«О!Деньги» бизнес үчүн: ККМ функциясы бар Smart POS-терминалдарды акысыз туташтырып алыңыз
«О!Деньги» финансылык сервиси накталайсыз төлөмдөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү улантып, сиздин бизнесиңиз үчүн акылгөй чечимди сунуштайт.
ККМ функциясы бар «экөөндө бир» Smart POS-терминалды туташтырып алыңыз. Бул POS-терминал кайсы болбосун банктын карталары жана ELQR боюнча төлөмдөрдү кабыл алууга мүмкүндүк берет, фискалдык чекти түзөт жана Мамлекеттик салык кызматына маалыматтарды жөнөтөт – бул бизнести жүргүзүү үчүн оптималдуу жана эргономикалуу чечим. Мындан ары кымбат ККМ кассалык аппараты менен POS-терминалды өз-өзүнчө сатып алуунун зарылчылыгы жок.
Smart POS-терминал бардык зарыл функциялар менен жабдылгандыгы, оңой колдонулгандыгы жана чакан көлөмү менен айкалышып турганы бизнес-процесстерди оптимизациялоого жана кардарларды тейлөө процессин тездетүүгө мүмкүндүк берет.
ККМ функциясы бар биздин POS-терминалдарды колдонуунун артыкчылыктары:
· оңой жана акысыз орнотуу;
· акысыз тейлөө жана чек лентасын берүү;
· лимиттер жана айып пулдар жок;
· фискалдык чектерди басып чыгаруу;
· маалыматтарды иштеп чыгуу жана МСКга жөнөтүү;
· физикалык ККМ кассалык аппараты үчүн чыгымдарды кыскартуу;
· кайсы болбосун банктын банктык эсеби менен интеграциялоо;
· ишенимдүү тез иштөө;
· күнү-түнү онлайн-колдоо.
ККМ функциясы бар Smart POS-терминалга дароо азыр буйрутма берип, комиссиялар боюнча эксклюзивдүү шарттарга ээ болуңуз!
Туташтырууга өтүнмө калтыруу үчүн сизге ыңгайлуу болгон каалаган жол менен бизге байланышыңыз:
· 0705000303 телефон номери боюнча;
· Whatsapp же Telegram мессенджерлери аркылуу.
19.07.2024