toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

Кантип дүйнөнүн ар тарабынан «О!Деньги» капчыгына которууларды комиссиясыз алса болот?

Кантип дүйнөнүн ар тарабынан «О!Деньги» капчыгына которууларды комиссиясыз алса болот?

«О!Деньги» финансылык сервиси накталайсыз төлөмдөрдүн жана которуулардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү улантууда. Эми «О!Деньги» капчыгынын колдонуучулары дүйнөнүн ар бир бурчунан CONTACT тутуму аркылуу акча которууларды ала алышат.

Бул ыңгайлуу кызмат банкка баруу зарылчылыгынан бошотот — акча каражаттары 24/7 бою онлайн режимде заматта чегерилет.

Алып жаткан адам үчүн комиссия: 0 пайыз!

Которууну кантип жөнөтөт?

1. CONTACT акча которуулар тутумунун тиркемесинен же тейлөө түйүндөрүнүн биринен которууну тариздейсиз. Алуучунун ысымы «О!Деньги» капчыгынын ээсинин ысымына дал келиш керек.

2. Которуунун кодун аласыз.

3. Алуучуга которуунун кодун, суммасын жана валютасын билдиресиз.

Каражаттарды кантип алуу керек?

1. «Мой О!» тиркемесинен «О!Деньги» капчыгын ачасыз.

2. «Которууларды» басып, CONTACT'ты тандайсыз.

3. Которуунун кодун, суммасын жана валютасын көрсөтүп, чегерүүнү ырастайсыз.

Которуу «О!Деньги» капчыгына сом валютасында заматта түшөт.

Түшкөн каражаттарды дароо тиркемеден товарларды жана кызматтарды төлөөгө сарптаса, ыңгайлуу төлөмдөр үчүн ЭЛКАРТ «О!Деньги» картасына которсо, же болбосо терминалдар аркылуу накталатып алса болот.

«Мой О!» тиркемесин Google Play'ден же App Store'дон жүктөп алып, накталайсыз төлөмдөрдүн бардык артыкчылыктарын пайдаланыңыз.