макамына (туруктуу же бир жолку) же ар кандай бөтөнчөлүктөргө карабастан, же болбосо операциянын (бүтүмдүн) босого суммасына карабастан террордук ишмердүүлүктү каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) боюнча шектенүү жаралган учурда;

5) кардар тууралуу мурда алынган маалыматтардын туура эместигине же жетишсиздигине байланыштуу фактылар аныкталганда.

Транс чек аралык төлөмдөрдү өткөрүүдө:

1) Оператор жана агенттери төмөнкү маалыматтардын болуусун камсыздоо боюнча жеткиликтүү чараларды көрүүгө милдеттүү:

  • жөнөтүүчү – физикалык жактын фамилиясы, аты, атасынын аты;

  • төлөмдү ишке ашырууда эсеп колдонулган учурда жөнөтүүчүнүн эсебинин номери;

  • жөнөтүүчү-физикалык жактын паспорттук маалылматтары;

  • колдонуучунун идентификациялык номери;

  • транс чек аралык акча которууларда (жеке өздүк эсепке, электрондук капчыкка же банк эсебине):

  • жөнөтүүчү – физикалык жактын фамилиясы, аты, атасынын аты;

  • төлөмдү ишке ашырууда эсеп колдонулган учурда жөнөтүүчүнүн эсебинин номери. Эсеп жок болсо, Оператор транзакциянын уникалдуу кодунун берилишин камсыздайт.

2) Оператор төлөмдү жөнөтүүчүнү жана алуучуну Санкциялык тизмелерде, кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) катыштыгы бар экендиги жөнүндө маалыматтар болгон адамдардын, топтордун, уюмдардын Тизмесинде  бар же жок экендигине карата текшерип чыгууга тийиш;

3) Оператор төлөмдү жөнөтүүчүнүн жана алуучунун Санкциялык тизмелерде, кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) катыштыгы бар экендиги жөнүндө маалыматтар болгон адамдардын, топтордун, уюмдардын Тизмесинде  бар экендигин аныктап чыккан учурда төлөмдү тоңдуруп же токтотуп коюуга жана 3 (үч) сааттын ичинде финансылык чалгындоо органына билдирүүгө укуктуу.

6. Маалыматтарды жана документтерди сактоо

Оператор төмөнкү маалыматтар менен документтерди сактайт:

1) колдонуучуну талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган маалыматтар, иштиктүү жазышуулар жана документтердин көчүрмөлөрү, анын ичинде колдонуучу жана бенефициардык ээсинин анкеталарынын түпнускалары, – кардар менен иштиктүү мамилелер токтотулгандан же колдонуучу менен акыркы операцияны ишке ашыргандан кийин беш жылдан кем эмес убакыт;

2) бардык ишке ашырылган операциялар (төлөмдөр) боюнча маалыматтар менен документтер, – операция (төлөм) аяктагандан кийин беш жылдан кем эмес убакыт;

3) ишке ашырылган операциялардын (төлөмдөрдүн) анализи боюнча корутундулар же маалымкаттар, - операция (төлөм) аяктагандан кийин беш жылдан кем эмес убакыт;

4) террордук ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы күрѳшүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген маалыматтар менен документтер, - кардар менен иштиктүү мамилелер токтотулгандан же колдонуучу менен акыркы операцияны (төлөмдү) ишке ашыргандан кийин беш жылдан кем эмес убакыт.

7. Операциялар жана бүтүмдөр жөнүндө билдирүү

Оператор финансылык чалгындоо органына көзөмөлдөнүшү жана билдирилиши зарыл болгон кийинки операциялар (төлөмдөр) тууралуу тийиштүү типтүү форманы толтуруу менен электрондук документ (мындан ары – электрондук билдирүү) аркылуу билдирүү жиберет:

1) шектүү операция (төлөм) жөнүндө билдирүү – белгиленген тартипте операцияны (төлөмдү) шектүү деп тапкан учурдан тарта беш сааттын ичинде;

2) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн (тизмеси жооптуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жайгаштырылган) физикалык же  юридикалык жактарынын операциялары (төлөмдөрү) жөнүндө билдирүү – мындай операция (төлөм) ишке ашырылгандан кийин эки жумуш күнүнүн ичинде;

3) кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо), террордук же экстремисттик ишмердүүлүк, ошондой эле бул ишти каржылоо үчүн жазасын өтөп келген физикалык жак тарабынан ишке ашырылган операциялар (төлөмдөр) жөнүндө билдирүү - мындай операциялар (төлөмдөр) ишке ашырылгандан кийин эки жумуш күнүнүн ичинде;

4) накталай акча каражаттары менен ишке ашырылган операция (төлөм) жөнүндө билдирүү – мындай операция (төлөм) ишке ашырылгандан кийин үч жумуш күнүнүн ичинде. 

14.      Тутумда белгиленген лимиттер

14.1 Тутумда белгиленген лимиттер төлөм тутумунун операторлоруна, төлөм уюмдарына (анын ичинде АМТ төлөмдөрүнө), электрондук акчалардын операторлоруна карата колдонулган мыйзамдарга шайкеш келет.

14.2 Мыйзамдарда белгиленген лимиттерден тышкары, Оператор Оператор тарабынан рыноктун учурдагы коньюнктурасынын жана Төлөм тутумунун тобокелдиктерин баалып чыгуу анализинин негизинде тобокелдиктерди башкаруу саясатына ылайык жеке лимиттерин белгилөөгө укуктуу.

14.1.  КОШУМЧА ШАРТТАР 

14.2.  Төлөм тутумунун элежелеринде Төлөм тутумунун катышуучуларына карата башка төлөм тутумдарына катышпоо жөнүндө талаптарды коюуга тыюу салынат (бөтөнчө катышуу тууралуу шарттар).  

14.3.  Оператордун тутумунун эрежелери менен процедуралары Катышуучуларга тутумдун ага катышуудан улам пайда болгон финансылык тобокелдиктердин ар бирине тийгизген таасири жөнүндө так түшүнүк берүүгө, катышуучу тараптардын юридикалык негизи менен ролдорун, тутумдун тобокелдиктерин башкаруу убактылары менен принциптерин түшүндүрүүгө тийиш.

14.4.  Оператордун тутумунун эрежелери менен процедуралары Улуттук банктын тобокелдиктерди башкаруу боюнча ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп берип, регулярдуу түрдө каралып чыгууга жана зарыл болгон учурда, бирок 3 (үч) жылда жок дегенде 1 (бир) жолу   жаңыланып турууга тийиш.  

15.      ТИРКЕМЕЛЕР

15.1.  Тиркемелердин тизмеси:

 Төмөнкү Тиркемелер Эрежелердин ажырагыс бөлүгү болуп саналат:

1)              Тиркеме № 1 – Тобокелдиктерди башкаруу тутуму, колдонуудагы тобокелдиктерди башкаруу модели, тобокелдиктерди башкаруу боюнча иш-чаралар менен ыкмалардын тизмеси

2)              Тиркеме № 2 - Тутумда штаттык эмес абалдар келип чыккан учурда Төлөм тутумунун катышуучуларынын иш-аракеттеринин тартиби

3)            Тиркеме № 3 – Төлөмдөрдү кабыл алуу тутумунун архитектурасы, анын иштөө схемасы

4)            Тиркеме № 5 – Процессингди ишке ашыруу тартиби

5)            Тиркеме № 6 – Тарифтик саясат

6)            Тиркеме №7 – Тутумда белгиленген лимиттер.

Төлөм тутумунун Эрежелерине

Тиркеме № 1

Оператордун тобокелдиктерди башкаруу тутуму

Тобокелдиктерди башкаруунун максаттарына жетүү үчүн төмөнкү милдеттердин аткарылышы талап кылынат: 

  • ишке ашырууда төлөм тутумунун үзгүлтүксүз иштөөсүнө тоскоолдук жаратышы мүмкүн болгон жагымсыз окуялардын келип чыгышын божомолдоо; 

  • төлөм тутумунун туруктуу иштөөсүнө көмөктөшүү; 

  • тобокелдиктердин келип чыгуусунун алдын алуу жана аларга жол бербөө; 

  • тобокелдиктерди идентификациялоо жана белгилөө, ошондой эле алардын келип чыгуу себептерин аныктап чыгуу; 

  • тобокелдиктердин приоритеттүүлүгүн белгилөө; 

  • тобокелдиктерди токтотуу; 

  • тобокелдиктердин деңгээлин жана таасир этүү даражасын баалап чыгуу; 

  • туруктуу негизде тобокелдиктердин мониторинги жана анализи; 

  • тобокелдиктердин келип чыгуусунун кесепеттерин өз убагында жоюу процессин уюштуруу жана төлөм тутумдары бузулган учурда алардын иштөө жөндөмдүүлүктөрүн калыбына келтирүүнүн механизмдерин түзүү; 

  • төлөм тутумунда тобокелдиктердин алгылыктуу деңгээлине жетүү жана аны кармап туруу жолдорун белгилөө; 

  • аныкталып чыккан тобокелдиктерди азайтууга багытталган иш-чараларды жүргүзүү максатында Төлөм тутумунун катышуучуларынын маалыматтык өз ара аракеттешүүсүн камсыздоо; 

  • тобокелдик факторлоруна каршы аракеттенүүгө багытталган чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, ошондой эле төлөм тутумдарын жөнгө салуу боюнча башкаруу чечимдерин кабыл алуу; 

  • тобокелдиктерди башкаруу процессинин төлөм инфраструктурасынын кызматтарынын рыногунун өзгөрүп турган шарттарына ыкчам реакция кылуусу. 

    Тобокелдиктерди башкаруунун кабыл алынган модели

Төлөм тутумундагы тобокелдиктерди башкаруунун негизги максаты болуп, тобокелдикти чектөө, минималдаштыруу, ошондой эле Төлөм тутумун жөнгө салуу жаатында башкаруучулук чечимдерин ыкчам кабыл алуу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу. 

Төлөм тутумунун иштөөсү тобокелдиктерди жүзөгө ашыруунун натыйжасында, анын ичинде Төлөм тутумунун бир, бир нече же көпчүлүк Катышуучуларынын аракеттери же аракетсиздигине байланыштуу жагымсыз окуялардын келип чыгышынын кесепетинде жана (же) Төлөм тутумун уюштуруудагы жана (же) камсыздоодогу жетишсиздиктерден улам бузулушу ыктымал.

 Тутумдук тобокелдик

Тутумдук тобокелдик – Төлөм тутумунун катышуучуларынын биринин төлөмдөр боюнча өз милдеттерин аткара албоосунун кесепетинде башка катышуучулардын да төлөмдү ишке ашыруу мөөнөтү келген учурда өз милдеттерин аткарууга жөндөмсүз болуп калышына жол ачкан жагымсыз окуянын келип чыгышы. Мындай өз милдеттерин аткара албоочулук жалпы төлөм тутумунун туруктуулугу үчүн коркунуч жаратышы ыктымал («домино» эффекти).

Тутумдук тобокелдик фактору төмөнкүдөй болуп бөлүнөт:

Ички тобокелдик факторлору

Антропогендик фактор. Кесиптик көндүмдөрдүн жоктугу, даярдыктын жетишсиздиги, кайдыгерлик, милдеттерди талаптагыдай аткарбоо же маалыматтык-телекоммуникациялык каражаттарды, тутумду жана түйүндү иштеткен кызматкерлердин, программалык камсыздоону иштеп чыгуучулардын жана мыйзамдуу түрдө маалыматтарга мүмкүндүк алган колдонуучулардын арам ою сыяктуу факторлордун натыйжасында маалыматтык коопсуздукка карата коркунучтардын жаралышы. Жооптуу кишилер тарабынан IT жабдууну, алардын тутумдарын жана түйүндөрүн иштетүү эрежелеринин бузулушу да жогоркудай кырдаалдын келип чыгышына өбөлгө болот;

Тутумдук фактор. Маалыматтык-телекоммуникациялык каражаттарды долбоорлоо жана иштеп чыгууда кетирген катачылыктардын же аларды колдонууда, анын ичинде программалык камсыздоонун жеткилең иштелип чыкпагандыгынан, же болбосо жабдуунун бузуктугунан улам келип чыккан тутумдун ичиндеги каталардын (фаталдуу каталардын) натыйжасында маалыматтын жана (же) маалыматтык-телекоммуникациялык каражаттардын бүтүндүгүнө карата коркунучтун келип чыгышы.

Тышкы тобокелдик факторлору

Киберкоопсуздук фактору. Маалыматты жок кылуу, бөгөттөө же көчүрүп алуу максатында маалымат ресурстарына жана маалыматтык-телекоммуникациялык каражаттарга, тутумга жана түйүндөргө максаттуу тыштан таасир этүү («чабуулдар», бузуп кирүүлөр), зыяндуу (вирустарды, симуляторлорду, «троян» программаларын, клавиатуралык тосуучулар ж.б.) программаларды иштеп чыгуу жана жайылтуу, маалыматтарды жашыруун алуу үчүн атайын техникалык каражаттарды жайылтуу;

Техногендик фактор. Адамдын ишмердүүлүгүнө (цивилизациянын) байланыштуу келип чыккан жасалма мүнөздөгү коркунучтардын жыйындысы – өрт, жардыруу, суу каптоо, радиациялык жана химиялык булгануулар, энергетикалык авариялар, коммуникациялардын бүлгүнгө учурашы, анын ичинде террордук аракеттердин, диверсиялардын, массалык башаламандыктардын жана согуш аракеттеринин натыйжасында келип чыккан кырдаалдар.

Жаратылыштык фактор. Маалыматтык жана телекоммуникациялык ресурстардын туруктуу иштен чыгышына, ал тургай жок болушуна же физикалык жабыркашына алып келиши мүмкүн болгон табигый жеңилгис күчтөрдүн (табигый кырсыктардын) таасиринин кесепетинде келип чыккан жаратылыштык мүнөздөгү коркунучтардын жыйындысы – жер титирөө, суу ташкыны, метеорологиялык катаклизмдер ж.б. Ыктымалдык корголо турган объект жайгашкан аймактын өзгөчөлүгү -  метеорологиялык байкоолор, геотектоникалык маалыматтар жана башка критерийлер менен аныкталат.

Тутумдук тобокелдикти азайтуунун механизмдери

  • Төлөм тутумунун тутумдук жактан маанилүү катышуучуларына, рынокторго жана тийиштүү инфраструктурага жагымсыз таасирин тийгизген маанилүү тутумдук окуяларга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү;

  • Төлөмдөрдүн өткөрүлүшүн кепилдеген механизмдердин ишке ашырылышын камсыздоо;

  • Төлөм жана эсептешүү тутумдарды күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөө;

  • Төлөм түрлөрүн типтерине жараша приоритеттештирүү: социалдык жактан маанилүү, бюджетти түзүүчү ж.б.

Операциялык тобокелдик

 Операциялык тобокелдик – төлөмдөр менен эсептешүүлөрдү өткөрүү мүмкүндүгүнөн ажыраткан, төлөм тутумунун эрежелеринин, маалыматтык коопсуздуктун бузулушуна жол ачкан, же болбосо жалпы эле төлөм тутумунун иштөөсүн бөгөттөгөн аппараттык-программалык комплекстин жана коммуникациялык байланыш каналдарынын иштөөсүндөгү бузулуунун, кызматкерлер менен кызмат адамдарынын, Төлөм тутумунун катышуучуларынын туура эмес аракеттеринин, ошондой эле тышкы факторлордун таасиринин натыйжасында келип чыккан тобокелдик. 

Операциялык тобокелдиктин локализациясы (чыккан жери) болуп, түзүмдүк бөлүктөр менен Төлөм тутумунун катышуучуларынын операциялык тобокелдиктин келип чыгуусу көзөмөлдөнө турган  менен аппараттык-программалык комплекстери эсепетелет. 

Операциялык тобокелдикти ишке ашыруу формасы катары, Төлөм тутумунун катышуучуларынын аппараттык-программалык комплекстеринин иштөө жөндөмдүүлүгүнүн бузулушунун, Төлөм тутумунда жол берилбеген операциялардын аткарылышынын же операциялардын туура эмес аткарылышынын натыйжасында Төлөм тутумунун иштөөсүндөгү бузулуулар эсептелет.

Операциялык тобокелдиктин таасирин азайтуу механизмдери

Аппараттык-программалык комплекстердин иштөө жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча:

  • үзгүлтүксүздүк көрсөткүчтөрүнө карата коюлган талаптарды эске алуу менен аппараттык-программалык комплекстерди түзүүгө, колдонууга киргизүүгө жана эксплуатациялоого карата техникалык талаптарды иштеп чыгуу;

  • аппараттык-программалык комлекстерди колдонууга киргизүүнүн алдында тесттен өткөрүү;

  • тутумдук, прикладдык программалык камсыздоого жана маалымат ресурстарына кирүү мүмкүндүгүнө үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү;

  • идентификациялоо жана аутентификациялоо каражаттарын; протоколдоо жана аудит процедураларын; маалыматты криптографиялык коргоону; маалымат ресурстарын резервдик көчүрүү жана архивдөөнү колдонуу жолу менен маалыматтык активдердин бүтүндүгүн камсыздоо;

  • кооптуу маалыматтык активдердин резервделишин камсыздоо;

  • ишмердүүлүктүн үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо жана каталардан кийин калыбына келтирүү пландарын актуалдуу абалда сактоо;

  • маалымат тутумдарынын, операциялык жана технологиялык каражаттардын сапатын жана ишенимдүүлүгүн, ошондой эле алардын тармакка тиешелүү ченемдик актыларга шайкештигин дайыма баалап туруу;

  • негизги түйүндөгү аппараттык жана программалык камсыздоону көчүрмөлөө; 

  • негизги түйүндөгү аппараттык-программалык комплекстин резервдик борборунда көчүрмөлөө; 

  • аралыктан резервдик борбордун болушу; 

  • негизги түйүн менен катышуучулардын автоматташтырылган жумуш орундарынын ортосунда үзгүлтүксүз байланышты камсыздоо үчүн байланыш каналдарын көчүрмөлөө; 

  • негизги жана резервдик түйүндөрдүн үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болуусун уюштуруу; 

  • катышуучуларды жана тутумдун кызматкерлерин авторизациялоо жана аутентификациялоо каражаттарын камсыздоо, уруксатсыз кирүүгө жол бербөө максатында маалымат өткөрүү каналдарын шифрлөө; 

  • өткөрүлгөн маалыматтын чындыкка дал келүүсүн жана бүтүндүгүн камсыздоо үчүн электрондук кол тамганы колдонуу мүмкүндүгүн түзүү; 

  • маалыматтарды жоготуп алуу же аларды көчүрмөлөө коркунучу жаралган учурда аларды сактоо жана калыбына келтирүү максатында тутумда ишке ашырылган бардык операциялардын резервдик көчүрүлүшүн камсыздоо; 

  • коопсуздук тутумунун болушу (маалыматтык, техникалык жана физикалык); 

Кызматкерлер боюнча:

  • квалификациялуу тутум кызматкерлеринин (негизги жана көчүрмөлөөчү курамдын) болушу жана аларды дайыма окутуп туруу; 

  • кызматкерлердин функциялары менен ыйгарым укуктарын чектөө;

  • кызматкерлерге жаңы маалымат технологияларын үйрөтүү, квалификациясын жогорулатуу, мезгил-мезгили менен тесттен өткөрүп туруу.

Кредиттик тобокелдик жана ликвиддүүлүк тобокелдиги

Кредиттик тобокелдик – Төлөм тутумунун катышуучусунун төлөмдү ишке ашыруу убактысы келгенде же болбосо андан кийин бардык учурларда көрсөтүлгөн төлөм инфраструктурасынын кызматтарын төлөө боюнча финансылык милдеттерин аткаруу жөндөмсүздүгүнүн натыйжасында келип чыккан тобокелдик. Кредиттик тобокелдик Төлөм тутумунун катышуучуларынын финансылык туруктуулугуна коркунуч жаратат жана бул абал төлөм тутумунун үзгүлтүксүздүгүнө таасир этиши ыктымал.

Ликвиддүүлүк тобокелдиги – Төлөм тутумунун катышуучусунун төлөм ишке ашырыла турган мөөнөттө өз милдеттерин толук аткаруусун камсыздоочу  акча каражаттарынын жетишсиздигине же жоктугуна байланыштуу келип чыккан тобокелдик. Тобокелдиктин бул түрүнүн жаралышы Төлөм тутумунун катышуучусунун финансылык активдеринин жана финансылык милдеттеринин теңдемсиздиги менен байланышкан.  

Кредиттик тобокелдик менен ликвиддүүлүк тобокелдигинин таасирин азайтуу механизмдери

  • катышуучулардын төлөмдөрдү өткөрүү боюнча милдеттерин аткаруусу үчүн каражаттардын жетиштүүлүгүнө реалдуу мезгил режиминде мониторинг жүргүзүү; 

  • эсептешүүлөрдүн кепилдик менен өткөрүлүшүн камсыздоо үчүн каражаттарды резервдөө мүмкүндүгүн түзүү; 

  • төлөмдөрдү белгиленген приоритеттер боюнча иштеп чыгуу; 

  • катышуучулар тарабынан төлөмдөрүнүн кезектеринин башкарылуусу (төлөмдөрдүн приоритеттерин өзгөртүү, төлөмдөрдү төлөмдөрдүн кезегинен алып салуу ж.б.);

  • колго аткарылган режимде төлөм документтерин даярдоодо негизги тилкелердин эки жолу киргизилишин камсыздоо;

  • электрондук документтердин тутумда сакталышын камсыздоо максатында жөнөтүлгөн жана келген бардык электрондук билдирүүлөрдүн архивдерин түзүү; катышуучулардын тутумдун иштөө эрежелерин сактоосун дайыма көзөмөлдөп туруу. 

  • Төлөм тутумунун катышуучуларынын төлөө жөндөмдүүлүктөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына туура келүүсүн мезгил-мезгили менен баалап чыгуу. 

Укуктук тобокелдик

Укуктук тобокелдик -  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, келишимдер менен макулдашуулардын шарттарын, Төлөм тутумунун катышуучуларынын төлөм тутумдарынын иштөөсүнүн ченемдери менен эрежелерин белгилөөчү ички документтеринин талаптарын сактабагандыктан улам келип чыккан тобокелдик. 

Укуктук тобокелдиктин булагы болуп, Төлөм тутумунун катышуучуларынын мыйзамдардын, ченемдик актылардын жана түзгөн келишимдердин, ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ички документтердин талаптарын аткарбоосу, ошондой эле ички документтердин жетишсиздиги, Коомдун ишмердүүлүгүнүн мыйзам талаптарына жооп бербөөсү эсептелет.   

Укуктук тобокелдикти ишке ашыруу формасы катары, Төлөм тутумунун катышуучуларына карата төлөм тутумунун башка Катышуучулары, мамлекеттик органдар, Төлөм тутумунун катышуучуларынын кардарлары, көзөмөл органы тарабынан коюлган укуктук мүнөздөгү дооматтар эсептелет.

Укуктук тобокелдиктин локализациясына (чыккан жери) төмөнкүлөр кирет:

  • мыйзамдын, ченемдик актылардын жана түзүлгөн келишимдердин талаптарын сактабагандыгы үчүн укуктук мүнөздөгү дооматтар коюла турган Төлөм тутумунун катышуучулары;

  • Төлөм тутумунун катышуучуларынын ички документтери жана мазмунунун киргизилген өзгөртүүлөргө жараша мыйзамдар менен ченемдик актыларга шайкештиги дайыма текшерилип турууга тийиш болгон келишимдер.

Укуктук тобокелдиктин таасирин азайтуу механизмдери

Тутумдун ичинде юридикалык /укуктук тобокелдиктерди минималдаштыруу максатында төлөм тутумдарынын катышуучулары менен түзүлгөн мамилелерде укуктук белгисиздикти жоюу боюнча чаралар көрүлөт, төлөм тутумдарынын катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүлөт, келишимдер менен макулдашуулардын, ички документтердин, ошондой эле тутумдун иштөө ченемдери менен эрежелеринин КР мыйзамдарынын талаптарына шайкештиги текшерилет. 

Алдамчылык тобокелдиги

Төлөм тутумунун катышуучусунун жумушчулары менен кызмат адамдарынын кызматын кыянат пайдлануу, кызматтык маалыматты уруксатсыз колдонуу, акча каражаттарын уурдоо, төлөм тутумунун алкагында операцияларды жүргүзүү фактысын атайылап жашырып коюу сыяктуу укукка каршы аракеттеринин, ошондой эле төлөм тутумуна карата чоочун кишилердин жеке маалыматтарды уурдоо, купуя маалыматтарга ээ болуу, акча каражаттарын ээлеп алуу максатында маалымат базасына кирүү сыяктуу укукка каршы аракеттеринин натыйжасында келип чыгат. 

Алдамчылык тобокелдигинин таасирин азайтуу механизмдери

Төлөм тутумунда уруксат берилбеген операцияларды жүргүзүүгө жол бербөө максатында төлөмдөрдү өткөргөн, иштеп чыккан жана кабыл алган жактардын өздүгүн жана укуктук  жөндөмдүүлүгүн текшерүү механизми колдонулууга, маалыматтын купуялуулугу камсыз кылынууга, ошондой эле төлөмдөр боюнча маалыматты өткөрүү үчүн колдонулган байланыш каналдары менен төлөмдөрдү иштеп чыгуу борборлоруна кирүү мүмкүндүгү чектелүүгө тийиш. Орунжайлар менен жабдуулардын физикалык коопсуздугун, ошондой эле маалыматтардын алар сакталган учурда да, аларды өткөрүү учурунда да корголушун камсыздоо зарыл.   

Хакердик чабуул тобокелдиги

Маалымат тутумдарына уруксатсыз кирүү, атайын техникалык каражаттарды колдонуу, компьютердик вирустар менен башка зыяндуу программаларды таратуу жолу менен акча каражаттарын уурдоо, колдонуучулардын жеке маалыматтарына ээ болуу (сырсөздөр, ПИН-коддор, банк карталарынын номерлери, кол тамганын аналогу, колдонуучулардын жеке маалыматтары), маалымат базасын жок кылуу же бүтүндүгүн бузуу, маалыматтык копьютердик тутумдарды бөгөттөө жана бузуу максатында  Төлөм тутумунун маалымат ресурстарына жана маалыматтык-телекоммуникациялык каражаттарына таасир этүүнүн кесепетинде келип чыккан тобокелдик. 

Хакердик чабуул тобокелдигинин таасирин азайтуу механизмдери

  • Маалыматтык коопсуздукту башкаруу тутуму коопсуздук боюнча ишенимдүү программаны түзүү үчүн өз ара байланыштуу стратегиялык жана операциялык компоненттердин топтому.  Ар бир компонент – бул чогуу иштеген жана компаниянын коопсуздугунун бир өңүтүнө багытталган процесстер менен практикалардын топтому. Компоненттер физикалык коопсуздукка да, электрондук коопсуздукка да багытталган. Маалыматтык коопсуздук процесстерин регламенттөөчү ченемдер маалыматтык коопсуздук боюнча саясатта жана штаттык эмес абалдар жөнүндө жободо белгиленген.  

Беделден ажыроо тобокелдиги

Коомдун ичинде төлөм тутумунун туруксуздугу жөнүндө пикирдин жаралышынын, төлөм тутумунда көрсөтүлгөн кызматтардын сапатына терс баа берилишинин, анын ичинде төлөм тутумуна карата же төлөм тутумунун катышуучуларына карата ишенимдин жоголушуна алып келе турган жалган маалыматтын тарашынын натыйжасында келип чыккан тобокелдик. 

Беделден ажыроо тобокелдигинин таасирин азайтуу механизмдери

  • коомдун ишмердүүлүгүндөгү бузууларды жоюу боюнча өз убагында тийиштүү чараларды көрүү;

  • кесиптик этиканын принциптеринин сакталышына көмөктөшүү;

  • башкаруу чечимдерин кабыл алууда түрдүү тобокелдиктердин өз ара байланышы, алардын бирин бири толуктоо, күчөтүү же ордун толтуруу мүмкүнчүлүктөрү эске алынат;

  • мезгил-мезгили менен кызматкерлер үчүн тренингдерди өткөрүп туруу;

  • «Өз кызматкериңди таанып-бил» принцибинин сакталышы;

  • Коомдун контрагенттеринин идентификацияланышын камсыздоо. 

 

Төлөм тутумунун Эрежелерине

Тиркеме № 2

 

Тутумда штаттык эмес абалдар жана тутумдук тобокелдик келип чыккан учурда Төлөм тутумунун катышуучуларынын иш-аракеттеринин тартиби 

Көбүрөөк байкалуучу штаттык эмес абалдар келип чыкканда:

Программалык камсыздоонун ката кетириши – Жооптуу жак техникалык кызматтар менен бирге ПКнын иштебей калуусунун себебин аныктап чыгат. Эгерде катаны өздөрү оңдой албай калса, анда иштеп чыгуучуларды чакырышат.

Жердик эсептөө түйүнүнүн (ЖЭТ) ката кетириши. Маалыматтык коопсуздук боюнча жооптуу жак маалыматтар менен түйүн жабдууларында жоготуулар жана (же) бузулуулар бар же жок экенин анализдеп чыгат. Зарылдык келип чыккан учурда ПК калыбына келтирүү, жабдуунун резервдеги жабдуу менен алмаштыруу, ошондой эле маалыматтарды акыркы резервдик көчүрмөлөрдөн калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.

Сервердин жарабай калышы. Серверди иштетүү үчүн жооптуу кызматкер компаниянын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо үчүн резервдик серверди дароо ишке киргизүү боюнча чараларды көрөт. Керек болгон учурда ПКны жана резервдик көчүрмөлөрдөн маалыматтарды калыбына келтирүү иш-аракеттери аткарылат.

Маалыматтардын жоголушу. Маалыматтар жоголуп кеткен учурда маалыматтык коопсуздук боюнча жооптуу жак (тутумдук администратор) Техникалык директор менен бирге маалыматтардын жоголушунун себептерин аныктоо жана жоюу боюнча иш-чараларды өткөрүшөт (антивирустук текшерүү, ПКнын бүтүндүгү жана иштөө жөндөмдүүлүгү, жабдуунун бүтүндүгү жана иштөө жөндөмдүүлүгү ж.б.). Зарылчылык келип чыкканда ПКны жана резервдик көчүрмөлөрдөн маалыматтарды калыбына келтирүү иш-аракеттери аткарылат.

Вирустун табылышы. Вирус табылган учурда анын андан ары жайылышына жол бербөө максатында вирусту чектөө аракеттери аткарылат. Бул үчүн вирус жуккан компьютерди ЖЭТтен физикалык ажыратып, компьютердин абалын анализдеп чыгуу талап кылынат. Анализ бул жаатта компетенттүү кызматкер тарабынан ишке ашырылып, анын натыйжасы менен маалыматтарды сактап калуу аракети көрүлөт. Анткени ПЭЭМди өчүрүп кайра күйгүзгөндөн кийин маалыматтар жоголуп кетиши мүмкүн. Вирус ийгиликтүү жок кылынган соң, сакталып калынган маалыматтарды да вируска текшерип чыгуу зарыл. Вирус аныкталып чыкса, анда колдонуудагы антивирустук ПКнын нускамасы жетекчиликке алынууга тийиш. Вирус жок кылынгандан кийин жаңыланган антивирустук базалардын жардамы менен компаниянын бардык ПЭЭМдерин кезексиз антивирустук текшерүүдөн өткөрүү талапка ылайык. Зарылдык келип чыккан учурда, ПК жана резервдик көчүрмөлөрдөгү маалыматтар калыбына келтирилип, тийиштүү акт түзүлөт. ПЭЭМде (ЖЭТте) вирустун пайда болуусуна байланыштуу кызматтык териштирүү жүргүзүлөт.  

Маалыматтын чыгып кетүүсү аныкталган учурда (коргоо тутумунда тешик). Маалыматтын чыгып кетүүсү белгилүү болгон учурда маалыматтык коопсуздук боюнча жооптуу кызматкер менен Техникалык директорго кабар берилет. Эгерде маалыматтын чыгып кетүүсү техникалык себептерге байланыштуу болсо, тутумдун корголуу деңгээли анализденип, зарылдык келип чыкса, кемчиликтерди жоюу жана алардын келип чыгуусунун алдын алуу боюнча чаралар көрүлөт.

Тутумду (Web-серверди, серверди, файл-серверди ж.б.) бузуп кирүү же уруксатсыз мүмкүндүк алуу (УМА). Серверди бузуп кирүү аныкталган учурда коопсуздук боюнча жооптуу кызматкер менен Техникалык директорго кабар берилет. Мүмкүн болсо, серверди вирустарга жана троян программаларына текшерип чыгуу максатында аны убактылуу түйүндөн ажыратуу иш-аракети жүргүзүлөт. Резервдик серверге убактылуу өтүп турууга да болот. Программалык сакталмалар ПК антивирусу менен табылбашы мүмкүн экендигин эске алуу менен, аткарылган файлдардын бүтүндүгүн эталондук программалык камсыздоонун хэш-функцияларына ылайык кылдат текшерип чыгуу, ошондой эле файлдардын абалын – скрипттер менен  сервердин журналдарын анализдеп чыгуу абзел.  Аталган сервер менен байланышы бар бардык сырсөздөрдү алмаштыруу талап кылынат. Керек болгон учурда ПКны жана эталондук архивдеги жана резервдик көчүрмөлөрдөгү маалыматтар калыбына келтирилип, тийиштүү акт түзүлөт. Абалды анализдөөнүн жыйынтыктары боюнча компаниянын ЖЭТине уруксат берилбеген программалардын кирип кетүү мүмкүндүгү текшерилет да, компаниянын башка ЭЭМдериндеги ПК менен маалыматтарды текшерүү жана калыбына келтирүү иштери аткарылат. Серверди бузуп кирүү фактысы боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлөт.   

Уруксатсыз мүмкүндүк алуу (УМА) аракети. УМА аракети аныкталган учурда УМА аракеттерин каттоо журналындагы маалыматтардын жана мурун болгон УМА аракеттеринин негизинде абал анализденип чыгат. Зарылдык келип чыкса жана чыныгы УМА коркунучу жаралса, УМАга жол бербөө боюнча тийиштүү чаралар көрүлөт. Ошондой эле пландан тышкары сырсөздөрдү алмаштыруу иш-аракети аткарылат. Коопсуздук тутумунун алсыздыгын жоюучу ПК жаңылоолор болсо, аларды колдонуш керек.

Ачкычтардын компрометациясы. Ачкычтардын компрометациясы аныкталып чыккан учурда колдонулган криптокоргоо ПКсынын нускамасы боюнча иш-аракеттерди аткаруу зарыл.

Сырсөздүн компрометациясы. Сырсөздүн компрометациясы аныкталып чыккан учурда дароо сырсөздү алмаштырып, абалды компрометациянын кесепеттерине анализдеп чыгуу жана келип чыгышы мүмкүн болгон (же келтирилген) зыянды минималдаштыруу боюнча тийиштүү бардык чаралардын көрүлүшү талап кылынат. Зарылдык келип чыкса, кызматтык териштирүү жүргүзүлөт.

ЖЭТтин же ПЭЭМдин физикалык зыянга учурашы. Маалыматтык коопсуздук боюнча жооптуу кызматкерге кабар берилет. Маалыматтын чыгып кетүүсү же зыянга учуроосу анализденет. ЖЭТ же ПЭЭМдин зыянга учурашынын себеби жана маалыматтык коопсуздукка келтирилиши мүмкүн болгон коркунучтар аныкталып чыгат. Жабдууну атайылап бузуу аракеттерине шектенүү жаралган учурда кызматтык териштирүү жүргүзүлөт. Зыяндуу сакталма-программалардын бар же жок экендиги, ПКнын жана маалыматтардын бүтүндүгү текшерилет. Электрондук журналдар анализденет. Зарылдык келип чыккан учурда ПК жана резервдик көчүрмөлөрдөгү маалыматтар калыбына келтирилип, тийиштүү акт түзүлөт.

Табигый кырсыктар. Табигый кырсыктар жаралган учурда Оператордун тийиштүү документтери жетекчиликке алынат.

Штаттык эмес абалдын келип чыккандыгы тууралуу тутумдун жетекчилигине жана кызматкерлерине билдирүүнүн тартиби жана мөөнөтү. Штаттык эмес абал жаралган учурда тутумду коштоо боюнча адис бул тууралуу жетекчиликке жана кызматкерлерге электрондук почта же мобилдик телефондорго СМС-билдирүү жиберүү аркылуу 30 мүнөттүн ичинде кабарлоого милдеттүү.

Штаттык эмес абалдын келип чыгуу фактысын каттоо. Штаттык эмес абал жаралган учурда тутумду коштоо боюнча адис атайын журналга штаттык эмес абалдын келип чыгуу фактысын каттоого тийиш (күнүн, убактысын, окуянын сыпаттамасын көрсөтөт).

