«Мой О!» унаа ээлери үчүн: ыңгайлуу онлайн-сервистер ар дайым кол алдында
Кыргызстандык унаа ээлеринин ыңгайлуулугу үчүн «Мой О!» мобилдик тиркемесинде эң актуалдуу сервистер чогултулган, аларды каалаган убакта күнү-түнү колдонсо болот.
Бул жыйнакта авто сүйүүчүлөр үчүн эң пайдалуу кызмат көрсөтүүлөр чогултулган. Салыкты кантип төлөйт, айып пулдарды кантип текшерет, күйүүчү майдан кантип үнөмдөйт же болбосо күйүүчү майды бөлүп төлөөгө кантип куйса болорун биле аласыз.
1. Сервистерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө
o Айып пулдарды текшерүү жана төлөө. Жол кыймылынын эрежелерин бузууда “Коопсуз шаардын” камераларына түшкөн же колго жазылган кандай айып пулдар транспорттук каражат боюнча катталгандыгын тиркемеден билүү оңой. Мындан тышкары, штрихкоддордун сканери аркылуу айып пулдарды бир басуу менен төлөсө болот.
o Carcheck. Унааны анын номери боюнча текшерүү үчүн кызмат. Бул жерде ЖКЭ айып пулдарынын бары-жогу тууралуу, унаа камакта же күрөөдө болгондугу тууралуу, ошондой эле транспортко ээлик кылгандагы убакыт-мезгили тууралуу маалыматтар жеткиликтүү.
o Транспорт салыгы. Унаа салыгын бир нече мүнөттүн ичинде онлайн эсептеп чыгуу жана төлөө ыңгайлуу — бул үчүн унаанын маалыматтарын, унаа ээсинин ИННин көрсөтүү жетиштүү, мындан соң салыктын суммасы автоматтык түрдө эсептелип чыгат.
o Айдоочулук күбөлүктү төлөө. Эми айдоочулук күбөлүк үчүн мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот, бул үчүн «Мамлекеттик кызматтар» бөлүмүнөн төлөмдүн кодун терүү керек.
o Мамлекеттик номерди төлөө. Каалаган мамлекеттик номерди каттоону да банк бөлүмдөрүнө кайрылбастан онлайн төлөсө болот.
2. Пайдалуу кешбэк
Автоунаага күйүүчү майды куюу «О!Деньги» капчыгы менен бир кыйла ыңгайлуу жана пайдалуу. Болгону май куюучу жайдан QR’ды сканерлеп, дароо тиркемеден күйүүчү майды төлөп, пайдалуу кешбэкти алыңыз:
o Bishkek Petroleum - 2%;
o «Партнер Нефть» - 2%;
o «Газпромнефть» - 1%.
3. Күйүүчү майды бөлүп төлөө
Cервис «Мой О!» тиркемеси аркылуу «Акча Булак» МККсынан үйдөн чыкпастан 7 күнгө 7 000 сомго чейин пайыздарсыз жана комиссиясыз алууга мүмкүндүк берет. Түшкөн сумманы Bishkek Petroleum жана «Партнер Нефть» май куюучу жайларынын тармактарынан күйүүчү майды төлөгөнгө сарптаса болот.
14.06.2024