toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

ЖРТ-2023. Каттоо акысын онлайн төлөсө болот

ЖРТ-2023. Каттоо акысын онлайн төлөсө болот

ЖРТ-2023. Каттоо акысын онлайн төлөсө болот

Кыргызстанда бүтүрүүчүлөрдүн жалпы республикалык тестирлөөгө каттоосу жүрүп жатат. Катышуу үчүн каттоо акысын «О!Деньги» аркылуу онлайн төлөсө болот. Быйыл негизги тесттин да, ар бир предметтик тесттин да баасы 470 сомду түзөт.

ЖРТны кантип онлайн төлөө керек:

1. «Мой О!» тиркемесинен «О!Деньги» бөлүмүн ачып, «Төлөмгө» кириңиз;

2. «Билим берүүнү» таап, «ЖРТ үчүн каттоо төгүмү» категориясын тандаңыз;

3. Аты-жөнүңүздү, сумманы көрсөтүп, төлөм жүргүзүңүз.

Төлөм тууралуу дүмүрчөгүн галереяга сактап же мессенджер аркылуу жөнөтсө болот. Онлайн каттоодон өткөн учурда тастыктоо үчүн дүмүрчөктүн номерин жана сумманы көрсөтүү жетиштүү.

Белгилей кетели, абитуриенттерди каттоо 6-апрелге чейин жүргүзүлөт. Тестирлөө тууралуу толук маалымат ББОУБдун сайтында жеткиликтүү.

«Мой О!» тиркемесин Google Play же App Store’дон жүктөп, накталай эмес төлөмдөрдүн баардык артыкчылыктарын колдонуңуз.