toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

Битир-садаканы «О!Деньги» капчыгы аркылуу комиссиясыз онлайн бериңиз

Битир-садаканы «О!Деньги» капчыгы аркылуу комиссиясыз онлайн бериңиз

Рамазан айында мусулмандарга битир-садаканы сөзсүз берүү сунушталат. «О!Деньги» капчыгынын колдонуучулары кайрымдуулук үчүн каалаган сумманы бир нече басуу менен жана комиссиясыз жөнөтө алышат.

Битир-садаканы кантип онлайн берсе болот?

·        Google Play’ден же App Store’дон «Мой О!» тиркемесин жүктөп же жаңыртып алыңыз.

·        «О!Деньги» капчыгын ачыңыз.

·        Алгач «Төлөмдү», андан соң «Жакшы иштерди» тандап, «Битир-садаганы» табыңыз;

·        Каалаган сумманы көрсөтүп, төлөңүз.

«О!Деньги» капчыгы аркылуу башка кайыр-садаканын түрлөрүнө дагы каражаттарды жөнөтсө болот: жетимдер, кайрымдуулук, зекет.

Белгилей кетели, бардык которулган каражаттар Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын эсебине түшөт.

Салт болуп калгандай, Орозо кармагандардын ыңгайлуулугу үчүн «Мой О!» тиркемесинде Орозо онлайн-календары каралган. Сервисте ооз бекитүүнүн жана ооз ачуунун актуалдуу убактысын жана таймерди камтыган ырааттама бар, ошондой эле дубалардын текстин жана маанисин караса болот.

Календарды кантип тапса болот?

·        «Мой О!» тиркемесин ачыңыз.

·        Тиркеменин башкы бетинен «Орозо-2024 календары» баннерин басыңыз.

·        Жакынкы калктуу конушту тандаңыз. 

«О!Деньги» финансылык сервисинин командасы ыйык Рамазан айында чын жүрөктөн тынчтык, кубаныч жана бакубатчылык каалайт!