toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

Апаңыз, жубайыңыз же эже-карындаштарыңыз үчүн: «О!Маркетте» акысыз жеткирүүсү менен өзгөчө белектер

Апаңыз, жубайыңыз же эже-карындаштарыңыз үчүн: «О!Маркетте» акысыз жеткирүүсү менен өзгөчө белектер

Жаздын биринчи айы салттуу түрдө бүт дүйнө жүзүндө белгилене турган Аялдардын эл аралык күнү менен байланыштырылат. Бул күнү сүйүктүү жубайларды, апаларды, чоң энелерди, эже-карындаштарды жана курбуларды куттуктоо адат болуп калган. Эгерде 8-мартка белек катары кесиптештер үчүн сюрприз кылуу керек болсо, анда символдук түрдө буюм сатып алса болот. Ал эми белек өтө жакын, кымбат адамга арналган болсо, аны жеке түрдө өзгөчө тандап алууга киришсе болот.

Адатта убакыттын тартыштыгынан улам адамдардын көпчүлүгү майрамга даярданууну акыркы күнгө калтырышат. «Мой О!» тиркемесиндеги «О!Маркет» сервиси белек тандап алууну жана 1000 сомдон жогору акысыз жеткирүүсү менен буйрутма берүүнү сунуштайт. Мунун өзү убакытты бир кыйла үнөмдөйт жана убараланып дүкөндөрдү кыдырууну четтетет.

«О!Маркет» - сатып алууларды онлайн жасоонун ыңгайлуу жана пайдалуу ыкмасындагы аянтча. Бул жерде 10 000ден ашуун товардын аталыштары сунушталат: үй товарлары жана өзүнө кам көрүү каражаттарынан тартып, кийим-кече жана электроникага чейин.

Товарды акысыз жеткирүүсү менен кантип сатып алса болот?

1. Google Play’ден же App Store’дон «Мой О!» мобилдик тиркемесин жүктөп же жаңыртып алыңыз.

2. «О!Маркет» сервисин ачыңыз.

3. Жактырган товарды тандап, «Азыр сатып алуу» баскычын басыңыз.

4. Товарды онлайн төлөп, сизге ыңгайлуу убакытты тандоо менен жеткирүүнү тариздеңиз.

Даяр!

Эми «О!Маркеттеги» онлайн сатып алуулардан ырахат алып, буйрутмаңыз эң кыска мөөнөттө жеткирилет деп ишенсеңиз болот.