toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

Кыргызстандыктар аэропорттон учардын алдында карыздарын төлөй алышат

Кыргызстандыктар аэропорттон учардын алдында карыздарын төлөй алышат

Чет өлкөгө чыгып жаткан кыргызстандыктардын ыңгайлуулугу үчүн айыппулдарды «Манас» аэропортунан бир нече мүнөттүн ичинде төлөө мүмкүндүгү жаралды. Карызды түз эле смартфондон «О!Деньги» капчыгы аркылуу же аэропорттун ичиндеги О! төлөм терминалдарынан төлөөгө болот.

 «О!Деньги» аркылуу айыппул кантип төлөнөт:

1.      «Мой О!» тиркемесинен «О!Деньги» бөлүмүн ачыңыз.

2.     «Мамлекеттик төлөмдөр жана айыппулдар», андан соң «Камерадан жазылган айыппулдар» же «Колго жазылган айыппулдар» вкладкасын тандаңыз.

3.     Төлөө кодун жазыңыз.

4.     Телефондун балансынан, капчыктан же картадан төлөңүз.

 «Манас» аэропортунан О! терминалдарын оңой эле таба аласыз:

·      1-кабаттын оң жана сол канаттарында, ошондой эле O!Storе дүкөнүндө

·      2-кабаттын оң канатында. 

 

Айыппулду терминалдан кантип төлөй аласыз?

 

1.      «Айыппулдар» бөлүмүнөн «Колго жазылган айыппулдар/Коопсуз шаар айыппулдарын» тандаңыз.

2.     Төлөө кодун жазыңыз.

3.     Керектүү сумманы купюра кабыл алгычка салыңыз жана төлөңүз.

4.     Төлөө жөнүндө чекти алыңыз.

Сапарыңыз байсалдуу болсун!