Көйгөйлөр процедураларда белгиленген убакыт ичинде тутумдун кызматкерлеринин жооптуу аткаруучуларынын деңгээлинде чечилбеген учурдагы иш-аракеттердин тартиби. Эгерде көйгөйлөр тутумдун кызматкерлеринин жооптуу аткаруучуларынын деңгээлинде процедураларда белгиленген убакыт ичинде чечилбесе, анда тутумду коштоо боюнча адис андан аркы иш-аракеттер боюнча чечим кабыл алуусу үчүн кырдаал тууралуу Техникалык директорго маалымат берет.

Кардарларга чоң инцидент жөнүндө маалымдоо. Чоң инцидент келип чыккан учурда Долбоорлор боюнча директор Башкаруу кеңешинин төрагасы менен бирге байланыш ыкмасы тууралуу чечим кабыл алышат жана зарылчылык жаралса, инциденттин чоңдугуна жараша кардарлар менен коомчулукка окуя жөнүндө маалымдашат.

Штаттык эмес абал жоюлгандан жана тутумдун штаттык иштөөсүн калыбына келтиргенден кийин тутумдун жетекчилиги менен кызматкерлерине бул тууралуу кабарлоонун тартиби жана мөөнөтү. Тутумдун штаттык иштөөсүн калыбына келтирген соң, тутумду коштоо боюнча адис тутумдун жетекчилиги менен кызматкерлерине тутумдун штаттык иштөөсү калыбына келтирилгендиги жөнүндө 30 мүнөттүн ичинде электрондук почта же мобилдик телефондорго СМС- билдирүү жөнөтүү аркылуу маалымат берет, атайы журналга штаттык эмес абал келип чыккан күндү, убактысын, келип чыгуу себептерин, аны жоюу боюнча көрүлгөн чараларды, жооптуу аткаруучулардын аты-жөнүн каттайт. 2 жумуш күнүнүн ичинде Техникалык директор штаттык эмес абал боюнча акт түзүп, эксперттик корутунду даярдайт.   

Төлөм тутумунда уруксатсыз операцияларды –  оператордун/тутумдун катышуучусунун кызматкерлеринин же башка жактардын банк сырларына кирген маалыматтарга уруксатсыз мүмкүндүк алууга жана аларды колдонууга, тутумдун катышуучуларынын жана/же алардын кардарларынын электрондук капчыктарындагы акча каражаттарын алууга/которууга багытталган укукка каршы атайы жасаган жоруктарынын (иш-аракеттеринин, аракетсиздиктеринин, ишенимге кыянаттык кылууларынын)  тобокелдигин азайтуу боюнча превентивдүү чараларды көрүү максатында

Оператор уруксатсыз мүмкүндүк алуудан/операциялардан, кыянаттык менен пайдалануудан же алдамчылык ниет менен өзгөртүүлөрдөн (кошуу, өчүрүү, бурмалоо, алмаштыруу), же болбосо берилмелерди/маалыматтарды ачыкка чыгаруудан коргой турган маалыматтык коопсуздук (анын ичинде тутумдун маалымат ресурстарынын да) саясатын белгилеп, тутумдун коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чаралардын комплексин өткөрөт:  

  • маалыматтын купуялуулугун жана ага мүмкүндүк алууну, ички көзөмөлдүн адекваттуулугун, ошондой эле көзөмөлдү ишке ашырууда тийиштүү кызматкерлердин жоопкерчиликтерин бөлүштүрүү критерийлерин камсыздоо боюнча так регламенттелген милдеттер менен талаптарга ээ;  

  • тутумда шектүү активдүүлүктүн/операциялардын келип чыгышына же уруксатсыз мүмкүндүк алуу/операцияларды ишке ашыруу аракеттерине убагында реакция кылынышын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары менен өз ара аракеттешүү тартибин камсыздайт;  

  • дароо (окуя жөнүндө маалым болгон күнү эле) Улуттук банкка тышкы коркунуч фактылары, уруксатсыз мүмкүндүк алуу/операциялар, кыянаттык кылуу, тоноо, туруксуз кырдаал ж.б. жөнүндө электрондук формада билдирүү жиберет. Окуя тутумдуу мүнөздө болуп, Кыргыз Республикасынын финансылык тутумунун башка катышуучулары үчүн дагы коркунуч жаратуусу мүмкүн болсо,

  • интернет түйүнүн кошуу жана интернет ресурстарын колдонуу тартибин белгилейт,  

  • бардык жумуш орундарында жана тутумдун серверлеринде антивирустук коргоону колдонот; 

  • уруксатсыз мүмкүндүк алууга/операцияларга/алдамчылыкка каршы күрөшүүнүн жаңы ыкмаларын иштеп чыгат;  

  • тутумдун коопсуздук боюнча кызматкерлерине жана жалпы кызматкерлерине алдамчылык жана уруксатсыз мүмкүндүк алуунун алдын алуу механизмдерин регулярдуу үйрөтүп турат. 

  Штаттык эмес абалды жойгондон жана тутумдун штаттык иштөөсүн камсыз кылгандан кийин Улуттук Банкка, ошондой эле төлөм тутумунун катышуучуларына маалымдоо процедурасы 8 сааттан ашпаган убакыт ичинде жана тараптардын ортосундагы келишимдерде белгиленген тартипте аткарылууга тийиш.  

Катышуучулардын үзгүлтүксүздүгүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон инцидент келип чыккан учурда: 

  • коркунучка кабылган тарапка же тараптарга, агенттерге/товар/кызмат сатуучуларга билдирет; 

  • кызматтын колдонуучуларынын (кардарлардын)/товар/кызмат сатуучулардын жана төлөм тутумунун катышуучуларынын алдында өзүнүн финансылык милдеттерин аткаруу/аяктатуу боюнча чараларды көрөт; 

  • маалыматтардын сакталышын камсыздоо жана төлөм тутумунун иштөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча чараларды көрөт; 

  • башка Катышуучуларга өз милдеттерин аткаруу үчүн мүмкүндүк берет. 

Төлөм тутумунун иштөөсүндөгү бузулуулар 2 сааттан ашык убакытка созулган учурда Оператор жаралган Инцидент тууралуу Улуттук банкка маалымдайт.

Төлөм тутумунун иштөөсүнүн бузулушу жана андагы каталар, ошондой эле тобокелдик деңгээли «Орто» же «Жогорку» деңгээлдерге кирип, Катышуучулардын тутумдарынын үзгүлтүксүз иштөөсүнө таасир эткен учурда мындай бузулууларга байланыштуу ишке ашыруу тобокелдиктери жөнүндө Төлөм тутумунун катышуучуларына маалымат берилиши.

«Орто» же «Жогорку» деңгээлдерге кирген окуя келип чыккан жана аныкталып чыккан бузулуулар жалпы эле Төлөм тутумунун үзгүлтүксүз иштөөсүнө таасирин тийгизген учурда, бул тууралуу телефондук байланыш каналдары, электрондук почта же байланыштын алуучуга жеткирүү каражаттарынын бири аркылуу КРУБ Төлөм тутумдарынын башкармалыгына дароо билдирилет.  

Тышкы коркунуч факторлору, кылмыштар, Төлөм тутумунда анын башка Катышуучуларына коркунуч туудура турган алдамчылык окуялары аныкталып чыккан учурда,  бул тууралуу телефондук байланыш каналдары, электрондук почта же байланыштын алуучуга жеткирүү каражаттарынын бири аркылуу КРУБ Төлөм тутумдарынын башкармалыгына дароо билдирилет.

Штаттык эмес абал жаралганда Оператор товар/кызмат сатуучуларга төлөм тутумуна кабыл алынган төлөмдөр боюнча келишимдин шарттарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык дароо маалымат берүүгө тийиш.

Төлөм тутумунун Эрежелерине

Тиркеме №3

 

«О!Деньги» тутумунун архитектурасы

 

«О!Деньги» тутумунун архитектурасы тутумчалардын ар бири өзүнүн милдеттеринин дайындуу функционалын аткарган төлөм тутумунун үзгүлтүксүз иштөө боюнча милдеттерин камсыздоого багытталган модулдук түзүлүшкө ээ.  Тутумчалардын өз ара аракеттешүүсү берилген форматтагы автоматташтырылган өз ара аракеттешүү протоколунун жардамы менен, ошондой эле төлөм транзакцияларын иштеп чыгуу процесстеринин жана тутумдун ар кандай абалдарына реакция кылуу шарттары менен ишке ашырылат. 

МТ багыты:

  • АПК мониторинги жана башкаруусу

  • Төлөм процессингинин сервистери менен кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жана мониторингин камсыздоо

  • Төлөм процессингинин катышуучуларынын өз ара аракеттешүүсүнүн жеткиликтүүлүгүн жана мониторингин камсыздоо

  • Тутумдун модулдарын интеграциясы, мониторинги жана өз ара аракеттешүүсү

  • АПК тескөө-башкаруу

  • 24/7/365 үзгүлтүксүздүктү жана жеткиликтүүлүктү камсыздоо

  • Төлөм процессингинин катышуучуларынын ортосунда төлөмдөрдүн өз убагында өткөрүлүшүн камсыздоо

  • Төлөм процессингинин бүтүндүгүн жана коопсуздугун камсыздоо.

Төлөм терминалдарынын түйүнүн башкаруу тутумчасы (ТС) – төлөөчүлөр тарабынан төлөм терминалдары аркылуу кызматтарды жана сервистерди сатуучулардын пайдасына төлөм операцияларынын өткөрүлүшүн камсыздоого, төлөм терминалдарынын түйүндөрүн башкарууга мониторинг жүргүзүүгө арналган адистештирилген маалымат тутуму.

Тутумчанын багыты:

  • калктан кызматтар/товарлар үчүн автоматтык режимде төлөм терминалдарын колдонуу аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу

  • төлөм терминалдарынын түйүнүнүн абалына мониторинг жүргүзүү жана башкаруу

  • төлөм терминалдарын техникалык тейлөө жана инкассациялоо

  • терминалдар түйүнүн конфигурациялоо боюнча тутумду тескөө-башкаруу

  • тутумду көрсөтүлгөн кызматтар жана комиссиялар боюнча тескөө-башкаруу

  • төлөм транзакцияларынын, терминалдардын, түйүндүн ырастоолорунун абалы оперативдүү отчёттуулуктун болушу.

Агенттик түйүндөрдү башкаруу тутумчасы («Агент тутуму») – төлөөчүлөр тарабынан мобилдик телефон, компьютердеги web-тиркеме аркылуу кызматтардын жана сервистердин сатуучуларынын пайдасына төлөм операцияларын өткөрүүнү, агенттик топторду, топтордун баланстарын башкарууну, мүмкүндүк алууну көзөмөлдөөнү ишке ашырууга ж.б. камсыздоого арналган адистештирилген маалымат тутуму.

Тутумчанын багыты:

  • калктан sms жана web ресурстар аркылуу кызматтар/товарлар үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу

  • төлөмдөрдүн түрлөрү боюнча тутумду тескөө-башкаруу

  • агенттик түйүндүн абалына мониторинг жүргүзүү жана башкаруу

  • төлөм транзакцияларынын, Агенттердин баланстарынын абалдары ж.б. боюнча ыкчам отчёттуулуктун болушу

  • грегациялоо тутуму менен интеграция

 Сатуучулар жана Өнөктөштөр менен агрегациялоо тутумчасы – кызматтардын жана сервистердин сатуучуларынын дарегине багытталган төлөм транзакциялары жөнүндө маалыматтын өткөрүлүшүн камсыздоого арналган адистештирилген маалымат тутуму. Ар бир төлөм транзакциясы жөнүндө маалыматтарды өткөрүүнүн механизмдери менен форматы, төлөм транзакциясын операциялык тейлөө Товар/кызмат сатуучулардын технологиялык өз ара аракеттешүү регламентинин талаптарын эске алуу менен белгиленет. 

Тутумчанын багыты:

  • Сатуучулар менен өз ара аракеттешүүнү интеграциялоо жана мониторинг жүргүзүү

  • Кардарлардан Кызмат сатуучулардын дарегине аткарылган ар бир төлөм транзакциясы боюнча маалыматтардын өткөрүлүшүн камсыздоо

  • кардарлар жана сатуучулар түйүнүн башкаруу

  • сервистер менен кызматтардын тутумдук жана кардардык каталогдорун башкаруу

  • сервистер менен кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо

  • Кардарлар менен өз ара аракеттешүүнү интеграциялоо жана мониторинг жүргүзүү

  • колдонуучуларга, Кардарларга, Сатуучуларга колдонуу мүмкүндүгүн берүү боюнча тутумду тескөө-башкаруу

  • Сатуучулар, Кардарлар, транзакциялар боюнча оперативдүү отчёттуулуктун болушу

Интернет-дүкөндөрдөн товарлар менен кызматтар үчүн эсептешүүлөр боюнча төлөм сервиси, электрондук капчык, АТМ, экваринг  тутумчасы – жеке компьютердин, коммуникатордун же мобилдик телефондун жардамы менен, виртуалдуу карта (опционалдуу) аркылуу төлөмдөрдү өткөрүүгө арналган адистештирилген маалымат тутуму. Бул интернет-дүкөндөрдөн товарлар менен кызматтар үчүн эсептешүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле тийиштүү интеграция каралган төлөм жана банк кызматтарынын бардык багыттары боюнча төлөмдөрдү ишке ашыруу мүмкүндүгүн берген универсалдуу төлөм капчыгы. 

АМТ колдонуучулары үчүн:

  • коммуналдык кызматтарды төлөө (жылуулук, электр энергиясы, газ, суу менен камсыздоо, канализация, лифттерди тейлөө, домофондорду тейлөө, тиричилик таштандыларын чыгаруу жана колдонуучу кызмат сатуучу менен кызматтарды пайдалануучунун ортосунда түзүлгөн келишим боюнча идентификациядан өткөн башка кызматтар. 

  • банк эсептерин толуктоо (Кыргыз Республикасынын банктары чыгарган карталарды). 

  • салыктарды, жыйымдарды, мамлекеттик төгүмдөрдү, айыппулдарды жана башка бюджетке багытталган төлөмдөрдү төлөө. 

  • интернет жана телевидение үчүн төлөө. 

  • Кыргыз Республикасынын  банктарынан жана финансы-кредиттик уюмдарынан алынган кредиттер менен зайымдарды төгүү. 

  • дайындуу байланыш үчүн төлөө.  

  • Taxi айдоочуларын кошуу үчүн төлөө (жеке эсебин толуктоо). 

  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына электрондук отчётторду тапшыруу үчүн төлөө. 

  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар үчүн төлөө. 

  • абада жана жер бетинде жүрүүчү эл аралык транспорт үчүн билеттерден тышкары, билеттерди (кино, транспорт ж.б.) сатып алуу жана такси кызматтары үчүн төлөө. 

  • Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында эсептешүү эсептери бар Кыргыз Республикасынын резиденттери тарабынан көрсөтүлгөн/алынып келинген/аткарылган тиричилик кызматтары/товарлары/иштери/сервистери үчүн төлөө. 

Маалыматтык өз ара аракеттешүү коопсуздугун камсыздоо

Сатуучулар менен өз ара аракеттешүү: провайдерлерди Оператордун АПКсынын IP-дарегине кошуу жана сырсөз менен коргоого кошумча кардардын режиминде корголгон HTTPS туташуу колдонулат.   

Агенттер менен өз ара аракеттешүү: сырсөз менен коргоого кошумча кардардын режиминде корголгон HTTPS туташуу колдонулат.

Терминалдар менен өз ара аракеттешүү: сырсөз менен коргоого кошумча кардардын режиминде корголгон HTTPS туташуу колдонулат. Жашырын ачкычтарды генерациялоо жана бөлүштүрүү саясаты атайын дайындалган киши тарабынан ишке ашырылып, башка кишилердин эч кимиси ачкычтарга мүмкүндүк ала албайт.  

Башка Катышуучулар менен өз ара аракеттешүү: сырсөз менен коргоого кошумча корголгон HTTPS туташуу колдонулат.

Катышуучулар жана Агенттер менен өз ара аракеттешүүдө алдамчылык коркунучунун келип чыгышын баалоо төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт:

  • Катышуучулардын тутумдарынын программалык камсыздоосу (транзакциялардын ырааттуулугу жана байланыштуулугу, транзакциялардын аныктыгы жана бүтүндүгү, транзакциялардын тууралыгын текшерүү, ачкычтарды сактоо ыкмалары ж.б.);

  • Катышуучулардын жашырын ачкычтарын жана сырсөздөрүн алуу;

  • Агенттердин сырсөздөрүн алуу;

  • Катышуучулар менен техникалык өз ара аракеттешүүдө төлөм тутумунун жеткиликтүүлүк деңгээлин текшерүү.

Уруксатсыз мүмкүндүк алууга жана алдамчылыкка карата ички көзөмөл акча каражаттарынын бүтүндөй чынжырынын төмөнкү предметтерге талданып чыгышына багытталган:

  • мүмкүн болгон кыянаттык кылуулар жана алдамчылыктар;

  • өз ара аракеттешкен тараптардын төлөм - авторизациялык коопсуздугунун базалык принциптеринин бузулушу;

  • транзакция боюнча берилген маалыматтын аныктыгы, транзакцияны иштеп чыгуунун бардык этаптарында анын бүтүндүгүн камсыздоо;

  • бардык операциялардын катталышы жана алар боюнча отчёт берүүгө милдеттүүлүк;

  • аталган маалыматтарга уруксатсыз мүмкүндүк алынышына же алардын чыгып кетишине жол бербөөчү көзөмөлдөө тутумун түзүү;

  • ашыкча мүмкүндүк алуу укуктарын, мүмкүндүк алуу укуктарын чектөөдөгү кемчиликтерди көзөмөлдөө, кызматкерлердин иш-аракеттерине көзөмөлдүн жоктугуна жол бербөө;

  • маалыматты киргизүүнү көзөмөлдөө, анын бүтүндүгүн жана аныктыгын, аны иштеп чыгуунун тууралыгын текшерүү.
    Төлөм тутумунун Эрежелерине

Тиркеме № 4

Процессингди ишке ашыруу тартиби

 

1.   Төлөөчү төлөмдү терминалдык тутум аркылуу ишке ашырат. Төлөмдү ишке ашырып жатканда Төлөөчү «О!Деньги» терминалдык тутумунун Кардардык бөлүгүнөн реквизиттерин киргизет. Реквизиттер деп, пайдасына Төлөм аткарылган Сатуучунун аталышы, Өздүк эсеби, ошондой эле Абоненттин Кызмат сатуучунун/Төлөмдү алуучунун алдында милдеттерин аткаруусун камсыздоо максатында төлөнө турган сумма түшүнүлөт;

2.   Төлөөчү төлөмдү Оператордун Агенти аркылуу ишке ашырат. Төлөм агенти «Агент» тутумчасынын жардамы менен Төлөм тутумунун операторуна (Төлөм уюмуна) Колдонуучунун буйрутмасын өткөрөт;

3.   Төлөөчү төлөмдү мобилдик тиркеме же веб-сайт аркылуу жүргүзөт. Тиркемеде операцияларды комбинациялоо жана Колдонуучунун Төлөм тутумунун операторуна (Төлөм уюмуна) берген буйрутмасын түзүү аркылуу иш-аракеттерди «бир клик менен» аткаруу мүмкүндүгү бар;

4.   Эгерде төлөм өткөрүлгөн Агенттин Төлөм лимити (Терминалдык жабдуу, «Агент» тутумчасы) ишке ашырылган төлөмдүн суммасынан көп же аны менен барабар болсо, анда Төлөм тууралуу Маалымат (төлөмдүн реквизиттери) Оператордун Процессингдик борборуна (аппараттык-программалык комплексине) өткөрүлөт. Төлөм тууралуу маалымат Оператордун Терминалдык жабдуусу/төлөмдөрдү кабыл алуу түйүнү менен Процессингдик борбордун ортосунда маалымат алмашуу боюнча ички Протоколуна ылайык өткөрүлөт. Төлөм терминалдары боюнча, мезгил-мезгили менен Агенттин ар бир төлөм терминалында Агенттин балансы баланстын кризистик лимиттен ашып кетүү предметине  текшерилип турат. Эгерде Агенттин балансы кризистик лимиттен ашпаса, Төлөм Терминалы тарабынан төлөмдөрдүн кабыл алынышы Агенттин Төлөм лимити көбөйгөнгө же кризистик лимитке барабар болгон мезгилге чейин бөгөттөлөт;

5.   Оператордун Процессингдик борбору Төлөм тууралуу Маалыматты Сатуучунун аппараттык-программалык комплексине өткөрөт. Сатуучунун аппараттык-программалык комплекси Оператордон алынган маалыматтардын (төлөм реквизиттеринин) негизинде Төлөмдү иштеп чыгат. Эгерде өткөрүлгөн Маалымат (төлөмдүн реквизиттери) туура болсо, анда Төлөөчүнүн Сатуучунун алдында милдеттери ошол төлөм боюнча Оператордон алынган суммада аткарылды деп эсептелет. Антпесе, Төлөөчүнүн Сатуучунун алдында милдеттери ишке ашырылбай калат. Оператордон Сатуучуга Төлөм тууралуу Маалыматтын өткөрүлүшү Оператор менен Сатуучунун аппараттык-программалык комплексинин өз ара аракеттешүү регламентине ылайык ишке ашырылат;

6.   Сатуучунун аппараттык-программалык комплекси Оператордун Процессингдик борборуна Төлөмдүн ийгиликтүү өткөрүлгөндүгү же өткөрүлбөй калгандыгы тууралуу маалымат берет. Билдирүү Тараптар макулдашкан Оператор менен Сатуучунун аппараттык-программалык комплексинин регламенти боюнча ишке ашырылат;

7.   Терминалдык жабдуу Төлөмдү өткөрүүнүн натыйжалары боюнча жоопту Оператордун Процессингдик борборунан Оператордун Терминалдык жабдуусу/төлөмдөрдү кабыл алуу түйүнү менен Процессингдик борбордун ортосунда маалымат алмашуу боюнча ички Протоколуна ылайык алат;

8.   Сатуучунун аппараттык-программалык комплексинде тийиштүү функционалдык мүмкүнчүлүк бар болгон учурда, Сатуучу тарабынан Төлөмдү иштеп чыгуу ийгиликтүү аткарылган соң, Төлөөчүгө анын Сатуучунун алдында Төлөм суммасындагы милдеттерин аткаргандыгы жөнүндө билдирүү жиберет;

9.    «О!Деньги» процессингдик борбору Төлөөчү тарабынан Төлөм ишке ашарылып жатканда, Төлөөчү киргизген Төлөөчүнүн өздүк эсебин (Төлөөчүнү идентификациялоо мүмкүндүгүн берген маалыматтар) өздүк эсептердин «Кара тизмесине» кирип-кирбегендигин текшерип чыгуучу функционалга ээ. «Кара тизмеге» эл аралык уюмдар тарабынан жарыяланган террористтердин тизмелеринде, террористтердин улуттук тизмесинде, тийиштүү органдар тарабынан берилген терроризмге катыштыгы бар шектүүлөрдүн улуттук тизмесинде орун алган өздүк эсептер кирет (мындай өздүк эсеп катары Төлөөчүнүн аты-жөнү да колдонулушу мүмкүн). Оператор Төлөмдү иштеп чыгып жатып Төлөөчү киргизген өздүк эсепти жогорудагы тизмелерден аныктап чыккан учурда, Оператор Сатуучуга Төлөөчү тарабынан ишке ашырылган Төлөм тууралуу Маалымат бербей туруп,  Төлөмдүн андан ары иштелип чыгышын бөгөттөп коёт.

Электрондук акчаларды колдонуу менен процессингди камсыздоо тартиби

1.      Электрондук акчалардын эмиссиясы

  • Электрондук акчаларды сатып алуу үчүн Оператор эмитент банкка электрондук акчалардын керектүү суммасын сатып алууга сурам жөнөтөт.

  • Электрондук акчалардын сатып алуудан мурда Оператор эмитент банкка пландалган эмиссиянын көлөмүнө барабар кепилдик төгүм салат.

  • Эмитент банк электрондук акчалардын эмиссиясын ишке ашырып, Төлөм тутумунун операторунун (Төлөм уюмунун) жалпы эсебин толуктайт. Мында электрондук акчалардын жалпы эсебинин көлөмү кепилдик төгүмүнүн көлөмүнөн ашпоого тийиш.

  • Эмитент банк электрондук акчалардын көлөмүнүн кепилдик төгүмүнүн өлчөмүнө дал келгенин текшерип туруу үчүн Оператордун Төлөм тутумуна толугу менен мүмкүндүк ала алат.  

2.      Электрондук капчыкты толуктоо

  • Колдонуучу өзүнүн электрондук капчыгын Төлөм тутумунун операторуна (Төлөм уюмуна) электрондук капчыгына салуусу үчүн акча каражаттарын берүү жолу менен толуктайт.

  • Электрондук капчыкка салуусу үчүн акча каражаттарын төмөнкү жолдор менен берүүгө болот:

  • Колдонуучунун банк эсебинен; банк картасынан которуу.

  • Идентификацияланган электрондук капчыктан, алдын ала төлөнгөн картадан жана/же виртуалдуу алдын ала төлөнгөн картадан которуу;

  • Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан каттоодон өткөн акча которуу тутумдары аркылуу банк эсебин ачпай туруп акча которуу;

  • Автоматташтырылган өзүн өзү тейлөө терминалдарына (cash-in), Эмитент банктын кассасына, ошондой эле коммерциялык банктардын агенттерине жана/же Төлөм агенттерине накталай акча салуу.

  • Төлөм тутумунун оператору (Төлөм уюму) Колдонуучунун электрондук капчыгын өзүнүн жалпы эсебин колдонуу менен толуктайт. Мында жалпы эсептеги сумма колдонуучунун электрондук капчыгын толуктаган суммага азаят.  

  • Агент колдонуучунун электрондук капчыгын толуктаганы үчүн комиссия алышы мүмкүн.

3.       Электрондук акчалар менен кызматтарды төлөө жана товарларды сатып алуу.

  • Колдонуучу электрондук акчалардын Акцептанттарынын товарларын сатып алса жана кызматтарын төлөсө болот.

  • Товарларды сатып алуу жана кызматтарды төлөө Колдонуучунун капчыгынан Акцептанттын капчыгына электрондук акча каражаттарын которуу жолу менен ишке ашат.

Төмөндө процесс схема түрүндө көрсөтүлгөн:

Колдонуучунун электрондук капчыгы

Сатуучунун/Электрондук акчалардын Акцептантынын электрондук капчыгы

4.       Электрондук капчыктан электрондук акча каражаттарынын накталай акчага айландырылышы

  • Электрондук акча каражаттарын накталай акчага айландыруу үчүн Колдонуучу Эмитент банктын бөлүмүнө өзүнүн электрондук капчыгынан  электрондук акча каражаттарын накталай акчага айландыруу боюнча белгилүү үлгүдөгү арыз менен кайрылат.  

  • Каражаттарды накталай акчага айландыруу идентификацияланган электрондук капчыктар үчүн гана жеткиликтүү.

  • Электрондук акча каражаттарын накталай акчага айландыруу кийинки схема боюнча ишке ашат – Колдонуучу Эмитент банкка кайрылган учурда өздүгүн тактоочу документтерин көрсөтүп, накталай акчага айландырыла турган сумманы айтат. Эмитент банк электрондук акчаларды өзүнүн пайдасына киргизип, аларды накталай акчага айландырган соң Колдонуучуга кассадан накталай формада же Колдонуучунун банк эсебине которуу аркылуу накталай эмес формада берет.

Төмөндө процесс схема түрүндө көрсөтүлгөн:

Колдонуучунун электрондук капчыгы

Эмитент банк (каражаттарды эсептешүү эсебине которуу аркылуу же кассадан накталай формада берүү)

Эмитент банк (каражаттарды Эмитент банктын пайдасына накталай акчага айландыруу)

Колдонуучу (каражаттарды накталай же накталай эмес формада берүү)

Төлөм тутумунун Эрежелерине

Тиркеме №5

Тарифтик саясат

Тарифтик саясат Оператор көрсөтүлгөн кызматтарга нарк коюу менен жетүүнү көздөгөн жалпы максаттарын чагылдырат.

Товарларга баа коюуда баалардын төлөм кызматтарынын керектөө баасынан четтөөлөрүн аныктоочу жалпы экономикалык критерийлер эске алынат.

Бул критерийлерди ички (ишкананын жетекчилигинен жана түрдүү кызматтарынан көз каранды болгондор) жана тышкы (ишканага байланыштуу болбогон жана анын сыртындагы) критерийлерге  бөлүүгө болот.

Ички критерийлерге төмөнкүлөр кирет:

  • сервистин сапаты;

  • оператордун имиджи.

    Тышкы критерийлерге төмөнкүлөрдү киргизүүгө болот:

  • сервистин социалдык маанилүүлүгү

  • төлөм кызматтарынын рыногунун болушу жана кеңейтилиши

  • Катышуучулар жана алардын төлөм кызматтарына карата талаптары

  • ченемдик жөнгө салуу

  • мамлекеттин саясий туруктуулугу

  • атаандаштыктын болушу жана деңгээли

  • башка факторлор

Суроо-талапка, атаандаштык деңгээлине жана Катышуучулардын талаптарына багытталуу менен бааларды белгилөө ыкмасы колдонулат. Оператор бир учурда төлөм кызматтарынын түйүнүн, төлөмдөрдү кабыл алуу жайларынын түйүнүн жана ыкмаларын  өнүктүрүү маселелерин чечүү менен баа коюу ыкмаларынын айкалышкан тутумун колдонот. Тарифтердин, комиссиялардын жана сыйакылардын структурасы Оператор белгилеген рентабелдүүлүк деңгээлине жетүү максаттарына жооп берүүгө тийиш.

Кызмат жана товар сатуучулардын (анын ичинде мамлекеттик жана бюджеттик ишканалардын) талаптарынын, тарифтерге, комиссияларга жана сыйакыларга суроо-талаптардын жана баалардын деңгээлин негизинде белгиленген айрым учурларда  Кыргыз Республикасынын төлөм тутумдарынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан көрсөтүлгөн кызматтар боюнча, ошондой эле Коомдун чечими менен – тарифтердин, комиссиялардын жана сыйакылардын структурасы белгиленген рентабелдүүлүк деңгээлинен айырмаланышы ыктымал.

Тарифтерди, комиссияларды жана сыйакыларды белгилөөдөн мурун Кыргыз Республикасынын төлөм уюмдары жана төлөм тутумунун операторлору тарабынан көрсөтүлгөн кызматтар үчүн тарифтерге, комиссияларга жана сыйакыларга суроо-талаптардын жана баалардын деңгээлинин рыноктук анализи жүргүзүлөт. 

Катышуучулар менен колдонуучуларга аракеттеги тарифтер, комиссиялар жана сыйакылар жөнүндө билдирүү бул Эрежелерге, Катышуучу келишимине ылайык ишке ашырылат.

Төлөм тутумунун оператору лицензия алган мезгилден тартып, бир жылда бир жолу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына бекитилген жана аракеттеги тарифтер жөнүндө маалымат берип турат.  Төлөм тутумунун оператору тарифтер өзгөргөндөн кийин 10 (он) жумуш күнүнүн ичинде Улуттук банкка аракеттеги тарифтердин өзгөргөндүгү тууралуу билдирүүгө тийиш.  

Политика конфиденциальности ОсОО «Грин Телеком Сервис»

1. Общие положения

1. Настоящая политика конфиденциальности (далее - Политика) разработана во исполнение требований части 2 статьи 4 Закона Кыргызской Республики «Об информации персонального характера» и определяет правовые и организационные основания обработки персональных данных Общества с ограниченной ответственностью «Грин Телеком Сервис» (далее - Держатель/Обработчик).

2. Настоящая Политика направлена на обеспечение защиты прав и свобод субъекта персональных данных при обработке его персональных данных и распространяется на все операции с персональными данными, совершаемые Держателем/Обработчиком, как в автоматизированном режиме, так и без него.

3. Основные права и обязанности субъектов персональных данных:

1) Субъекты персональных данных имеют право:
- на полную информацию об их персональных данных, обрабатываемых Держатель/Обработчиком;
- на доступ к их персональным данным, включая право на получение копии любой записи, содержащей их персональные данные, за исключением случаев, предусмотренных Законом Кыргызской Республики «Об информации персонального характера»;
- на уточнение их персональных данных, их блокирование или уничтожение в случаях, если персональные данные являются неполными, устаревшими, неточными, незаконно полученными или не являются необходимыми для заявленной цели обработки;
- на принятие предусмотренных законом мер по защите своих прав, в том числе обращение в уполномоченный государственный орган по персональным данным;
- на осуществление иных прав, предусмотренных законодательством Кыргызской Республики.

2) Субъекты персональных данных обязаны:
- предоставлять Держателю/Обработчику только достоверные данные о себе;
- предоставлять документы, содержащие персональные данные в объеме, необходимом для цели обработки;
- сообщать Держателю/Обработчику об уточнении (обновлении, изменении) своих персональных данных.

4. Основные права и обязанности Держателя /Обработчика.

1) Держатель /Обработчик имеет право:
- получать от субъекта персональных данных достоверные информацию и/или документы, содержащие персональные данные;
- уточнять предоставленные субъектом персональные данные.

2) Держатель /Обработчик обязан:
- обрабатывать персональные данные в порядке, установленном Закона Кыргызской Республики «Об информации персонального характера»;
- рассматривать обращения субъекта персональных данных по вопросам обработки персональных данных и давать ответы в срок, не превышающий 7 дней с момента подачи заявления;
- предоставлять субъекту персональных данных возможность безвозмездного доступа к его персональным данным;
- принимать меры по актуализации персональных данных в связи с обращением субъекта персональных данных;
- организовывать защиту персональных данных в соответствии с требованиями законодательства Кыргызской Республики.

5. Держатель/Обработчик собирает, использует и охраняет персональные данные, которые предоставляет субъект персональных данных при коммуникации в любой форме, в соответствии с настоящей Политикой и законодательством Кыргызской Республики.

2. Объем и категории обрабатываемых персональных данных, категории субъектов персональных данных

6. Держатель/Обработчик обрабатывает персональные данные следующих субъектов персональных данных:

- Пользователь

7. К персональным данным, обрабатываемым Держателем/Обработчиком, относятся:

- полное имя

- день рождения

- фото

- адрес

- паспортные данные (серия, номер паспорта, кем и когда выдан)

- файлы cookie

- электронная почта

- номер телефона

8. Держатель обеспечивает соответствие содержания и объема обрабатываемых персональных данных заявленным целям обработки и, в случае необходимости, принимает меры по устранению их избыточности по отношению к заявленным целям обработки.

9. Обработка специальных категорий персональных данных, раскрывающих расовое или этническое происхождение, национальную принадлежность, политические взгляды, религиозные или философские убеждения, а также касающихся состояния здоровья и интимной жизни, Держателем/Обработчиком не осуществляется / осуществляется в строгом соответствии со статьей 8 Закона Кыргызской Республики «Об информации персонального характера».

11. Перечни персональных данных и категории субъектов персональных данных могут быть пересмотрены Держателем с обязательным закреплением изменений в настоящей Политике и уведомлением субъектов персональных данных любым доступным способом (официальный сайт, объявление, пуш-уведомление, направление сообщения на электронную почту и т.д.)

3. Цели сбора персональных данных

12. Персональные данные обрабатываются Держателем/Обработчиком в следующих заранее определенных и законных целях:

- информирование Пользователя посредством отправки электронных писем

- заключение, исполнение и прекращение гражданско-правовых договоров

- предоставление доступа Пользователю к сервисам, информации и/или материалам, содержащимся на веб-сайте

4. Правовые основания обработки персональных данных

13. Правовыми основаниями обработки персональных данных Держатель/Обработчиком являются:

- Конституция Кыргызской Республики;

- Гражданский кодекс Кыргызской Республики;

- Закон Кыргызской Республики "Об информации персонального характера";

- уставные документы Держатель/Обработчика;

- договоры, заключаемые между Держатель/Обработчиком и субъектами персональных данных;

- согласия субъектов персональных данных на обработку персональных данных;

- Закон о противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов

5. Порядок и условия обработки персональных данных

14. Обработка персональных данных Держателем/Обработчиком осуществляется следующими способами:

- Смешанная

15. Обработка персональных данных совершаемая Держателем/Обработчиком включает в себя любые операции или набор операций, выполняемых независимо от способов, автоматическими средствами или без таковых, в целях сбора, записи, хранения, актуализации, группировки, блокирования, стирания и разрушения персональных данных.

16. Обработка персональных данных осуществляется Держателем/Обработчиком при условии получения согласия субъекта персональных данных (далее - Согласие), за исключением установленных законодательством случаев, когда обработка персональных данных может осуществляться без такого Согласия.

17. Субъект персональных данных принимает решение о предоставлении его персональных данных и дает его в письменной форме на бумажном носителе либо в форме электронного документа, подписанного в соответствии с законодательством Кыргызской Республики электронной подписью.

