toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

Күйүүчү майды азыр куюп – кийин төлөңүз! «О!Деньги» аркылуу күйүүчү майды 0% бөлүп төлөө менен сатып алуу

Күйүүчү майды азыр куюп – кийин төлөңүз! «О!Деньги» аркылуу күйүүчү майды 0% бөлүп төлөө менен сатып алуу

Кыргызстанда унаа ээлери эми ашыкча төлөмсүз жана комиссиясыз күйүүчү майды бөлүп төлөө менен сатып ала алышат! Мындай мүмкүнчүлүктү «О!Деньги» финансылык сервиси «Акча Булак» микрокредиттик компаниясы менен биргеликте тартуулап баштады.

«Топкарта» ататылышындагы жаңы өнүм унаа ээлерине пайыздарсыз, көмүскө комиссиясыз жана үйдөн чыкпастан 7 күнгө 7 000 сомго чейин каражат алууга мүмкүндүк берет. Түшкөн сумманы Bishkek Petroleum АМС тармагынан күйүүчү майды же PARTNER NEFT АМС тармагынан күйүүчү майды жана товарларды төлөөгө сарптаса болот.

«Топкартанын» пайдалуу шарттары жана тариздөөсүнүн жөнөкөйлүгү сервисти максималдуу түрдө ыңгайлуу жана жагымдуу кылат. Каражаттарды алуу үчүн «Мой О!» тиркемеси бар смартфонго ээ болуу жетиштүү.

Бөлүп төлөөнү кантип тариздейт.
Видеонускаманы шилтеме аркылуу көрүңүз.

1. Google Play’ден же App Store’дон «Мой О!» тиркемесин жаңыртып аласыз.

2. «О!Деньги» капчыгын ачасыз, «Акча Булакты» басып, «Топкартаны» тандайсыз.

3. Дароо тиркемеден бир нече мүнөттүн ичинде өтүнмөнү толтуруп, идентификациядан өтүп, документтерге онлайн кол коёсуз.

Өтүнмө жактырылгандан кийин каражаттар дароо «Топкартада» жеткиликтүү болот.

«Топкарта» менен кантип төлөйт: 

1. АМСтин кассасында же колонкасында жайгашкан QR-кодду сканерлейсиз.

2. Керектүү сумманы көрсөтүп, каражаттардын булагы катары «Топкартаны» тандайсыз.

3. Төлөйсүз. 

Баары жөнөкөй, пайдалуу жана ыңгайлуу!