Биз менен пайдалуу: «О!Деньги» капчыгы аркылуу төлөөдө жол кире 2 эсе арзан
«О!Деньги» финансылык сервиси шаар тургундарынын коомдук транспортто пайдалуу жүрүшүнө кубаныч тартуулоону улантып, 50% кешбэк белекке берет. Жол кирени «О!Деньги» аркылуу QR-код менен төлөп, акынын жарым баасын бонус түрүндө кайтарып алыңыз.
Эмесе, тиркеменин колдонуучуларына17 сомду түзгөн жол киреден 8,5 сом бонус түрүндө кайтарылып берилет.
Пайдалуу чечимди кантип пайдаланса болот:
1. App Store’дон же Play Market’тен «Мой О!» мобилдик тиркемесин жүктөп алыңыз.
2. «О!Деньги» капчыгын ачыңыз.
3. QR-кодду сканерлеңиз.
4. 17 сомду төлөңүз, 8,5 сом болсо дароо бонустук эсепке кайтарылат.
Даяр!
Эскерте кетели, борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн QR-коду бар көрнөкчөлөр муниципалдык транспорттун сыртында да, ичинде да жайгашкан.
Тиркемеден топтолгон бонустар менен кийинки жол жүрүүлөрдү төлөсө болот - жол киренин 50%на чейин. Ошондой эле бонустук программанын өнөктөштөрүнүн товарлары же кызмат көрсөтүүлөрү жеткиликтүү: кафелер, дүкөндөр, дарыканалар, супермаркеттер, май куюучу жайлар жана 3000ден ашык ар түрдүү жайлар.
О!Деньги» - биз менен оңой, пайдалуу жана ыңгайлуу!
13.03.2024