18. Условием прекращения обработки персональных данных может являться достижение целей обработки персональных данных, актуализация персональных данных, а также выявление неправомерной обработки персональных данных.

19. Держатель/Обработчик для достижения целей обработки при наличии согласия субъекта персональных данных вправе передавать персональные данные третьим лицам при условии, что на получателя данных возлагается обязанность соблюдения режима конфиденциальности этих данных.

20. Держатель/Обработчик при обработке персональных данных принимает или обеспечивает принятие необходимых правовых, организационных и технических мер для защиты персональных данных от неправомерного или случайного доступа к ним, уничтожения, изменения, блокирования, копирования, предоставления, распространения персональных данных, а также от иных неправомерных действий в отношении персональных данных.

21. Персональные данные не должны храниться дольше, чем это необходимо для выполнения целей их сбора. Сроки хранения могут продлеваться только в интересах субъекта персональных данных или если это предусмотрено законодательством Кыргызской Республики.

6. Актуализация, исправление, удаление и уничтожение персональных данных, ответы на запросы субъектов персональных данных на доступ к персональным данным

22. В случае подтверждения факта недостоверности персональных данных или неправомерности их обработки персональные данные подлежат актуализации, блокированию либо уничтожению в зависимости от законности их сбора, хранения и обработки таких персональных данных Держателем/Обработчиком, или их обработка должна быть прекращена соответственно.

23. По фактам недостоверности персональных данных или неправомерности их обработки субъект персональных данных имеет право обратиться непосредственно в адрес м Держателя, либо в Уполномоченный государственный орган по персональным данным.

24. По письменному запросу субъекта персональных данных Держатель/Обработчик обязан сообщить информацию об осуществляемой им обработке персональных данных с отражением следующей информации:

25. Если субъект не обладает правами доступа к запрашиваемой информации, то ему направляется мотивированный отказ.

26. По истечении срока хранения и достижении целей сбора персональных данных они подлежат уничтожению в течение двух недель. Уничтожение подтверждается актом, копия которого может быть вручена субъекту персональных данных по его письменному запросу.

7. Заключительные положения

27. Все отношения, касающиеся обработки персональных данных, не получившие отражения в настоящей Политике, регулируются согласно положениям Закона Кыргызской Республики «Об информации персонального характера».

28. Держатель/Обработчик имеет право вносить изменения в настоящую Политику. При внесении изменений в актуальной редакции указывается дата последнего обновления. Новая редакция Политики вступает в силу с момента ее размещения в свободном доступе для возможности ознакомления с условием обязательного предварительного объявления о планируемых изменениях не менее чем за 14 рабочих дней до даты опубликования новой редакции Политики.

ЖАЛПЫГА АЧЫК ОФЕРТА

("О!Деньги" тиркемесинин колдонуучуларынын "Грин Телеком Сервис" ЖЧКсынын бонустук программасына катышуусу жөнүндө сунуш) 

1.     Терминдер жана аныктамалар:

Бонустук Программа, Программа — Төлөмдөрдү жүргүзүүнү жана «О!Деньги» мобилдик тиркемесин колдонууну өбөлгөлөө максатында «О!Деньги» төлөм тутумунун Катышуучулары менен Сатуучулары үчүн иштелип чыккан лоялдуулук программасы.

Бонустук эсеп — кошулуп берилген/алынган Бонустардын саны жана Бонустардын учурдагы балансы жөнүндө эсептик жана маалыматтык берилмелердин жыйындысы.

Бонустар же кешбэк — Өнөктөштүк тармагына кирген Сатуучунун пайдасына Программанын алкагында жүргүзүлгөн Төлөмдөрү үчүн Программанын Катышуучуларына сыйланган, ошондой эле  Колдонуучулардын лоялдуулугун жогорулатуу максатында Оператор тарабынан кошулуп берилген же КРУБ тарабынан берилген лицензияларда каралган кызматтардын Сатуучусу катары Оператордун кызматтарын колдонууга түрткү берүүгө багытталган виртуалдык бирдиктер (Сатуучу тарабынан берилген кийинкиге калтырылган арзандатуунун түрү). Бонустар Сатуучу тарабынан берилген кийинкиге калтырылган арзандатуунун бир түрү болуу менен катар акча эквиваленти болуп саналбайт жана, бул келишимдин алкагында төлөмдүн компенсациясын өлчөмүн эсептөө, ошондой эле Төлөм жокко чыгарылганда же товар кайтарылганда акча каражаттарын кайтаруу учурунан тышкары, акча эквивалентинде: накталай, накталай эмес (анын ичинде электрондук акча) түрүндө колдонулушу мүмкүн эмес. Ар бир сервис боюнча эсептелген бонустардын саны Сатуучу жана/же Оператор (Оператор Сатуучу катары иш-аракет аткарган учурда) тарабынан белгиленет. Бонустарды бул Келишимде каралбаган учурларда колдонууга болбойт.

Келишим – бул Жалпыга ачык офертанын тексти.

Компенсация - төлөмдө колдонулган жана Катышуучу менен Оператор тарабынан белгиленген төлөмдүн бөлүгүн жабуучу/алмаштыруучу бонустардын суммасы;

Оператор – Бонустук программанын процессингин ишке ашырган, Катышуучулардын Өнөктөштүк тармак менен Бонустарды кошуп берүү жана колдонуу жаатында өз ара аракеттешүүсү үчүн жооп берген "Грин Телеком Сервис" жоопкерчилиги чектелген коому.

Өнөктөштүк тармак – пайдасына аткарылган төлөмдөр боюнча Катышуучуга Бонустарды кошуп берүү жана алуу ишке ашырылган Төлөм тутумунун Сатуучулары тарабынан көрсөтүлгөн сервистердин тизмеси. Сервистердин тизмеси толук тизме болуп саналбайт жана Оператор тарабынан өзгөртүлүп/толукталып турат.

Төлөм - Колдонуучу тарабынан «О!Деньги» мобилдик тиркемесин колдонуу аркылуу кызматтар, иштер, товарлар үчүн төлөө боюнча милдеттерин ишке ашыруу максатында Сатуучунун пайдасына аткарылган акча каражаттарын өткөрүү процесси.

Төлөм тутуму - Оператору болуп, "Грин Телеком Сервис" жоопкерчилиги чектелген коому эсептелген жана технологиялардын, процедуралардын, эрежелердин, төлөм инструменттеринин өз ара байланыштуу тутумун, анын ичинде программалык камсыздоону, Тутумдун катышуучуларынын ортосунда акча жүгүртүмүн камсыз кылуучу терминалдык тармакты билдирген "О!Деньги" төлөм тутуму.

Колдонуучу – Тутумдун Оператору менен Келишимге кошулуу жолу менен Келишим түзгөн, ошондой эле идентификация процедурасынан өткөн жана жеткиликтүү лимиттердин, инструменттердин жана сервистердин алкагында финансылык транзакцияларды (төлөмдөрдү) ишке ашыруу максатында Тутумду “О!Деньги” мобилдик тиркемеси аркылуу колдонуу укугуна ээ  укукка жана иш-аракетке жөндөмдүү 18 (он сегиз) жашка толгон физикалык жак.

Сатуучу – Колдонуучу пайдасына Төлөмдөрдү ишке ашырган юридикалык жактар жана жеке ишкерлер.

Бонустарды кошуп берүү процедурасы – натыйжасында Катышуучунун Бонустук эсебиндеги Бонустардын санынын Келишимде белгиленген шарттарга ылайык көбөйүүсү ишке ашкан процедура.

Бонустарды алуу процедурасы - натыйжасында Катышуучунун Бонустук эсебиндеги Бонустардын санынын Келишимде белгиленген себептерден улам азаюусу ишке ашкан процедура.

Кызматтар - төлөм тутуму аркылуу Сатуучулардын пайдасына өз ишмердүүлүгүнүн натыйжасы болбогон товарлар жана кызматтар үчүн Төлөмдөр менен эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтар.

Программанын катышуучусу, Катышуучу – бул Келишимге ылайык Программага катышуу ниетин билдирген физикалык жак, «О!Деньги» тиркемесинин колдонуучусу.  Программанын Катышуучусу болуу менен, Колдонуучу бул Келишимдин шарттары, Программанын эрежелери менен толук макулдугун, ошондой эле жалаң гана «Мой О!» мобилдик тиркемесиндеги Колдонуучунун Жеке кабинетиндеги Бонустардын калдыгын чагылдыруу максатында өзүнүн Бонустук эсебинин абалы тууралуу маалыматын үчүнчү жактарга ачууга макулдугун, ошондой эле жарнамалык, маркетингдик жана башка маалыматтык материалдарды алууга макулдугун билдирет. 

2.  Жалпы жоболор  

2.1.  Бул Жалпыга ачык оферта Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 398-беренесинин 2-пунктуна ылайык  "Грин Телеком Сервис" жоопкерчилиги чектелген коомунун мындан ары «Катышуучу» деп атала турган физикалык жак менен «О!Деньги» тиркемесинин колдонуучуларынын бул Офертада белгиленген шарттарда Сатуучулардын пайдасына товарлар жана кызматтар үчүн Төлөмдөрдү ишке ашыруудан алынган Бонустарды топтоо жана колдонуу максатында Оператордун бонустук программасына (мындан ары — "Программа") катышуулары жөнүндө Келишим түзүү боюнча жалпыга ачык расмий сунушу болуп эсептелет.

2.2.  Бул Оферта «О!Деньги» тутумун колдонуу жөнүндөгү Жалпыга ачык офертанын ажырагыс бөлүгү болуп саналып, Программанын Катышуучусунун «О!Деньги» тиркемесинен өнөктөштүк тармагына кирген Сатуучулардын пайдасына Төлөмдөрдү жүргүзгөн учурда Бонустук эсебине Бонустарды берүү, алуу жана топтоо тартиби менен шарттарын, «О!Деньги» тиркемесинин колдонуучуларынын Оператордун Бонустук программасына катышуусунун эрежелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жалпы аймагында берилген Бонустарды колдонуунун шарттарын белгилейт.

2.3.  Бул Офертанын жана анын бардык тиркемелеринин төмөндө жазылган шарттары менен макул болгон Колдонуучу Оператордун Бонустук программасына катышуу жөнүндө келишимди түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. КР ЖК 399-б. 3-п. ылайык, көрсөтүлгөн жактын бул Офертада жазылган шарттардын негизинде келишим түзүү убактысы болуп, Колдонуучунун «О!Деньги» тиркемеси аркылуу Өнөктөштүк тармагында төлөмдү аткаруусу саналат жана бул аракет акцепт катары кабыл алынат. Жогоруда жазылгандардын маанисин эске алуу менен, бул Офертанын шарттарында келишим түзүүгө кызыкдар болгон колдонуучуга Офертанын текстин кылдаттык менен окуп чыгуусу, жана кандайдыр бир пункту менен макул болбогон учурда, Бонустук программадан жана аны колдонуудан баш тартуусу сунушталат.

2.4.  Колдонуучу кошумча маалыматты *799 (О!нун абоненттери үчүн гана), +9967020007799 телефондору аркылуу же болбосо dengi@dengi.kg электрондук почтасына алдын ала сурам калтыруу менен почта аркылуу алса болот.

3.  Программага катышуу

3.1. Колдонуучу Бонустар кошулуп берилгенден кийин же Өнөктөштүк тармагында Төлөмдү ишке ашыргандан кийин автоматтык түрдө Программага кошулуп, анын Катышуучусу болот (кайсынысы эртерээк болгонуна жараша), жана Бонустук эсепте Бонустарды топтой алат, ошондой эле Өнөктөштүк тармагынын кызматтары үчүн жүргүзүлгөн Төлөмдүн суммасын толугу менен же анын бир бөлүгүн компенсациялоо максатында Бонустарды пайдалана алат. 

3.2.  Программага ишкердик ишин жүргүзүү менен байланыштуу болбогон төлөмдөрдү жүргүзгөн гана Катышуучулар катыша алат.

3.3.  Программага кошулууга багытталган аракеттерди жасоо менен Колдонуучу бул Офертанын шарттары менен таанышып чыкканын, Программага катышуунун шарттарын кабыл алганын, алар менен макул болгонун жана ал шарттарды сактоого милдеттенгенин тастыктайт.

3.4.  Программанын алкагында Катышуучулар Бонустук эсепке Бонустарды Өнөктөштүк тармагында кийин ишке ашыра турган Төлөмдөрдү компенсациялоо үчүн пайдалануу максатында топтойт.

3.5.  Оператор себептерин түшүндүрбөй туруп бул Офертанын шарттарында Колдонуучу менен Келишим түзүүдөн бир жактуу тартипте баш тартуу укугун сактап калат.


4. Бонустарды кошуп берүү тартиби


4.1. Оператор Катышуучун Бонустук эсебине Өнөктөштүк тармагынын дарегине төлөмдөрдү аткаруусу үчүн Бонустарды кошуп берет.

4.2. Аткарылган төлөм үчүн кошулуп берилген Бонустардын саны жөнүндө маалыматты «О!Деньги» тиркемесинен тапса болот.

4.3. Бонустар Оператор тарабынан Бонустук эсепке активдүү түрдө кошулуп берилет жана дароо эле же Сатуучу тарабынан белгиленген мөөнөт ичинде Өнөктөштүк тармагында төлөмдөрдү аткаруу үчүн колдонула алат.

4.4. Төлөм компенсациясын эсептеп чыгуу максатында гана 1 бонустун базалык наркы 1 сомго барабар. Ошол эле учурда, Оператордун Өнөктөштүк тармагынын Сатуучулары менен бирге өткөргөн айрым акцияларында Бонустардын улуттук валютада көрсөтүлгөн эквиваленти өзгөрүшү мүмкүн, бул жөнүндө Катышуучуга Оператор тарабынан алдын ала маалымат берилет.

4.5. Бонустарды Бонустук эсепке кошуп берүү мөөнөтү дарегине төлөм аткарылган Өнөктөштүк тармагынан көз каранды.

4.6. Бул Офертанын 4.1.-пунктунда белгиленген негиздерге кошумча, Бонустук программанын алкагында шарттарына ылайык Катышуучулардын кошумча аракеттерди аткаруулары үчүн аларга Бонустарды кошуп берүү мүмкүндүгү каралган атайы акциялар өткөрүлүшү мүмкүн.

4.7. Төлөөчү кошулуп берилген Бонустарды, мөөнөтү башка атайы акциялардын алкагында кошулуп берилген Бонустардан тышкары, кошулуп берилген күндөн тартып, 12 (он эки) айдын ичинде пайдалана алат. Жарамдуулук мөөнөтүнүн ичинде сатып алууларды төлөө үчүн колдонулбаган Бонустар Бонустук эсептен жоюлат. 

4.8. Эгерде техникалык себептерден улам Катышуучунун Бонустук эсебине Бонустарды кошуп берүү мүмкүн болбосо, Оператор бузулууну жойгонго чейин Катышуучунун Бонустук эсебине Бонустарды кошуп берүү операциясын өткөрүүдөн баш тартууга укуктуу.
4.9. Эгерде техникалык себептерден улам Төлөм өткөрүү убагында Бонустук эсепке Бонустарды кошуп берүү мүмкүн болбосо, Катышуучу Төлөм аткарылган күндөн баштап 2 (эки) айдын ашпаган мөөнөттө Оператордун колдоо кызматына кайрылуу аркылуу кошулган Бонустарын алганга укуктуу.


5. Бонустарды эсептен алуу тартиби


5.1. Өнөктөштүк тармагында Төлөмдөрдү Бонустар менен аткарууда, Катышуучу "төлөө ыкмасы" бөлүмүнөн Бонустар менен төлөөнү тандайт.

5.2. Төлөм үчүн керек болгон Бонустардын саны Катышуучунун Бонустук эсебинен алынат.

5.3. Бонустарды эсептен алуу алар Бонустук эсепке киргенден кийин дароо эле мүмкүн болот.

5.4. Бонустарды Катышуучу Төлөмдүн толук суммасын да, анын бир бөлүгүн дагы компенсациялоо үчүн колдоно алат.

5.5. Бул Офертанын шарттарында Келишим түзүү менен Катышуучу Оператордун төмөнкү учурларда Катышуучунун кошумча табыштамасы (макулдугу) жок эле, бир жактуу тартипте Катышуучунун эсебинен Бонустарды алуусуна укук берет:

- Бонустар жаңылыш берилгенде;

- Бонустар берилген товарлар кайтарылганда. Эгерде товарды кайтарган учурда Катышуучунун Бонустук эсебинде алына турган Бонустар жетишсиз болсо, Оператор кайтарылган товар үчүн берилген бонустардын суммасына барабар суммада акча каражаттарын алууга укуктуу боло алат;

- - Бонустар берилген мезгилден тартып, 12 ай өткөн соң;

- колдонуу мөөнөтү чектелген атайы акциялардын алкагында кошулуп берилген Бонустардын жарамдуулук мөөнөтү өткөндө;

- Катышуучу Программага катышууну токтоткондо;

- Программаны ак ниет эмес колдонгон учурда Бонустар кошулуп берилгенде.

5.6.Бонустар накталай же накталай эмес мааниге ээ болбойт жана акча эквивалентинде берилбейт, ошондой эле Өнөктөштүк тармагындагы төлөмдөр үчүн гана колдонулат.

5.7. Эгерде техникалык себептерден улам Катышуучунун Бонустук эсебинен Бонустарды алуу мүмкүн болбосо, Оператор бузулуу жоюлганга чейин Катышуучуга операцияны жүргүзүүдөн баш тартууга укуктуу.

5.8. Төлөмдүн бир бөлүгү Бонус менен, бир бөлүгү акча менен аткарылган учурда, мындай төлөм үчүн Бонустук эсепке кошулган Бонустардын саны колдонулган Бонустардын суммасын (санын) чегерүү менен эсептелет.

6. Программага Катышуудагы чектөөлөр (өзгөчөлүктөр):

6.1.Бул бөлүмдө тизмектелген Программага катышуудагы чектөөлөр (өзгөчөлүктөр) кызматтарды талаптагыдай эмес көрсөтүүнүн жагдайлары болуп эсептелбейт жана зыяндардын ордун толтуруу жөнүндө талап коюуга себеп боло албайт.

 6.2. Пайдасына төлөмдөр кабыл алынган Өнөктөштүк тармагынын сервистеринин тизмеси жана Төлөмдөрдүн лимиттери Катышуучунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификациялоо процедурасынан өтүү ыкмасынан көз каранды болушу мүмкүн.

6.3. Оператор Катышуучунун Оператордун ою боюнча шектүү деп эсептелген аракеттеринин негизинде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын террористтик ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү жаатындагы мыйзамдарына ылайык, Келишимдин шарттарын бузуу боюнча убактылуу же туруктуу шектенүүлөрдөн улам, Программаны колдонуусун чектөөгө укуктуу.

6.4. Катышуучуга Төлөм тутумунун чектөөлөрүнүн баары же кээ бир бөлүгү колдонулушу мүмкүн.

 

7. Тараптардын укуктары жана милдеттери


7.1. Катышуучу ишке жөндөмдүүлүгү чектелбегенин, камкорчулукка (көзөмөлчүлүккө), ошондой эле колдоочулукка алынбаганын, ден соолугунун абалы боюнча өз укуктарын өз алдынча ишке ашырууга жана коргоого, милдеттерин аткарууга жөндөмдүү экенин, түзүп жаткан Келишимдин мазмунун жана түзүү жагдайларын аңдап түшүнүүсү үчүн тоскоолдук жараткан оорулар менен оорубаганын ырастайт.
7.2. Катышуучу Программадагы идентификациялык/аутентификациялык/авторизациялык маалыматтарына башка жактардын уруксатсыз мүмкүндүк алуусунан коргоо максатында конфиденциалдуулукту сактоо, маалыматтарды коргоо жана уруксатсыз колдонуунун алдын алуу боюнча керектүү бардык чараларды көрөт.
 

7.3. Оператор бул Офертага өзгөрүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө укуктуу. Оферта өзгөргөн учурда, Оператор Катышуучуларга бул тууралуу Офертанын жаңы редакциясы күчүнө киргенге чейин жок дегенде 3 (үч) календардык күн мурун өзүнүн сайтына (https:dengi.kg) Офертанын жаңы редакциясынын электрондук версиясын жайгаштыруу аркылуу билдирет.

7.4. Катышуучу бул Офертага киргизилген өзгөртүүлөр менен толуктоолорду өз алдынча көзөмөлдөп турууга милдеттенет.

7.5. Катышуучуга Программанын жардамы менен ишкердик ишин жүргүзүүгө тыюу салынат.

7.6. Катышуучу Программаны мыйзамга каршы максаттарда, мыйзамсыз финансылык операциялар үчүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан тыюу салынган товарларды сатып алуу жана кызматтарды төлөө үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен аткарыла турган ар кандай операцияларды жүргүзүү максатында колдонбоого милдеттенет.

7.7. Оператор Программаны ишке ашырууну өз чечимине жараша каалаган убакта бир жактуу тартипте убактылуу токтотууга же таптакыр токтотуп коюуга укуктуу. Программаны ишке ашырууну убактылуу токтотуу же таптакыр токтотуп коюу жөнүндө маалымат Катышуучуларга Программаны болжолдонгон убактылуу токтотуу же таптакыр токтотуп коюу күнүнө чейин жок дегенде 5 (беш) календардык күн мурун, Оператордун сайтында тийиштүү билдирүүнү жайгаштыруу жолу менен жеткирилет.

7.8. Оператор Программанын иштөөсүндөгү техникалык чектөөлөрдөн улам төлөм суммасынын компенсациялоо өлчөмүнө чек коюуга укуктуу.  Ошондой эле, төлөмдүн суммасын компенсациялоо өлчөмүн чектөө Өнөктөштүк тармагынын Сатуучунун кызмат көрсөтүү шарттарына жараша өзгөрүшү мүмкүн.

7.9. Оператор Программанын эрежелерин бузган Катышуучунун Бонустук эсебин азайтууга укуктуу.

7.10. Катышуучунун бул Макулдашуунун 7.5. жана 7.6. пункттарында каралган милдеттерин бузгандыгы аныкталган учурда Оператор Катышуучунун Тиркемеден «О!Деньги» тутумуна кирүүсүн бөгөттөөгө укуктуу.

7.11. Бул офертанын 7.7.-пунктунда белгиленген эскертүү мөөнөтүнүн ичинде Оператор бонустарды бербейт. Мында Катышуучу көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде кошулган бонустарды Төлөмдөрдү аткаруу үчүн колдонууга укуктуу.

7.12. Программаны ишке ашыруу убактылуу токтотулган мөөнөттүн ичинде (Программа убактылуу токтотулган учурда), ошондой эле Программаны ишке ашыруусу токтотулган (токтотула турган болсо) күндөн баштап, Оператор Бонустарды берүүнү жана алууну токтотот, бул офертада белгиленген милдеттерин ишке ашырууну убактылуу/таптакыр токтотот.

7.13. Программа токтотулган жана Катышуучулар бул Офертанын 7.7-пунктунда белгиленген мөөнөттүн ичинде бонустарды колдонбогон учурда, Катышуучулардын Бонустук эсептеринде калган Бонустар толугу менен жокко чыгарылат.

7.14. Программа токтотулган күндөн тартып, Оператор бардык Бонустук эсептерди жабат жана Катышуучулар топтогон бардык Бонустарды жокко чыгарат, мында Оператор Катышуучулардын пайдасына эч кандай төлөмдөрдү аткарбайт жана/же компенсацияларды төлөбөйт.
7.15. Оператор Программаны өзүнөн байланыштуу болбогон (форс-мажор) жагдайлардан улам токтотууга аргасыз болгон учурда, Катышуучулар токтотуу жөнүндө акылга сыярлык убакытта эскертилет, жана бул Офертанын 7.7-пунктунда белгиленген эскертүү мөөнөттөрү
  колдонулбайт.

7.16. Колдонуучунун «О!Деньги» мобилдик тиркемесине мүмкүндүк алуу деактивацияланган учурда, Оператор Катышуучулардын топтогон бардык Бонустарын жокко чыгарат, муну менен катар Оператор Катышуучулардын пайдасына эч кандай төлөмдөрдү аткарбайт жана/же компенсацияларды төлөбөйт.

7.17. Оператор Программанын каалаган программалык камсыздоосунун модификациясын ишке ашырууга укуктуу.

7.18. Оператор олуттуу бузулуулар, каталар же мүчүлүштүктөр аныкталып чыкканда, ошондой эле профилактикалык иштерди жүргүзүү жана Программага уруксатсыз кирүү учурларынын алдын алуу максатында, Программанын иштөөсүн камсыз кылган программалык жана/же аппараттык каражаттардын иштөөсүн токтотууга укуктуу.

7.19. Оператор же тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан Катышуучунун шектүү төлөмдөрдү аткаргандыгы аныкталса, Оператор бир жактуу акцептсиз сотсуз түрдө керектүү чараларды көрүүгө, анын ичинде каалаган шектүү Төлөмдөрдү жокко чыгарууга, кээ бир төлөмдөрдү өткөрүүгө тыюу салууга укуктуу.

7.20. Эгерде Катышуучунун Программаны колдонуусу, Оператордун ою боюнча башка жактардын финансылык коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн болсо же жаратып жаткан болсо, мүмкүндүк алууну чектөөгө карата техникалык муктаждык пайда болсо жана/же Төлөм тутумунда штаттык эмес абал жаралса, ликвиддүүлүк тобокелдиктери, кредиттик/тутумдук/укуктук/юридикалык тобокелдиктер/алдамчылык тобокелдиктери жана Төлөм тутумунун киберкоопсуздугуна коркунучтар жаралса, Оператор Катышуучулардын Программаны колдонууга мүмкүндүк алуусун алдын ала билдирбестен, бир жактуу тартипте чектеп коюуга укуктуу.

7.21. Катышуучунун аракеттеринде укуктарды кыянаттык менен пайдалануу элементтери, ак ниет эмес иш-аракеттерди аткаруунун жана/же бул Офертаны бузуунун белгилери аныкталып чыккан учурда,  Оператор Бонустук эсепти бир жактуу тартипте бөгөттөп коюуга укуктуу.

7.22. Катышуучунун өзүнүн  Программага катышуусунун негизинде Оператордон талап кылуу укуктарын башка жактарга өткөрүүгө укугу жок.

8. Тараптардын жоопкерчилиги

8.1. Бул келишим боюнча милдеттерин аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу үчүн Тараптар бул Офертанын шарттарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп беришет.

8.2. Оператор Катышуучунун алдында тийиштүү Катышуучунун Бонустук эсебине Бонустардын туура берилиши үчүн жооп берет.

8.3. Катышуучу анын Программадагы идентификациялык/аутентификациялык/авторизациялык маалыматтары аркылуу анын атынан жасалган башка жактардын бардык аракеттери үчүн тобокелдиктерди жана жоопкерчиликти өз алдынча тартат.

8.4. Оператор Катышуучунун алдында Оператор себепкер болбогон техникалык платформалардын жана транспорттук түйүндөрдүн же байланыш түйүндөрүнүн иштөөсүндөгү кечигүүлөр жана үзгүлтүктөр үчүн жооп бербейт.

8.5. Тутумдун Оператору Катышуучу башка жактарга мүмкүндүк бергендиги жана/же өзүнүн жеке маалыматтарын ачыкка чыгаргандыгы үчүн тарткан ар түрдүү зыяндар үчүн жооп бербейт.

8.6. Оператор Катышуучу Сатуучулар тарабынан сатылган/көрсөтүлгөн товарлардын, иштердин, кызматтардын сапаты үчүн жооп бербейт. Оператор Катышуучу менен Сатуучунун ортосундагы бүтүмдөрдүн укуктуулугун, алардын шарттарын, демек бүтүм түзүү фактысын жана анын кесепеттерин, мындай бүтүмдөрдүн аткарылышын жана бузулушун, анын ичинде алар боюнча төлөмдү кайтарууну жана Катышуучу жана/же Сатуучу тарабынан колдонулган салыктар менен жыйымдардын төлөнүшүн жөнгө салбайт жана көзөмөлдөбөйт. Мындан тышкары, Оператор Катышуучулардын Сатуучунун бүтүмдөр боюнча милдеттеринин, анын ичинде Катышуучу тарабынан сатып алынган товарларды ага берүү боюнча милдеттерин аткарбоосуна (талаптагыдай аткарбоосуна) байланыштуу дооматтарын карап чыкпайт. 

8.7. Оператор Катышуучунун Оператордун милдетине кирбеген окуялар жана жагдайлардан улам пайда болгон терс кесепеттер жана чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт.

8.8. Оператор Катышуучулар менен Сатуучулардын ортосунда талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Оператордун Программаны ишке ашыруунун алкагында өз милдеттерин бузуусуна байланыштуу келип чыкпаган учурда, мындай талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер үчүн жооп бербейт.

8.9. Оператор Катышуучунун бул Офертанын шарттары жана/же Оператор тарабынан бул Офертанын 7.3-пунктунда белгиленген тартипте Келишимге киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен өз убагында таанышып чыкпагандыгынын кесепетинде Катышуучунун же башка жактардын тарткан зыяндары үчүн жооп бербейт. 

9.     Келишимди түзүүнүн тартиби жана жарамдуулук мөөнөтү

9.1.  Бул Келишим Оператор менен Катышуучунун ортосунда кошулуу келишими түрүндө түзүлдү (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 387-беренеси).

9.2.  Келишимдин шарттарын аткаруунун алкагында Тараптардын өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдары, Оператордун ички документтери, Келишим жана ага киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен жөнгө салынат.

9.3.  Катышуучу Келишимге анын шарттары менен «О!Деньги» мобилдик тиркемесинин интерфейсинде таанышып чыккандан жана «О!Деньги» мобилдик тиркемеси аркылуу Өнөктөштүк тармагынан төлөм аткаргандан кийин кошулат.

9.4.  Келишимдин шарттарынын акцепти Катышуучу тарабынан Келишимдин бардык шарттарын эч кандай алып салуусуз жана/же чектөөсүз толугу менен кабыл алуу болуп эсептелет.

9.5.  Келишимдин жарамдуулук мөөнөтү чексиз. Келишим белгисиз убакытка чейин, же болбосо Келишимдин шарттарында жана/же Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарынын ченемдеринде белгиленген себептерден улам бузулган мезгилге чейин уланат. 

10. Конфиденциалдуулук

10.1. Оператор Катышуучунун Программага катышуусуна байланыштуу өзүнө белгилүү болгон маалыматтарынын конфиденциалдуулугун сактоого милдеттүү. Ал эми мындай конфиденциалдуулук маалыматтар тѳмѳнкү мүнѳзгѳ ээ болгон учурларда сакталбайт:

       Жалпыга жеткиликтүү;

 Катышуучунун талабы же уруксатынын негизинде маалым болгон;

Катышуучу киргизип жаткан маалыматтардын купуялуулугу камсыз кылынбаган Программаны колдонууда;

       Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча ачыкка чыгарылышы талап кылынган учурларда;

       Келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.

11.  Алдамчылык

11.1. Бул Офертанын шарттарына таасир тийгизген алдамчылык фактылары пайда болгон учурда, алдамчылыктын натыйжасында пайда болгон бардык талаштуу жагдайлар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында чечилет.

12.  Форс-мажор

12.1. Эгер милдеттерин аткарбоо Келишимди түзгөндөн кийин Тараптардын бири дагы  алдын ала билбеген, акылга сыярлык чаралар менен алдын ала жоюу мүмкүн болбогон  өзгөчө кырдаал мүнөзүндөгү окуялардын натыйжасында жеӊилгис күчтүн кесепети (форс-мажор)  болуп саналса, ар бир Тарап Келишим боюнча милдеттерин таптакыр аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.

12.2. Жеӊилгис күчтүн таасирине кабылган Тарап көрсөтүлгөн окуялар болгон күндөн кийинки күндөн кеч эмес мезгилдин ичинде бул жөнүндө экинчи Тарапка маалымдоого милдеттүү. Оператор жеӊилгис күч жагдайларынын келип чыкканы тууралуу Оператордун сайтына тийиштүү маалыматты жайгаштыруу менен кабарлайт. Мында Келишимдин иштөө мөөнөтү мындай окуялардын жарамдуу мөѳнөтүнө, бирок жеӊилгис күчтүн жагдайы жаралган күндөн тартып 2 (эки) айдан көп эмес мөөнөткө убактылуу токтотулат, андан кийин бул Келишим бузулду деп эсептелет, ал эми Келишим боюнча милдеттер мындай күчтүн таасири токтогондон кийин аткарылууга тийиш. 

Колдонуучу бул Келишимдин бардык пункттары менен таанышып чыкканын жана аларды толук көлөмдө толук кабыл алып жатканын ырастайт.

ЖАЛПЫГА АЧЫК ОФЕРТА

(«Грин Телеком Сервис» ЖЧКсынын терминалдык тармагын колдонууга кошулуу келишимин түзүү жѳнүндѳ сунуш)

 

Бул Жалпыга ачык оферта (мындан ары - «Оферта») текстте «Тутумдун Оператору» деп атала турган «Грин Телеком Сервис» жоопкерчилиги чектелеген коомунун текстте «Төлөөчү» деп атала турган иш-аракетке жѳндѳмдүү жеке жак менен «Грин Телеком Сервис» ЖЧКсынын терминалдык тармагын (мындан ары – «Тутум») колдонуу аркылуу башка жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды бул Офертада белгиленген шарттарга ылайык көрсөтүү жөнүндө келишим түзүү боюнча расмий жалпыга ачык сунушу болуп саналат.

Кызмат көрсөтүү жөнүндө келишим (мындан ары - «Келишим») Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 387-беренесине ылайык Төлөөчү тарабынан бул Офертада белгиленген жана Төлөөчү Офертанын бардык шарттарын эч бир  чектөөсүз жана кошулуу шарттарынан баш тартуусуз толук жана милдеттүү кабыл алганын (акцепт) тушүндүргөн кыймыл-аракеттерди аткарган учурдан тартып  түзүлдү жана күчкө ээ болду деп эсептелет. Бул Офертада баяндалган шарттарга кошулуу боюнча иш-аракеттерди аткаруу менен Төлөөчү ѳзүнүн укукка жана иш-аракетке жѳндѳмдүүлүгүн, ошондой эле Тутумдун Оператору менен келишимдик мамилелерди түзүү боюнча мыйзамдуу укукка ээ болуп, эч кандай чектѳѳ жок экенин тастыктайт. Төлөөчү Офертанын шарттарын Офертага толук кошулуу жолу менен гана кабыл алат.

Келишимдин мѳѳнѳтү чексиз.

Төлөөчү *799 (О!), +996702000799 телефондоруна чалып же алдын ала dengi@dengi.kg электрондук почтасына сурам жөнөтүү менен электрондук почта аркылуу кошумча маалымат ала алат.

 

1.  Жалпы жоболор

 

1.1. Терминдер жана аныктамалар:

Кызматтар – Тутумдун операторунун төлөм тутуму аркылуу Сатуучулардын пайдасына жеке ишмердүүлүгүнүн натыйжасы болбогон товарлар менен кызматтар үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу жана өткөрүү боюнча көрсөтүлгөн кызматтар.

Төлөм тутуму (Тутум) – технологиялардын, процедуралардын, эрежелердин, төлөм инструменттеринин өз ара байланыштуу тутуму, анын ичинде тутумдун катышуучуларынын ортосунда акча жүгүртүмүн камсыздоочу терминалдык тармак, программалык камсыздоо.

Тѳлѳм – Төлөөчү тарабынан кызматтарды, иштерди, товарларды тѳлѳѳ боюнча милдеттерин аткаруу максатында Сатуучунун пайдасына ишке ашырылган акча каражаттарын ѳткѳрүү иш-аракети.

Байланыш оператору — өзүнө таандык кыймылдуу электр байланыш түйүнүн иштеткен жана кыймылдуу радиотелефондук байланыш кызматтарын көрсөткөн юридикалык жак же физикалык жак.

Төлөөчү – Тутумдун оператору менен өзүнүн атынан же юридикалык жактын атынан Келишимге кошулуу жолу менен Келишим түзгөн жана Сатуучунун алдында өзүнүн жана/же юридикалык жактын акчага байланыштуу милдеттерин аткаруу максатында Тутумду колдонуу укугуна ээ иш-аракетке жөндөмдүү жак.

Сатуучу  - төлөөчүлөрдүн салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөөгө багытталган акча каражаттарын кабыл алуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, коммуналдык ишканалар жана бюджеттик уюмдар, ошондой эле Төлөөчү пайдасына Төлөмдөрдү аткарган юридикалык жактар же жеке ишкерлер.

Тѳлѳѳгѳ буйрутма – Төлөөчүнүн Төлөм аткаруу үчүн так билдирилген жана тийиштүү түрдѳ жолжоболоштурулган тапшырмасы.

«Грин Телеком Сервис» ЖЧКсынын терминалдык тармагы – «О! Деньги» төлөм тутумунун Тутумдун оператору, Төлөөчүлөр жана Сатуучулардын ортосунда маалыматтык жана технологиялык өз ара аракеттешүүнү камсыздоочу бөлүгү.

