toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

«О!Деньги» финтехи Банктар аралык процессинг борборунун эки сыйлыгына ээ болду

«О!Деньги» финтехи Банктар аралык процессинг борборунун эки сыйлыгына ээ болду

«О!Деньги» финансылык сервиси 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча «Банктар аралык Процессинг Борбору» ЖАКтан эки сыйлыкка ээ болду: «Элкарт карталарын чыгаруу боюнча ылдам старт» жана «СТИден ELQRды илгерилетүү боюнча жылдын өнөктөшү».

«О!Деньги» Элкарт картасын былтыркы жылдын август айында чыгарып баштаган. Кардарлар сервистин ыңгайлуулугуна жана функционалдуулугуна баа беришти: акысыз жана заматта алуу, картаны тиркемеден башкаруу жана толуктоо, Казакстан, Орусия жана башка өлкөлөрдөн которууларды алуу мүмкүнчүлүгү, ал эми эң башкысы – кайсы болбосун сатып алуу үчүн жана ар бир интернет-төлөм үчүн 1% кешбэк.

Белгилей кетели, «О!Деньги» биринчилерден болуп QR-код менен төлөөнү баштап, улуттук стандарттагы QR болуп саналган ELQR’ды да ийгиликтүү түрдө ишке киргизди. Сервис QR-төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча өнөктөштүк тармагын бир кыйла кеңейтти жана колдонуучуларга ар бир төлөмдөн 50%га чейин кешбэк тартуулоону улантууда.

Кыргызстандагы накталайсыз төлөө рыногун өнүктүрүү максатында жана жеке кардарлар үчүн да, бизнес үчүн да пайдалуу, технологиялуу жана ыңгайлуу чечимдерди сунуштоо максатында «О!Деньги» «БАПБ» ЖАК менен кызматташууну бекемдөөнү улантат.

*

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБдун 03.08.2017-ж. №2021030817, №3022030817 лиц. Карталарды эмиссиялоо КРУБдун 20.10.2022-ж. №7003201022 лиц. негизинде атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында жүзөгө ашырылат.