toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

Электрондук патентти «Мой О!» тиркемесинен онлайн тариздеңиз

Электрондук патентти «Мой О!» тиркемесинен онлайн тариздеңиз

Кыргызстандык ишкерлердин ыңгайлуулугу үчүн О!Деньги финансылык сервиси электрондук патенттерди дароо тиркемеден тариздөө жана төлөө боюнча кызматты ишке киргизди. Патенттин негизинде иштеген жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн эми салык органдарына баруунун кажети жок. Патентти «О!Деньги» капчыгы аркылуу онлайн режимде электрондук түрдө тариздесе, төлөсө же узартса болот.

Кызмат үчүн комиссия 20 сомду түзөт.

Эмне кылуу керек?

• «Мой О!» тиркемесин Google Playже App Store жүктөп же жаңыртып алыңыз.

• «О!Деньги» капчыгын, «Сервистер» салмасын, «Мам. кызматтарды» ачыңыз.

• Алгач «Электрондук патент» баскычын, андан соң «Патентти кошуу» баскычын тандаңыз.

• Салык төлөөчү тууралуу милдеттүү маалыматты, экономикалык ишмердиктин түрүн, ошондой эле документтин колдонуу мөөнөтүн териңиз.

• «Эсептеп чыгуу» баскычын басып, тариздөөнү ырастаңыз.

• Төлөмдүн реквизиттери жана суммасы автоматтык түрдө түзүлөт, төлөмдү ырастоо гана калат.

Электрондук патентиңиз даяр!

Мындан тышкары, мурун таризделген электрондук патенттерди ошол эле «Электрондук патент» салмасынан көрсө болот - бул кызмат акысыз.

Белгилей кетели, колдонуучунун ИННсы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматында катталган болсо, электрондук патентти онлайн алса болот.

Маанилүү! 2024-жылдын 1-июлунан тарта Кыргызстанда патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотуларын Мамлекеттик салык кызматы эскертет. Кошумча маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kgсайтынан алса болот.

*«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБдун 03.08.2017-ж. №2021030817, №3022030817 лиц.