Тариф - Тутумдун Операторунун Бул Келишим боюнча өз милдеттерин аткаруусуна байланышкан Тутумдун Операторунун же анын агенттеринин/субагенттеринин чыгымдарынын ордун толтуруу жана/же сыйлоо катарында кошумча алынган акча каражаттарынын белгилүү бир суммасы.

Төлөм терминалы – Төлөөчүлөрдөн акча каражаттарын кабыл алууга арналган, ыйгарым укуктуу жактын катышуусу жок эле автоматтык режимде иштеген түзүлүш.

Кайрым – Төлөөчү тарабынан Төлөм терминалына салынган накталай акчалардын суммасы менен Төлөөчү тарабынан Оператордун тарифтерин эске алуу менен аткарылган Төлөмдүн суммасынын ортосундагы айырманы түзгөн акча каражаттары.

1.2.     Төлөм терминалынын интерфейсинин бир бөлүгүн түзгөн графикалык сүрөттөргө болгон бардык укуктар Тутумдун операторуна жана/же анын өнөктөштөрүнө таандык.

1.3.     Материалдарды басып чыгаруу, ар кандай формада кайра ѳндүрүү Тутумдун Операторунан алдын-ала алынган уруксаттын негизинде гана ишке ашырылышы мүмкүн.

 

2.  Келишимдин предмети

2.1.         Бул Келишим Тутумдун оператору тарабынан Төлөм терминалдарын жана Төлөм тутумун колдонуу менен кызматтардын көрсөтүлүшүнүн шарттарын жана тартибин аныктайт.

3.  Кызматтардын баасы жана төлөө тартиби

3.1.     Төлөөчү менен эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы – сом менен жүргүзүлөт.

3.2.     Тутумдун операторунун кызматтарынын баасы Тарифтер менен белгиленет. Тарифтердин өлчөмү Төлөм терминалынын экранында Төлөөчү Төлөмдү ишке ашыруу үчүн акча каражаттарын салганга чейин көрсөтүлөт.

3.3.     Тариф Төлөмдүн суммасына кошумча алынат жана кайтарылбайт.

3.4.     Эгерде Төлөөчү Тариф менен макул болбосо – Төлөөгө буйрутма түзүүдөн баш тартууга укуктуу. Мында Төлөөчү аталган себеп боюнча төлөм терминалдарынан төлөмдү ишке ашыруу мүмкүн болбогондугу үчүн өзүнө жана/же башка жактарга кандайдыр бир зыяндардын ордун толтуруп берүүнү талап кыла албайт. Төлөөчү Тутумдун операторунун төлөм терминалдары аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн бардык жоопкерчиликтер менен андан келип чыгышы мүмкүн болгон кесепеттерди өз мойнуна алат. Буга байланыштуу, Төлөөчү Төлөмдү жаңылыш аткарган учурда кызмат талаптагыдай көрсөтүлдү деп эсептелет жана алынган тарифтин суммасы кайтарылбайт. 

3.5.     Тутумдун оператору бир жактуу тартипте Тарифтерди өзгөртүүгө (көбөйтүүгө, азайтууга), жаңыларын киргизүүгө, колдонуудагы Тарифтерди жоюуга укуктуу.

4.  Төлөмдөрдү ишке ашыруунун тартиби

4.1.     Төлөөчү төлөм терминалы аркылуу Төлөмдү ишке ашыруу үчүн Тутумдун операторуна Келишимдин шарттарына ылайык Төлөөгө буйрутма берет. Төлөөгө буйрутма түзүүдө Төлөөчү Төлөмдү аткаруу үчүн так билдирилген тапшырма (тапшырмаларды) берет, тактап айтканда:   

4.1.1. Тутумдун операторуна Төлөөчүнүн акча каражаттарын колдонуу аркылуу Сатуучу менен эсептешүүлөрдү аткарууга тапшырма берет.       

4.1.2. Төлөөгө буйрутма түзүү электрондук түрдө Төлөм терминалынын интерфейсиндеги реквизиттер жазыла турган тилкелерди толтуруу жолу менен ишке ашырылат жана акча каражаттарын киргизип, «Улантуу» баскычын баскандан же болбосо Тутумдун оператору тарабынан көрсөтүлгөн башка аракеттерди аткаргандан кийин аяктайт. Аталган баскычты басуу же Тутумдун оператору тарабынан көрсөтүлгөн башка аракеттерди аткаруу Төлөөчүнүн Төлөөгө буйрутманы жана Буйрутманын, Төлөмдүн, Тарифтин жана төлөө ыкмасынын бардык шарттарын аткарууга макулдугун билдирет.    

4.2.     Төлөөчүнүн төлөм терминалынын интерфейсине маалыматтарды киргизүү же Тутумдун оператору тарабынан көрсөтүлгөн башка аракеттерди ишке ашыруу, ошондой эле  «Улантуу» баскычын басуу же болбосо Тутумдун оператору тарабынан көрсөтүлгөн башка аракеттерди аткаруу жолу менен түзүлгөн Төлөөгө буйрутманы Тараптар Төлөөчүнүн Төлөмдү ишке ашыруу ниетинин, ошондой эле жөнөтүлгөн Төлөөгө буйрутманын аныктыгын ырастоонун талаптагыдай жана жетиштүү ыкмасы катары кабыл алынат. Айрым учурларда Тутумдун оператору кошумча идентификациялык маалыматтарды, кошумча сырсөздү киргизүүнү талап кылышы ыктымал.   

4.3.     Төлөм терминалы тарабынан акча каражаттары кабыл алынгандан кийин «Улантуу» баскычын басуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык өз колу менен койгон кол тамга менен барабар юридикалык кесепеттерди жаратат.

4.4.     Төлөөчү тарабынан Тутумдун операторуна Төлөөгө буйрутманы же башка документти жөнөткөндөн кийин аларга өзгөртүүлөрдү киргизгендигине, Тутумдун оператору тарабынан Төлөөгө буйрутманын алынышына байланыштуу фактылар боюнча Тутумдун операторуна дооматтар коюлган учурда, Төлөөчү дооматка аталган фактыларды тастыктаган тийиштүү далилдерди тиркеп көрсөтүүгө милдеттүү. Далилдер жетиштүү болуп, тийиштүү мүмкүндүк бар болгон учурда, Тутумдун оператору, Тутумду колдонуу менен, аталган фактыларды текшерип чыгып, коюлган дооматтардын негиздүүлүгү боюнча чечим чыгарат.

4.5.     Төлөөчүнүн Төлөөгө буйрутмасы Тутумдун оператору тарабынан төмөнкү учурларда аткарылбашы мүмкүн:

4.5.1. Төлөөчүнүн бул Келишимдин 5-бөлүмүндө белгиленген чектөөлөрдү сактабашы.

4.5.2. Байланыштын жоктугу же Сатуучудан жооп келбеши, же болбосо Тутумдун операторунда жана/же Сатуучуда жана/же Байланыш операторунда сурам жиберилген кызматты көрсөтүү үчүн техникалык мүмкүндүктүн жоктугу.

4.5.3. Сатуучунун Төлөөчү төлөй турган кызматтарды көрсөтүү мүмкүндүгүнүн жоктугу;

4.5.4. Тутумдун операторунда уруксат берилбеген Төлөөгө буйрутма жиберүү тобокелдиги бар экендигине байланыштуу негиздин жаралышы.

4.5.5. Төлөм тутуму жана/же Тутумдун оператору жана/же Байланыш оператору жана/же Сатуучу менен байланыштын жоктугу. Мында мүмкүнчүлүк бар болсо, Төлөөгө буйрутма (буйрутмалар) байланыштын же интернеттин жоктугу менен байланыштуу көйгөйлөр жоюлган соң, Төлөөчү тарабынан Төлөөгө буйрутма кайра жиберилбестен аткарылат.

4.6.     Тутумдун оператору тарабынан Төлөм тутумунда Төлөм өткөрүлгөн соң, Тутумдун оператору Төлөөчүдөн Сатуучунун пайдасына Төлөөгө буйрутманы ишке ашыруу боюнча милдеттерин толугу менен аткарды деп эсептелет.   Мында акча каражаттарын Төлөөчүнүн өздүк эсептерине киргизүү Сатуучунун тутумунда тийиштүү ырастоолор бар болсо, убактылуу кечигүү менен аткарылышы мүмкүн.

4.7.     Акча каражаттарын кайтаруу же Төлөмдү коррекциялоо төмөнкү шарттар болгон учурда Төлөөчүнүн талаптагыдай жолжоболоштурулган дооматынын негизинде ишке ашат:

4.7.1. Эгер Сатуучунун тутумунда же Сатуучу менен келишимде кайтаруу мүмкүндүгү жөнүндө шарт каралган болсо, Төлөөчү Сатуучунун кызматтарынан баш тарткан учурда. Сатуучу тарабынан акча каражаттарынын кайтарылышы Төлөөчү Сатуучуга түздөн-түз кайрылган учурда мүмкүн. Төлөөчүгө акча каражаттарын кайтарып берүүнүн тартиби менен жолдорун Сатуучу жана Төлөөчү өз алдынча белгилешет. Акча каражаттарынын кайтарылып берилбешине байланыштуу келип чыккан талаш-тартыштар Төлөөчү менен Сатуучунун ортосунда, Тутумдун операторун катыштырбастан чечилүүгө тийиш. Бирок, Тутумдун оператору Төлөөчүгө акча каражаттарын кайтарып алууга колунан келген жардамды көрсөтүүгө, жана Сатуучу менен мындай макулдашуу болгон учурда Сатуучунун каражаттарынын эсебинен жана анын тапшырмасы боюнча акча каражаттарын кайтарып берүүнү ишке ашырууга укуктуу;

4.7.2. Жокко чыгарылган (жаңылыш) Төлөмдөрдүн суммасын кайтаруу жаңылыштык менен же техникалык катадан улам мурда аткарылган Төлөмдү жокко чыгарууга байланыштуу  Тутумдун операторунун же Тутумдун башка Катышуучусунун демилгеси менен ишке ашырылышы мүмкүн;

4.7.3. Тутумдун оператору менен байланышпаган ар кандай себептерден, анын ичинде Сатуучуга акча каражаттарын берүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугунан же болбосо Сатуучунун аларды алуудан баш тартуусунан улам Тутумдун оператору тарабынан ийгиликсиз деп табылган Төлөмдөрдү кайтаруу.

4.8.      Кардардын дооматын карап чыгуу мөөнөтү доомат Тутумдун оператору тарабынан кабыл алынган учурдан тартып 3 (үч) жумуш күнүнөн 10 (он) жумуш күнүнө чейинки мезгилди түзөт.

4.9.      Акча каражаттарын Төлөм катары салгандан жана Сатуучу тарабынан тутумуна киргизилгенден кийин Тутумдун оператору аларды кайтарып берүү боюнча төлөөчүнүн талабын аткара албайт.

5.  Тутумду колдонуудагы чектөөлөр (өзгөчөлүктөр)

5.1.  Келишимдин бул 5-бөлүмүндө тизмектелген Тутумду колдонуудагы чектөөлөр (өзгөчөлүктөр) Кызматтарды талаптагыдай көрсөтпөө жагдайлары болуп саналбайт жана Төлөөчүнүн Тарифти төлөөдөн баш тартуусу жана/же зыяндардын ордун толтуруу жөнүндө талап коюусу үчүн негиз боло албайт.

5.2.  Пайдасына Төлөмдөр кабыл алынган Сатуучулардын тизмеси жана Төлөмдөрдүн лимиттери Төлөөчүнүн идентификация процессинен өтүп-өтпөөсүнөн көз каранды болушу мүмкүн.

5.3.  Тутумдун оператору Төлөөчүнүн шектүү иш-аракеттеринин, анын ичинде террордук ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы күрѳшүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Келишимдин шарттарын бузушуна карата убактылуу же туруктуу күмөн саноолорунун негизинде  Сатуучулардын тизмесин же Төлөөчүгө Кызмат көрсөтүүнү чектеп коюу укугуна ээ.

5.4.  Оператор айрым Төлөөчүлөрдүн, Сатуучулардын пайдасына же Сатуучулардын Кызматтарынын айрым түрлөрүнө карата бир жолку Төлөмдүн максималдуу суммасын, ошондой эле суткасына жана/же айына аткарылуучу Төлөмдөрдүн жалпы суммасын жеке чечими боюнча азайтууга укуктуу. 

5.5.  Кызматтарды алуунун жүрүшүндө пайда болгон кайрым Төлөөчү тарабынан көрсөтүлгөн реквизиттерге киргизилип турушу мүмкүн.

5.6.  Техникалык мүнөздөмөлөрүнө жараша Төлөм терминалы кайрым бербеши жана кабыл алынган акча каражаттарын кайтарбашы ыктымал.

6.  Тараптардын укуктары жана милдеттери

6.1.  Төлөөчүнүн милдеттери:

6.1.1.  Төлөөчү тарабынан маалымат берилиши талап кылынган учурларда Төлөөчү Төлөөгө буйрутманы түзүп жатып, чындыкка дал келген маалыматтарды берүүгө милдеттенет.

6.1.2. Төлөөчүнүн Тутумдун оператору менен өзүнчө келишим түзбөй туруп, Тутумдун жардамы менен ишкердин ишин аткаруусуна тыюу салынат.

6.1.3. Тутумду колдонууда Төлөөчүнүн Тутумдун программалык камсыздоосуна жана/же анын кайсы бир бөлүгүнө өз алдынча же башка жактарды тартуу менен кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүүсүнө тыюу салынат.

6.1.4. Төлөөчү Тутумду мыйзамга каршы максаттарда же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган товарлар менен кызматтарды сатып алуу үчүн колдонбоого милдеттенет.

6.2.  Келишимдин алкагында Тутумдун оператору төмөнкү укуктарын сактап калат:

6.2.1. Тутумдун программалык камсыздоолорун модификациялоо.

6.2.2. Олуттуу бузулууларды, каталарды жана иштен чыгууларды аныктап чыккан учурда, ошондой эле профилактикалык иштерди жүргүзүү жана Тутумга уруксатсыз мүмкүндүк алуунун алдын алуу максатында Тутумдун иштөөсүн камсыздоочу программалык жана/же аппараттык каражаттардын иштөөсүн токтото туруу.

6.2.3.    Эгерде Тутумдун оператору же тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан Төлөөчүлөрдүн шектүү финансылык операцияларды аткаруу фактысы аныкталып чыкса, бир жактуу акцептсиз тартипте тийиштүү чараларды көрүү, анын ичинде шектүү операциялардын баарын жокко чыгаруу, кээ бир операциялардын өткөрүлүшүнө тыюу салуу.

6.2.4. Эгерде Төлөөчүнүн Тутумду колдонуусу Тутумдун операторунун пикири боюнча Сатуучулардын финансылык коопсуздугуна коркунуч туудурушу мүмкүн болсо же коркунуч жаратып жатса, мүмкүндүк алууну чектөөгө техникалык зарылдык келип чыкса жана/же Төлөм тутумунда штаттык эмес абал жаралса, ликвиддүүлүк тобокелдиктери, кредиттик/тутумдук/укуктук/юридикалык тобокелдиктер/алдамчылык тобокелдиктери жана Тутумдун киберкоопсуздугуна карата коркунуч пайда болсо, Төлөөчүлөрдүн Тутумду колдонуусун алдын ала билдирүүсүз бир жактуу тартипте чектөө.

 

7.     Тараптардын жоопкерчилиги

7.1.     Бул Келишим боюнча милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы же таптакыр аткарбагандыгы үчүн Тараптар бул Келишимдин шарттарына жана Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык жооп беришет.

7.2.     Төлөөчү Төлөөгө буйрутманы жолжоболоштуруунун, Төлөмдү ишке ашыруу үчүн зарыл болгон реквизиттердин (Төлөөчүнүн Сатуучу менен түзгөн келишиминин номери, Төлөөчү төлөп жаткан Сатуучунун кызматынын/товарынын аталышы, Сатуучу тарабынан кызмат көрсөтүлгөн мезгил, Төлөөчүнүн өздүк эсебинин номери, Төлөмдүн суммасы ж.б.) көрсөтүлүшүнүн тууралыгы үчүн толук жооп берет.

7.3.     Төлөөчү анын төлөм терминалынын интерфейсиндеги идентификациялык/аутентификациялык/авторизациялык маалыматтарын колдонуу аркылуу башка жактардын Төлөөчүнүн атынан аткарган  иш-аракеттери үчүн тобокелдик жана жоопкерчилик алат.

7.4.     Тутумдун оператору келип чыгуусу үчүн Тутумдун оператору күнөөлүү болбогон техникалык платформалардын жана транспорттук түйүндөрдүн же байланыш түйүндөрүнүн иштөөсүндөгү кечигүүлөр жана үзгүлтүктөр үчүн Төлөөчүнүн алдында жооп бербейт. 

7.5.     Төлөөчү тарабынан өзүнүн жеке маалыматтарына башка жактардын мүмкүндүк алуусунун камсыз кылынышы жана/же ачыкка чыгарылышынан улам Төлөөчүгө келтирилген зыян үчүн Тутумдун оператору жооп бербейт.

7.6.     Төлөөчүгө Сатуучулар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын, товарлардын, иштердин сапаты үчүн Тутумдун оператору жооп бербейт.

8. Келишимди түзүү тартиби жана жарамдуулук мөөнөтү

8.1.  Бул Келишим Тутумдун Оператору жана Төлөөчүнүн ортосунда кошулуу келишими формасында (Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 387-беренеси) түзүлөт.

8.2.  Төлөөчү Келишимге анын шарттары менен төлөм терминалынын интерфейсинен таанышып чыккан соӊ, «Улантуу» баскычын басуу же Тутумдун Оператору тарабынан кѳрсѳтүлгѳн акцепт катары эсептелген иш-аракеттерди аткаруу жолу менен кошулат.

8.3.  Келишимдин шарттарынын акцепти Төлөөчүнүн Келишимдин бардык шарттарын эч кандай алып салууларсыз жана/же чектѳѳлѳрсүз толук жана сѳзсүз кабыл алганын билдирет.

8.4.  Келишим белгисиз мөөнөттүн ичинде жана/же Келишимдин шарттарында жана/же КР аракеттеги  мыйзамдарынын ченемдеринде аныкталган негиздер боюнча бузулган учурга чейин жарамдуу.

 

9. Келишимди өзгөртүү жана бузуу

9.1.     Тутумдун Оператору өзгөртүүлөрдү Төлөм терминалынын интерфейсине жарыялоо жолу менен Келишимди бир жактуу тартипте ѳзгѳртүү укугуна ээ. Ѳзгѳртүүлѳр жарыялап жатканда кошумча башка мѳѳнѳт каралбаган учурда, жарыяланган учурдан баштап күчүнѳ кирет. Төлөөчү Келишимдин шарттарынын ѳзгѳртүлүшүнѳ макул болбогон учурда Тутумду колдонуудан баш тартууга укуктуу.

9.2.     Келишимге ѳзгѳртүүлѳр киргизилгенден кийин Төлөөчү тарабынан Тутумдун колдонулушун Тараптар бардык ѳзгѳртүүлѳр менен макул болуу катары кабыл алышат.

9.3.         Келишим бул Келишимде жана/же Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарында белгиленген башка себептер боюнча токтотулушу мүмкүн.

10. Жеке маалыматтар менен иштѳѳ

10.1.      Төлөөчү тарабынан Тутумду колдонууда жана Кызматтардан пайдаланууда жеке маалыматтарын берген учурда, Төлөөчү Тутумдун операторуна Тутумдун оператору тарабынан анын жеке маалыматтарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген формада топтолушуна, иштелип чыгуусуна жана өткөрүлүшүнө макулдугун кошо берүүгө милдеттенет. Мындан тышкары, Төлөөчү Тутумдун операторуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык талап кылынган учурда маалыматтын өткөрүлгөндүгү тууралуу билдирүүнүн формасын өз алдынча белгилөө укугун берет. Төлөөчү өзүнүн макулдугун Тутумдун операторуна жазуу жүзүндө арыз менен кайрылуу аркылуу артка ала алат.   

10.2.  Тутумдун оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Төлөөчүлөрдүн жеке маалыматтарынын купуялуулугун сактоого, Төлөөчүлөрдүн жеке маалыматтарына мыйзамсыз же кокустан ээ болуу, аларды жок кылуу, ѳзгѳртүү, бѳгѳттѳѳ, кѳчүрмѳлѳѳ, башкаларга ѳткѳрүү, жайылтуу коркунучунан жана аларга карата башка мыйзамсыз иш-аракеттерден коргоо үчүн керектүү укуктук, уюштуруу жана техникалык чараларды кѳрүүгѳ милдеттенет.

 

11. Купуялуулук

11.1.  Тутумдун Оператору Төлөөчүнүн Тутумду колдонуусуна байланыштуу ѳзүнѳ белгилүү болгон маалыматтарынын купуялуулугун сактоого милдеттүү. Ал эми мындай купуялуулук маалыматтар тѳмѳнкү мүнѳзгѳ ээ болгон учурларда сакталбайт:

·        Жалпыга жеткиликтүү болгондо;

·        Төлөөчүнүн талабы же уруксатынын негизинде ачыкка чыгарылганда;

·        Төлөм терминалын колдонгон учурда Төлөөчү тарабынан киргизилип жаткан маалыматтардын купуялуулугун камсыздоо боюнча чаралар көрүлбөгөн учурда;

·       Тутумдун Катышуучуларына Келишимди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө берилиши керек болгон учурда;

·        Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча, же кредиттик уюмдардын, соттун же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тийиштүү сурамдарынын негизинде белгилүү болушу талап кылынганда;

·        Келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.

·     Төлөөчү Чекти башка кишилерге берүү же аны жоготуп алуу Төлөөчүнүн купуя маалыматтарынын башка кишилер тарабынан уруксатсыз колдонулушуна байланыштуу тобокелдикке жол ача тургандыгынан кабардар экенин тастыктайт.

12. Алдамчылык

12.1.Бул Келишимдин шарттарына таасир этүүсү мүмкүн болгон алдамчылык фактылары келип чыккан учурда, алдамчылыктын натыйжасында жаралган бардык талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.

13. Штаттык эмес абалдар

13.1. Төлөм тутумунун/төлөм инфраструктурасынын иштөө эрежелери менен технологияларына кирбеген жана чечилиши кызматкерлердин атайын уюштурулган иш-аракетин талап кылган штаттык эмес абалдар же тутумдук тобокелдиктер келип чыккан учурда, Оператор Төлөөчүлөргө төлөмдөрдү өткөрүүдө тыныгуулар болуп жаткандыгы тууралуу көйгөй жаралган мезгилден тартып 24 (жыйырма төрт) сааттын ичинде жалпыга ачык маалымат булактарына тийиштүү маалыматты жайгаштыруу жолу менен билдирүүгө милдеттүү.    

13.2. Штаттык эмес абал аяктаганда Оператор Төлөөчүлөргө Тараптардын өз ара аракеттешүүсүнө байланыштуу келип чыккан көйгөйлөрдүн жоюлгандыгы тууралуу көйгөй чечилген мезгилден тартып 24 (жыйырма төрт) сааттын ичинде жалпыга ачык маалымат булактарына тийиштүү маалыматты жайгаштыруу жолу менен билдирүүгө милдеттүү.

13.3. Штаттык эмес абалдын келип чыгуу фактысына карабастан Төлөмдү аяктатуу боюнча бардык операциялар Оператор тарабынан аткарылууга тийиш.

 

14. Форс-мажор

14.1.      Эгер милдеттерин аткарбоо Келишимди түзгөндөн кийин Тараптардын бири дагы  алдын ала билбеген, акылга сыярлык чаралар менен алдын ала жоюу мүмкүн болбогон  өзгөчө кырдаал мүнөзүндөгү окуялардын натыйжасында жеӊилгис күчтүн кесепети (форс-мажор)  болуп саналса, ар бир Тарап Келишим боюнча милдеттерин таптакыр аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.

14.2.      Жеӊилгис күчтүн таасирине кабылган Тарап көрсөтүлгөн окуялар болгон күндөн кийинки күндөн кеч эмес мезгилдин ичинде бул жөнүндө экинчи Тарапка маалымдоого милдеттүү. Мында Келишимдин иштөө мөөнөтү мындай окуялардын жарамдуу мөѳнөтүнө, бирок жеӊилгис күчтүн жагдайы жаралган күндөн тартып 2 (эки) айдан көп эмес мөөнөткө убактылуу токтотулат, андан кийин бул Келишим бузулду деп эсептелет, ал эми Келишим боюнча милдеттер мындай күчтүн таасири токтогондон кийин аткарылууга тийиш.

ПРОЦЕДУРА РАССМОТРЕНИЯ ОБРАЩЕНИЙ ПОЛЬЗОВАТЕЛЕЙ КАРТ ДОСТУПА К ЭЛЕКТРОННОМУ КОШЕЛЬКУ «О!ДЕНЬГИ»

Процедура рассмотрения обращений пользователей карт доступа к электронному кошельку «О!Деньги»(далее Процедура) ОсОО «Грин Телеком Сервис» (далее Оператор) разработана в целях защиты прав и законных интересов потребителей и определяет порядок приема, регистрации, учета и рассмотрения жалоб, предложений, поступающих от клиентов ОПЕРАТОРА, а также устанавливает основные принципы контроля за приемом, исполнения и осуществления обратной связи с клиентами ОПЕРАТОРА по поступившим от них жалобам, предложениям.

Процедура разработана в соответствии требованиями законодательства Кыргызской Республики (далее КР), нормативных правовых актов (далее НПА) Национального Банка Кыргызской Республики (далее НБКР).

Взаимоотношения ОПЕРАТОРА с пользователями строятся в соответствии с законодательством КР и НПА НБКР, включая работу с клиентами, в том числе претензионную работу, которая осуществляется 24/7,

1. ОБЩИЕ ПОЛОЖЕНИЯ

1.1. При предоставлении услуг и рассмотрении обращений потребителей ОПЕРАТОР руководствуется следующими основными принципами:

·      законность, честность, добросовестность, прозрачность, разумность, справедливость, социальная ответственность;

·      уважение и обеспечение прав и законных интересов потребителей, партнерское отношение к ним;

·      обязательность рассмотрения обращений и предоставление результатов их рассмотрения;

·      своевременность, объективность и полнота рассмотрения обращений;

·      равенство потребителей при рассмотрении обращений;

·      обеспечение сохранности и неразглашение сведений, составляющих банковскую тайну.

1.2. Процедура не рассматривает:

·      обращения клиентов ОПЕРАТОР, связанные с вопросами карт доступа к электронному кошельку «О!Деньги»;

·      запросы от государственных органов, не связанные с жалобами клиентов по обслуживанию;

·      запросы, касающиеся судебно-правовых разбирательств.

1.3. Рассмотрение обращений потребителей осуществляется бесплатно. ОПЕРАТОР не вправе лишать или каким-либо образом ограничивать потребителей в возможности обращаться в ОПЕРАТОР. Отказ в принятии обращений не допускается.

1.4. По требованию потребителя ОПЕРАТОР обязано разъяснить ему установленный порядок рассмотрения обращений.

1.5. Обращение потребителя рассматривается в ОПЕРАТОР в порядке, установленном Процедурой. ОПЕРАТОР обязано обеспечить объективное, всестороннее и своевременное рассмотрение обращений и по его результатам информировать заявителей в установленном порядке.

1.6. Обращения потребителей могут быть как устными (по телефону и личном приеме), так и письменными, поступившими нарочно, почтовой связью, на электронную почту ОПЕРАТОР или изложенные в книге жалоб и предложений.

1.7. Во всех обращениях потребителей независимо от формы в обязательном порядке должны указываться фамилия, имя, отчество потребителя, адрес, контактные данные и изложена суть обращения. В письменных обращениях проставляется личная подпись потребителя (кроме поступивших на электронную почту ОПЕРАТОР) и дата обращения.

1.8. Письменное обращение потребителя, в которой не указаны личные и контактные данные, а также почтовый адрес, по которому должен быть направлен ответ, признается анонимным и рассмотрению не подлежит.

1.9. Письменное обращение потребителя, в котором содержатся нецензурные либо оскорбительные выражения, угрозы жизни, здоровью и имуществу работника ОПЕРАТОР, а также членов его семьи, может быть оставлено без рассмотрения.

1.10. Номер телефона ОПЕРАТОР, по которому можно обратиться потребителю, должен быть размещен на информационных стендах и официальном сайте (если имеется) ОПЕРАТОРА.

1.11.  В период обслуживания карт доступа к электронному кошельку «О!Деньги» ОПЕРАТОР по устному или письменному запросу Потребителя в течение трех рабочих дней со дня получения запроса, безвозмездно (предоставляет ему устную или письменную информацию.

2. ПОРЯДОК ПРИЕМА, РЕГИСТРАЦИИ И РАССМОТРЕНИЯ ОБРАЩЕНИЙ ПОТРЕБИТЕЛЕЙ

2.1. В головном офисе и филиалах ОПЕРАТОР (при наличие) назначаются ответственные работники по работе с обращениями потребителей.

2.2. В целях непрерывности и оперативности работы с потребителями ОПЕРАТОР обязан обеспечить возможность их обращений в любом своем офисе.

2.3. Обращения потребителей принимаются в ОПЕРАТОР по следующим каналам связи:

·      по почте (входящая корреспонденция);

·      в виде сообщения через форму обратной связи на сайте ОПЕРАТОР;

·      через Колл-центр (телефон, и иные утвержденные каналы связи);

·      через книгу жалоб и предложений.

2.4. Любой территориальный офис ОПЕРАТОР, кроме головного и филиала, после принятия обращения потребителя передает его ответственному работнику головного офиса или филиала ОПЕРАТОР для регистрации и рассмотрения в установленном порядке.

2.5. Письменное обращение потребителя, поступившее нарочно, почтовой связью или на электронную почту ОПЕРАТОР, либо принятое в ходе личного приема, подлежит регистрации в течение одного рабочего дня (кроме анонимных).

2.6. Все письменные обращения потребителей без исключения должны регистрироваться в журнале учета обращений потребителей, в котором указывается фамилия, имя, отчество потребителя, его почтовый адрес (адрес проживания) и контактные данные, дата получения, краткое описание сути обращения, информация о принятом решении и иные сведения в соответствии с процедурой рассмотрения обращений.

2.7. Журнал учета обращений потребителей должен быть пронумерован, прошнурован, заверен подписью и скреплен печатью ОПЕРАТОРА. Допускается ведение журнала в электронной форме при условии обеспечения полной конфиденциальности и сохранности сведений. Журнал хранится не менее 5 лет.

2.8. Ответственный работник ОПЕРАТОРА ежедневно в конце дня снимает информацию из книги жалоб и предложений (если жалобы поступили), регистрирует на следующий день и передает на рассмотрение руководства и осуществляет контроль над своевременной подготовкой ответа потребителю.

2.9. В случае поступления обращения по электронной почте ОПЕРАТОР не позднее следующего рабочего дня направляет на адрес электронной почты потребителя подтверждение о получении обращения либо потребитель извещается по телефону.

2.10. Все поступившие письменные обращения потребителей первоначально рассматриваются руководителем, иным уполномоченным членом исполнительного органа ОПЕРАТОР или руководителем филиала ОПЕРАТОР.

2.11. Ответственный работник или иной работник ОПЕРАТОР предоставляет потребителю устные консультации по телефону, при необходимости соединяет его по телефону с другими работниками ОПЕРАТОР по компетентности, оказывает содействие в составлении письменного обращения и осуществляет иные функции, предусмотренные процедурой рассмотрения обращений.

2.12. В случае если изложенный в устном обращении потребителя вопрос не требует дополнительного изучения или проведения дополнительной проверки, ответ на обращение может быть дан оперативно, в устной форме, по телефону или в ходе личного приема.

2.13. При устном обращении по телефону, после предварительного уведомления потребителя, может быть проведена аудиозапись беседы для использования при рассмотрении обращения.

2.14. Если вопрос, изложенный в устном обращении, не может быть рассмотрен в оперативном порядке и требует дополнительного изучения, потребителю предлагается изложить обращение в письменной форме с приложением подтверждающих документов в случае необходимости.

2.15. Не допускается поручение рассмотрения обращения работнику ОПЕРАТОР, действия или бездействие которого обжалуются.

2.16. Ответ ОПЕРАТОР потребителю по результатам рассмотрения обращения дается на языке обращения - государственном или официальном языке КР.

2.17. В случае если в ОПЕРАТОР письменно обратились несколько потребителей (коллективное обращение), то ответ направляется на тот адрес, который указан в обращении первым, если иное не указано в самом обращении.

2.18. Письменные обращения потребителей, поступившие в ОПЕРАТОР должны быть рассмотрены в срок не позднее тридцати календарных дней с предоставлением ответа в письменном виде. Документы по результатам рассмотренных жалоб и заявлений (споров) клиентов должны храниться в установленном порядке не менее трех лет.

2.19. Ответ на письменное обращение потребителя подписывается руководителем или уполномоченным членом исполнительного органа ОПЕРАТОР, или руководителем филиала ОПЕРАТОР, и должен содержать четкое обоснование относительно удовлетворения (полного или частичного), отказа в удовлетворении обращения или разъяснение прав и обязанностей потребителя. Ответ должен содержать информацию об ответственном исполнителе и его контактные данные. При необходимости к ответу прилагаются копии документов.

2.20. В случае обоснованности и правомерности обращения потребителя ОПЕРАТОР принимает меры по устранению нарушений, восстановлению прав и законных интересов потребителя либо принятию иных соответствующих мер.

2.21. В случае если в обращении содержатся вопросы, рассмотрение которых не входит в законную компетенцию ОПЕРАТОР, потребителю дается разъяснение о том, куда и в каком порядке ему следует обратиться.

2.22. Повторные обращения потребителей, в которых не приводятся новые доводы или обстоятельства, могут быть оставлены без рассмотрения при условии, что по предыдущим обращениям даны исчерпывающие ответы и приняты все необходимые меры.

2.23. Руководитель или иные уполномоченные члены исполнительного органа ОПЕРАТОР, а также руководители филиалов ОПЕРАТОР обязаны проводить личный прием потребителей в соответствии с утвержденным графиком (по предварительной записи за день до приема клиента), размещенным на официальном сайте (при наличии) и на информационных стендах ОПЕРАТОР. При личном приеме ведется протокол встречи, подписываемый потребителем, либо после обязательного уведомления потребителя осуществляется аудио- или видеозапись встречи.

2.24. Личный прием потребителей проводится также ответственным работником ОПЕРАТОР на постоянной основе. Личный прием потребителей в ОПЕРАТОР осуществляется в зоне, доступной для потребителей, как правило, в специально отведенном помещении (общественная приемная) в рабочие часы ОПЕРАТОР, по предварительной записи за день до приема клиента.

2.25. При личном приеме потребитель предъявляет документ, удостоверяющий его личность.

3. КОНТРОЛЬ ПРИЕМА, РЕГИСТРАЦИИ И РАССМОТРЕНИЯ ОБРАЩЕНИЙ ПОТРЕБИТЕЛЕЙ

3.1. В целях предупреждения возникновения нарушений прав и законных интересов потребителей, повышения качества предоставляемых услуг, а также улучшения организации работы с обращениями потребителей, ОПЕРАТОР обязано обеспечить надлежащий внутренний контроль за порядком рассмотрения обращений, а также на постоянной основе:

·      проводить мониторинг, анализ и обобщение обращений потребителей для выявления и устранения причин, которые явились основанием для обращений;

·      вырабатывать рекомендации по улучшению организации работы с обращениями потребителей;

·      разрабатывать для руководства ОПЕРАТОР предложения о принятии необходимых мер по устранению выявленных нарушений и превентивных мерах по недопущению таких нарушений в деятельности ОПЕРАТОР.

4. ОТВЕТСТВЕННОСТЬ

4.1. Ответственность за выполнение настоящей Процедуры несет каждый сотрудник ОПЕРАТОР в рамках своих служебных обязанностей и полномочий.

4.2. Исполнительное руководство и работники ОПЕРАТОР обязаны сотрудничать и оказывать уполномоченному структурному подразделению НБКР необходимое содействие и помощь в рассмотрении обращений потребителей. Отказ в предоставлении информации, предоставление недостоверной или неполной информации либо иное нарушение требований настоящей Процедуры влечет ответственность ОПЕРАТОР и его должностных лиц в соответствии с законодательством КР и НПА НБКР.

Все что предусмотрено условиями настоящего документа, включая условия для приостановки сервиса и отправки уведомлений участникам процесса в том числе, но не ограничиваясь определяются в Публичной оферте об использовании платежной системы «О!Деньги», где также предусмотрены условия для приостановления сервиса и отправки уведомления процесса в случае выявления рисков/нештатных ситуаций/несанкционированных операция, а также в соответствии с законодательством КР.

