toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

«О!Деньги» сервиси тездетилген ЭЛКАРТ карталарын чыгарууну баштады

«О!Деньги» сервиси тездетилген ЭЛКАРТ карталарын чыгарууну баштады

«О!Деньги» финансылык сервиси накталайсыз төлөмдөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү улантууда жана Кыргызстанда биринчи болуп электрондук капчыкка ЭЛКАРТ карталарын чыгарууну баштады. 

Картанын артыкчылыгы — аны тез жана акысыз алууда. «Мой О!» тиркемесинен бир басуу менен картага буйрутма берип, O!Store дүкөнүнөн заматта алса болот. 

 

Картанын мүмкүнчүлүктөрү: 

• Бүт өлкө боюнча контактсыз төлөмдөр; 

• Коопсуз онлайн сатып алуулар;  

• Картанын номери боюнча толуктоо; 

• Бардык банкоматтардан накталатып алуу; 

• Транзакциялардын тарыхы, каражаттардын калдыгын көрүү жана картаны толуктоо — дароо тиркемеден. 

 

Картаны кантип алса болот: 

1. Google Play'ден же App Store'дон «Мой О!» тиркемесин жүктөп аласыз. 

2. «О!Деньги» капчыгын идентификациялоодон өтөсүз.  

3. «Мой О!» тиркемесинен «О!Деньги» капчыгын ачасыз, «Элкарт картасын» тандайсыз, «Буйрутма берүү» баскычын басасыз.  

4. Картаңыз дароо даяр болот. O!Store дүкөнүнөн паспорт менен келип аласыз. 

 

Жагымдуу бонус: картаны чыгарууда дароо 50 лотереялык билетке ээ болуп, бир миллион сомдук ойнотууга катыша аласыз. Лотерея жөнүндө толук маалымат udacha.kg сайтында. 

Карталардын эмиссиясы КРУБдун №7003201022 лиц. негизинде атайын жөнгө салуу режиминин алкагында жүзөгө ашырылат.