toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

Коомдук транспорттон «О!Деньги» капчыгы менен кантип 2 эсе үнөмдөсө болот

Коомдук транспорттон «О!Деньги» капчыгы менен кантип 2 эсе үнөмдөсө болот

2024-жылдын 30-январынан тарта муниципалдык троллейбустарда жана автобустарда жүрүү акысы көтөрүлүп, эми жол киренин баасы бир жүргүнчү үчүн накталайсыз түрү 17 сомду, накталай – 20 сомду түзөт. 

«О!Деньги» финансылык сервиси коомдук транспортто накталайсыз эсептешүү демилгесин колдоп, жол киренин QR-код менен төлөнгөн ар бир төлөмүнөн 50% пайдалуу кешбэк тартуулайт! Мисалы, баасы 17 сомду түзгөн жол жүрүүдөн тиркеменин колдонуучуларына 8,5 сом бонус түрүндө кайтарылат. 

Пайдалуу чечимди кантип колдонсо болот: 

1. «Мой О!» тиркемесин жаңыртыңыз же ачыңыз, «О!Деньги» капчыгына кириңиз. Жүктөп алуу үчүн App Store’до же Play Market’те жеткиликтүү. 

2. QR-кодду сканерлеңиз. 

3. 17 сомду төлөңүз, ал эми 8,5 сом бонустук эсепке дароо кайтарылат. 

Даяр! 

Эскерте кетели, QR-коду бар көрнөкчөлөр муниципалдык транспорттун ичинде да, сыртында да жайгашкан. 

Тиркемеден топтолгон бонустар менен кийинки жол жүрүүлөрдү төлөсө болот - жол киренин 50%на чейин. Ошондой эле бонустук программанын өнөктөштөрүнүн товарлары же кызмат көрсөтүүлөрү жеткиликтүү: кафелер, дүкөндөр, дарыканалар, супермаркеттер, май куюучу жайлар жана 3000ден ашык ар түрдүү жайлар.

«О!Деньги» - биз менен оңой, пайдалуу жана ыңгайлуу!