toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

Рамазан айында «Мой О!» тиркемесинен ыңгайлуу сервистер

Рамазан айында «Мой О!» тиркемесинен ыңгайлуу сервистер

Рамазан айында «Мой О!» тиркемесинен ыңгайлуу сервистер

«О!Деньги» финансылык сервиси бүт Кыргызстан боюнча колдонуучулардын ыңгайлуулугу үчүн өз мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү улантууда.

Эмесе, ыйык Рамазан айынын башталышы менен «Мой О!» мобилдик тиркемесинде Орозо кармагандар үчүн атайы сервис ишке киргизилди — Орозо онлайн-календары. Бул жерден Кыргызстандын бардык аймактары үчүн ооз бекитүүнүн жана ооз ачуунун актуалдуу убактысын жана ыңгайлуу таймерди камтыган ырааттаманы, ошондой эле дубалардын текстин жана маанисин караса болот.

Мусулмандарга Орозо убагында сөзсүз түрдө битир-садаканы берүү парзы айтылат. «О!Деньги» капчыгынын колдонуучулары кайрымдуулук үчүн каалаган сумманы бир нече басуу менен жана комиссиясыз жөнөтө алышат.

«О!Деньги» капчыгы аркылуу акча каражаттарын башка кайыр-садаканын түрлөрүнө дагы жөнөтсө болот: жетимдер, кайрымдуулук, зекет. Белгилей кетели, бардык которулган каражаттар Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын эсебине түшөт.

Мындан тышкары, ыйык Рамазан айында жакын адамдар чакырыла турган ооз ачуу расмиси мусулмандар үчүн маанилүү иш-чара болуп саналат. Бул жерден да «О!Деньги» финтехи кыргызстандыктар үчүн пайдалуу болууну улантууда, анткени тиркеменин колдонуучулары өлкөдөгү тамактануу жайларынын көпчүлүгүнөн QR-код аркылуу жагымдуу кешбэк менен ыңгайлуу жана контактсыз төлөй алышат.

Ыйык Рамазан айында «О!Деньги» финансылык сервисинин командасы чын жүрөктөн тынчтыкты, кубанычты жана бакубатчылыкты каалайт!