toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

Санарип мамлекеттик кызматтар кѳбѳйүүдѳ! Эми «Мой О!» тиркемесинен паспорт даярдоо үчүн онлайн тѳлѳѳгѳ болот

Санарип мамлекеттик кызматтар кѳбѳйүүдѳ! Эми «Мой О!» тиркемесинен паспорт даярдоо үчүн онлайн тѳлѳѳгѳ болот

 «Мой О!» мобилдик тиркемесинде электрондук мамлекеттик кызматтардын саны кѳбѳйүүдѳ.

Эми кыргызстандыктар КР жаранынын 2017-жылкы үлгүдѳгү паспортун жана КР жаранынын 2020-жылкы үлгүдѳгү жалпы жарандык паспортун даярдоо, ошондой эле жеткирип берүү үчүн онлайн жана комиссиясыз тѳлѳй алышат.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Санариптик ѳнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылды. 

Паспорт даярдоо үчүн тѳлѳмдү комиссиясыз кантип аткарса болот?

1.     КТБга барып, паспорт даярдоо үчүн керектүү документтерди тапшырыӊыз да, дүмүрчѳк алыӊыз;

2.      «Мой О!» тиркемесинен «О!Деньги» бѳлүмүн ачыӊыз;

3.     «Мамлекеттик тѳлѳмдѳр жана айыппулдар», андан соӊ «КР паспорту үчүн тѳлѳм» вкладкаларын басыӊыз;

4.     Дүмүрчѳктѳ кѳрсѳтүлгѳн тѳлѳѳ кодун жана суммасын киргизиӊиз;

5.    Телефондун балансынан, капчыктан же кошулган картадан тѳлѳӊүз.

Накталай эмес түрдѳ тѳлѳѳ мүмкүндүгү калктын мамлекеттик кызматтардан пайдалануусун кеӊейтип, убакытты үнѳмдѳѳгѳ шарт түзѳт. Себеби, кассага барып, кезек күтүп отуруунун зарылдыгы жок – тиркемеден тѳлѳѳгѳ болгону бир нече секунд кетет.

 «О!Деньги» капчыгы аркылуу башка мамлекеттик кызматтар үчүн дагы тѳлѳм жүргүзүү оӊой экенин эскерте кетмекчибиз:

·      Юстиция министрлигинин сервистерин жана нотариустун кызматтарын тѳлѳѳ;

·      ИИМ кызматтарын тѳлѳѳ (соттолбогондугу тууралуу маалымкат, апостиль басуу);

·      ЖААК кызматтарын тѳлѳѳ (никелешүүнү жана никени бузууну каттоо, баланын тѳрѳлгѳнүн каттоо ж.б.);

·      Камералардан жана колго жазылган айыппулдарды тѳлѳѳ;

·      Салыктарды, патенттерди тѳлѳѳ;

Бала бакчадагы тамактануу жана башка кѳптѳгѳн кызматтар үчүн тѳлѳѳ.