toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

ЖРТ-2024. Абитуриенттер каттоо акысын онлайн төлөй алышат

ЖРТ-2024. Абитуриенттер каттоо акысын онлайн төлөй алышат

Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүн жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды. Каттоо онлайн өткөрүлүп, 4-апрелге чейин жүрөт. Негизги тестирлөө 2024-жылдын май айында өтөт.

Катышуу үчүн каттоо акысын «Мой О!» тиркемесинен «О!Деньги» капчыгы аркылуу төлөсө болот. Быйыл негизги тесттин да, ар бир предметтик тесттин да баасы 470 сомду түзөт.

ЖРТга катышуу акысын кантип онлайн төлөсө болот?

1.       «Мой О!» тиркемесинен «О!Деньги» бөлүмүн ачып, «Төлөмгө» кириңиз.

2.       «Билим берүүнү» таап, «ЖРТ үчүн каттоо төгүмү» категориясын тандаңыз.

3.       Аты-жөнүңүздү, так сумманы көрсөтүңүз.

4.       «Төлөө» баскычын басыңыз.

Даяр!

Төлөм тууралуу дүмүрчөгүн сөзсүз смартфонуңуздун галереясына сактап коюңуз же мессенджер аркылуу жөнөтүңүз.  Каттоо учурунда төлөмдү тастыктоо үчүн чектин номерин, төлөмдүн күнүн жана суммасын көрсөтүү жетиштүү.

Белгилей кетели, билим алуусун ЖОЖдордо улантууну каалаган абитуриенттер ЖРТны тапшыруусу зарыл. Тестирлөө тууралуу толук маалымат ББОУБдун сайтында жеткиликтүү.

 

«Мой О!» тиркемесин Google Play’ден же  App Store’до жүктөп алып, «О!Деньги» финансылык сервисинен онлайн төлөмдөрдүн бардык артыкчылыктарын колдонуңуз.