«Грин Телеком Сервис» ЖЧКнун

«О!Деньги» тутумун колдонуу жөнүндө

ЖАЛПЫГА АЧЫК ОФЕРТА

(кошулуу келишимин түзүү жѳнүндѳ сунуш)

Бул Жалпыга ачык оферта (мындан ары - «Оферта») мындан ары «Тутумдун Оператору» деп атала турган «Грин Телеком Сервис» жоопкерчилиги чектелеген коомунун (КР Улуттук банкынын лицензиялары: 2017-жылдын «03»-августундагы  №2021030817 жана №3022030817, дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдрахманов көчөсү, 170/2 үй, блок 2) мындан ары «Колдонуучу» деп атала турган 18 (он сегиз) жашка толгон иш-аракетке жѳндѳмдүү жеке жактарга карата мобилдик тиркеме аркылуу «О!Деньги» тѳлѳм тутумун (мындан ары – «Тутум») бул Офертада белгиленген шарттарга ылайык колдонуу жөнүндө келишим түзүү боюнча жалпыга ачык сунушу болуп саналат.

18 (он сегиз) жашка толгон жана ишкердик ишин жүргүзгѳн, ошондой эле жеке ишкер сыпатына ээ болгон иш-аракетке жарамдуу жеке жак менен ишкердик ишин жүргүзүүгѳ байланыштуу тѳлѳмдѳрдү кабыл алуу боюнча Тутумду колдонууга келишим түзүү жѳнүндѳ Жалпыга ачык сунуш бул Офертанын 1-тиркемесинде баяндалган.

«О!Деньги» тутумун колдонуу жөнүндө келишим (мындан ары текст боюнча «Келишим») Колдонуучу бул Офертада белгиленген жана анын Офертанын бардык шарттарын эч бир  чектөөсүз жана кошулуу шарттарынан баш тартуусуз толук жана милдеттүү кабыл алганын (акцепт) тушүндүргөн кыймыл-аракеттерди аткарган учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет жана келишимдин күчүнө ээ болот.

Бул Офертаны кабыл алуу (акцепт) боюнча иш-аракеттерди аткаруу менен Колдонуучу ѳзүнүн укукка жана иш-аракетке жѳндѳмдүүлүгүн, 18 жашка толгонун, жеке ишкердик макамын, ошондой эле Тутумдун Оператору менен келишимдик мамилелерди түзүү боюнча мыйзамдуу укукка ээ болуп, эч кандай чектѳѳ жок экенин тастыктайт. Эгерде Колдонуучу бул Офертанын шарттары менен толук же жарым-жартылай макул болбосо, анда Колдонуучу Тутумду пайдалануудан баш тартууга милдеттүү.

Офертанын мѳѳнѳтү чексиз.

Колдонуучу Офертанын шарттарын кабыл алуу (акцепт) боюнча иш-аракеттерди аткарганга чейин таанышып чыгуусу үчүн Келишимдин аракеттеги версиясы «Мой О!» мобилдик тиркемесинде жана  Тутумдун Операторунун http://www.dengi.kg интернет-сайтында жайгашкан. Колдонуучу бул Оферта боюнча кошумча маалымат, О!Деньги тутумун колдонуу, Келишимди бузуу, Тутумдун операторунун кызматтары үчүн Тарифтер жѳнүндѳ маалымат менен Тутумдун Операторунун http://www.dengi.kg веб-сайтынан тааныша алат.

1.1. 1. Жалпы жоболор

1.2. 1.1.         Терминдер жана аныктамалар:

Абоненттик номер – Колдонуучуга Байланыш кызматтарын кѳрсѳтүү жѳнүндѳ келишим түзүп жатканда мобилдик байланыш Оператору тарабынан бөлүнүп берилген номер, ал боюнча башка абоненттик түзүлүштѳр туташтырылганда телефон тармагына кошулган  абоненттин түзүлүшү идентификацияланат.

Аутентификация – Колдонуучуга берилген идентификатордун ага таандыктыгын текшерүү же аныктыгын ырастоо.

Авторлоштуруу – Колдонуучуга тутумда аткарган ролуна ылайык айрым иш-аракеттерди аткаруу укугун берүү процесси.

Акча каражаттары – банктардын жана/же башка мекемелердин кассаларында, эсептешүүдө, валюталык жана башка эсептерде (товарлар менен кызматтарды сатуучулардын ѳздүк эсептери кошулуп) турган сом жана/же чет өлкөлүк валюталардагы каражаттар, ошондой эле бул Жалпыга ачык офертанын максаттары үчүн «акча каражаттары», «акча каражаттарын которуу» деп контекстке жана тийиштүү кызматтарды көрсөтүү өзгөчөлүктөрүнө жараша «электрондук акчалар» жана «электрондук акчаларга байланышкан» тийиштүү операциялар да түшүндүрүлүшү мүмкүн.

Идентификация – кардар жана кардардын бенефициардык ээси жѳнүндѳ идентификациялык маалыматтарды белгилѳѳ процедурасы.

Идентификатор – субъектинин же мүмкүндүк алуу объектисинин уникалдуу белгиси.

Кирүү коду – «О!Деньги» тутумунда катталуу процессинде Колдонуучу тарабынан белгиленүүчү, Колдонуучуну Аутентификациялоо үчүн дайындалган символдордун уникалдуу топтому.

ТИК/ККМК чаралары – террордук ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (изин жашырууга) каршы күрѳшүү боюнча мыйзамдарды сактоо максатында жүргүзүлгѳн иш-чаралар.

 «Мой О!» мобилдик тиркемеси – Android жана iOS (бирок булар менен гана чектелбестен) операциялык тутумдарынын базасында Тутумдун Колдонуучулары үчүн арналган, «О!Деньги» тутумун интернет байланыштын жардамы менен электрондук акчалар, кошулган банктык карталар, тѳлѳѳчүгѳ товарларды/кызматтарды сатуучуда ачылган ѳздүк эсебине мурда салынган акча каражаттары, аванстар/алдын-ала тѳлѳмдѳр жана алардын бѳлүктѳрүн кайтаруу аркылуу, ошондой эле Тѳлѳмдү ишке ашыруунун  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ыкмалары жана инструменттери аркылуу финансылык транзакцияларды ишке ашыруу максатында колдонуу мүмкүнчүлүгүн берген, онлайн-идентификациядан ѳтүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка сервистерди колдонуу мүмкүнчүлүгүн берген программалык камсыздоо. Колдонуучулар тарабынан пайдаланышы үчүн Программалык камсыздоонун веб-версиясы болушу мүмкүн.

Тутумдун Оператору – Тутумду координациялоо жана анын тийиштүү түрдѳ иштѳѳсүн камсыздоо функцияларын аткарган «Грин Телеком Сервис» ЖЧК.

Тѳлѳм – Тутумдун Оператору тарабынан финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана чыгарып берүү (процессинг, клиринг) боюнча кызматтарды кѳрсѳтүүсү жана Кыргыз Республикасынын тѳлѳм тутуму аркылуу андан ары накталай эмес эсептешүүлѳрдү ѳткѳрүүсү аркылуу Колдонуучу тарабынан кызматтарды, иштерди, товарларды тѳлѳѳ боюнча милдеттерин аткаруу (аванстык тѳлѳм аткаруу кошулуп) максатында Алуучунун же Сатуучунун пайдасына ишке ашырылган акча каражаттарын ѳткѳрүү иш-аракети.

Алуучу – Колдонуучудан тѳлѳмдү алган физикалык жак.

Колдонуучу – ишкердик ишин жүргүзгѳн, Тутумдун Оператору менен ага кошулуу аркылуу келишим түзгѳн, ошондой эле Идентификация процессинен ѳткѳн жана Мобилдик Тиркемеден жеткиликтүү болгон лимиттердин, инструменттердин жана сервистердин алкагында финансылык транзакцияларды (тѳлѳмдѳрдү) ишке ашыруу максатында Тутумду колдонуу укугуна ээ физикалык жакты кошкондо, 18 (он сегиз) жашка толгон, укукка жана иш-аракетке жѳндѳмдүү физикалык жак.

Сатуучу – Колдонуучу анын пайдасына тѳлѳм жүргүзгѳн юридикалык жак же жеке ишкер.

Тѳлѳѳгѳ буйрутма – КолдонуучунунТөлөм жасоо үчүн Тутумдун Катышуучуларынын дарегине так билдирилген жана тийиштүү түрдѳ жолжоболоштурулган тапшырмасы.

«О!Деньги» сайтыТутумдун веб-сайты – «О!Деньги» Тутумунун Операторунун http://www.dengi.kg дареги боюнча Интернет тармагында жайгашкан эркин таанышуу үчүн ачык, жалпыга жеткиликтүү расмий веб-сайты.

 «О!Деньги» Тѳлѳм тутумуТутум – бул келишимдин алкагында: Тутумдун Оператору, Колдонуучулар, Алуучулар жана Сатуучулардын ортосундагы маалыматтык жана технологиялык ѳз ара аракеттешүүнү камсыздаган «О!Деньги» тѳлѳм тутуму.

Тариф - Тутумдун Оператору Бул Келишим боюнча өз милдеттерин аткаруусуна байланышкан Тутумдун Операторунун чыгымдарын компенсациялоо жана/же сыйлоо катарында кошумча алынган акча каражаттарынын белгилүү бир суммасы.

Колдонуучунун түзүлүшү — «О!Деньги» тутумунун Колдонуучусу болуу мүмкүндүгүн берген, «О!Деньги» тутумунун иштѳѳсү жана колдонулушу үчүн минималдуу зарыл болгон талаптарга жооп берген, Колдонуучуга персоналдык компьютерди кошкондо, соӊку жабдуунун Байланыш операторунун байланыш түйүнүнѳ туташуусу аркылуу Тутумдун Операторунун кызматтарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыздаган  Колдонуучу мыйзамдуу негизде ээлик кылган тастыктоодон ѳткѳн колдонуучу (соӊку) жабдуусу.

Тутумдун катышуучусу –Тутумдун Оператору,  Колдонуучу, Сатуучу жана  Тѳлѳм тутумуна кирүү укугуна ээ башка жактар.

1.2.         Тутумдун Оператору Мобилдик тиркемени же башка аппараттык жана программалык камсыздоону индивидуалдуу түрдѳ, анын ичинде Колдонуучунун жашаган же иштеген жерине баруу менен ырастоо боюнча эч кандай кызмат кѳрсѳтпѳйт.

1.3.         Тутумдун веб-сайтында жана/же Мобилдик тиркемеде орун алган бардык маалыматтар менен графикалык сүрѳттѳр Тутумдун Операторунун жана/же анын ѳнѳктѳштѳрүнүн менчиги болуп саналат. Материалдарды басып чыгаруу, ар кандай формада кайра ѳндүрүү Тутумдун Операторунан алдын-ала алынган уруксаттын негизинде гана ишке ашырылышы мүмкүн. Мындай материалдар бир гана маалыматтык, коммерциялык эмес жана жеке максаттарда колдонула алат.

1.3. 1.4.         Бул Офертанын шарттарын кабыл алуу менен Колдонуучу Мобилдик тиркемени орнотууда кѳрсѳтүлгѳн телефон номерине маалыматтык/жарнамалык мүнѳздѳгү материалдардын жѳнѳтүлүшүнѳ макулдугун билдирет.

2. Келишимдин предмети

Бул Келишим Колдонуучунун «Мой О!» Мобилдик тиркемеси аркылуу Алуучулардын же Сатуучулардын пайдасына тиркемеден жеткиликтүү Тѳлѳмдѳрдү ишке ашыруу, ошондой эле кызматтарды алуу жана тѳлѳѳ үчүн «О!Деньги» тутумун Келишимде белгиленген шарттарда колдонуусунун шарттары менен тартибин белгилейт.

3. Тѳлѳмдүн баасы жана тартиби

3.1. Колдонуучу менен эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында – сом менен жүзөгө ашырылат.

3.2. Тутумдун Оператору Колдонуучудан Тариф алууга укуктуу. Тарифтердин өлчөмдөрү, негиздер, Колдонуучу тарабынан тѳлѳѳ шарттары жана мезгили Мобилдик тиркемеде жана Тутумдун веб-сайтында көрсөтүлгөн.

3.3. Тариф Төлөмдүн суммасына карата кошумча алынат (Төлөмдүн суммасына кошулбайт жана Төлөмдүн суммасын азайтпайт) жана Оператордун жоопкерчилигине кирген учурлардан тышкары, калган бардык учурларда кайра кайтарылбайт.

3.4. Эгер Колдонуучу Тариф менен макул болбосо – ал Төлөѳгѳ буйрутманы түзүүдөн баш тартышы керек. Колдонуучу ѳзүнѳ жана/же үчүнчү жактарга бул себепке байланыштуу Тутумду колдонуу мүмкүн болбогондугунан улам келип чыккан кандайдыр бир зыяндын тѳлѳнүшүн талап кылууга укугу жок. Колдонуучу ѳзүнүн Түзүлүшүнѳн жана Мобилдик тиркемеден аткарылган «О!Деньги» тутумун колдонуунун бардык кесепеттери боюнча жоопкерчиликти өзүнө алат. Ушуга байланыштуу Колдонуучу тарабынан жаӊылыш Төлөм жасалган учурда кызмат тийиштүү түрдѳ көрсөтүлдү деп эсептелет жана тѳлѳнгѳн тарифтин суммасы кайтарылбайт.

3.5. Тутумдун Оператору бир жактуу тартипте Тарифти толугу менен же жарым-жартылай ѳзгѳртүүгѳ (кѳбѳйтүүгѳ же азайтууга), жаӊыларын белгилѳѳгѳ, аракеттеги Тарифтерди жоюуга укуктуу. Мында жаӊы ѳзгѳртүүлѳр алар Тутумдун веб-сайтында жарыяланган күндѳн тарта күчүнѳ кирет.  

4. Тутумду колдонуу тартиби

4.1. Мобилдик тиркемеге же Тутумдун веб-сайтына кирүүдө Колдонуучуну авторлоштуруу үчүн Кирүү Коду же Колдонуучунун бармак изи колдонулат. Колдонуучунун ѳзү менен ассоциацияланган авторлоштуруу каражаттарын (камтуу менен, бирок чектелбестен: Кирүү коду ж.б.) колдонуу менен Тутумга кайрылуусу Тутумдун Колдонуучу тарабынан колдонулганын тастыктаган шексиз факт катары кабыл алынат. Мында Колдонуучу менен ассоциацияланган авторлоштуруу каражаттарын пайдалануу аркылуу аткарылган иш-аракеттер Колдонуучунун ѳзү тарабынан аткарылган иш-аракеттер катары эсептелет.

4.2. Төлөмдү жүзөгө ашыруу үчүн Колдонуучу Төлөөгө буйрутманы Тутумдун Операторуна Келишимдин шарттарына ылайык өткөрүп берет.

Тѳлѳѳгѳ буйрутманы даярдоо менен, Колдонуучу Тутумдун Катышуучуларына Тѳлѳмдү аткаруу үчүн милдеттүү жана кайтарылгыс тапшырма (тапшырмаларды) берген болот, тагыраагы:  

4.2.1. Колдонуучунун Тутумдун Операторуна электрондук акчаларды, банктык тѳлѳм картасын, Колдонуучунун аванс/алдын-ала тѳлѳм сыпатында алган жана башка Колдонуучу мыйзамдуу негизде пайдалануу укугуна ээ акча каражаттарын колдонуу аркылуу Сатуучу менен эсептешүү жана/же Алуучунун пайдасына Тѳлѳмдү ишке ашыруу боюнча берген тапшырмасы;

4.2.2. Тѳлѳѳгѳ буйрутма электрондук түрдѳ, Мобилдик тиркемеде же Тутумдун веб-сайтында Тѳлѳм реквизиттеринин талааларын толтуруу жолу менен даярдалып, «Тѳлѳѳ» баскычын басуу же болбосо Тутумдун Оператору тарабынан кѳрсѳтүлгѳн башка иш-аракеттерди аткаруу менен аяктайт. Ошондой эле Колдонуучу Офертанын 4.2.1-пунктунда орун алган тѳлѳѳ жолдорунун бирин белгилейт. Аталган баскычты басуу же Тутумдун Оператору тарабынан кѳрсѳтүлгѳн башка иш-аракеттерди аткаруу Колдонуучунун Тѳлѳѳгѳ буйрутманы түзүүгѳ жана мындай Буйрутманын, Тѳлѳмдүн, Тарифтин жана башка тѳлѳѳ ыкмасынын шарттарын аткарууга карата макулдугун билдирет;

4.2.3. Колдонуучу Колдонуучунун тѳлѳм Субагенти аркылуу алган акча каражаттары менен тѳлѳѳ жолун тандап алган учурда, Колдонуучунун  Тѳлѳѳгѳ буйрутманы даярдоо аркылуу кабыл алынган акча каражаттарын Тутумдун Операторуна анын Сатуучу же Алуучу менен эсептешүүлѳрдү ишке ашыруусу үчүн берген тапшырмасы;

4.3. Колдонуучу Мобилдик тиркемени орнотуу жана электрондук капчыкты толуктоо боюнча иш-аракеттерди аткаруу менен бул Офертага жана электрондук капчыкты колдонуу тартибине ылайык кызматтарды алуу үчүн электрондук акчалардын керектүү кѳлѳмүн сатып алуу жана аларды которуу иш-аракеттерин шексиз кабыл алат жана макулдугун билдирет.

4.4. Тѳлѳмдѳр бул Келишимде белгиленген жана Тутумдун веб-сайтына жана/же Мобилдик тиркемеге жайгаштырылган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген  Тутумдун Операторунун ченемдик документтерине туура келген башка себептер  боюнча да ишке ашырылыш мүмкүн.

4.5. Колдонуучу тарабынан Мобилдик тиркемеден же Тутумдун веб-сайтынан маалыматтарды киргизүү жана «Тѳлѳѳ» баскычын басуу же Тутумдун Оператору тарабынан кѳрсѳтүлгѳн башка иш-аракеттерди аткаруу жолу менен түзүлгѳн Тѳлѳѳгѳ буйрутманы Тараптар Колдонуучунун Тѳлѳмдү аткаруу ниетин жана Тѳлѳѳгѳ буйрутманын аныктыгын ырастоосунун туура жана жетиштүү ыкмасы катары кабыл алышат. Кээ бир учурларда Тутумдун Оператору Колдонуучунун Абоненттик номерине SMS-билдирүү же Мобилдик тиркеменин билдирүүсү сыпатында жѳнѳтүлгѳн кошумча шартбелгинин киргизилишин талап кылышы мүмкүн.

4.6. Ѳз алдынча жана/же шартбелги жана/же «Тѳлѳѳ» баскычын басуу менен чогуу киргизилген Кирүү кодун (же Колдонуучунун бармак изи)  Тараптар ѳз колу менен койгон колтамганын аналогу катары эсептешет. Колдонуучу тарабынан Кирүү кодунун колдонулушу ѳз колу менен койгон кол тамгага барабар юридикалык кесепеттерди жаратат. Колдонуучу же үчүнчү жактар тарабынан каттоодон ѳтүү учурунда Колдонуучу ѳзү дайындап алган Кирүү кодун киргизгенден кийин аткарылган бардык иш-аракеттер түздѳн-түз Колдонуучу аткарган иш-аракеттер деп эсептелип, Колдонуучу тарабынан жазуу жүзүндѳ берилген жана ѳз колу менен кол тамгасын койгон буйрутмаларга барабар болот.  

4.7. Колдонуучу тарабынан Тутумдун Операторуна Кирүү кодунун/шартбелгинин колдонулушуна жана/же аныктыгына, Тутумдун Операторуна жѳнѳткѳндѳн кийин Тѳлѳѳ буйрутмасына же башка документке ѳзгѳртүүлѳр киргизүү фактысына, Оператор тарабынан Тѳлѳѳ буйрутмасын алуу фактысына  байланыштуу доомат коюлган учурда, Колдонуучу дооматка аталган фактыларга карата тийиштүү далилдерди кошо тиркѳѳгѳ милдеттүү.  Далилдер жетиштүү жана мүмкүнчүлүк бар болгон учурда, Тутумдун Оператору, Тутумду колдонуу менен аталган фактылардын бар же жок экендигин текшерет да, коюлган дооматтардын негиздүүлүгү боюнча чечим чыгарат.

4.8. Тѳлѳмдѳрдү алдын ала берилген акцепттин негизинде (кошумча Тѳлѳѳгѳ буйрутма жок эле) талашсыз тартипте аткаруу тѳмѳнкү учурларга таандык:

4.8.1. Колдонуучу тарабынан тѳлѳнѳ турган Тарифтин суммасына;

4.8.2. Колдонуучу тарап болуп саналган башка келишимдер/бүтүмдөр боюнча талашсыз аткарууга жаткан милдеттенменин суммасына;

4.8.3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте электрондук капчыктагы калдыкты (анын бир бѳлүгүн) тѳлѳтүүдѳ;

4.8.4. жаӊылыш тѳлѳм аткарылган учурда электрондук капчыктагы калдыктын кѳбѳйүү же азаюу суммасына;

4.8.5. Келишимдин тийиштүү пункттарындагы себептер боюнча ишке ашырылган акча каражаттарын кайтаруу суммасына;

4.8.6. Колдонуучу тарабынан Офертанын 4.8.4-пунктунда белгиленген акча каражаттарынын суммасынын колдонулушунан келип чыккан Колдонуучунун карыз суммасына;

4.8.7. кээ бир Сатуучулар же Сатуучулардын кээ бир кызматтары үчүн «Автотѳлѳм» кызматын пайдаланууга болот. Анда Колдонуучу Тутумдун Операторуна Колдонуучунун Тѳлѳмдѳрдүн андан аркы кошумча акцепти (макулдугу) жок мезгил-мезгили менен аткарышына макулдугун берүү менен бир эле Тѳлѳѳ буйрутмасын жиберет. Автотѳлѳмдүн мезгилдүүлүгү менен шарттары же Тутумдун веб-сайтына жайгаштырылат, же болбосо Колдонуучу тарабынан «Автотѳлѳмгѳ» буйрутма жиберип жатканда алынган маалыматта кѳрсѳтүлѳт. «Автотѳлѳмдү» Колдонуучу Мобилдик тиркемеден же Тутумдун веб-сайтынан ѳчүрѳ алат.

4.9. Бул Келишимдин шарттарын кабыл алуу менен, Колдонуучу ошол эле учурда Тутумдун Операторуна Офертанын 4.8-пунктунда белгиленген акча каражаттарынын суммалары жана операциялар боюнча алдын-ала берилген акцептти да ырастайт.

4.10. Колдонуучунун Тѳлѳѳгѳ буйрутмасы Тутумдун Оператору тарабынан тѳмѳнкү учурларда аткарылбайт:

4.10.1. Колдонуучу тарабынан бул Келишимдин 5-бѳлүмүндѳ белгиленген чектѳѳлѳр сакталбаганда;

4.10.2. байланыш жок болгондо же Сатуучудан жооп келбегенде, же болбосо Тутумдун Операторунан жана/же Сатуучудан жана/же Байланыш Операторунан суралган кызматтын кѳрсѳтүлүшү техникалык жактан мүмкүн болбогон учурда;

4.10.3. Колдонуучу тѳлѳй турган кызматтардын Сатуучу тарабынан кѳрсѳтүлүшү мүмкүн болбогон учурда;

4.10.4. Тутумдун Операторунда уруксатсыз Тѳлѳѳгѳ буйрутма жиберилгени тууралуу шектенүү пайда болгондо;

4.10.5. Колдонуучуда интернетке кирүү мүмкүндүгү убактылуу жок болгондо же Тѳлѳм тутуму жана/же Тутумдун оператору жана/же Байланыш оператору жана/же Сатуучу менен байланыш болбогон учурда.   Мында тийиштүү мүмкүнчүлүк бар болсо, Тѳлѳѳгѳ буйрутма (буйрутмалар) байланыш же интернет кѳйгѳйлѳрү чечилген соӊ аткарылат. Бул абалда Колдонуучунун Тѳлѳѳгѳ буйрутманы кайра жиберүүсүнѳ зарылдык болбойт.

4.10.6. Сатуучу тийиштүү суммага карата бир эле Тѳлѳм жолу менен ѳткѳрүүнү талап кылганына карабастан, Колдонуучу Тѳлѳмдү бир нече ыкманы колдонуп ишке ашырган учурда;

4.10.7.  Сатуучу тарабынан Колдонуучулардын ѳздүк эсептерин толуктоо суммаларына лимиттер (чектѳѳлѳр) коюлган учурларда;

4.10.8. Тутумдун Операторуна Колдонуучунун Тѳлѳмдѳрдү ѳзүнѳ таандык эмес кошулган банктык картадан жүргүзгѳндүгү тууралуу маалымат келип түшкѳндѳ, Колдонуучу Тутумдун Операторуна ѳзү ээси болбогон акча каражаттарын которуу жѳнүндѳ буйрутма бергенде же болбосо мындай буйрутма акча каражаттарынын ээси тарабынан санкцияланбаган учурда;

4.10.9. террордук ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (изин жашырууга) каршы күрѳшүү боюнча мыйзамдарда каралган учурларда. 

4.11. Тѳлѳѳгѳ буйрутма ийгиликтүү аткарылган учурда Тутумдун Оператору Колдонуучуга Тѳлѳмдүн ишке ашырылгандыгы тууралуу SMS-билдирүү жана/же Колдонуучунун электрондук почтасына жиберилген билдирүү жана/же Тѳлѳм тутумунун билдирүүсү, ошондой эле Тутумда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык реквизиттерди камтыган электрондук документти түзүү аркылуу маалымат берет.

4.12. Тутумдун Оператору Колдонуучудан Сатуучунун пайдасына Тѳлѳѳгѳ буйрутманы ишке ашыруу боюнча милдеттерин Тѳлѳм Тутумдун Оператору тарабынан Тѳлѳм тутумуна ѳткѳрүлгѳн учурдан тартып толугу менен аткарды деп эсептелет. Муну менен бирге, Сатуучунун тутумунда тийиштүү ырастоолор дайындалган болсо, Колдонуучунун Сатуучудагы ѳздүк эсептерине акча каражаттары убактылуу кечигүү менен түшүшү ыктымал.

4.13. Акча каражаттары тѳмѳнкү себептер боюнча кайтарылышы мүмкүн:

4.13.1. Колдонуучу Сатуучунун кызматтарынан баш тартканда Тѳлѳм кайтарылган же болбосо Сатуучудан акча каражаттары кайтарылган башка учурларда. Колдонуучу түздѳн-түз Сатуучуга кайрылганда, Сатуучу тарабынан ишке ашырылат. Колдонуучуга акча каражаттарын кайтаруунун тартиби менен ыкмаларын Сатуучу менен Колдонуучу ѳз алдынча аныкташат.  Акча каражаттарынын кайтарылып берилбешине байланыштуу талаш-тартыштар Тутумдун Операторун катыштырбастан,  Колдонуучу менен Сатуучунун ортосунда чечилүүгѳ тийиш. Бирок, Тутумдун Оператору Колдонуучуга анын акча каражаттарын кайтаруу боюнча кѳмѳктѳшүүгѳ укуктуу, жана Сатуучу менен ѳз ара аракеттешүү аркылуу Сатуучунун эсебинен жана тапшырмасына ылайык акча каражаттарын кайтарууну ишке ашыра алат;

4.13.2. жокко чыгарылган (жаӊылыш) Тѳлѳмдѳрдүн суммасынын кайтарылышы. Мурун жаӊылыштык менен ѳткѳрүлгѳн же техникалык катадан улам ишке ашырылган Тѳлѳмдү жокко чыгарыш үчүн  Тутумдун Операторунун же Тутумдун башка катышуучусунун демилгеси менен аткарылат;

4.13.3. Тутумдун Оператору менен байланышпаган себептерден улам, анын ичинде акча каражаттарын Сатуучуга ѳткѳрүү мүмкүн болбогон же Сатуучу аларды алуудан баш тарткан учурларды кошкондо, ийгиликсиз деп табылган Тѳлѳмдѳрдүн кайтарылышы.

4.14. Колдонуучу ѳз пайдасына Офертанын 4.13-пунктунда кѳрсѳтүлгѳн жолдор менен түшкѳн акча каражаттарынын анын тийиштүү Тѳлѳѳгѳ буйрутманы түзүп жатканда Колдонуучу тандап алган тѳлѳѳ ыкмасына туура келген акча каражаттарынын булагынын калдыгын кошумча Буйрутмасыз жана Колдонуучунун мурда берген макулдугуна (акцептине) ылайык  кѳбѳйтѳ тургандыгына макулдугун билдирет.    

5. Тутумду колдонууга карата чектөөлөр (өзгөчөлүктөр)

5.1. Келишимдин бул 5-бөлүмүндө тизмектелген Тутумду колдонууга карата чектөөлөр (өзгөчөлүктөр) Тутумду колдонуу кызматын талаптагыдай эмес көрсөтүү кырдаалы болуп саналбайт жана Колдонуучунун  Тарифти төлөөдөн баш тартуусу жана/же зыяндардын ордун толтуруу талаптарын билдирүү үчүн негиз  болуп саналбайт.

5.2. Сунушталган кызматтардын тизмеси жана Төлөмдөрдүн лимиттери Колдонуучунун идентификациялоо процедурасынан ѳтүү түрүнѳн (аралыктан же жеке ѳзү барып), ошондой эле Сатуучулар тарабынан белгиленген лимиттерден көз каранды.  

5.3. Тутумдун оператору Колдонуучунун, Тѳлѳѳчүнүн же Алуучунун шектүү аракеттеринин, Колдонуучу тарабынан Келишимдин шарттарынын бузулгандыгы боюнча убактылуу же дайыма жаралган шектенүүлѳрдүн негизинде Сатуучулардын же кызматтардын тизмесине кирүү үчүн жекече чектѳѳлѳрдү коюуга укуктуу.

5.4. Оператор өзүнүн каалоосу боюнча айрым Алуучулардын, Колдонуучулардын, Сатуучулардын пайдасына же Сатуучулардын Кызматтарынын айрым түрлөрү боюнча бир жолку Төлөмдүн максималдуу суммасын, ошондой эле Төлөмдөрдүн бир суткадагы жана бир айдагы жалпы суммасын азайтууга укуктуу.

5.5. Тутумдун Оператору Тѳлѳмдүн ѳткѳрүлүшүн акцептсиз бир жактуу тартипте токтотууга жана аларды Офертанын 4.10.8-пунктунда сыпатталган учурлардын натыйжасында пайда болгон карыздардын же милдеттердин тѳлѳнүшүнѳ багыттоого укуктуу.

5.6. Бир Колдонуучуга (уникалдуу ИСН) 10дон (ондон) ашык эмес электрондук капчык ачса болот.

6. Тараптардын укуктары жана милдеттери

6.1. Колдонуучунун милдеттери:

6.1.1. Колдонуучу катталуу жана идентификация учурунда чындыкка дал келген маалыматтарды берүүгѳ милдеттүү.

6.1.2. Колдонуучуга Тутумдун Оператору менен ѳзүнчѳ келишим түзбѳй туруп Тутумдун жардамы аркылуу ишкердик ишин жүргүзүүгѳ тыюу салынат.

6.1.3. Колдонуучу үчүнчү жактардын Колдонуучунун Кирүү кодун пайдалануу менен Тѳлѳѳгѳ буйрутма түзүүгѳ аракет кылуусун токтотууга жана Колдонуучунун Кирүү кодун, ошондой эле Тутум/Мобилдик тиркеме орнотулган түзүлүшүн үчүнчү жактарга бербѳѳгѳ милдеттүү.

6.1.4. Тутумду колдонууда Колдонуучунун Тутумдун программалык камсыздоосуна жана/же анын ар кандай бѳлүктѳрүнѳ ѳз алдынча же үчүнчү жактардын жардамы менен ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүүсүнѳ тыюу салынат.

6.1.5. Колдонуучу Тутумдун Операторуна Жеке маалыматтарынын (тагыраагы, фамилиясынын, атынын, атасынын атынын; жашаган дарегинин (убактылуу келген жеринин), ѳздүгүн тактаган документтердин реквизиттеринин) ѳзгѳргѳндүгү тууралуу ѳз убагында кабарлап турууга милдеттүү.

6.1.6. Колдонуучу Тутумду мыйзамга каршы келген максаттарда же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган товарлар менен кызматтарды сатып алуу үчүн колдонбоого милдеттүү.

6.1.7. Колдонуучу SIM-картанын жана/же Колдонуучунун Түзүлүшүнүн жоголгондугу/уурдалгандыгы жөнүндө Тутумдун Операторуна кечиктирбестен билдирүүгө милдеттүү.

6.1.8. Тѳлѳм Сатуучунун Тѳлѳмдү бир жолку тѳлѳм жолу менен ишке ашыруу боюнча талабын бузуу аркылуу бир нече тѳлѳмгѳ бѳлүп аткарылган учурда Тутумдун Операторуна тѳлѳмдѳрдү бириктирүү жѳнүндѳ жазуу жүзүндѳ билдирүү.

6.2. Тутумдун Оператору Келишимдин алкагында төмөнкүлөргө болгон укугун сактап калат:

6.2.1. Тутумдун, Тутумдун веб-сайтынын жана Мобилдик тиркеменин каалаган программалык камсыздоосун модификациялоо.

6.2.2. Олуттуу бузулуулар, каталар жана иштен чыгуулар аныкталган учурда, ошондой эле профилактикалык иштерди жүргүзүү жана Тутумга уруксатсыз кирүүнүн алдын алуу максатында Тутумдун иштѳѳсүн камсыздаган программалык жана/же аппараттык каражаттардын ишин убактылуу токтото туруу.

6.2.3. Эгер электрондук капчык же «Агент» подсистемасынын ID эсеби боюнча 180 (бир жүз сексен) календардык күндүн ичинде финансылык операциялар жүргүзүлбөсө жана/же анда акча каражаттары жок болсо, бир жактуу тартипте тийиштүү капчыкты/ID эсепти жабуу. Тутумдун Оператору  180 (бир жүз сексен) календардык күндүн ичинде финансылык транзакциялар жок болгон учурда бир жылдык тейлөө үчүн Тариф белгилеши мүмкүн. Мындай Тарифтин өлчөмү Оператор тарабынан белгиленет жана Тутумдун веб-сайтына жарыяланат. 

6.2.4. Эгер Тутумдун Оператору же тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан Колдонуучулардын Мобилдик тиркеме аркылуу шектүү финансылык операцияларды жүргүзүү фактысы аныкталса, Оператор бир жактуу акцептсиз тартипте тийиштүү чараларды, анын ичинде Мобилдик тиркеме аркылуу тѳлѳмдѳрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн бѳгѳттѳѳ, ал боюнча ар кандай күмѳндүү операцияларды жокко чыгаруу, айрым операцияларды жүргүзүүгө тыюу салуу, акцептсиз тартипте Тѳлѳмдѳрдү эсептен чыгарып салуу жана акча каражаттарын баштапкы менчик ээсине кайтаруу сыяктуу тийиштүү чараларды кѳрүү.

6.2.5. Колдонуучунун Тутумду пайдалануусу Сатуучулардын финансылык коопсуздугуна коркунуч жаратып жатат же жаратышы мүмкүн деп эсептеген учурда, кирүү мүмкүндүгүн чектѳѳ үчүн техникалык зарылдык жана/же Тѳлѳм Тутумунда штаттан тышкары кырдаал келип чыкканда, ликвиддүүлүк коркунучтары, кредиттик/тутумдук/укуктук/юридикалык коркунучтар пайда болгондо,   алдын-ала кабар бербей туруп, бир жактуу тартипте Колдонуучунун Тутумду колдонуу мүмкүндүгүн чектѳѳ.

6.2.6. Колдонуучу Кыргыз Республикасынын мыйзам жоболорун, Келишимдин (бул Жалпыга ачык офертанын) шарттарын, Тутумдун веб-сайтына жайгаштырылган Тѳлѳм тутумунун эрежелерин, байланыш кызматтарын көрсөтүү жѳнүндѳ келишимдин шарттарын бузуп жатса, байланыш жабдууларын, байланыш кызматтарын мыйзамсыз түрдѳ колдонуп жатса, тастыкталбаган Колдонуучу  түзүлүшүн жана/же программалык камсыздоону колдонуп жатса, байланыш каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуп жатса, байланыш каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузса, Колдонуучуга SMS-билдирүү жана/же Колдонуучунун электрондук почтасына билдирүү, Төлөмдүк тутумдун билдирүүсүн жана/же башка бардык ыкмаларды пайдалануу менен кабарлоо аркылуу Колдонуучунун Тутумду колдонуусун бир жактуу тартипте чектѳѳ;

6.2.7. Колдонуучуга SMS-билдирүү жана/же Колдонуучунун электрондук почтасына билдирүү, Мобилдик тиркемеден билдирүү жана/же башка бардык ыкмалар менен алдын ала кабарлоо аркылуу Тутумдун иштѳѳсүн токтото туруу.

6.2.8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда катышуучуларга карата бардык ТИК/ККМК чараларын кѳрүү.

7. Тараптардын жоопкерчилиги

7.1. Бул Келишим боюнча милдеттерин таптакыр аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Тараптар Келишимдин шарттарына жана Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык жооп беришет.  

