toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

Бишкекте жол кирени накталай эмес төлөө: кантип QR менен төлөп, 50% кешбэк алса болот?

Бишкекте жол кирени накталай эмес төлөө: кантип QR менен төлөп, 50% кешбэк алса болот?

20-августтан тарта Бишкектин муниципалдык автобустарында жана троллейбустарында накталай эмес эсептешүү гана колдонулат. «О!Деньги» финансылык сервиси бул демилгени колдоп, жол киреге QR-код аркылуу ар бир төлөмдөн белекке 50% кешбэк берет!

QR-код менен төлөө өтө оңой жана утуштуу:

  • «Мой О!» тиркемесин жаңыртып, «О!Деньги» капчыгын ачыңыз.

  • Унаа каражатынын сыртында же ичинде жайгашкан QR-кодду сканерлеңиз.

  • Телефондун балансынан, капчыктан же байланган картадан төлөңүз.

  • Төлөм жүргүзүлгөндөн кийин 50% кешбэк заматта бонустук эсепке кайтарылып берилет.

Топтолгон бонустар менен бонустук программанын өнөктөштөрүнөн товарларды жана кызматтарды төлөсө болот. Толук маалымат тиркеменин «О!Бонус» бөлүмүндө.