toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

 «О!Деньги» капчыгын кантип комиссиясыз толуктаса болот?

 «О!Деньги» капчыгын кантип комиссиясыз толуктаса болот?

«О!Деньги» капчыгын каалаган ыңгайлуу жол менен комиссиясыз толуктаса болот: банктык картаңызды байлап алып, башка төлөм системаларынын тиркемелеринен, ошондой эле бүт өлкө боюнча 10 000 терминалдан толуктаңыз.

Ыңгайлуу ыкманы тандап, капчыкты ашыкча төлөмсүз толуктаңыз.

1. Төлөм терминалдары аркылуу («О!Деньги», Pay24, Quickpay, «Оңой», UMAI, Unipay, Halyk Bank, «Айыл Банк», «Бакай Банк», «ЭкоИсламикБанк»):

  • төлөм терминалынын экранынан «О!Деньги» сервисин тандаңыз;

  • телефон номерин териңиз;

  • купюра кабыл алгычка акчаны салып, төлөмдү ырастаңыз.

2. Банктык тиркемелер аркылуу (Halyk, BakAi, KICB, «АБ24», «Элкарт Мобайл», «РСК24», «Керемет Банк», Balance):

  • онлайн-банкингдин тиркемесин ачыңыз;

  • «Которуулар» же «Төлөмдөр» бөлүмүнө өтүңүз;

  • «О!Деньги» сервисин тандаңыз;

  • телефон номерин жана сумманы терип, төлөмдү ырастаңыз.

3. ELQR аркылуу (Halyk, Demir Bank, BakAi, KICB, «АБ24», «Элкарт Мобайл):

  • онлайн-банкингдин тиркемесин ачыңыз;

  • QR-сканерди басыңыз;

  • «О!Деньги» капчыгынын QRын сканерлеңиз, же QR галереяда сакталган болсо, аны тандап, сканерлеңиз;

  • сумманы терип, төлөмдү ырастаңыз.

4. Кайсы болбосун банктын картасы аркылуу:

  • «Мой О!» тиркемесин жүктөп же жаңыртып алыңыз;

  • «О!Деньги» бөлүмүнө өтүп, «Карталарды» тандаңыз;

  • «Кошуу» баскычын басып, төлөм системасын жана картанын маалыматтарын көрсөтүңүз;

  • Толуктоо үчүн «Капчык», «Толуктоо» баскычтарын басыңыз;

  • Кошулган картаны «Каражаттардын булагы» тилкесинен тандаңыз;

  • Сумманы терип, төлөмдү ырастаңыз.

 «О!Деньги» капчыгын башка банктык тиркемелерден да толуктаса болот, бирок мында комиссиясы бар:

  • KICB – 1%;

  • Balance – 1%;

  • Mbank – 1%;

  • «Компаньон» – 1%;

  • «Бай Тушум» – 0,2%.