7.2. Колдонуучу Төлөөгө буйрутманы туура жолжоболоштургандыгы, Төлөм жүргүзүү үчүн  зарыл болгон реквизиттерди (Колдонуучунун Сатуучу менен түзгѳн келишиминин номери, Колдонуучу төлөп жаткан Сатуучунун кызматынын/товарынын аталышы, төлөм жүргүзүлүп жаткан Сатуучунун кызмат көрсөтүү мезгили, Колдонуучунун өздүк эсебинин номери, Төлөмдүн суммасы ж.б.) туура көрсөткөндүгү үчүн толук жана милдеттүү жоопкерчилик алат.

7.3. Тутумдун Оператору Колдонуучудан Тутумдун Операторуна байланышпаган себептерден, анын ичинде SIM-картаны жоготуп алууга байланыштуу билдирүү алганга чейин Колдонуучунун ниетин билдирген абалында кабыл алынды деп эсептелет.

7.4. Колдонуучу Тутумдун Операторунан колдонуу мүмкүндүгү Тутумдун Операторуна байланышпаган, анын ичинде жоголгон SIM-картаны пайдалануу жана/же Кирүү кодун жана/же Колдонуучунун түзүлүшүн башкаларга берген учурларда Тутумдун Оператору тийиштүү билдирүүнү алганга чейин Мобилдик тиркеме аркылуу ѳткѳрүлгѳн Тѳлѳмдѳрдү кайтаруусун талап кылууга укугу жок.

7.5. Колдонуучу Колдонуучунун түзүлүшүнѳ орнотулган Мобилдик тиркеме, ошондой эле Колдонуучунун түзүлүшүнѳ орнотулган тиркемелер менен программалар, же болбосо анын Мобилдик тиркемедеги же Тутумдун веб-сайтындагы   идентификациялык/аутентификациялык/авторизациялык маалыматтарын колдонуу аркылуу, ошондой эле Тутумдун Операторуна Колдонуучудан тийиштүү билдирүү келип түшкѳнгѳ чейин Тутумдун Операторуна байланышпаган себептерден улам колдонуу мүмкүндүгүнѳн ажыраган учурларда Колдонуучунун атынан жасалган бардык иш-аракеттер үчүн тобокелдер менен жоопкерчиликти ѳз мойнуна алат.

7.6. Колдонуучу акча каражаттарынын ээлери тарабынан уруксат берилбеген Тѳлѳмдѳрдү жүргүзүүнүн натыйжасында келип чыккан бардык тобокелдер менен жоопкерчиликти ѳз мойнуна алат.

7.7. Оператор келип чыгуусунда Тутумдун Операторунун күнѳѳсү болбогон техникалык платформалар менен транспорттук түйүндѳрдүн же байланыш түйүндѳрүнүн иштѳѳсүндѳгү кечигүүлѳр менен үзгүлтүккѳ учуроолордон жооптуу эмес.

7.8. Тутумдун Оператору Колдонуучу тарабынан жеке авторизациялык маалыматтарынын, аутентификациялык маалыматтар камтылган SMS мазмунунун, Кирүү кодунун жана жеке маалыматтарынын жарыяланышынан улам келип чыккан ар кандай зыяндар үчүн жооп бербейт.

7.9. Колдонуучу же Тѳлѳѳчү бул Жалпыга ачык офертада жана/же Сатуучулар тарабынан белгиленген талаптар менен шарттарды сактабаган учурда Тутумдун Оператору Тѳлѳмдү ѳткѳрбѳй койгондугу үчүн жооп бербейт.

7.10. Тутумдун Оператору Колдонуучуга Сатуучулар тарабынан сатылган товарлар, иштер, кызматтардын сапаты үчүн жооп бербейт.

8. Келишимди түзүү тартиби жана жарамдуулук мөөнөтү

8.1. Бул Келишим Тутумдун Оператору жана Колдонуучунун ортосунда кошулуу келишими формасында (Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 387-беренеси) түзүлөт.

8.2. Колдонуучу Келишим менен макул экендигин анын шарттары менен Тутумдун веб-сайтынан же Колдонуучунун түзүлүшүнѳ орнотулган Мобилдик тиркемеден таанышып чыккан соӊ, «Ырастоо» баскычын басуу же Тутумдун Оператору тарабынан кѳрсѳтүлгѳн иш-аракеттерди аткаруу аркылуу тастыктайт.   

8.3.  Келишимдин шарттарынын акцепти Тутумдун Колдонуучусунун Келишимдин бардык шарттарын эч кандай алып салууларсыз жана/же чектѳѳлѳрсүз толук жана сѳзсүз кабыл алганын билдирет жана Тутумду колдонуу жѳнүндѳ эки тараптуу жазуу жүзүндѳгү Келишимди түзүү менен барабар.

8.4. Келишим белгисиз мөөнөттүн ичинде жана/же Келишимдин шарттарында жана/же КР аракеттеги  мыйзамдарынын ченемдеринде аныкталган негиздер боюнча бузулган учурга чейин жарамдуу.

9. Келишимди өзгөртүү жана бузуу

9.1.  Тутумдун Оператору Тутумдун веб-сайтына ѳзгѳртүүлѳрдү жарыялоо жолу менен Келишимди бир жактуу тартипте ѳзгѳртүү укугуна ээ. Ѳзгѳртүүлѳр жарыялап жатканда кошумча башка мѳѳнѳт каралбаган учурда, жарыяланган учурдан баштап күчүнѳ кирет. Колдонуучу Келишимдин шарттарынын ѳзгѳртүлүшүнѳ макул болбогон учурда Келишимди аткаруудан баш тартууга укуктуу.

9.2. Келишимге ѳзгѳртүүлѳр киргизилгенден кийин Колдонуучу тарабынан Тутумдун колдонулушун Тараптар бардык ѳзгѳртүүлѳр менен макул болуу катары кабыл алышат.

9.3. Тутумдун Оператору Колдонуучуга болжолдуу Келишимди бузуу күнүнүнѳ чейин 10 (он) календардык күндөн кеч эмес мѳѳнѳттѳ алдын ала билдирүү менен сотко кайрылбастан, бул Келишимди аткаруудан бир жактуу тартипте баш тартууга укуктуу. Тутумдун Оператору мындай билдирүүнү Тутумдун каражаттары аркылуу жөнөтүүгө укуктуу. Келишим аталган билдирүү  жөнөтүлгөндөн кийин 10 (он) календардык күн өткөн соӊ токтотулду деп эсептелет.

9.4. Абоненттик номер деактивацияланган жана/же Колдонуучу менен байланыш кызматтарын кѳрсѳтүү жѳнүндѳ келишим токтотулган учурда Тутумдун Оператору Офертанын 9.3-пунктунда белгиленген мѳѳнѳттѳр менен шарттарды сактабай туруп, бул Келишимди аткаруудан бир жактуу баш тартуу укугуна ээ болот.

9.5. Колдонуучу Тутумдун Операторуна тѳлѳнбѳгѳн карыздары болгон учурлар же Тѳлѳмдѳрдү Мобилдик тиркемеден ѳткѳрүү бул Келишимде белгиленген себептерден улам бѳгѳттѳлгѳн учурлардан тышкары, бардык каалаган учурда Тутумдун Операторуна Келишимди бузуунун болжолдуу күнүнѳ  чейин 10 (он) календардык күндөн кеч эмес мѳѳнѳттѳ бул тууралуу билдирүү менен Келишимди аткаруудан баш тартууга укуктуу. 

9.6. Келишим бул Келишимде жана/же Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарында белгиленген башка себептер боюнча токтотулушу мүмкүн.

10. Жеке маалыматтар менен иштѳѳ

Мобилдик тиркемени кѳчүрүп, орноткондон кийин Идентификатор сыпатында телефон номерин киргизип,  жеке маалыматтарды топтоого, иштеп чыгууга, сактоого жана ѳткѳрүүгѳ макулдуктун текстине берилген шилтеменин астында жайгашкан «Улантуу» баскычын басуу менен, киргизилген телефон номерине SMS-билдирүү менен келген каттоо үчүн кодду киргизген соӊ, «Улантуу» баскычын басуу аркылуу Колдонуучу идентификациядан ѳтүү жана Келишимди аткаруу учурунда берилген жеке маалыматтарынын КР «Жеке маалыматтар жѳнүндѳ» Мыйзамына ылайык топтолушуна, иштелип чыгышына, сакталышына жана ѳткѳрүлүшүнѳ, ошондой эле транс чек аралык ѳткѳрүү кошулуп, үчүнчү жактарга тѳмѳнкү максаттарда ѳткѳрүлүшүнѳ макулдугун берет:

10.1. тизмеси «Мой О!» мобилдик тиркемесинде берилген мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды кѳрсѳтүү максатында,

10.2. банктык кызматтар кошулуп, Мобилдик тиркемеден жеткиликтүү болгон башка кызматтарды кѳрсѳтүү максатында;

10.3. Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында белгиленген процедуралар боюнча идентификациядан ѳткѳрүү максатында;

10.4. жеке маалыматтар менен иштѳѳнү укуктук жѳнгѳ салуу жаатындагы мыйзамдарга каршы келбеген башка максаттарда.

10.5. Бул макулдук Мобилдик тиркеме аркылуу кызматтар кѳрсѳтүлгѳн, жана кѳрсѳтүлгѳн кызматтар жѳнүндѳ маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталган мѳѳнѳт бою жарамдуу.

10.6. Тутумдун Оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Колдонуучулардын жеке маалыматтарынын конфиденциалдуулугун сактоого, Колдонуучулардын жеке маалыматтарына мыйзамсыз же кокустан ээ болуу, аларды жок кылуу, ѳзгѳртүү, бѳгѳттѳѳ, кѳчүрмѳлѳѳ, башкаларга ѳткѳрүү, жайылтуу коркунучунан жана аларга карата башка мыйзамсыз иш-аракеттерден коргоо үчүн керектүү укуктук, уюштуруу жана техникалык чараларды кѳрүүгѳ милдеттенет.  

11. Конфиденциалдуулук

11.1. Тутумдун Оператору Колдонуучунун Тутумду колдонуусуна байланыштуу ѳзүнѳ белгилүү болгон маалыматтарынын конфиденциалдуулугун сактоого милдеттүү. Ал эми мындай конфиденциалдуулук маалыматтар тѳмѳнкү мүнѳзгѳ ээ болгон учурларда сакталбайт:

11.1.1. жалпыга жеткиликтүү;

11.1.2. Колдонуучунун талабы же уруксатынын негизинде маалым болгон;

11.1.3. Тутумдун Катышуучуларына Келишимди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө берилиши керек болгон;

11.1.4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча, же кредиттик уюмдардын, соттун же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тийиштүү сурамдарынын негизинде белгилүү болушу талап кылынган;

11.1.5. Келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурлар.

12. Форс-мажор

12.1. Эгер милдеттерин аткарбоо Келишимди түзгөндөн кийин Тараптардын бири дагы  алдын ала билбеген, акылга сыярлык чаралар менен алдын ала жоюу мүмкүн болбогон  өзгөчө кырдаал мүнөзүндөгү окуялардын натыйжасында жеӊилгис күчтүн кесепети (форс-мажор)  болуп саналса, ар бир Тарап Келишим боюнча милдеттерин таптакыр аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.

12.2. Жеӊилгис күчтүн таасирине кабылган Тарап көрсөтүлгөн окуялар болгон күндөн кийинки күндөн кеч эмес мезгилдин ичинде бул жөнүндө экинчи Тарапка маалымдоого милдеттүү. Мында Келишимдин иштөө мөөнөтү мындай окуялардын жарамдуу мөѳнөтүнө, бирок жеӊилгис күчтүн жагдайы жаралган күндөн тартып 2 (эки) айдан көп эмес мөөнөткө убактылуу токтотулат, андан кийин бул Келишим бузулду деп эсептелет, ал эми Келишим боюнча милдеттер мындай күчтүн таасири токтогондон кийин аткарылууга тийиш.

13. Дооматтарды карап чыгуу жана талаш-тартыштарды чечүү тартиби

13.1. Тутумдун Оператору Кызматтарды таптакыр аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, Колдонуучу сотко кайрылганга чейин Операторго талаш-тартыштарды сотко чейин чечүү тартибинде жазуу жүзүндѳ доомат коюуга милдеттүү.

13.2. Дооматтар кызмат кѳрсѳтүлгѳн же кызмат кѳрсѳтүүдѳн баш тартылган күндѳн тартып 3 айдын ичинде коюлууга тийиш.

13.3. Доомат Тутумдун Оператору тарабынан доомат катталган күндѳн тартып 60 (алтымыш) календардык күндү ашпаган мѳѳнѳттүн ичинде каралып чыгат.

13.4. Доомат толугу менен же жарым-жартылай четке кагылган, же дооматты карап чыгуу үчүн белгиленген мѳѳнѳттүн ичинде жооп ала албаган учурда Колдонуучу сотко доо арыз менен кайрылууга укуктуу. Тутумдун Оператору менен Колдонуучунун ортосундагы бардык талаш-тартыштардын аймактык соттун текшерүүсүнѳ тиешелүүлүгү Тутумдун Операторунун жайгашкан жери боюнча Кыргыз Республикасынын Жарандык-процессуалдык кодексинин 37-беренесине ылайык аныкталат. Ошону менен бирге эле, Колдонуучу соттук териштирүүдѳ расмий (орус) тил колдонула турганын кабыл алат.  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

«Грин Телеком Сервис» ЖЧКнун «О!Деньги» Тутумун колдонуу жѳнүндѳ Жалпыга ачык офертасынын

1-тиркемеси

Ишкердик ишин жүргүзүүгѳ байланыштуу тѳлѳмдѳрдү кабыл алуу үчүн «О!Деньги» Тутумун колдонуу жѳнүндѳ Жалпыга ачык оферта (келишим түзүү жѳнүндѳ сунуш)

Бул Жалпыга ачык оферта (мындан ары - «Оферта») мындан ары «Тутумдун Оператору» деп атала турган «Грин Телеком Сервис» жоопкерчилиги чектелеген коомунун (КР Улуттук банкынын лицензиялары: 2017-жылдын «03»-августундагы  №2021030817 жана №3022030817, дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдрахманов көчөсү, 170/2 үй, блок 2) 18 (он сегиз) жашка толгон жана ишкердик ишин жүргүзгѳн, ошондой эле жеке ишкер сыпатына ээ болгон иш-аракетке жарамдуу жеке жак менен ишкердик ишин жүргүзүүгѳ байланыштуу тѳлѳмдѳрдү кабыл алуу боюнча Тутумду колдонууга келишим түзүү жѳнүндѳ жалпыга ачык сунушу болуп саналат.

Ишкердик ишин жүргүзүүгѳ байланыштуу тѳлѳмдѳрдү кабыл алуу боюнча Тутумду колдонуу жөнүндө келишим (мындан ары текст боюнча «Келишим») бизнес колдонуучусу жеке ишкерлерди идентификациядан ѳткѳрүү боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте идентификациядан ийгиликтүү ѳткѳн жана бул Офертада белгиленген бардык шарттарды эч бир  алып салуусуз жана чектөөсүз кабыл алган учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет жана кошулуу келишиминин күчүнө ээ болот.

Жеке ишкер ѳзү жүргүзгѳн ишкердик иши боюнча тѳлѳмдѳрдү кабыл алганга чейин милдеттүү түрдѳ таанышып чыгуусу үчүн Офертанын аракеттеги редакциясы О!Деньги» тутумун колдонуу жѳнүндѳ жалпыга ачык офертанын 1-тиркемеси катары «Мой О!» мобилдик тиркемесинде жана  Тутумдун Операторунун http://www.dengi.kg интернет-сайтында жайгашкан. Жеке ишкерлер бул Оферта боюнча кошумча маалымат, О!Деньги тутумун колдонуу, Келишимди бузуу, Тутумдун операторунун кызматтары үчүн Тарифтер жѳнүндѳ маалымат менен Тутумдун Операторунун http://www.dengi.kg веб-сайтынан тааныша алат.

14. Бул Офертада колдонулган терминдер жана аныктамалар:

Бизнес колдонуучу – кѳрсѳткѳн кызматтары/аткарган иштери/саткан товарлары үчүн Тѳлѳмдѳрдү бул Офертанын шарттарына ылайык электрондук бизнес капчыгына кабыл алган жеке ишкер.

Тѳлѳѳгѳ буйрутма – Тѳлѳѳчү же Колдонуучу тарабынан Бизнес колдонуучунун пайдасынаТөлөм жасоо үчүн Оператордун дарегине так билдирилген жана тийиштүү түрдѳ жолжоболоштурулган тапшырмасы.

Тѳлѳѳчү – Тѳлѳмдү тѳлѳѳгѳ буйрутма берген Колдонуучу же Колдонуучунун акчага байланыштуу милдеттерин аткаруу максатында Тутум аркылуу Тѳлѳмдү ишке ашырган башка киши.

Электрондук бизнес капчык – ичинде электрондук акчалардын суммасы жана алардын Бизнес колдонуучуга таандыктыгы боюнча маалымат камтылган программалык камсыздоо же башка программалык-техникалык түзүлүш түрүндѳгү электрондук акчаларды сактагыч. Электрондук бизнес капчыкты колдонуу шарттары, анын ичинде лимиттер менен чектѳѳлѳр, юридикалык жактар менен жеке ишкерлердин электрондук акчаларды колдонуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарында белгиленген.   

Тѳмѳнкү текстте орун алган калган терминдер менен аныктамалар «О!Деньги» Тутумун колдонуу жѳнүндѳ жалпыга ачык офертада оурн алган терминдер менен аныктамаларга дал келет.

15. Келишимдин предмети

Бул Келишим Бизнес колдонуучу жүргүзгѳн ишкердик ишинин алкагында кѳрсѳткѳн кызматтар/иштер/товарлар үчүн тѳлѳмдѳрдү кабыл алуу максатында «О!Деньги» Тѳлѳм Тутумун колдонуу шарттары менен тартибин белгилейт.

16. Тѳлѳмдүн баасы жана тартиби

16.1. Тутумдун Оператору Бизнес колдонуучудан Тариф алууга укуктуу. Тарифтердин өлчөмдөрү, негиздер, Колдонуучу тарабынан тѳлѳѳ шарттары жана мезгили бул Офертанын 1-тиркемесинде кѳрсѳтүлгѳн.

16.2. Бизнес колдонуучунун Тарифи Тѳлѳмдүн суммасына кошулат.

16.3. Бизнес колдонуучу электрондук бизнес капчыкта сакталган, тизмеси бизнес капчык үчүн жеткиликтүү лимиттердин алкагында Мобилдик тиркеменин каталогунда орун алган башка Бизнес колдонуучулардын жана товарлар менен кызматтардын сатуучуларынын пайдасына тѳлѳнѳ турган электрондук акчаларды пайдаланууга укуктуу. Мында Бизнес колдонуучу менен Тутумдун Операторунун ортосундагы Бизнес колдонуучу тарабынан тѳлѳмдүн ишке ашырылышы боюнча мамилелери Келишимдин (Тутумдун веб-сайтында жайгашкан «О!Деньги» Тутумун колдонуу жѳнүндѳ жалпыга ачык офертанын) шарттарында аныкталган.

16.4. Тутумдун Оператору Тарифтерди бир жактуу тартипте толугу менен же жарым-жартылай ѳзгѳртүүгѳ (кѳбѳйтүүгѳ же азайтууга), жаӊыларын белгилѳѳгѳ, аракеттеги Тарифтерди жоюуга укуктуу. Муну менен бирге, жаӊы ѳзгѳртүүлѳр алар Тутумдун веб-сайтына жарыяланган күндѳн тарта күчүнѳ кирет.

17. Тутумдуу колдонуу тартиби

17.1. Мобилдик тиркемеге же Тутумдун веб-сайтына кирүүдѳ Колдонуучуну авторлоштуруу үчүн Кирүү коду же Бизнес колдонуучунун бармак изи колдонулат.

17.2. Бизнес колдонуучу ѳзүнүн Кирүү кодунун/шартбелгисинин колдонулушу жана/же аныктыгы, Тутумдун Операторуна жѳнѳткѳндѳн кийин Тѳлѳѳгѳ буйрутмага же башка документке ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү фактысы, Оператордун Тѳлѳѳгѳ буйрутманы алуу фактысы боюнча Тутумдун Операторуна доомат койгон учурда, Колдонуучу дооматка жогоруда белгиленген фактылардын орун алгандыгына карата тийиштүү далилдерди тиркѳѳгѳ милдеттүү.  Далилдер жетиштүү болгон учурда Тутумдун Оператору Тутумду пайдаланып, аталган фактыларды текшерип чыгат да, коюлган дооматтын негиздүүлүгү боюнча чечим чыгарат.

17.3. Бизнес колдонуучунун ишкердик ишин жүргүзүүсүнѳ байланыштуу Тѳлѳмдѳрдү эсепке киргизүү үчүн Тѳлѳѳчү же Колдонуучу Тутумдун Операторуна «О!Деньги» тутумун колдонуу жѳнүндѳ жалпыга ачык офертада жана/же Терминалдык түйүндү колдонуу жѳнүндѳ жалпыга ачык офертада белгиленген тартипте Тѳлѳѳгѳ буйрутманы тапшырат.

17.4. Тѳлѳѳчүнүн же Колдонуучунун Бизнес колдонуучунун пайдасына Тѳлѳмдү ишке ашыруусу үчүн буйрутманы Оператор тѳмѳнкү учурларда аткарбайт:

17.4.1. Тѳлѳѳчү же Бизнес колдонуучу тарабынан бул Келишимдин 5-бѳлүмүндѳ белгиленген чектѳѳлѳр сакталбаганда;

17.4.2. Кызматты кѳрсѳтүү техникалык жактан мүмкүн болбогон учурда;

17.4.3. Тѳлѳмдүн Операторунда Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарында тыюу салынган же аларга каршы келген операциялардын аткарылышы боюнча шектенүүлѳр жаралганда; Бизнес колдонуучуда интернетке кирүү мүмкүндүгү убактылуу жок болгондо же Тѳлѳм тутуму жана/же Тутумдун Оператору менен байланыш жок болгондо.  Мында тийиштүү мүмкүнчүлүк бар болсо, Тѳлѳѳгѳ буйрутма (буйрутмалар) байланыш же интернет кѳйгѳйлѳрү чечилген соӊ аткарылат. Бул абалда Колдонуучунун Тѳлѳѳгѳ буйрутманы кайра жиберүүсүнѳ зарылдык болбойт. Тутумдун Операторуна Колдонуучунун Тѳлѳмдѳрдү ѳзүнѳ таандык эмес кошулган банктык картадан жүргүзгѳндүгү тууралуу маалымат келип түшкѳндѳ, Колдонуучу Тутумдун Операторуна ѳзү ээси болбогон акча каражаттарын которуу жѳнүндѳ буйрутма бергенде же болбосо мындай буйрутма акча каражаттарынын ээси тарабынан санкцияланбаган учурда;

17.4.4. террордук ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (изин жашырууга) каршы күрѳшүү боюнча мыйзамдарда каралган учурларда. 

17.5. Тѳлѳѳгѳ буйрутма ийгиликтүү аткарылган учурда Тутумдун Оператору Бизнес колдонуучуга Тѳлѳмдүн ишке ашырылгандыгы тууралуу SMS-билдирүү жана/же Колдонуучунун электрондук почтасына жиберилген билдирүү жана/же Тѳлѳм тутумунун билдирүүсү, ошондой эле Тутумда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык реквизиттерди камтыган электрондук документти түзүү аркылуу маалымат берет.

17.6. Тутумдун Оператору Колдонуучудан же Тѳлѳѳчүдѳн Бизнес колдонуучунун пайдасына Тѳлѳѳгѳ буйрутманы ишке ашыруу боюнча милдеттерин Тѳлѳмдүн суммасы Тѳлѳѳчүнүн же Колдонуучунун кѳрсѳтүлгѳн булагынан алынып, Бизнес капчыктын калдыгы тѳлѳмдүн суммасына кѳбѳйгѳн учурдан тартып толугу менен аткарды деп эсептелет.

17.7. Акча каражаттары тѳмѳнкү себептер боюнча кайтарылышы мүмкүн:

17.7.1. Колдонуучуга же Тѳлѳѳчүгѳ акча каражаттарынын кайтарылып берилишинин тартиби менен ыкмаларын  Бизнес колдонуучу, Колдонуучу жана/же Тѳлѳѳчү ѳз алдынча аныктап алышат.  Акча каражаттарынын кайтарылып берилбешине байланыштуу талаш-тартыштар Тутумдун Операторун катыштырбастан чечилүүгѳ тийиш. Тутумдун Оператору жагдайга жараша, тийиштүү кайрылуунун негизинде Бизнес колдонуучуга да, Колдонуучуга жана/же Тѳлѳѳчүгѳ да кѳмѳк кѳрсѳтүүгѳ укуктуу. Бул абалда Тутумдун Оператору Бизнес колдонуучудан, Колдонуучудан жана/же Тѳлѳѳчүдѳн жазуу жүзүндѳ кайрылуу берүүсүн талап кыла алат;

17.7.2. Жокко чыгарылган (жаӊылыш) Тѳлѳмдѳрдүн суммасы мурда жаӊылыштык менен же техникалык каталардан улам ѳткѳрүлгѳн Тѳлѳмдү жокко чыгарууга байланыштуу Тутумдун Операторунун же Тутумдун башка катышуучусунун демилгеси менен кайтарылат.  

18. Тутумду колдонууга карата чектөөлөр (өзгөчөлүктөр)

18.1. Келишимдин бул 5-бөлүмүндө тизмектелген Тутумду колдонууга карата чектөөлөр (өзгөчөлүктөр) Тутумду колдонуу кызматын талаптагыдай эмес көрсөтүү кырдаалы болуп саналбайт жана Бизнес колдонуучунун  Тарифти төлөөдөн баш тартуусу үчүн негиз  болуп саналбайт.

18.2. Оператор тобокелдерди ички баалап чыгуунун натыйжалары боюнча кээ бир Бизнес колдонуучулардын пайдасына же айрым кызмат түрлѳрү боюнча бир жолку Тѳлѳмдүн максималдуу суммасын, ошондой эле суткасына жана айына тѳлѳнчү Тѳлѳмдѳрдүн жалпы суммасын ѳз алдынча азайтуу укугуна ээ.  

18.3. Тутумдун Оператору Оператору Тѳлѳмдүн ѳткѳрүлүшүн акцептсиз бир жактуу тартипте токтотууга жана аларды «О!Деньги» тутумун колдонуу жѳнүндѳ жалпыга ачык офертанын 4.10.8-пунктунда сыпатталган учурлардын натыйжасында пайда болгон карыздардын же милдеттердин тѳлѳнүшүнѳ багыттоого укуктуу.

19. Тараптардын укуктары жана милдеттери

19.1. Бизнес колдонуучунун милдеттери:

19.1.1. Жеке ишкерлик макамын тастыктаган документтерди, ошондой эле талап кылынган учурда Бизнес колдонуучунун ишкердик ишин жүргүзгѳндүгүн тастыктаган документтерди берүү;

19.1.2. идентификациядан ѳтүү учурунда чындыкка дал келген маалыматтарды берүү;

19.1.3. Кирүү коддорунун үчүнчү жактар тарабынан колдонулушуна жол бербѳѳ жана Кирүү коддорун башкаларга бербѳѳ;

19.1.4. Тутумду колдонууда Бизнес колдонуучунун Тутумдун программалык камсыздоосуна жана/же анын кайсы бир бѳлүгүнѳ ѳз алдынча же үчүнчү жактарды тартуу менен кандайдыр бир ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүүсүнѳ тыюу салынат.

19.1.5. Бизнес колдонуучу Тутумдун Операторуна Жеке маалыматтарынын (тагыраагы, фамилиясынын, атынын, атасынын атынын; жашаган дарегинин (убактылуу келген жеринин), ѳздүгүн тактаган документтердин реквизиттеринин), ошондой эле жеке ишкердигин тастыктаган маалыматтардын ѳзгѳргѳндүгү тууралуу ѳз убагында кабарлап турууга милдеттүү.

19.1.6. Бизнес колдонуучу Тутумду мыйзамга каршы келген максаттарда же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган товарлар менен кызматтарды сатып алуу үчүн колдонбоого милдеттүү.

19.1.7. Бизнес колдонуучу SIM-картанын жана/же Колдонуучунун Түзүлүшүнүн жоголгондугу/уурдалгандыгы жөнүндө Тутумдун Операторуна кечиктирбестен билдирүүгө милдеттүү.

19.1.8. Бизнес колдонуучу ТИК/ККМК чараларынын алкагында операциялар кошулуп, шек жараткан бардык операцияларды каттап, алар тууралуу дароо Тутумдун Операторуна кабарлоого милдеттүү.

19.2. Тутумдун Оператору Келишимдин алкагында төмөнкүлөргө болгон укугун сактап калат:

19.2.1. Тутумдун, Тутумдун веб-сайтынын жана Мобилдик тиркеменин каалаган программалык камсыздоосун модификациялоо.

19.2.2. Олуттуу бузулуулар, каталар жана иштен чыгуулар аныкталган учурда, ошондой эле профилактикалык иштерди жүргүзүү жана Тутумга уруксатсыз кирүүнүн алдын алуу максатында Тутумдун иштѳѳсүн камсыздаган программалык жана/же аппараттык каражаттардын ишин убактылуу токтото туруу.

19.2.3. Эгер электрондук бизнес капчык боюнча 180 (бир жүз сексен) календардык күндүн ичинде финансылык операциялар жүргүзүлбөсө жана/же анда акча каражаттары жок болсо, Оператор бир жактуу тартипте тийиштүү капчыкты жаап коюуга укуктуу. Оператор  180 (бир жүз сексен) календардык күндүн ичинде финансылык транзакциялар жок болгон учурда бир жылдык тейлөө үчүн Тариф белгилеши мүмкүн. Комиссиянын өлчөмү Оператор тарабынан белгиленет жана Тутумдун веб-сайтына жарыяланат.

19.2.4. Эгер Тутумдун Оператору же тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан Бизнес колдонуучулардын электрондук капчыктар боюнча шектүү финансылык операцияларды жүргүзүү фактысы аныкталса, Оператор бир жактуу акцептсиз тартипте тийиштүү чараларды кѳрүүгѳ, анын ичинде Бизнес колдонуучу үчүн Мобилдик тиркемени бѳгѳттѳѳгѳ, ал боюнча ар кандай күмѳндүү операцияларды жокко чыгарууга, айрым операцияларды жүргүзүүгө тыюу салууга, акча каражаттарын баштапкы менчик ээсине кайтарууга, ошондой эле териштирүүнүн натыйжасы боюнча тийиштүү капчыкты жаап салууга укуктуу.  

19.2.5. Бизнес колдонуучунун Тутумду пайдалануусу Сатуучулардын финансылык коопсуздугуна коркунуч жаратып жатат же жаратышы мүмкүн деп эсептеген учурда  Бизнес колдонуучунун Тутумду колдонуу мүмкүндүгүн бир жактуу тартипте чектѳѳгѳ укуктуу.

19.2.6. Тутумдун Операторуна Колдонуучунун Тѳлѳмдѳрдү ѳзү ээлик кылбаган башка кошулган карта аркылуу жүргүзгѳндүгү тууралуу маалымат келип түшкѳндѳ, же болбосо Колдонуучу Тутумдун Операторуна ѳзү ээ болбогон акча каражаттарын которууга буйрутма берген же мындай буйрутмалар акча каражаттарынын ээси тарабынан сакцияланбаган учурларда Тутумдун Оператору тѳлѳмдѳрдү кабыл алууну, Бизнес колдонуучунун капчыгына ѳткѳрүүнү чектѳѳгѳ жана/же токтотууга укуктуу;

19.2.7. Тутумдун Оператору Бизнес колдонуучу Кыргыз Республикасынын мыйзам жоболорун, “О!Деньги” тутумун колдонуу жѳнүндѳ жалпыга ачык офертанын, бул Келишимдин шарттарын, Тутумдун веб-сайтына жайгаштырылган Тѳлѳм тутумунун эрежелерин, байланыш кызматтарын көрсөтүү жѳнүндѳ келишимдин шарттарын бузуп жатса, байланыш жабдууларын мыйзамсыз түрдѳ колдонуп жатса, тастыкталбаган Колдонуучу  түзүлүшүн жана/же программалык камсыздоону колдонуп жатса, Колдонуучуга SMS-билдирүү жана/же Колдонуучунун электрондук почтасына билдирүү, Төлөмдүк тутумдун билдирүүсүн жана/же башка бардык ыкмаларды пайдалануу менен кабарлоо аркылуу Бизнес колдонуучунун Тутумду колдонуусун бир жактуу тартипте чектѳѳгѳ укуктуу.

19.2.8. Тутумдун Оператору Колдонуучуга SMS-билдирүү жана/же Колдонуучунун электрондук почтасына билдирүү, Мобилдик тиркемеден билдирүү жана/же башка бардык ыкмалар менен алдын ала кабарлоо аркылуу Тутумдун иштѳѳсүн токтото турууга укуктуу.

19.2.9. Тутумдун Оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда катышуучуларга карата бардык ТИК/ККМК чараларын кѳрүүгѳ укуктуу.

20. Тараптардын жоопкерчилиги

20.1. Бул Келишим боюнча милдеттерин таптакыр аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Тараптар Келишимдин шарттарына жана Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык жооп беришет.

20.2. Бизнес колдонуучу Төлөөгө буйрутманы туура жолжоболоштургандыгы, Төлөм жүргүзүү үчүн  зарыл болгон реквизиттерди туура көрсөткөндүгү, ошондой эле Тѳлѳмдү ѳткѳрүүдѳгү чектѳѳлѳр менен лимиттер боюнча туура маалымат бергендиги үчүн толук жана милдеттүү жоопкерчилик алат.

20.3. Бизнес колдонуучу Бизнес колдонуучунун түзүлүшүнѳ орнотулган жана Тутумдун Операторуна байланышпаган себептерден улам колдонууга мүмкүн болбой калган Мобилдик тиркеме аркылуу үчүнчү жактар тарабынан жасалган бардык иш-аракеттери үчүн тобокелдер менен жоопкерчиликти ѳз мойнуна алат. Ошондой эле, Бизнес колдонуучу анын түзүлүшүнѳ орнотулган тиркемелер менен программалар, же болбосо анын Мобилдик тиркемедеги же Тутумдун веб-сайтындагы   идентификациялык/аутентификациялык/авторизациялык маалыматтарын колдонуу аркылуу үчүнчү жактар тарабынан жасалган бардык иш-аракеттер үчүн, ошондой эле Тутумдун Операторуна Колдонуучудан тийиштүү билдирүү келип түшкѳнгѳ чейин Тутумдун Операторуна байланышпаган себептерден улам колдонуу мүмкүндүгүнѳн ажыраган учурларда жоопкерчиликти ѳз мойнуна алат.

20.4. Оператор келип чыгуусунда Тутумдун Операторунун күнѳѳсү болбогон техникалык платформалар менен транспорттук түйүндѳрдүн же байланыш түйүндѳрүнүн иштѳѳсүндѳгү кечигүүлѳр менен үзгүлтүккѳ учуроолордон улам Бизнес колдонуучунун алдында жооп бербейт.

20.5. Тутумдун Оператору Бизнес колдонуучу тарабынан жеке авторизациялык маалыматтарынын, аутентификациялык маалыматтар камтылган SMS мазмунунун, Кирүү кодунун жана жеке маалыматтарынын жарыяланышынан улам келип чыккан Бизнес колдонуучу тарткан ар кандай зыяндар үчүн жооп бербейт.

21. Келишимди түзүү тартиби жана жарамдуулук мөөнөтү

21.1. Бул Келишим Тутумдун Оператору жана Бизнес колдонуучунун ортосунда кошулуу келишими формасында (Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 387-беренеси) түзүлөт.

21.2. Келишимдин акцепти анын шарттары менен Тутумдун веб-сайтынан же Колдонуучунун түзүлүшүнѳ орнотулган Мобилдик тиркемеден таанышып чыккан соӊ, «Ырастоо» баскычын басуу же Тутумдун Оператору тарабынан кѳрсѳтүлгѳн иш-аракеттерди аткаруу аркылуу жүзѳгѳ ашат.

21.3. Келишимдин шарттарынын акцепти Келишимдин бардык шарттарынын эч кандай алып салууларсыз жана/же чектѳѳлѳрсүз толук жана сѳзсүз кабыл алынганын билдирет жана Тутумду колдонуу жѳнүндѳ эки тараптуу жазуу жүзүндѳгү Макулдашууну түзүү менен барабар.

21.4. Келишим белгисиз мөөнөттүн ичинде жана/же Келишимдин шарттарында жана/же КР аракеттеги  мыйзамдарынын ченемдеринде аныкталган негиздер боюнча бузулган учурга чейин жарамдуу.

