toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

«О!Деньгини» кантип накталатып алса болот

«О!Деньгини» кантип накталатып алса болот

«О!Деньги» финансылык сервиси кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн инновациялык төлөм чечимдерин түзүүнү улантууда.
Мындан ары сервистин колдонуучулары электрондук капчыктагы акча каражаттарын cash out функциясы бар атайы терминалдардан накталатып ала алышат.

Нактаматтар керектүү кызматтарды төлөп коюуга гана эмес, акча каражаттарын смартфондон накталатып алууга дагы мүмкүнчүлүк берет – паспортсуз, картасыз жана банкка баруусуз. 

«О!Деньгини» нактамат аркылуу кантип накталатып алса болот?

1.     Нактаматтын экранынан «О!Деньги накталай берүү» баскычын тандаңыз.

2.     Керектүү сумманы көрсөтүңүз.

3.     «Мой О!» тиркемесин ачып, QR-кодду сканерлеңиз.

4.     Операцияны ырастап, накталай акчаны алыңыз. 

Кызматтын комиссиясы канча болот?

·  Айына 15 000 сомго чейин комиссиясыз накталатып алса болот.

·  15 001 сомдон 80 000 сомго чейин – 0.5%.

·  80 001 сомдон өйдө – 1%.

Канча суммадагы накталай акча алса болот?

·  Онлайн идентификацияланган колдонуучулар үчүн: айына 30 000 сомго чейин.

·  O!Store’дон идентификацияланган колдонуучулар үчүн: айына 800 000 сомго чейин. 

Нактаматтарды кайдан тапса болот?

Азыркы учурда бүт өлкө боюнча 100дөн ашык нактамат орнотулган.

Накталатып алуу функциясы бар жакынкы терминалды 2GIS картасынан тапса болот.

«Мой О!» тиркемесин Google Play‘ден же App Store’дон жүктөңүз.