toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

«О!Деньги» – Google Pay’ди колдогон Visa карталарын чыгарып баштаган Кыргызстандагы алгачкы финтех

«О!Деньги» – Google Pay’ди колдогон Visa карталарын чыгарып баштаган Кыргызстандагы алгачкы финтех

«О!Деньги» – Google Pay менен Garmin Pay’ди колдогон Visa карталарын чыгарып баштаган Кыргызстандагы алгачкы финтех

«О!Деньги» финансылык сервиси Google Pay жана Garmin Pay сервистерине байлоо мүмкүнчүлүгү бар Visa карталарын чыгарып баштаган Кыргызстандагы алгачкы финтех болду. Чыгарууну баштоо санарип төлөмдөр индустриясында дүйнөлүк лидер болгон Visa компаниясынын колдоосу менен иш жүзүнө ашырылды.

«О!Деньги» акысыз Visa Gold виртуалдык картасын сунуш кылууда, аны бир басуу менен «Мой О!» тиркемесинен ачса болот. Мындан ары капчыкты, накталай акчаны же картаны алып жүрүүнүн кажети жок. Сатып алууларды төлөө үчүн Android ОС негизиндеги смартфондун же Garmin саатынын болуусу жетиштүү.

«О!Деньги» капчыгынын балансы – картанын балансы болуп саналат, бул өзгөчө ыңгайлуу, анткени капчыкты бүт өлкө боюнча жайгашкан терминалдардын көбүнөн, ошондой эле банктардын тиркемелеринен комиссиясыз толуктаса болот.

Visa Gold «О!Деньги» картасынын мүмкүнчүлүктөрү:

  • Банкка барбастан бир заматта акысыз чыгаруу

  • 3DS технологиясы бар коопсуз интернет-төлөмдөр

  • Картаны дароо тиркемеден ыңгайлуу башкаруу

  • Google Pay’ди жана Garmin Pay’ди колдоо

  • POS-терминалдардан смартфон же саат менен контактсыз төлөө

  • Бүт өлкө боюнча нактаматтар тармагынан акысыз накталатып алуу



Картаны кантип ачат

  1. Google Play’ден же App Store’дон «Мой О!» тиркемесин жүктөп же жаңыртып аласыз.

  2. «О!Деньги» капчыгын ачып, «Visa виртуалдык карта» салмасын тандайсыз.

  3. «Картаны ачуу» баскычын басасыз.



Сиздин картаңыз төлөмдөргө даяр!