toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

Онлайн сатып алуулардан кантип үнөмдөсө болот: Wildberries, Ozon, AliExpress жана башкалар

Онлайн сатып алуулардан кантип үнөмдөсө болот: Wildberries, Ozon, AliExpress жана башкалар

Товарларды маркетплейстерден сатып алуу – бул тез, ыңгайлуу жана пайдалуу. Бирок сиздин сатып алууларды мындан да жагымдуурак кыла турган ыкма бар – кешбэктүү Visa Gold «О!Деньги» виртуалдык картасы.

Карта менен жасалган ар бир сатып алуудан пайдалуу сервис бардык кардарларына сумманын 2%ын бонус түрүндө кайтарып берет. Бонустар «Мой О!» мобилдик тиркемесинде бонустук эсепте дароо көрсөтүлөт.

Visa «О!Деньги» картасы менен интернеттеги каалаган сатып алууларды төлөсө болот, алардын ичинде Wildberries, Ozon, AliExpress, Amazon, Taobao жана башка эң белгилүү маркетплейстердеги онлайн-шопингди.

Visa Gold «О!Деньги» виртуалдык картасын кантип колдонуу керектигин биздин видеосерептен көрүңүз.

Картанын балансы – бул «О!Деньги» капчыгынын балансы. Бул өзгөчө ыңгайлуу, анткени капчыкты бүт өлкө боюнча терминалдардын көпчүлүгүнөн, ошондой эле банктардын тиркемелеринен комиссиясыз толуктаса болот.

Visa Gold «О!Деньги» виртуалдык картасынын артыкчылыктарын дароо азыр пайдаланууга мүмкүн:

• банкка барбастан заматта акысыз чыгаруу;

• 3DS технологиясы бар коопсуз интернет-төлөмдөр;

• картаны дароо тиркемеден ыңгайлуу башкаруу;

• Google Pay менен Garmin Pay’ди колдоо;

• POS-терминалдардан смартфон же саат менен контактсыз төлөө;

• бүт өлкө боюнча нактаматтар тармагынан акысыз накталатуу.

Картаны акысыз ачыңыз:

1. Google Play ’ден же App Store ’дон «Мой О!» тиркемесин жүктөп же жаңыртып алыңыз.

2. «О!Деньги» капчыгын ачып, «Visa — виртуалдык карта» салмасын тандаңыз.

3. «Картаны ачуу» баскычын басыңыз.

Карта эми төлөмдөргө дароо даяр!

Кешбэкти чегерүү шарттары:

1. Visa Gold «О!Деньги» картасы менен жүргүзүлгөн ар бир төлөмдөн бонустук эсепке 2% кешбэк чегерилет.

2. Бонуска ээ болуу үчүн транзакциянын максималдуу суммасы: 25 000 сом.

3. Суткасына 1 POS-терминал аркылуу транзакциялардын максималдуу саны: 4.

4. Бир транзакция үчүн бонустардын максималдуу суммасы: 500.

5. Айына бонустардын максималдуу суммасы: 3000.

6. Которууда жана банкоматтардан накталатууда бонустар чегерилбейт.

7. Акциянын мөөнөтү: 2024-жылдын 31-майына чейин.

* «О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБдун 03.08.2017-ж. №2021030817, №3022030817 лиц. Карталарды эмиссиялоо КРУБдун 20.10.2022-ж. №7003201022 лиц. негизинде атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында жүзөгө ашырылат