Элкарт «О!Деньги» картасы эми 1% кешбэк менен
Биз кардарларга ыңгайлуу жана пайдалуу чечимдерди сунуштап, накталайсыз төлөмдөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү улантуудабыз. Эми биздин колдонуучулар кешбэкти QR-код менен төлөөдө гана албастан, Элкарт «О!Деньги» төлөм картасын колдонууда да кешбектүү болууда.
Бонус түрүндөгү 1% кешбэк өлкөнүн кайсы болбосун POS-терминалы аркылуу ар бир сатып алуу үчүн чегерилет. Бир бонус бир сомго барабар.
Топтолгон бонустарды бонустук программанын өнөктөштөрүнөн товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө сарптаса болот – булар кафелер, дүкөндөр, дарыканалар, супермаркеттер, май куюучу жайлар жана ар түрдүү 1000ден ашык жайлар.
Элкарт «О!Деньги» картасын кантип алат
Өнүмдүн дагы бир артыкчылыгы – аны тез жана акысыз алууда.
Картага буйрутманы «Мой О!» тиркемесинен бериет, O!Store дүкөнүнөн дароо алса болот.
Картанын мүмкүнчүлүктөрү
· Коопсуз онлайн сатып алуулар: Яндекс Go’го, Wildberries’ке, самокаттарды, пауэрбанктарды ижарага алуу боюнча сервистерге жана башкаларга байлап алыңыз.
· Ылдам которуулар: Кыргызстандан, Казакстандан, Орусиядан жана башка өлкөлөрдөн заматта келүүчү которууларды алыңыз.
· Накталай акча алуу: каражаттарды өлкөнүн кайсы болбосун банкоматынан накталатып алыңыз.
· Ыңгайлуу башкаруу: дароо тиркемеден транзакциялардын тарыхын жана каражаттардын калдыгын текшериңиз, картаны толуктаңыз жана ПИН-кодду алмаштырыңыз.
«Мой О!» тиркемесин Google Play’ден же App Store’дон жүктөп алып, «О!Деньги» капчыгы аркылуу пайдалуу төлөмдөрдү пайдаланыңыз.
Кешбэкти чегерүү шарттары:
1. Кайсы болбосун POS-терминал аркылуу Элкарт «О!Деньги» картасы менен ар бир төлөмдөн бонустук эсепке 1% кешбэк чегерилет.
2. Бонусту алуу үчүн транзакциянын максималдуу суммасы: 50 000 сом.
3. Суткасына 1 POS-терминал аркылуу транзакциялардын максималдуу саны: 4.
4. Бир транзакция үчүн бонустардын максималдуу саны: 500.
5. Бир айда бонустардын максималдуу саны: 3000.
Карталарды эмиссиялоо КРУБдун 20.10.2022-ж. №7003201022 лиц. негизинде атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында жүзөгө ашырылат.
28.11.2023