toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

Optima Bank’тын Visa карталарын «О!Деньги» капчыгынан телефон номери боюнча толуктаңыз

Optima Bank’тын Visa карталарын «О!Деньги» капчыгынан телефон номери боюнча толуктаңыз

«О!Деньги» финансылык сервиси колдонуучулардын ыңгайлуулугу үчүн өз мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүнү улантып, заманбап жана ыңгайлуу чечимдерди сунуштайт.

Эми Optima Bank’тын Visa карталарын толуктоо бир кыйла оңой болуп калды. «О!Деньги» капчыгынын колдонуучулары акча которууларды бул банктык карталарга телефон номери боюнча жөнөтө алышат.

Кантип жөнөтөт?

1.      Google Play’денже App Store’дон «Мой О!» мобилдик тиркемесин жүктөп же жаңыртып алыңыз.

2.     «О!Деньги» капчыгын → «Которуулар» бөлүмүн → «Optima Bank Visa карталарын телефон номери боюнча толуктоо» баскычын ачыңыз.

3.      Телефон номерин көрсөтүп, керектүү сумманы териңиз.

4.      Төлөмдү ырастаңыз.

Кызматтын комиссиясы 1% түзөт.

Мындан тышкары, «О!Деньги» капчыгынын колдонуучуларына телефон номери боюнча которуулардын универсалдуу сервиси жеткиликтүү. Болгону алуучунун номерин көрсөтүп, башка капчыктарга жана карталарга которууларды оңой жана ылдам жүргүзсө болот. Ошондой эле, которууну жөнөтүүдө комиссиянын өлчөмү дароо көрсөтүлөт.

«О!Деньги» капчыгынын ичинде акча которууларды оңой жөнөткөндөй эле, башка сервистерге да оңой жөнөтүңүз!