toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

Бонустук кешбэкти «О!Деньги» аркылуу QR боюнча ар бир төлөөдөн алууга болот

Топтолгон бонустарды программанын өнөктөштөрүнөн сарптоого болот

Смартфондон төлөм жүргүзүңүз

Бонустук кешбэкке ээ болуп, аларды топтоңуз

Товарлар менен кызматтар үчүн бонустар менен төлөңүз

Бонустарды топтоп, алар менен төлөңүз

Бардык өнөктөштөр
O!Store’дон 10%га чейин кешбэк 10%

O!Store дүкөндөрүнөн «О!Деньги» капчыгы аркылуу төлөп, пайдалуу кешбэкке ээ болуңуз: 

  • смартфондорго 2%;

  • аксессуарларга 10%;

  • смарт-сааттар менен гаджеттерге 3%.

O!Store – Кыргызстан боюнча 100 дөн ашык заманбап филиалдары бар тармак катары белгилүү болгон ири интернет-дүкөндөрдүн бири. Дүкөндөрдө дүйнөлүк бренддердин түрдүү смартфондору, аксессуарлары, акылдуу үйгө арналган түзүлүштөр, гаджеттер, электросамокаттар, ошондой эле мобилдик интернетке туташуу үчүн роутерлер менен винглдер бар.

Globus дүкөндөрүндө кешбэк 2% 2%

Globus дүкөндөрүндө «О!Деньги» менен төлөңүз жана ар бир сатып алууда 2% кэшбэк алыңыз!

Globus Кыргызстандагы эң ири соода түйүндөрүнүн бири. Дүкөндөр чынчылдык, жакшы кардарларды тейлөө жана арзандатуу баалары боюнча курулган.

«Народный» дүкөндөрүндө кешбэк 2% 2%

Народный дүкөндөрүндө «О!Деньги» менен төлөңүз жана ар бир сатып алуудан 2% кэшбэк алыңыз!

«Народный» соода үйү – 2002-жылы негизделген Кыргызстандагы улуттук дүкөндөр тармагы. Учурда тармакта 40 соода дүкөнү бар.

«Партнер Нефть» МКС тармагында 2% кешбэк 2%

«Партнер Нефть» МКС тармагынан «О!Деньги» аркылуу QR боюнча аткарылган ар бир төлөмдөн 2% кешбэк алыңыз.  

«Партнер Нефть» жогорку деңгээлде сервис көрсөткөн, сапаттуу мунай өнүмдөрү, ошондой эле МКС караштуу дүкөндөрдө кошумча товарлар менен камсыздаган ири тармак.

Bishkek Petroleum МКС тармагында 2% кешбэк 2%

Bishkek Petroleum МКС тармагынан «О!Деньги» аркылуу QR боюнча аткарылган ар бир төлөмдөн 2% кешбэк алыңыз. 

Bishkek Petroleum – бул сапаттуу күйүүчү май менен камсыздаган, пайдалуу сунуштар менен мыкты сервис көрсөткөн ири МКС тармагы.

Кешбэк 2% в магазинах Megacity 2%

Megacity дүкөндөр тармагынан ар бир сатып алуудан 2% кешбэк алыңыз! 

Megacity – бул мультибренддик тиричилик химиясы менен косметика дүкөнү. 

Филиалдардын даректери: 

  • 7-кичи район, 15/1;

  • 7-кичи район, 52/3;

  • «Улан» кичи району, 3/2;

  •  Гоголь көч., 10.

Акциянын шарттары
  1. 1. Акция КР аймагында 15.12.2022-жылдан 31.12.2023-жылга чейин өтөт.
  2. 2. «О!Деньги» бонусу Акциянын Өнөктөштөрүнөн QR боюнча төлөм жүргүзгөн «О!Деньги» капчыгынын идентификациядан өткөн бардык колдонуучуларына берилет.
  3. 3. «О!Деньги» бонусу QR боюнча интернет-булактардан төлөгөн учурда берилбейт.
  4. 4. Эгерде Колдонуучу чектин жалпы суммасын бонустардын эсебинен төлөй турган болсо, анда бонус кошулуп берилбейт.
  5. 5. Эгерде Колдонуучу төлөмдүн бир бөлүгүн бонустар менен ишке ашырса, анда бонус колдонулган бонустардын суммасын чыгарып салгандан кийинки акча каражаттарынын суммасына берилет.
  6. 6. Кошулуп берилген «О!Деньги» бонустарынын суммасы менен Колдонуучу «О!Бонус» жана «О!Деньги» бөлүмүнөн транзакциялардын тарыхчасынан таанышып чыга алат.
  7. 7. Эгерде Колдонуучу Бонустук программанын катышуучусунан төлөм жүргүзсө, анда ага бонустарды кошуп берүү жалпы сарпталган суммадан «Катышуучунун Бонусунун n% + 1% «О!Деньги» бонусу» формуласы боюнча кошулуп берилет.
  8. 8. О!Деньги бонусун алуу боюнча лимит: бир Колдонуучуга бир календардык айдын ичинде 3000 бонустук бирдик.
  9. 9. Бир Колдонуучудан бир Катышуучуга бонустук транзакциялардын максималдуу саны: суткасына 4 төлөм.
  10. 10. Колдонуучу тарабынан төлөм жокко чыгарылган учурда, ал төлөм үчүн кошулуп берилген бонустар да жокко чыгарылат.
  11. 11. Бонус башка төлөм тутумдарынын же банктардын QR боюнча «О!Деньги» аркылуу төлөгөн учурда берилбейт.
  12. 12. Бонус башка төлөм тутумдары, капчыктар же банк тиркемелери аркылуу «О!Деньги» QR боюнча төлөгөн учурда берилбейт.
    • - бонустар жаңылыштык менен берилгенде;
    • - бонустар берилген товарды кайра кайтарганда. Эгерде товарды кайтарып жатканда Катышуучунун бонустук эсебинде бонустардын саны бонустарды алуу үчүн жетишсиз болуп калса, Оператор кайтарылган товар үчүн кошулуп берилген бонустардын суммасына барабар суммада акча каражаттарын алып калууга укуктуу;
    • - колдонуу мөөнөтү чектелген атайы акциянын алкагында кошулуп берилген бонустардын жарамдуулук мөөнөтү бүткөндө;
    • - бонустар берилген учурдан тартып, 3 жыл өткөндө;
    • - катышуучу Программага катышууну токтоткондо;
    • - программаны ак ниет эмес колдонуунун натыйжасында бонустар берилгенде.