22. Келишимди өзгөртүү жана бузуу

22.1. Тутумдун Оператору Тутумдун веб-сайтына ѳзгѳртүүлѳрдү жарыялоо жолу менен Келишимди бир жактуу тартипте ѳзгѳртүү укугуна ээ. Ѳзгѳртүүлѳр жарыялап жатканда кошумча башка мѳѳнѳт каралбаган учурда, жарыяланган учурдан баштап күчүнѳ кирет. Бизнес колдонуучу Келишимдин шарттарынын ѳзгѳртүлүшүнѳ макул болбогон учурда Келишимди аткаруудан баш тартууга укуктуу.

22.2. Келишимге ѳзгѳртүүлѳр киргизилгенден кийин Бизнес колдонуучу тарабынан Тутумдун колдонулушун Тараптар бардык ѳзгѳртүүлѳр менен макул болуу катары кабыл алышат.

22.3. Тутумдун Оператору Колдонуучуга болжолдуу Келишимди бузуу күнүнүнѳ чейин 10 (он) календардык күндөн кеч эмес мѳѳнѳттѳ алдын ала билдирүү менен сотко кайрылбастан, бул Келишимди аткаруудан бир жактуу тартипте баш тартууга укуктуу. Тутумдун Оператору мындай билдирүүнү Тутумдун каражаттары аркылуу жөнөтүүгө укуктуу. Келишим аталган билдирүү  жөнөтүлгөндөн кийин 10 (он) календардык күн өткөн соӊ токтотулду деп эсептелет.

22.4. Бизнес колдонуучу Тутумдун Операторуна тѳлѳнбѳгѳн карыздары болгон учурлардан тышкары, бардык каалаган учурда Тутумдун Операторуна Келишимди бузуунун болжолдуу күнүнѳ  чейин 10 (он) календардык күндөн кеч эмес мѳѳнѳттѳ бул тууралуу билдирүү менен сотко кайрылбастан Келишимди аткаруудан баш тартууга укуктуу.

22.5. Келишим бул Келишимде жана/же Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарында белгиленген башка себептер боюнча токтотулушу мүмкүн.

 

 

Ишкердик ишин жүргүзүүгѳ байланыштуу тѳлѳмдѳрдү

кабыл алуу үчүн «О!Деньги» тутумун колдонуу жѳнүндѳ жалпыга ачык офертанын

1-тиркемеси

 

Бизнес колдонуучу үчүн тариф

Тѳлѳмдүн суммасына карата тарифтин ѳлчѳмү

0

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

«Грин Телеком Сервис» ЖЧКнын «О!Деньги» Тутумун колдонуу жөнүндө Жалпыга ачык офертасынын

2-тиркемеси

 

«О!ДЕНЬГИ» ЭЛЕКТРОНДУК КАПЧЫГЫН ПАЙДАЛАНУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮН КАМСЫЗ КЫЛГАН КАРТАСЫН КОЛДОНУУ МЕНЕН КАРТАЛЫК ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮДӨ «О!ДЕНЬГИ» ТУТУМУН КОЛДОНУУ ЖӨНҮНДӨ

 

ЖАЛПЫГА АЧЫК ОФЕРТА (КЕЛИШИМ ТҮЗҮҮ ЖӨНҮНДӨ СУНУШ)

 

Бул «О!Деньги» электрондук капчыгын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасын колдонуу менен карталык операцияларды жүргүзүүдө «О!Деньги» Тутумун колдонуу жөнүндө Жалпыга ачык оферта (келишим түзүү жөнүндө сунуш) жеке жактарга даректелген, «О!Деньги» электрондук капчыгын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасын колдонуу менен карталык операцияларды жүргүзүүдө «О!Деньги» Тутумун колдонуу жөнүндө келишимди түзүүгө Оператордун расмий жалпыга ачык сунушу болуп саналат, «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» Жобого ылайык атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-жылдын 22-октябрындагы №7003201022 лицензиясына ылайык, жана Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 398-беренесинин 2 бөлүгүнө ылайык, кармоочусуна төлөмдөрдү жүргүзүүгө, нак акча алууга жана Оператор тарабынан аныкталган башка операцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берген «О!Деньги» электрондук капчыгын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасын Колдонуучуга-жеке жакка берүү тартибин аныктаган төмөндө көрсөтүлгөн шарттарда Оператор менен «О!Деньги» электрондук капчыгын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган карталарын чыгаруу, «О!Деньги» электрондук капчыгын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасын колдонуу менен карталык операцияларды жүргүзүү келишимин (мындан ары - Келишим) түзүүгө «Грин Телеком Сервис» ЖЧКнын сунушу болуп саналат.

Бул Офертада каралган шарттарда, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 394-беренесине, 395-беренесинин 3-пунктуна ылайык Оператордун формасы боюнча «О!Деньги» электрондук капчыгын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасын чыгарууга талаптагыдай толтурган жана кол тамгасын койгон Колдонуучунун Арызын Оператор алган учурдан тартып жана/же www.dengi.kg сайтында жана/же «Мой О!» мобилдик тиркемесинде жарыяланган Оператордун электрондук кол тамгасын таануу жана колдонуу жөнүндө Оператордун ички ченемдик актыларында жана бул Офертада каралган тартипте бул Офертаны кабыл алуу (Акцепт) жөнүндө жоопту Оператор алган учурдан тартып Келишим түзүлдү деп саналат, бул болсо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана Оператордун ички ченемдик документтерине ылайык банктык тейлѳѳ үчүн керектүү документтерди/маалыматты Колдонуучу берген шартта Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 399-чу, 402-беренелерине ылайык бул Офертанын толук жана кынтыксыз акцептисин, Оператордун www.dengi.kg сайтында жана/же «Мой О!» мобилдик тиркемесинде жайгаштырылган бул Офертанын бардык шарттарын Колдонуучу кабыл алгандыгын билдирет.

Бул Келишимге кошулуп жатып Колдонуучу бул шарт менен төмөнкү тууралуу кабарланат: КРУБдун №7003201022 мөөнөттүү Лицензиясына ылайык «Грин Телеком Сервис» ЖЧКсы атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында виртуалдык карталардын жана/же физикалык алып жүрүүчүдөгү карталардын формасындагы «О!Деньги» электрондук капчыктарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган төлөм карталарын чыгарууга (эмиссиялоого) кызмат көрсөтүүнү жана банктык операцияны тестирлөөнү жүргүзүүгө укуктуу. КРУБдун тестирлөөнү токтотуу тууралуу чечимин/кабарламасын алган учурда Оператор тестирлөөнүн алкагындагы жүргүзүлүүчү операцияларды ишке ашырууну токтотууга укуктуу, ошондой эле Колдонуучуларга Тестирлөө кызматтарын көрсөтүүнү токтотуу боюнча чараларды кошумча аныктоого укуктуу.

1.          ТЕРМИНДЕР ЖАНА АНЫКТАМАЛАР

Бул Келишимдин же башка келишимдин түздѳн түз текстинде башка чечмелөө камтылбаса, бул Келишимдин текстинде колдонулуучу, баш тамгадан башталган терминдер бул бѳлүмдѳ берилген чечмелөөгө ээ:

1.1.     Виртуалдык карта – физикалык алып жүрүүчүүсүз жана интернет-сатып алууларга арналган, «Мой О!» мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук түрдө чыгарылган атайын Карта, ал ПОС-терминалдар аркылуу сатып алууларды төлөө үчүн жана банкоматтан нак акча чыгаруу үчүн арналган эмес.

1.2.     VISA ЭТС Вируталдык картасы – бул «Мой О!» мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук түрдө чыгарылган физикалык алып жүрүүчүүсүз VISA GOLD атайын Картасы, ал «О!Деньги» электрондук капчыгын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган карта болуп саналат. VISA ЭТС Вируталдык картасынын балансы «О!Деньги» электрондук капчыгынын балансына барабар. Виртуалдык карта 5 жылдык мөөнөткө тиркеме аркылуу физикалык алып жүрүүчүсүз чыгарылат. Тиркемеден тийиштүү командалар аркылуу маалыматтарды суроо инициациялангандан кийин картанын номери жана CVV код сыяктуу картанын маалыматтары Картанын Кармоочусуна тиркемеден көрсөтүлөт. VISA ЭТС Вируталдык картасы Google Pay’ге, Garmin Pay’ге байлоого мүмкүндүк берет, жана NFC функциясы бар смартфондордун/акылдуу сааттардын жардамы менен соода түйүндөрүнөн контактсыз төлөм жүргүзүүгө жана NFC’ни колдогон жабдуулардан акча каражаттарын чыгарып алууга мүмкүндүк берет.

1.3.     Колдонуучу (Картанын Кармоочусу) – бул О!Деньги электрондук капчыгынын Колдонуучусу, бул Келишимдин негизинде Картаны колдонуу менен Карталык операцияларды жүргүзүүгө укуктуу, Картага ээлик кылган бул Офертаны/Келишимди акцепттеген жеке жак.

1.4.     Интернет сатып алуулар – бул Интернет аркылуу товарларды же кызматтарды сатып алуу же брондоо боюнча Карталык операция, ал Картанын же Виртуалдык картанын бардык же айрым маалыматтарын электрондук түрдө киргизүү аркылуу жүргүзүлөт.

1.5.     Карта – атайын жөнгө салуу режиминин алкагында Оператор тарабынан тесттик режимде берилүүчү, Карталык операцияларды аткарууда эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө колдонулучуу төлөм инструменти. Карта анда көрсөтүлгөн жылдын жана айдын аягына чейин жарактуу. Мѳѳнѳтү ѳтүп кеткен карталар жана колдонуу мѳѳнѳтү келе элек Карталар боюнча Карталык операциялар жүргүзүлбѳйт. Оператор чыгарган карта анын менчиги болуп саналат.

1.6.     Карталык операция – товарларды жана кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү тѳлѳѳ, улуттук валютада накталай акча алуу, акча которууларды жүзѳгѳ ашыруу, ошондой эле Перифериялык жабдуулар аркылуу накталай эмес формасындагы эсептешүүлѳр жана Картаны жана анын маалыматтарын пайдалануу менен жүргүзүлүүчү башка операциялар.

1.7.     Кассалык бөлүмдөр – Электрондук акчаларды төлөө (накталатуу) жана жайылтуу боюнча жана Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган Карталарын өз атынан да, коммерциялык банктардын тапшырмасы боюнча да берүү боюнча кызмат көрсөтүү боюнча Колдонуучуларды тейлөө боюнча Оператордун ишмердүүлүгүн кылуучу жай, ал, тизмеси Оператордун www.dengi.kg сайтында жана/же «Мой О!» мобилдик тиркемесинде жайгаштырылган О!Стор сатуу жана тейлөө кеңселеринде уюштурулган.

1.8.     Перифериялык жабдуулар  бул банктык төлөм карталарын жана аралыктан тейлөөнүн башка инструменттерин кабыл алуу жана тейлөө боюнча техникалык инфраструктураны түзгөн терминалдар, банкоматтар, төлөм терминалдары жана башка жабдуулар. Карталардан акча каражаттарын накталатуу жалаң гана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынан жүзөгө ашырылат.

1.9.     Эрежелер – бул Картаны Колдонуучу тарабынан колдонуу жана аны Перифериялык жабдуулардан тейлөө боюнча Оператордун эрежелери жана нускамалары.

1.10.  Тарифтер – бул Оператор тарабынан белгиленген комиссиялар (коюмдар, пайыздар ж.б.у.с.) жана Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган карталарын чыгаруунун алкагында колдонулуучу башка шарттар.

1.11.  Каттоо жазуусу – бул транзакциялардын коопсуз авторлоштуруусунун максатында жана тиркемеге кирүү үчүн телефон номеринин бир реквизитине байланган «О!Деньги» салмасындагы жеке кабинет.

1.12.  Электрондук капчык («О!Деньги» электрондук капчыгы) –. электрондук акчалардын суммасы жана алардын кармоочуга таандыгы жөнүндө жазуусу бар, ошондой эле Колдонуучу тарабынан Карталык операцияларды жүзөгө ашыруунун алкагында Колдонуучуну тейлөөсүн, Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган Карталарын  колдонуу менен бул Келишимде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жана банктык практикада колдонулуучу ишкер жүгүртүм каадаларында каралган төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү кошо, жүзөгө ашырууга байланыштуу Оператор тарабынан операцияларды жүргүзүү боюнча Оператор менен Колдонуучунун ортосундагы келишимдик мамилелерин чагылдыруу ыкмасы бар программалык камсыздоо же башка программалык-техникалык жабдуу болуп эсептелген электрондук акчалардын сактагычы катары саналган «О!Деньги» электрондук капчыгы.

1.13.  Элкарт – Кыргыз Республикасынын «Элкарт» Улуттук Төлөм системасынын сом улуттук валютасындагы банктык төлөм картасы болуп саналган Карта. Элкарт «Мой О!»  мобилдик тиркемесинде «ЭЛКАП» маркетингдик аталышы менен жеткиликтүү, анын калдыгына ЭЛКАРТ УТС «О!Деньги» электрондук капчыгын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасы байланган. Элкарт алдын ала чыгарылган Карта болуп саналат, башкача айтканда картанын бетине картанын кармоочусунун фамилиясын жана атын көрсөтүүсүз жана 3 (үч) жылдан ашык эмес мөөнөтү менен Кассалык бөлүмдөн заматта берилүүчү карта, ал конкреттүү Колдонуучуга ачылуучу Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат, жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарына жана ТИК/ККЛК боюнча мыйзамдарга ылайык акча которууларды алууга, перифериялык жабдуулар аркылуу нак акча каражаттарын алууга, соода түйүндөрүнөн сатып алууларды накталай эмес жолу менен төлөөгө, интернет аркылуу операцияларды жүргүзүүгө багытталган.

1.14.  Google Pay – бул VISA картасы байланган смартфон аркылуу NFC модулу бар банкоматтардан акча каражаттарын накталатып алууга, пос-терминалдардан, сайттардан, тиркемелерден сатып алууларды төлөөгө мүмкүндүк берген сервис (NFC функциясы бар жана ал функция иштеп турган Android телефондорунда иштейт).

1.15.  Garmin Pay – бул VISA картасы байланган Garmin smart сааттары аркылуу NFC модулу бар банкоматтардан акча каражаттарын накталатып алууга, пос-терминалдардан, сайттардан, тиркемелерден сатып алууларды төлөөгө мүмкүндүк берген сервис (NFC функциясы бар жана ал функция иштеп турган Garmin smart сааттарында иштейт).

1.16.  3D Secure – бул интернет тармагынан Карталар боюнча төлөмдөрдүн коопсуздугун камсыздоочу технология, ал 3D Secure сыр сөзүн киргизүү аркылуу Картанын Кармоочусун кошумча идентификациялоого, жана интернеттен төлөм Карталарын колдонуу менен алдамчылык коркунучун максималдуу түрдө төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. Бул технологияга ылайык, Оператор тарабынан мобилдик телефондун номерине СМС-билдирүү түрүндө жана/же мобилдик түзмөккө пуш-билдирүү түрүндө автоматтык түрдө жөнөтүлгөн бир жолку сыр сөздү киргизүү менен, ошондой эле Оператордо катталган КРдин мыйзамдарында тыюу салынбаган мүмкүн болгон башка ыкмалар менен Картанын Кармоочусу ар бир Карталык операцияны тастыктайт. Көрсөтүлгөн сыр сөз Интернет сатып алуу жүргүзүлгөн учурда түздөн түз жөнөтүлөт жана операцияны тастыктоо үчүн бир жолу гана колдонулушу мүмкүн.

Бул Келишиме башка чечмелөө камтылбаса, бул Келишимдин текстинде колдонулуучу, баш тамгадан башталган башка терминдер Оператордун www.dengi.kg расмий web-сайтында жана/же «Мой О!» мобилдик тиркемесинде жайгаштырылган «Грин Телеком Сервис» ЖЧКнын «О!Деньги» Тутумун колдонуу жөнүндө Жалпыга ачык офертада берилген чечмелөөгө ээ.

2.          ЭЛЕКТРОНДУК КАПЧЫКТЫ ПАЙДАЛАНУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮН КАМСЫЗ КЫЛГАН КАРТАСЫН ЭМИССИЯЛОО ЖАНА ЭЛЕКТРОНДУК КАПЧЫКТЫ ПАЙДАЛАНУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮН КАМСЫЗ КЫЛГАН КАРТАСЫН КОЛДОНУУ МЕНЕН КАРТАЛЫК ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИ

 

2.1.     Колдонуучу тийиштүү арызды Операторго берген учурда жана/же Колдонуучунун макулдугу менен Колдонуучунун тийиштүү кайрылуусунда, Оператордо «О!Деньги» электрондук капчыгы бар Колдонуучунун атына Оператор Колдонуучуга Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картаны чыгарат (эмиттейт), жана бул Келишимде каралган Карталык операцияларды Колдонуучу жүргүзүүсү үчүн өлчөмү Оператордун Тарифтеринде белгиленген акыга Оператор Колдонуучуга картаны берет.

2.2.     Оператордун техникалык ишке ашырууга даяр болгондугунда, «О!Деньги» электрондук капчыгын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган физикалык алып жүрүүчүдөгү картаны Колдонуучунун кайрылуусу менен алса болот, аны мыйзамдардын талаптарына ылайык Оператордун Кассалык бөлүмдөрүнөн алса болот. Бардык Кассалык бөлүмдөрдүн тизмеси Оператордун www.dengi.kg сайтында жана/же «Мой О!» мобилдик тиркемесинде жайгаштырылат.

2.3.     Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган карталарын чыгаруу (эмиссиялоо) Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана номинациялануусу мүмкүн.

2.4.     Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган карталарынын кармоочулары жеке жактар гана болушу мүмкүн. Пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган Карта «О!Деньги» электрондук акчаларынын кармоочусу болбогон электрондук капчыктардын башка кармоочуларына ачылбайт.

2.5.     Колдонуучуну жана бенефициардык менчик ээсин (пайда көрүүчүнү) идентификациялоодон өткөрүү үчүн Колдонуучунун берген жеке маалыматтары (аты-жөнү, паспорт маалыматтары) жана Колдонуучунун башка маалыматтары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бул Келишимдин алкагында укук мамилелерин орнотуу үчүн негиз болуп саналат.

2.6.     Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган карта электрондук капчыктын 1 (бир) кармоочусуна/ээсине гана чыгарылышы мүмкүн жана бир Каттоо жазуусунун алкагында 1 (бир) Электрондук капчыкка гана байлануусу мүмкүн.

2.7.     Колдонуучунун бир нече Каттоо жазуулары бар болсо бир Колдонуучу Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган бир нече картага ээ болушу мүмкүн.

2.8.     Оператор тарабынан акциялар, лотереялар жана башка маркетингдик иш-чаралар өткөрүлгөн учурда, бул активдүүлүктөргө ар дайым Колдонуучунун биринчи берилген картасы катышат.

2.9.     Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган карта Интернет тармагындагы төлөмдөргө ачык жетүү менен, активдештирилген болуп берилет.

2.10.  Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картанын кармоочусу лимиттерге ылайык жана Колдонуучуну идентификациялоо жана верификациялоо тартибине ылайык карталарды кабыл алуу түйүндөрүнөн (физикалык, мобилдик, виртуалдык POS-терминалдар, QR-коддор) товарларды жана кызматтарды төлөөгө укуктуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында каралган аралыктагы режимде.

2.11.  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Оператор Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган карталарын чыгарууда (эмиссиялоодо) банктык төлөм карталарын чыгарууга (эмиссиялоого) жана өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө коюлган бардык талаптардын жана милдеттенмелердин шайкештигин жана аткаруусун камсыздайт.

2.12.  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Оператор Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган карталарын чыгарууда санкцияланбаган жетүү алдамчылыгынан коргоо системаларын ишке ашыруусун камсыздайт.

2.13.  Оператор ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын талаптагыдай аткаруусун камсыздайт, ошондой эле Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган карталары менен жүргүзүлгөн операциялар жана алардын кармоочулары жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун жана сактоосун камсыздайт.

2.14.  Электрондук капчыктын валютасынан айырмаланган валютада операцияларды жүргүзүүдө Колдонуучу валюталарды конвертациялоодон келип чыккан мүмкүн болуучу финансылык жоготууларды/тобокелдиктерди кабыл алат, алардын мисалдары бул Келишимдин 10-бөлүмүндө көрсөтүлгөн (Картанын валютасынан айырмаланган валютада операцияларды жүргүзүүдө конвертациянын схемасы).

 

3.          ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ, МИЛДЕТТЕРИ ЖАНА ЖООКЕРЧИЛИГИ

3.1.     Оператор төмөнкүлөргө укуктуу:

3.1.1.        Системанын Оператору, Колдонуучуга алдын ала же андан кийинки билдирүүсүз, бир тараптуу тартипте, маркетингдик максаттарында, Электрондук Капчыктын бар болгон мүмкүнчүлүктөрдүн өз аталышы бар функционалдык бөлүмдөргө бөлүүгө жана/же жаңыларын киргизүүгө укуктуу.

3.1.2.        Колдонуучу тарабынан жүргүзүлгөн Карталык операциялар үчүн, анын ичинде Кыргыз Республикасын чегинен сырткары жүргүзүлгөндөр үчүн, Колдонуучунун кошумча макулдугусуз (акцептсиз тартипте) Карталык операция жүргүзүлгөн учурда Колдонуучунун Электрондук капчыгынан комиссиянын суммасын чыгарып таштоо аркылуу комиссияларды алууга, анын ичинде башка банкттардын комиссияларын алууга укуктуу.

3.1.3.        Оператордун ички ченемдик документтерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картаны колдонуу менен Колдонуучу тарабынан жүргүзүлгөн Карталык операциялар боюнча, бир карталык операциянын суммасына да, Колдонуучу тарабынан белгилүү бир убакыттын ичинде жүргүзүлгөн бардык карталык операциялардын суммасына да, жеке лимит (чектөө) орнотууга укуктуу.

3.1.4.        Коопсуздукту камсыздоо, Колдонуучунун финансылык жоготуу тобокелдиктерин азайтуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу максатында, Оператордун ыктыяры боюнча, ПИН-кодду колдонбостон карта боюнча операцияларды жүргүзүүгө жана башка учурларда Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картанын кармоочусуна жеткиликтүүлүктү каалаган учурда жаап коюуга укуктуу.

3.1.5.        Колдонуучунун жеке маалыматтарынын коопсуздугун камсыздоо максатында Колдонуучуга Төлөмдөрдүн белгилүү бир түрлөрүн, айрым интернет-булактардагы интернет-төлөмдөрдү кошо, аткаруу мүмкүнчүлүгүн өз ыктыяры боюнча чектөөгө, ошондой эле суткасына белгилүү бир сумма, карталык операциялар/төлөмдөр боюнча лимиттерди өз алдынча орнотууга укуктуу.

3.1.6.        Эгерде Колдонуучу тарабынан жүргүзүлгөн операциялар алдамчылыкка шектенүүнү жаратса, Колдонуучуга пуш-билдирүү аркылуу жана/же «Мой О!» мобилдик тиркемесинен көрсөтүү аркылуу билдирүү менен Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасын бөгөттөөгө укуктуу.

3.1.7.        Акцептсиз тартипте (Колдонуучунун кошумча макулдугусуз) Колдонуучуга таандык болгон «О!Деньги» электрондук капчыгынан жана/же каалаган башка «О!Деньги» электрондук капчыктарынан төмөнкү суммаларды төлөтүүгө укуктуу:

-       Оператордун Тарифтерине ылайык «О!Деньги» электрондук капчыгын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасын чыгаруу жана тейлөө үчүн Операторго сыйакы;

-       Оператордун Тарифтерине ылайык «О!Деньги» электрондук капчыгын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасын колдонуу менен операцияларды жүргүзүү үчүн Операторго сыйакы;

-       Колдонуучуга ашыкча жана/же жаңылыш чегерилген же төлөнгөн, товарларды жана кызматтарды төлөө үчүн ПОС-терминалдар аркылуу ал төлөм жүргүзгөндө «О!Деньги» электрондук капчыгынан кармалып калбаган акча каражаттары;

-       Колдонуучунун күнөөсүнөн улам Оператор тарткан кайсы болбосун чыгымдар жана/же сот чыгымдары же «О!Деньги» электрондук капчыгын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасын тейлөөгө байланышуу башка чыгымдар.

3.1.8.        Бул Келишимдин шарттары Колдонуучу тарабынан бузулган учурда, ошондой эле бул Келишимде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ченемдик укуктук актыларында каралган башка учурларда «О!Деньги» электрондук капчыгын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасын бөгөттөөгө укуктуу.

3.1.9.        Карталык операция жүргүзүлгөн учурдан тартып 30 (отуз) календардык күн өткөндөн кийин Колдонуучу тарабынан берилген карталык операция боюнча дооматты карап чыгууга кабыл албоого укуктуу.

3.1.10.     «О!Деньги» электрондук капчыгын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасын Колдонуучуга чыгарып берүүдөн өз актыяры боюнча баш тартууга укуктуу.

3.1.11.     Өз ыктыяры боюнча Картанын Кармоочусу үчүн айрым Интернет-булактарынан Интернет-төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүндүгүн чектөөгө, ошондой эле Колдонуучунун жеке маалыматтарынын коопсуздугун камсыздоо максатында суткасына Карталык операциялардын/төлөмдөрдүн суммасы, саны боюнча лимиттерди орнотууга укуктуу.

3.2.     Оператор төмөнкүгө милдеттенет:

3.2.1.        Бул Келишимдин шарттарына, Оператордун Тарифтерине жана Элкарт Улуттук төлөм системасынын жана/же тийиштүү Эл аралык Төлөм системасынын Эрежелерине ылайык «О!Деньги» электрондук капчыгын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картаны тейлөөнү камсыз кылууга.

3.3.     Колдонуучу төмөнкүлөргө укуктуу:

3.3.1.        Бул Келишимде каралган тартипте, Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасын бөгөттөө же бейбөгөттөө жөнүндө жазуу жүзүндөгү Арыз менен жана/же «Мой О!» мобилдик тиркемесинен Операторго кайрылууга.

3.3.2.        «Мой О!» мобилдик тиркемесинен Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картаны колдонуу менен жүргүзүлгөн операцияларды кошо чагылдырган, акча каражаттарынын кыймылынын тарыхын жана Электрондук капчыктагы калдыкты чагылдыруу менен өз электрондук капчыгы боюнча Көчүрмөнү алууга.

3.4.     Колдонуучу төмөнкүлөргө милдеттенет:

3.4.1.        Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасын колдонуу менен ал же үчүнчү жак жүргүзгөн бардык карталык операцияларды анык жана чыныгы деп таанууга;

3.4.2.        Оператордун Тарифтерине ылайык Оператордун кызматтарын төлөөгө, ошондой эле Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасын колдонуу менен жүргүзүлүүчү Колдонуучунун операцияларын Колдонуучу тарабынан жүзөгө ашыруу процессинде катышкан башка банктардын кызматтарын төлөөгө;

3.4.3.        Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган карта жоголгон/уурдалган/ыйгарым укугу жок жак тарабынан колдонулган учурда, бул Келишимде жана Оператордун нускамаларында каралган тартипте Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасын бөгөттөө талабы менен оозеки же жазуу түрүндө Операторго токтоосуз кайрылууга;

3.4.4.        Картанын сакталышын жана ПИН-коддун жана Картага жетүү башка коддорунун жана Картанын жеке маалыматтарынын купуялуулугун камсыздоого;

3.4.5.        Карта боюнча кызматтарды алууга байланыштуу Колдонуучунун күнөөсүнөн улам Оператор тарткан кайсы болбосун чыгымдардын же сот чыгымдарынын ордун сөзсүз тартипте толтурууга;

3.5.     Кыргыз Республикасынын аймагындагы Тейлөө ишканаларынан товарларды жана кызматтарды перифериялык жабдуулар аркылуу төлөөгө байланыштуу Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган карта боюнча карталык операциялар улуттук валютада гана жүргүзүлөт.

3.6.     Эгерде Тейлөө ишканасы Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жайгашкан болсо, операция Эл аралык төлөм системасынын курсу боюнча кыргыз сому улуттук валютасында жүргүзүлөт. Оператор менен Эл аралык төлөм системасынын ортосундагы эсептешүүнүн валютасы Эл аралык төлөм системасы тарабынан аныкталат. Эл аралык төлөм системасы аркылуу Эл аралык төлөм системасынын валютасынан айырмаланган валютада жүргүзүлгөн карталык операциянын суммасы Эл аралык төлөм системасынын валютасына, бул Карталык операция боюнча Оператор менен эсептешүү күнүнө карата Эл аралык төлөм системасы тарабынан орнотулган курс боюнча, курстук тобокелдиктерди төмөндөтүү  жана эсептешүүлөрдү гарантиялык финализациялоо максатында Оператор тарбынан орнотулган, ЭТСтин курсуна кошулган үстөктү эсепке алуу менен конвертацияланат. Карталык операция жүргүзүлгөн учурга карата валютаны сатуу курсу боюнча Эл аралык төлөм системасынын валютасында Карталык операциянын суммасына эквиваленттүү Карталык операциянын суммасын Оператор Колдонуучунун Электрондук капчыгынан акцептсиз тартипте алып салат. Карталык операцияларды жүргүзүүдө валюталарды конвертациянын толук схемасы бул Келишимдин 10-бөлүмүндө көрсөтүлгөн. 

3.7.     Оператор тарабынан көрсөтүлгөн кызматтар үчүн сыйакы Оператордун Тарифтеринде белгиленген чендер боюнча Кардардан алынат.

3.8.     Карталык операция VISA ЭТС Картасын колдонуу менен кыргыз сому валютасынан айырмаланган валютада жүргүзүлгөн учурда, конвертациялоо жана электрондук капчыктан акча каражаттарын алып салуу, бул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган Конвертациянын схемасына ылайык, операцияны иштеп чыгуу учуруна карата транзакцияларды бүтүрүү боюнча Оператордун тобокелдикке багытталган ыкмасын эсепке алуу менен, Төлөм Тутумунун курсу боюнча жүргүзүлгөн карталык операциянын суммасына эквиваленттүү Оператордун комиссиясын эсепке алуу менен жүргүзүлөт. Бул Келишимди түзүү менен Колдонуучу бул Келишимдин 10-бөлүмүндө көрсөтүлгөн Конвертациянын схемасы менен таанышып чыкканын ырастайт жана көрсөтүлгөн курстарды колдонууга макулдугун берет.

3.9.     Колдонуучу төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:

3.9.1.        Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган карта/ Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картанын маалыматтары же ПИН-код жана Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картага жетүү башка коддору жоголгонуна/уурдалганына/ыйгарым укугу жок жак тарабынан колдонулганына байланыштуу Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасын бөгөттөө тууралуу Операторго өз убагында эмес билдирүүнүн кесепеттери үчүн – келтирилген зыяндын толук көлөмүндө;

3.9.2.        Колдонуучунун күнөөсүнөн улам Оператор тарткан чыгымдар жана сот чыгымдары үчүн – Оператор учураган зыяндардын толук көлөмүндө;

3.9.3.        Алынган, бирок төлөнбөгөн товарлар жана кызматтар үчүн акчалар Операторго кайтарылбагандыгы үчүн – төлөнбөгөн товарлардын жана кызматтардын суммасынын өлчөмүндө;

3.9.4.        Колдонуучунун электрондук капчыгына ашыкча же жаңылыш чегерилген акчалар Операторго кайтарылбагандыгы үчүн – ашыкча же жаңылыш чегерилген акча каражаттарынын өлчөмүндө.

3.10.  Оператор Колдонуучуга анын Электрондук капчыгы боюнча банк сырына кепилдик берет. Колдонуучунун операциялары жана Электрондук капчыгы боюнча маалыматты үчүнчү жактарга берүү, ошондой эле Электрондук капчык боюнча операцияларды токтотуп туруу (бул Келишимден каралган учурлардан тышкары) жалаң гана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте жүзөгө ашырылат. Ушуну менен Колдонуучу жана анын операциялары тууралуу маалыматтар жана документтер Колдонуучунун операциясын жүргүзүүдө катышкан, эквайер-банктарга кошо, электрондук акчалардын эмитент-банкына, атайын жөнгө салуу режиминин алкагындагы электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган карталарын эмиссиялоонун алкагында эсептешүү банкына, төлөм тутумдарынын операторлоруна, тийиштүү төлөм тутумдарына Колдонуучунун кошумча макулдугусуз Оператор тарабынан берилишине Колдонуучу макулдугун берет.

 

4.          КАРТАНЫН КАРМООЧУСУ ТАРАБЫНАН ТӨЛӨӨГӨ ТИЙИШТҮҮ БОЛГОН КОМИССИЯЛАРДЫН ТҮРЛӨРҮ ЖАНА ӨЛЧӨМДӨРҮ

4.1.     Ар бир операцияга болгон Оператордун комиссияларынын өлчөмү Оператордун Тарифтерине ылайык орнотулат. Тарифтер Оператордун www.dengi.kg сайтында, Мобилдик тиркемеде жайгаштырылат.

4.2.     Операциялар, төлөм Колдонуучудан иш жүзүндө качан алынганына карабастан, операция жүргүзүлгөн күнгө карата колдонулган тарифтер боюнча төлөнөт.

4.3.     Колдонуучу Операторго өз Электрондук капчыгынан көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акынын эсебине комиссиялардын суммасын биринчи кезектеги акцептсиз тартипте эсептен чыгарууну тапшырат.

4.4.     Оператор Колдонуучунун операцияларын жүргүзүүгө акыны төлөө үчүн  Колдонуучунун Электрондук капчыгындагы акча каражаттарын колдонууга укуктуу. Айрым операцияларды жүргүзүү учурунда Тараптар акыны төлөөнүн башка ыкмасы боюнча макулдашуусу мүмкүн.

4.5.     Оператор бир тараптуу тартипте Тарифтерди, лимиттерди жана кайсы болбосун Карталык операциялардын, кызматтардын жана бүтүмдөрдүн шарттарын, аларды Оператордун www.dengi.kg сайтына жана Мобилдик тиркемеге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жайгаштыруу аркылуу Колдонуучуга сөзсүз билдирүү менен, өзгөртүүгө укуктуу. Колдонуучу мындай өзгөртүүлөр менен макул болбогон учурда, Оператор тарабынан белгиленген форма боюнча Келишимди бузуу жөнүндө Арыз берүү аркылуу бул тууралуу Операторго жазуу жүзүндө билдирүү менен Келишимди бузууга укуктуу. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин Оператор Келишимди буузу жөнүндө жазуу жүзүндөгү Арызды албаса, Колдонуучу мындай өзгөртүүлөрдү кабыл алды деп эсептелет.

4.6.     Колдонуучунун Электрондук капчыгында турган анын акча каражаттарына Оператор 0 (нөл) % өлчөмүндө жылдык пайыз кошуп эсептейт.

4.7.     Колдонуучу, Оператордун комиссияларынан тышкары, өз эсебинен Карталык операцияларды жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө байланышкан бардык салыктарды, башка милдеттүү төлөмдөрдү өз эсебинен төлөйт, ошондой эле корреспондент-банкттардын, субагенттердин, Колдонуучулардын Карталык операцияларын жүргүзүүгө тартылган башка жактардын Карталык операцияларды жүргүзүү менен байланыштуу комиссияларын жана чыгымдарын төлөйт, аларды төлөө бул Келишимде каралган Оператордун комиссияларын төлөө тартиби боюнча жүргүзүлөт.

 

5.          ТАЛАШТАРДЫ КАРАП ЧЫГУУ ТАРТИБИ

5.1.     Бул Келишимдин шарттарын аткарууда жаралышы мүмкүн болгон талаштарды тараптар сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө умтулат.

5.2.     Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган карталарынын Колдонуучуларынын кайрылууларын карап чыгуу жол-жобосу Оператордун www.dengi.kg сайтында жана/же Мобилдик тиркемеде жарыяланган Оператордун регламентине ылайык жүзөгө ашырылат.

5.3.     Талаш-тартыштарга Кыргыз Республикасынын процессуалдык мыйзамдарында белгиленген ѳзгѳчѳ сотко караштуулугун колдонуу учурун кошпогондо, ѳз ара алгылыктуу чечимге келбеген учурда, Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте талаш маселени Оператордун жайгашкан жери боюнча сотко чечүүгѳ бере алышат.

6.          ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ

6.1.      Бул Келишим боюнча милдеттенмелерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Тараптар бул Келишимде каралган тартипте, ал эми Келишимде каралбаган учурда – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартышат.

6.2.     Тараптын Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаганынын же талаптагыдай эмес аткарганынын натыйжасында мүлктүк кызыкчылыктары же ишкерлик кадыр-баркы бузулган Келишимдин Тарабы башка Тараптын келтирген чыгашаларынын ордун толук толтурууну талап кылууга укуктуу, мында чыгашалар катары укугу бузулган Тарап өз укуктарын жана кызыкчылыктарын кайра калыбына келтирүү үчүн жумшаган чыгымдары (реалдуу чыгаша) каралат.

