toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

Элкарт «О!Деньги» картасы эми 1% кешбэк менен

Элкарт «О!Деньги» картасы эми 1% кешбэк менен

Биз кардарларга ыңгайлуу жана пайдалуу чечимдерди сунуштап, накталайсыз төлөмдөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү улантуудабыз. Эми биздин колдонуучулар кешбэкти QR-код менен төлөөдө гана албастан, Элкарт «О!Деньги» төлөм картасын колдонууда да кешбектүү болууда.

Бонус түрүндөгү 1% кешбэк өлкөнүн кайсы болбосун POS-терминалы аркылуу ар бир сатып алуу үчүн чегерилет. Бир бонус бир сомго барабар.

Топтолгон бонустарды бонустук программанын өнөктөштөрүнөн товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө сарптаса болот – булар кафелер, дүкөндөр, дарыканалар, супермаркеттер, май куюучу жайлар жана ар түрдүү 1000ден ашык жайлар.

Элкарт «О!Деньги» картасын кантип алат

Өнүмдүн дагы бир артыкчылыгы – аны тез жана акысыз алууда.

Картага буйрутманы «Мой О!» тиркемесинен бериет, O!Store дүкөнүнөн дароо алса болот.

Картанын мүмкүнчүлүктөрү

·       Коопсуз онлайн сатып алуулар: Яндекс Go’го, Wildberries’ке, самокаттарды, пауэрбанктарды ижарага алуу боюнча сервистерге жана башкаларга байлап алыңыз.

·       Ылдам которуулар: Кыргызстандан, Казакстандан, Орусиядан жана башка өлкөлөрдөн заматта келүүчү которууларды алыңыз.

·       Накталай акча алуу: каражаттарды өлкөнүн кайсы болбосун банкоматынан накталатып алыңыз.

·       Ыңгайлуу башкаруу: дароо тиркемеден транзакциялардын тарыхын жана каражаттардын калдыгын текшериңиз, картаны толуктаңыз жана ПИН-кодду алмаштырыңыз. 

«Мой О!» тиркемесин Google Play’ден же App Store’дон жүктөп алып, «О!Деньги» капчыгы аркылуу пайдалуу төлөмдөрдү пайдаланыңыз.

Кешбэкти чегерүү шарттары:

1.     Кайсы болбосун POS-терминал аркылуу Элкарт «О!Деньги» картасы менен ар бир төлөмдөн бонустук эсепке 1% кешбэк чегерилет.

2.     Бонусту алуу үчүн транзакциянын максималдуу суммасы: 50 000 сом.

3.     Суткасына 1 POS-терминал аркылуу транзакциялардын максималдуу саны: 4.

4.     Бир транзакция үчүн бонустардын максималдуу саны: 500.

5.     Бир айда бонустардын максималдуу саны: 3000.

Карталарды эмиссиялоо КРУБдун 20.10.2022-ж. №7003201022 лиц. негизинде атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында жүзөгө ашырылат.