toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

Digital Kyrgyzstan форуму: Visa төлөм системасы "О!Деньги" финтехи менен бирге виртуалдык картаны ишке киргизгендиги тууралуу

Digital Kyrgyzstan форуму: Visa төлөм системасы "О!Деньги" финтехи менен бирге виртуалдык картаны ишке киргизгендиги тууралуу

Бишкекте Digital Kyrgyzstan эл аралык ПЛАС-форуму болуп өттү – бул мамлекетти, бизнести, сооданы жана коомду санариптештирүү чөйрөсүндөгү Борбор Азиядагы ири эл аралык иш-чаралардын бири.

Борбор калаада экинчи жолу өтүп жаткан форумга бүт дүйнө жүзүнөн 29 өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Форумда биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров чыгып сүйлөдү. Белгилүү катышуучулардын арасынан Борбор Азияда бизнести өнүктүрүү боюнча Visa’нын улук директору Антон Бороздин, ошондой эле Кыргызстандын өкмөтүнүн, алдыңкы банктарынын жана ири компанияларынын өкүлдөрү болду.

Форумдагы сөзүндө Антон Бороздин санарип төлөмдөр индустриясында лидер болгон Visa’нын башкы жетишкендиктери тууралуу айтып берди. Ал жетишкендиктердин бири болуп – «О!Деньги» финансылык сервиси менен биргеликте акысыз Visa Gold виртуалдык картасын ишке киргизүү болду. «О!Деньги» – бул өз колдонуучуларына мындай мүмкүнчүлүктү ишке ашырган Кыргызстандагы алгачкы финтех.

Эскерте кетели, акысыз Visa Gold «О!Деньги» виртуалдык картасын «Мой О!» мобилдик тиркемесинен бир басуу менен ачса болот. Капчыкты, накталай акчаны же картаны алып жүрүүнүн эми кажети жок. Сатып алууларды төлөө үчүн Android-смартфондун же Garmin саатынын болуусу жетиштүү. Мындан тышкары, карта менен жасалган ар бир сатып алуудан сервис кардарларына сумманын 2%ын бонус түрүндө кайтарып берет.

Visa Gold «О!Деньги» картасынын мүмкүнчүлүктөрү:

·Капчыктын балансы – бул картанын балансы. Аны бүт өлкө боюнча терминалдардын көпчүлүгүнөн жана банктардын тиркемелеринен комиссиясыз толуктаса болот.

·Банкка барбастан заматта жана акысыз чыгаруу.

·3DS технологиясы бар коопсуз интернет-төлөмдөр.

·Картаны дароо тиркемеден ыңгайлуу башкаруу.

·Google Pay’ди жана Garmin Pay’ди колдоо.

·Смартфон же саат менен контактсыз төлөө.

·Бүт өлкө боюнча нактаматтар тармагынан акысыз накталатуу.

Картаны кантип ачса болот?

·«Мой О!» тиркемесин Google Play’ден же App Store’дон жүктөп же жаңыртып алыңыз.

· «О!Деньги» капчыгын ачып, «Visa виртуалдык карта» салмасын тандаңыз.

· «Картаны ачуу» баскычын басыңыз.

Толук маалымат сайтта

*«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБдун 03.08.2017-ж. №2021030817, №3022030817 лиц. Карталарды эмиссиялоо КРУБдун 20.10.2022-ж. №7003201022 лиц. негизинде атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында жүзөгө ашырылат.