6.3.     3D-Secure коддору, шартбелгилери жана/же башка идентификаторлору, маалымат алуу үчүн Колдонуучу кѳрсѳткѳн реквизиттери (почта дарегин кошо) менен SMS-билдирүүлөрдү алуу үчүн телефон номери ѳзгѳргѳндүгү жѳнүндѳ Операторго кабарлабагандыгынын кесепеттерине Колдонуучу жоопкерчилик тартат.

6.4.     Тараптар жеӊилбес күч жагдайларынын: өрттүн, жер титирөөнүн, электр энергиясы менен камсыздоонун үзгүлтүккө учурашынын, байланыш каналдарындагы олуттуу бузулуулардын, анын ичинде карталык операцияларды жүргүзүүгѳ чектѳѳлѳрдүн жана башка Тараптардын көзөмөлү алдында болбогон жагдайлардын натыйжасында өз милдеттенмелеринин жарым-жартылай же толук аткарылбашы үчүн жоопкерчиликтен бошотулушат. Ошол эле учурда, Тараптар бири-биринин алдындагы бардык карыздарды төлөө милдетинен бошотулбайт.

6.5.     Үчүнчү жак тарабынан Картанын маалыматтарын жана/же Картанын Кармоочусунун маалыматтарын колдонуу менен Интернет тармагы аркылуу төлөмдөр жүргүзүлгөндүгүнүн натыйжасында келип чыккан бардык мүмкүн болуучу жоготууларды, чыгымдарды, зыяндарды ж.б.у.с. Картанын Кармоочусу өзүнө кабыл алат, жана ушуну менен мындай учурларда Операторго дооматтарды койбоого же ага каршы кандайдыр бир доолорду кылбоого кепилдейт, анткени Оператор Картанын Кармоочусуна Картанын маалыматтарын жана/же Картанын Кармоочусунун маалыматтарын колдонуу менен Интернет тармагы аркылуу төлөмдөр жүргүзүүгө байланыштуу мүмкүн болуучу тобокелдиктер тууралуу алдын ала жана толук көлөмдө маалымдаган.

6.6.     Бул Келишимди түзүү менен Картанын Кармоочусу ага Картанын маалыматтарын жана/же Картанын Кармоочусунун маалыматтарын колдонуу менен Интернет тармагы аркылуу төлөмдөр жүргүзүүгө техникалык мүмкүндүктү берүүнүн демилгечиси болуп өзү саналарын, ошондой эле Картанын Кармоочусу  тарабынан дагы, Картанын Кармоочусунун ыйгарым укуктуу же ыйгарым укугусуз башка кайсы болбосун үчүнчү жак тарарбынан дагы картаны колдонуу менен Интернет тармагы аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүүдө Картанын Кармоочусу үчүн пайда болушу мүмкүн кайсы болбосун кесепеттер үчүн жоопкерчиликтен Операторду ал бошоторун тааныйт жана ырастайт.

6.7.     Интернет тармагы аркылуу транзакцияларды жүргүзүүнүн натыйжасында, анын ичинде Интернет тармагынан хакердик, вирустук, алдамчылык чабуулдарынын натыйжасында келип чыккан бардык мүмкүн болуучу жоготууларды, чыгымдарды, зыяндарды ж.б.у.с. Картанын Кармоочусу өзүнө кабыл алат, жана ушуну менен мындай учурларда Операторго дооматтарды койбоого же ага каршы кандайдыр бир доолорду кылбоого кепилдейт, анткени Оператор Кардарга мүмкүн болуучу тобокелдиктер тууралуу алдын ала жана толук көлөмдө маалымдаган. Ушуну менен Кардар Операторду кандайдыр бир жоопкерчиликтен бошотот, ал эми Оператор, буга ылайык, жеке смарт/мобилдик телефонду жана/же башка түзмөктү башкарууну үчүнчү жактар колдоруна түшүрүп алган, тутумга Кирүү коддору уурдалган же Кардар коопсуздук жол-жоболорун сактабаган учурда Кардар үчүн пайда болушу мүмкүн кайсы болбосун кесепеттер үчүн анын алдында эч бир жоопкерчилик тартпайт.

6.8.     Картанын Кармоочусу 3D Secure технологиясын колдобогон сайттардан жана/же тиркемелерден жана/же интернет аянтчалардан/платформалардан Интернет сатып алууларды жүргүзүү үчүн жоопкерчилик тартат.

6.9.     Картанын Кармоочусуна Интернет сатып алууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берилген. Интернет сатып алууларды жүргүзүүдө Картанын Кармоочусу ушуну менен төмөнкүлөргө толук жана шартсыз макулдугун берет:

6.9.1. Электрондук капчык, картанын маалыматтарын (картанын номери, анын жарактуу мөөнөтү, CVV2 ж.б.) жана/же Картанын Кармоочусунун маалыматтарын колдонуу менен Кардар тарабынан Интернет аркылуу жүргүзүлгөн карталык операциялар боюнча, Оператор жана/же товардын/кызматтын Сатуучусу жана/же Эл аралык төлөм системасы жана/же Сатуучунун банкы тарабынан Карталык операциянын суммасына жана Карталык операциянын бул түрү үчүн колдонулган комиссиялардын суммасына дебеттелет.

6.9.2. Картанын Кармоочусу жасалган Интернет сатып алуулар үчүн толук жоопкерчиликти тартат, бул Интернет сатып алуулар Картанын Кармоочусу тарабынан эмес, кайсы болбосун үчүнчү жак тарабынан жасалган болсо дагы, үчүнчү жакка бул мындай маалыматтар Картанын Кармоочусу тарабынан Интернет сатып алуулардык ишке ашырууда аларды колдонууга байланыштуу маалым болгондо, же Картаны талаптагыдай эмес сактаганда жана/же колдонгондо, Картаны пайдалануу мүмкүндүгүнө үчүнчү жактар ээ болгондо, Кардардын макулдугу жок, анын ичинде Картанын аналогунун жардамы менен, жыйынтыгы Интернет сатып алууларды ишке ашырууга мүмкүндүк берген Карта жөнүндө жана/же Картанын Кармоочусу жөнүндө маалыматтар үчүнчү жактарда болуп калган кайсы болбосун башка учурларда.

6.9.3. Эл аралык төлөм системасынын алкагында Карта эл аралык айланымга ээ болгондуктан, Картанын Кармоочусу ал жөнүндө жана ал жүргүзгөн операциялар жөнүндө маалыматты Эл аралык төлөм системасына чек аралар аралык өткөрүп берүүгө макулдугун берет.

6.10.  Ушуну менен Картанын Кармоочусу төмөнкүлөргө байланыштуу бардык тобокелдиктерди өзүнө аларын ырастайт:

6.10.1.            Картанын Кармоочусу Картанын маалыматтарын же анын аналогун колдонуу менен ПОС-терминалдар/Банкоматтар жана башка перифериялык жабдуулар аркылуу Карталык операцияларды, Интернет сатып алууларды аткарууда колдонгон Картага жана/же Картанын маалыматтарына жана/же Картанын Кармоочусунун маалыматтарына үчүнчү жактардын мүмкүн болуучу жетүүсүнө байланыштуу;

6.10.2.            Картанын маалыматтары жана/же Картанын Кармоочусунун маалыматтары белгилүү болгон үчүнчү жак тарабынан перифериялык жабдуулар аркылуу кайсы болбосун Карталык операцияларды ишке ашырууга байланыштуу.

6.10.3.            Картанын Кармоочусу тарабынан Картаны колдонуу менен Интернет сатып алууларды ишке ашыруунун алкагында Оператор өз ыктыяры боюнча жана техникалык мүмкүндүктүн бар болгонунда, кошумча коопсуздукту камсыздоо максатында, Картаны чыгарууда 3-D Secure технологиясын колдоно алат. Бул технологияны колдогон Оператордун Картасынын Кармоочусу үчүн Интернет аркылуу төлөө процессинде суралган маалыматтын тизмегине картаны Картанын Кармоочусу өзү колдонуп жаткандыгын тастыктоого кошумча суроо кошулат, башкача айтканда мобилдик телефондун номерине СМС-билдирүү түрүндө жана/же мобилдик түзмөккө пуш-билдирүү түрүндө, ошондой эле Картага байланган Кардардын мобилдик телефон номерине жөнөтүлгөн КРдин мыйзамдарында тыюу салынбаган мүмкүн болгон башка ыкмалар менен Оператор тарабынан берилүүчү тастыктоо кодун киргизүү талап кылынат. Ошол эле учурда ушуну менен Картанын Кармоочусу мындай технология абсолюттук түрдө коргоо болуп саналбаганын түшүнгөнүн ырастайт (бир жолку сыр сөздү компьютердик вирустар тосуп калуу учурлары болушу мүмкүн). Ошондой эле Кардар мындай технологияны бардык банктар колдобогондуктан ал бардык Интернет сатып алууларга колдолулушу мүмкүн эместигине макулдугун берет.

6.11.  Оператор төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартпайт:

6.11.1.            Эгерде Кардар Операторго анын мобилдик телефон номеринин жана электрондук почтасынын өзгөргөндүгү/жоголгону тууралуу бул Келишимде каралган тартипте өз убагында кабарлабаган учурда, же болбосо бул байланыш каражаттары кандай болбосун себептер боюнча жеткиликтүү эмес болгон учурда, Кардар жүргүзүлгөн Карталык операциялар жөнүндө, кирүү коддору жөнүндө, Картаны бөгөттөө жөнүндө ж.б. маалыматтарды албаганы үчүн.

6.11.2.            үчүнчү тарап Картаны тейлөөдөн баштарканы үчүн;

6.11.3.            Карта боюнча сатып алынган товарлардын, иштердин жана кызматтардын сапаты үчүн;

6.11.4.            үчүнчү тарап орноткон Карта боюнча лимиттер, чектөөлөр жана кошумча комиссиялар үчүн;

6.11.5.            Картаны бөгөтөө тууралуу жана өтүп кеткен мезгил үчүн ар айлык Көчүрмөнү берүү талабы менен Кардардын Операторго өз убагында эмес кайрылуусунун кесепеттери үчүн;

6.11.6.            Кардар өзгөргөн Тарифтер жана Эрежелер менен бул Келишимде каралган тартипте таанышып чыкпаганы үчүн;

6.11.7.            Кардар Картаны же Картанын туура маалыматтарын колдонуу менен, туура МИН-кодду, Сыр сөздү,  3D-Secure сыр сөзүн жана/же башка сыр сөздөрдү, коддорду (эгерде аны киргизүү Карталык операцияны жүргүзүү үчүн талап кылынса) киргизүү менен, ПОС-терминалдар/банкоматтар жана башка жабдуулар аркылуу Карталык операцияларды, Интернет сатып алууларды жүргүзүүдө, ошондой эле Кардар тарабынан дагы, Кардардын ыйгарым укуктуу же ыйгарым укугу жок кайсы болбосун үчүнчү жак тарабынан 3D-Secure сыр сөзүн киргиүбестен Интернет сатып алууларды жүргүзүүдө кардар үчүн пайда болушу мүмкүн кайсы болбосун кесепеттер үчүн.

 

7.          ТАРАПТАРДЫН КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРЫН КОРГОО

7.1.     Бул Келишимдин шарттарында өз чечимин таппаган, бирок бул Келишим боюнча тараптардын мамилесинен түз же кыйыр түрдө келип чыгуучу, Келишимдин Тараптарынын мүлктүк кызыкчылыктарына жана ишкерлик кадыр-баркына таасир тийгизген бардык маселелер боюнча Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин жана жоболорун жетекчиликке алышат.

7.2.     Эгер кандайдыр-бир себептер менен бул Келишим өз күчүн жарым-жартылай же толук жоготсо же бул Келишимде тиешелүү шарттар жок болгон учурда Оператор үчүн атайын жөнгө салуу режиминин алкагында каралган жоболор, Кыргыз Республикасынын банктык операцияларды жөнгө салган мыйзамдарынын жоболору, ошондой эле эл аралык коомчулук тарабынан кабыл алынган банктык практика жана ишкер жүгүртүм каадалары колдонулат.

8.          КЕЛИШИМДИ БУЗУУ ЖАНА КАРТАНЫ ЖОККО ЧЫГАРУУ ТАРТИБИ

8.1.     Бул Келишим, Колдонуучу бул Келишимди акцепттеген күндөн тартып түзүлгөн деп саналат жана ал бузулган учурга чейин жана/же Электрондук капчыктын жабылган/Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган карта жокко чыгарылган учуруна чейин иштейт.

8.2.     Колдонуучу каалаган убакта бул Келишимди бузууга же Карта аркылуу пайдалануу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынган Электрондук капчыкты жабууга укуктуу. Бул учурда Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган карта жокко чыгарылат.

8.3.     Оператор «О!Деньги» тутумунун эрежелеринде/«О!Деньги» төлөм тутуму боюнча жалпыга ачык офертасынын шарттарында каралган учурларда Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасын бир тараптуу тартипте жабууга укуктуу.

8.4.     Келишимди бузуу Келишим боюнча аткарылбаган милдеттенмелерден баш тартуу үчүн негиз болбойт. Тараптар ортосунда өз ара бардык эсептешүүлөр аяктагандан кийин Келишим бузулду деп эсептелет.

9.      ЭЛЕКТРОНДУК КАПЧЫКТЫ ПАЙДАЛАНУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮН КАМСЫЗ КЫЛГАН КАРТАСЫН КООПСУЗ КОЛДОНУУ БОЮНЧА ЭРЕЖЕЛЕР

Картанын кармоочусу тарабынан коопсуздукту сактоо боюнча негизги талаптар (ПИН-кодду колдонуу, лимиттер, Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган карта жоголгон же уурдалган учурларда кармоочунун аракеттери).

9.1.     ПИН-код

9.1.1.        Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасы берилген учурда Колдонуучуга ПИН-код басылган кошумча барак менен атайын чапталган конверт берилет. ПИН-код терминалдык жабдуулардан, банктык мекемелерден картаны колдонуу менен операцияларды жүргүзүү үчүн керек жана соода-тейлөө ишканаларынан товарларды жана кызматтарды төлөөдө колдонулушу мүмкүн.

9.1.2.        «О!Деньги» электрондук капчыгын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасына ПИН-код Оператордун кызматкерлерине белгилүү эмес жана «О!Деньги» электрондук капчыгын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасынын кармоочусу тарабынан «О!Деньги» электрондук капчыгын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасын колдонуу мөөнөтүнүн ичинде сыр бойдон сакталышы зарыл. ПИН-кодду алмаштыруу мүмкүнчүлүк жагынан Оператордун техникалык ишке ашырууга даяр болгонунда «О!Деньги» электрондук капчыгын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасынын кармоочусу ПИН-кодду алмаштырууда коддун айкын, оңой болжолдолгон комбинацияларын, мисалы, телефон номеринин аягын, туулган күнүн ж.б. колдонуудан оолак болууга тийиш.

9.1.3.        ПИН-коддун жашыруундугун сактоо үчүн белгилүү бир эрежелерди кармануу керек:

- ПИН-кодду кайсы бир жерге жазууга болбойт, жагымсыз кесепеттерди болтурбоо үчүн Оператор «О!Деньги» электрондук капчыгын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасынын кармоочусуна ПИН-кодду эстеп калууну сунуштай. Эгерде  «О!Деньги» электрондук капчыгын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасынын кармоочусу ПИН-кодду кайсыл бир жерге жазып койгон болсо, «О!Деньги» электрондук капчыгын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасын жана ал жазууну өз-өзүнчө сакташ керек;

- Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасын башка адам колдонуусун болтурбоо үчүн ПИН-кодду Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасынан өзүнчө сакташ керек, ПИН-кодду Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасына жазбаш керек, ПИН-кодду башка адамдарга айтпаш керек, ПИН-кодду Интернет тармагына эч качан киргизбеш керек. Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картанын маалыматтары же ПИН-код башка адамдарга жеткиликтүү болуп калганы же көчүрүлгөнү тууралуу шектенүү жаралса, картаны токтоосуз бөгөттөңүз. Оператордун кызматкеринин, башка кайсы уюмдун болбосун кызматкеринин Сиздин ПИН-кодду билдирүүнү, анын ичинде, Интернет аркылуу товарларды/кызматтарды төлөөдө, талап кылууга укугу жок экени эсиңизде болсун. Эгерде Сиз ПИН-кодду унутуп калган болсоңуз, Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасын жаңы ПИН-код менен кайра чыгаруу үчүн Оператордун бөлүмүнө кайрылыңыз.

9.1.4.        Эгерде ПИН-код үч жолу удаа (канча болбосун убакыттын аралыгында, бир же ар кайсы электрондук жабдуулар менен колдонууда) туура эмес терилген болсо, төртүнчү жолу удаа ката кетирилгенде, Оператор картаны бөгөттөөгө укуктуу, же карта Тейлөө ишканасы же нак акча берүү түйүнү тарабынан жагдайлар аныкталганга чейин алынып коюулушу мүмкүн.

9.1.5.        Оператор, автордошуунун автоматизацияланган режиминде жүргүзүлгөн карталык операцияларды «О!Деньги» электрондук капчыгын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасынын кармоочусу өзү жүргүзгөн деп эсептейт.

9.2.             Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картаны бузулуудан коргоо

9.2.1.        Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картага электромагниттик талаалардын таасирин тийгизбөө үчүн аны электроаспаптардын (муздаткычтардын, телевизорлордун, радио кабылдагычтардын ж.б.) жанына калтырбаңыз. Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картаны магниттик илмеги бар портмонеде же сумкада сактабаңыз. Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картаны металлдын үстүнө койбоңуз, аны ийбеңиз жана чийбеңиз. Эгерде Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган карта бузулгандыгынын натыйжасында операцияларды жүргүзүү үчүн аны колдонуу мүмкүн болбой калса, Оператордун кассалык бөлүмүнө кайрылуу зарыл.

9.3.     Картаны колдонуу

9.3.1.        Колдонуучунун кайрылуусу боюнча Оператор Карталык операциялар боюнча каалаган мөөнөт үчүн Электрондук капчык боюнча көчүрмө берет.

9.3.2.        Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган карта менен банкомат аркылуу нак акча каражаттарын берүү операциясын жүргүзүүнүн алдында банкоматта Сиздин картаңызга тийиштүү төлөм тутумунун эн белгиси  бар экенине, ошондой эле Оператордун Тарифтеринде каралган комиссияларды эске алуу менен керектүү сумманын бар экенине ынаныңыз.

9.3.3.        Колдонуучу көчүрмөнү текшерүүгө тийиш, карталык операциялардын суммаларын текшерүү сунушталат. Санкцияланбаган карталык операциялар белгилүү болгон учурда Колдонуучу Операторго кайрылуусу зарыл.

9.3.4.        Карталык операцияларды жүргүзүү үчүн картанын кармоочусу Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картаны тейлөө түйүнүнүн (Тейлөө ишканасы ж.б.) кассирине көрсөтөт. Контактсыз карта (бар болсо) менен операцияларды жүргүзүүдө Колдонуучу, ПОС-терминал тарабынан Картадан керектүү маалыматты контактсыз окуу Карталык операциясын Контактсыз картаны Тейлөө ишканасынын кассирине бербестен өз алдынча жүргүзүүгө укуктуу.

9.3.5.        Кассир Картаны көрсөтүүчүдөн анын өздүгүн тастыктоочу документти талап кылууга укуктуу. Документ жок болсо, кассир Картанын кармоочусуна Карталык операция жүргүзүүдөн баш тартууга укуктуу.

9.3.6.        Кассир, бул Эрежелердин шарттарына ылайык, жагдай аныкталганга чейин Картаны кармап калууга укуктуу.

9.3.7.        Туура ПИН-кодду терүү жана/же чектеги кол тамга Колдонуучунун «О!Деньги» электрондук капчыгын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасынан Карталык операциянын суммасын эсептен чыгарууга Картанын кармоочусунун тапшырмасы болуп саналат.

9.3.8.        Жагдай аныкталганга чейин Кассир бул Келишимдин шарттарына ылайык, Картаны кармап турууга укуктуу.

9.4.     Тейлөө ишканаларынын товарларын жана кызматтарын төлөө үчүн Картаны колдонуу

9.4.1.        Картанын кармоочусуна ишеним туудурбаган Тейлөө ишканаларынан Карталык операцияларды жүргүзүү сунушталбайт.

9.4.2.        Картанын кармоочусуна Карталык операцияны аткаруу учурунда «О!Деньги» электрондук капчыгын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картаны дайыма көрүп туруу жана «О!Деньги» электрондук капчыгын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картада көрсөтүлгөн маалыматтарды мыйзамсыз алуу тобокелдигин азайтуу максатында Карталык операцияны Картанын кармоочусунун көзүнчө жүргүзүүнү талап кылуу сунушталат.

9.4.3.        Картанын кармоочусу тарабынан Карталык төлөө жүргүзүлүп жатканда кассир Картанын кармоочусунан ПИН-кодду киргизүүнү жана/же чекке кол коюуну талап кылышы мүмкүн. ПИНкодду терүүнүн алдында Картанын кармоочусуна жакын турган үчүнчү жактар ПИН-кодду көрө албай турганына ынануу керек. Чекке кол коюунун алдында чекте көрсөтүлгөн сумманы сөзсүз текшериӊиз.

9.4.4.        Тейлөө ишканасынан Карталык операция жүргүзүп жатканда Картанын кармоочусуна өзү жөнүндө кошумча маалыматты билдирүү сунушталбайт. Зарыл учурда Тейлөө ишканасы Картанын кармоочусунан өздүгүн тастыктаган документти көрсөтүүнү гана талап кыла алат.

9.5.     Картаны бөгөттөө:

9.5.1.        Карта/анын маалыматтары жоголгон/уурдалган/ыйгарым укугу жок жак тарабынан колдонулган учурда «Мой О!» мобилдик тиркемесинен картаны бөгөттөө боюнча аракеттерди токтоосуз аткаруу керек жана Карта жоголгондугу/уурдалгандыгы/ыйгарым укугу жок жак тарабынан колдонулгандыгы тууралуу Операторго жазуу жүзүндөгү билдирүү менен кайрылуу керек.

9.6.     Картаны кармап туруу

9.6.1.        Тейлөө ишканасынан же нак акча берүү түйүнүнөн Картаны кармап туруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жүргүзүлөт.

9.7.     Картанын жарактуу мөөнөтү, Картаны колдонууну токтотуп туруу жана токтотуу

9.7.1.        Картада анын жарактуу мөөнөтүнүн бүткөн датасы көрсөтүлөт (айы жана жылы). Карта анда көрсөтүлгөн айдын акыркы күнүнө чейин жарактуу. Мөөнөтү бүткөн Карталардын бардыгы бөгөттөлөт.

9.7.2.        Картанын кармоочусу Картаны колдонуудан баш тартса, ал жазуу жүзүндөгү тийиштүү Арыз менен кайрылуусу керек.

9.8.     Талаштарды жөнгө салуу.

9.8.1.        Картанын кармоочусуна Карталык операциялар аркылуу акчаларды каражат кылууну эсепке алуу үчүн жана мүмкүн болуучу талаштарды жөнгө салуу үчүн чектерди сактоо сунушталат.

9.9.             Интернет сатып алууларды жасоо мүмкүндүгү

9.9.1.        Оператор Кардарга 3D-Secure технологиясын колдогон дагы, колдобогон дагы Интернет сатып алууларды ишке ашыруу мүмкүндүгүн берет. 3D-Secure технологиясын колдобогон сайттардан/тиркемелерден/интернет аянтчалардан/платформалардан товарларды жана кызматтарды Интернет сатып алуу жүргүзүүдө Карталык операция стандарттык режимде (Картанын номери, жарактуу мөөнөтү, CVV2 коду), бир жолку сыр сөздү киргизүүсүз ишке ашырылат, ошол эле учурда мындай Карталык операциялар боюнча мүмкүн болуучу тобокелдиктерди Кардар өз алдынча тартат.

9.9.2.        Оператор Оператордун Web-сайтынан Кардарга өзгөрүүлөр тууралуу кабарлап, Интернет сатып алууларды жүргүзүү тартибин өзгөртүү укугун өзүнө калтырат.

9.9.3.        Кумар оюндары бар сайттарга кирүү Картанын Кармоочулары үчүн КРдин мыйзамдарына ылайык тыюу салынат.

9.9.4.        Интернет сатып алууларды ишке ашырууда Картанын Кармоочусу сайт/тиркеме/интернет аянтча/платформа коопсуз болуп саналарына ынануусу зарыл; Картанын Кармоочусуна Интернет сатып алууларды текшерилген сайттардан/тиркемелерден/интернет аянтчалардан/платформалардан ишке ашыруу сунушталат жана шпион-программалар жана/же зыян келтирүүчү программалар орнотулган үчүнчү жактардын жабдууларынан эмес, өзүнүн компьютеринен же өзүнүн башка жабдуусунан Интернет сатып алууларды ишке ашыруу сунушталат;

9.9.5.        Интернет сатып алууларды коопсуз жүргүзүүнү камсыздоо үчүн Интернет сатып алууларды 3D – Secure коопсуздук технологиясын колдогон сайттардан/тиркемелерден/интернет аянтчалардан/платформалардан ишке ашыруу сунушталат.

 

 

 

10.       ТОБОКЕЛДИКТЕРДИ ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИКТИ ТАРАПТАР ОРТОСУНДА БӨЛҮШТҮРҮҮ

10.1.  Коопсуздуктун жол-жобосу же Келишимдин башка шарттары бузулган учурда, ушуну менен Колдонуучу төмөнкүлөр менен байланыштуу бардык тобокелдиктерди өзүнө алаарын ырастайт:

- Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картанын маалыматтарын/Колдонуучунун маалыматтарын колдонуу менен ПОС-терминалдар/банкоматтар жана башка перифериялык жабдуулар аркылуу Карталык операцияларды жүргүзүүдө үчүнчү жак колдонгон Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картага жана/же Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картанын маалыматтарына жана/же Колдонуучунун маалыматтарына үчүнчү жактардын мүмкүн болуучу жетүүсүнө;

- Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картанын маалыматтары жана/же Колдонуучунун маалыматтары белгилүү болуп калган үчүнчү жак тарабанынан перифериялык жабдуулар аркылуу кайсы болбосун  Карталык операцияларды жүргүзүүсүнө.

10.2.  Колдонуучу үчүнчү жак тарабынан интернет-сатып алуулар, Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картанын маалыматтарын жана/же Колдонуучунун маалыматтарын колдонуу менен ПОС-терминалдар/банкоматтар жана башка перифериялык жабдуулар аркылуу Карталык операциялар жүргүзүлгөндүгүнүн натыйжасында пайда болгон мүмкүн болуучу бардык жоготууларды, чыгымдарды, зыянды ж.б., ѳзүнѳ кабыл алат, жана ушуну менен Операторго мындай учурда ага каршы дооматтарды жана кандайдыр бир доолорду бербестигин кепилдейт, себеби Оператор Колдонуучуга интернет-сатып алууларды, Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картаны/Картанын маалыматтарын жана/же Колдонуучунун маалыматтарын менен ПОС-терминалдар/банкоматтар жана башка перифериялык жабдуулар аркылуу Карталык операцияларды жүргүзүүгө байланыштуу мүмкүн болуучу тобокелдиктер жѳнүндѳ алдын ала жана толук ѳлчѳмдѳ  маалымат берген. Ушуну менен Колдонуучу интернет-сатып алууларды, Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картаны/Картанын маалыматтарын жана/же Колдонуучунун маалыматтарын колдонуу менен ПОС-терминалдар/банкоматтар жана башка перифериялык жабдуулар аркылуу Карталык операцияларды жүргүзүүгө ага техникалык мүмкүнчүлүк берилгендиги менен макулдугун, ошоной эле Операторду кандайдыр бир жоопкерчиликтен бошоткондугун, ал эми Оператор ага тете Колдонуучу тарабынан да, жана Колдонуучун ыйгарым укуктуу же ыйгарым укуктуу эмес үчүнчү жагы тарабынан да интернет-сатып алууларды, Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картаны же Картанын туура маалыматтарын колдонуу менен ПОС-терминалдар/банкоматтар жана башка перифериялык жабдуулар аркылуу Карталык операцияларды жүргүзүүдө пайда болушу мүмкүн болгон кандай болбосун кесепеттер үчүн анын алдында эч кандай жоопкерчилик тартпастыгына макулдугун тааныйт жана ырастайт.

10.3.          Колдонуучунун Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасын колдонуу менен интернет-сатып алууларды жүргүзүүсүнүн алкагында Оператор өз ыктыяры боюнча жана техникалык мүмкүнчүлүктөр болгон учурда, кошумча коопсуздукту камсыз кылуу максатында, Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасын чыгаруу учурунда 3D-Secure технологиясын колдонушу мүмкүн. Бул технологияны колдонгон Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасынын кармоочусу үчүн Интернет аркылуу төлөө процессинде суралуучу маалыматтардын тизмегине Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасын Колдонуучунун өзү колдонуп жатканын тастыктоо үчүн кошумча суроо-талап кошулат, б.а. Оператор тарабынан ар бир операция үчүн бериле турган, Колдонуучунун уюлдук телефонунун номерине жөнөтүлгөн СМС-билдирүүдөгү/пуш-билдирүүдөгү тастыктоо кодун киргизүү талап кылынат. Бул учурда Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасынын кармоочусу ушуну менен мындай технология абсолюттук коргоо эмес экенин (бир жолку кодду компьютердик вирустар ж.б. аркылуу тосуп алуу учурлары болушу мүмкүн) түшүнөрүн тастыктайт. Кардар ошондой эле бул технология бардык эле интернет-сатып алууларга колдонула бербестигине макулдугун берет, себеби аны бардык эле эквайер-банктар колдобойт.

11.       Бул Эрежелер Оператордон банктык жергиликтүү жана эл аралык төлөм карталарын чыгаруу жана тейлөө тартибин аныктайт.

12.       Эрежелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актыларына, жергиликтүү жана эл аралык төлөм тутумдарынын шарттарына ылайык иштелип чыкты.

13.       Эрежелер Электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган карталарынын бардык кармоочулары үчүн типтүү болуп саналат жана Оператор менен жеке жактын ортосунда түзүлүүчү жеке жактар үчүн Келишимдин жоболорун жана шарттарын аныктайт.

14.       Бул Офертанын шарттарында, Эрежелерде каралбагандардын бардыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.

 

10.  Картанын кармоочусу тарабынан операцияларды Картанын кармоочусунун О!Деньги электрондук капчыгынын валютасынан айырмаланган валютада жүргүзүүдө конвертациянын ар түрдүү варианттары каралган бир валютадан экинчи валютага конвертациялоонун схемасы

 

a.          ЭЛКАРТ:

Сумманы эсептен чыгарууда конвертациянын мисалы: картанын Кармоочусу орус рубли менен кызмат үчүн төлөмдү сом картасынан жүргүзүүдө, кызматтын баасы 100 рубль, курс боюнча 1 рубль = 1,12 сом (ТКУСдун (МИРдин) транзакция жүргүзүү учурундагы курсу колдонулат):

I. Кардардын картасынан 112 сом кармап калынат.

II. Карталык операцияны иштеп чыгуу күнү (2 күндөн 30 күнгө чейин) төлөмдүн валютасынын курсу өзгөргөндө:

·    рублдун курсу (ТКУСдун (МИРдин) транзакцияны иштеп чыгуу учурундагы курсу колдонулат) 1,14 болсо, мурун кармап калынган 112 сомго кошо кардардан кошумча 2 сом эсептен чыгарылат.

·    рублдун курсу (ТКУСдун (МИРдин) транзакцияны иштеп чыгуу учурундагы курсу колдонулат) 1,10 болсо, кардарга кармап калынган сумманын 2 сом өлчөмүндөгү айырмасы (112 сом – 110 сом) кайтарылып берилет.

Сумма түшүүдө конвертациянын мисалы: картанын Кармоочусуна орус рубли менен сумма сом картасына түшөт, түшкөн сумма 100 рубль, курс боюнча 1 рубль = 1,12 сом (ТКУСдун (МИРдин) транзакция жүргүзүү учурундагы курсу колдонулат):

I. Кардардын картасына 112 сом түшөт.

II. Карталык операцияны иштеп чыгуу күнү (2 күндөн 30 күнгө чейин) төлөмдүн валютасынын курсу өзгөргөндө:

·    рублдун курсу (ТКУСдун (МИРдин) транзакцияны иштеп чыгуу учурундагы курсу колдонулат) 1,14 болсо, мурун түшкөн 112 сом суммасына кошо картага кошумча 2 сом түшөт.

·    рублдун курсу (ТКУСдун (МИРдин) транзакцияны иштеп чыгуу учурундагы курсу колдонулат) 1,10 болсо, мурун түшкөн 112 сом суммасынан картадан кошумча 2 сом эсептен алынат.

 

b.  VISA GOLD:

Сумманы эсептен чыгарууда конвертациянын мисалы: кардардын картасы – сом улуттук валютасындагы VISA, Кардар КРдин чек арасынан тышкары жайгашкан Ишканадан АКШ долларында сатып алуу жүргүзөт.

Суммасы: 100 АКШ доллары Транзакция жүргүзүлгөн күн:

Операцияны жүргүзүү: 1-январь (ЭТСтин курсу +*OIF 5%: 89,775  KGS).

Акыркы эсептешүүнүн күнү: 3-январь (ЭТСтин курсу +OIF 2%: 86,7 KGS)

Бул учурда конвертациянын схемасы:

· Операция жүргүзүлгөн учурга карата (1-январь) кардардын картасынан 1-январга карата курс боюнча сумма бөгөттөлөт – 100 АКШ доллары * 89,77=8 977 сом

· Сумманын акыркы эсептешүүсү 3-январда 3-январга карата курс боюнча жүргүзүлөт – 100 АКШ доллары *86,7=8 670 сом. Сумма коррекциядан өтүп, кардарга 307 сом өлчөмүндөгү айырма кайтарылат.

 

Эгерде акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү күнүнө карата курс өсүп кетип, 5% өлчөмүндөгү OIF курстун өскөнүн жаппаган учурда, анда акыркы эсептешүүлөрдө сумма коррекциядан өтүп, кардардан пайда болгон айырманын өлчөмүндөгү айырма алынат:

 

Операция жүргүзүү: 1-январь (ЭТСтин курсу +OIF 5%:  89,775  KGS).

Акыркы эсептешүүнүн күнү: 3-январь (ЭТСтин курсу +OIF 2%: 91,8 KGS) .

Бул учурда конвертациянын схемасы:

· Операция жүргүзүлгөн учурга карата (1-январь) кардардын картасынан 1-январга карата курс боюнча сумма бөгөттөлөт – 100 АКШ доллары * 89,77=8 977 сом

· Сумманын акыркы эсептешүүсү 3-январда 3-январга карата курс боюнча жүргүзүлөт – 100 АКШ доллары *91,8=9 180 сом. Сумма коррекциядан өтүп, кардардан 203 сом өлчөмүндөгү айырма алынат.

 

Операция КРдин чек арасынан тышкары улуттук жана эсептик (АКШ доллары) валютадан айырмаланган валютада жүргүзүлгөн учурда конвертация ЭТСтин тарабында 2 этап менен өтөт: операциянын валютасы АКШ долларына, АКШ доллары улуттук валютага.

 

*OIF- операциянын жүргүзүү учуруна карата 5%, акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү учуруна карата 2% Оператордун курстук үстөгү.

 

- Мен, бул Оферта «Грин Телеком Сервис» ЖЧКсынын кол коюу тапшыруу менен,  «Грин Телеком Сервис» ЖЧКсынын www.dengi.kg web-сайтына жана «О!Деньги» мобилдик тиркемесине жайгыштырылган «Грин Телеком Сервис» ЖЧКсынын Жөнөкөй электрондук кол тамганы колдонуу тартибинин шарттарын толугу менен жана милдеттүү кабыл алам (акцепттейм), бул документтин жөнөкөй электрондук кол тамга коюлган электрондук документ формасында түзүлө турганына макулдугумду берем, жана анын 2017-жылдын 19-июлундагы Кыргыз Республикасынын «Электрондук кол тамга жөнүндө» №128 Мыйзамына ылайык, менин өз колум менен тастыктаган кагаз ташуучудагы документ менен бирдей мааниге ээ экенин моюнга алам. 

 - Жөнөкөй электрондук кол тамгамды коюу менен менин абоненттик телефон номериме SMS-билдирүү аркылуу жиберилген атайы тастыктоо кодунун киргизилишин (активдештирилишин) жана/же «Грин Телеком Сервис» ЖЧКсынын сайтындагы жана/же «О!Деньги» мобилдик тиркемесиндеги Жеке кабинетимдин Логини менен Сырсөзүнүн колдонулушун тааныйм.

- Кардардын мобилдик түзмөгүнө жөнөтүлгөн кодду киргизүү менен кардардын жөнөкөй электрондук колтамгасы менен кол коюлган.

 

«Грин Телеком Сервис» ЖЧК (мындан ары «ГТС» ЖЧК) КРУБдун №7003201022 22.10.2022 атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясынын негизинде электрондук капчыкты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган карталарынын эмиссиясын жүзөгө ашырат