«Мой О!» жана «Бирге+»: Globus, SPAR, «Достор» жана «Народный» дүкөндөрүнөн сатып алуу үчүн 7%га чейин кешбэк
Globus, SPAR, «Достор» жана «Народный» дүкөндөрүндөгү күнүмдүк сатып алууларыңыз «Мой О!» тиркемеси менен мурдагыдан да пайдалуу болот.
«Мой О!» тиркемесинен «Бирге+» картасын тариздеп, сатып алууларды QR-код менен төлөңүз да, сумманын 7%ына чейин бонус түрүндө алыңыз.
«Бирге+» картасын кантип ачат:
1. «Мой О!» тиркемесин жаңыртып алып, «Бирге+» бөлүмүн ачыңыз.
2. «Картаны ачуу» баскычын басып, маалыматтарды толтуруңуз.
Даяр! Санариптик карта эми тиркемеде жеткиликтүү, ал эми QR-кодду кассадан көрсөтсөңүз болот.
«Мой О!» катталган номерде «Бирге+» картаңыз барбы? Кайра катталуунун кереги жок — бардык бонустар жана деңгээл сакталат.
7% кешбэкти кантип алса болот:
1. 4%га чейин — «Бирге+» картасы боюнча бонустар.
Кешбэктин өлчөмү мурунку айдагы сатып алууларыңыздын суммасына жараша болот:
- 3 000 сомго чейин — 1%
- 3 000 сомдон 7 000 сомго чейин — 2%
- 7 000 сомдон 15 000 сомго чейин — 3%
- 15 000 сомдон жогору — 4%
2. «Мой О!» аркылуу QR-код менен төлөөдө кошумча кешбэк – O!Prime жазылуусу менен 3% же жазылуу жок 2%.
Сатып алууну кантип төлөө керек?
1. «Мой О!» тиркемесин ачып, кассирге «Бирге+» картасынын QR-кодун көрсөтүңүз.
2. O!Bank’тын QR-коду менен төлөө ыкмасын тандаңыз.
3. QR-кодду сканерлеп, төлөмдү ырастаңыз.
Шарттар:
•Чектин минималдуу суммасы — болгону 100 сом.
•Бонустар менен төлөнгөн сатып алууларга кошумча чегерүүлөр каралган эмес.
•Сатып алуулардын саны чектелген эмес.
Жакшы көргөн дүкөндөрүңүздөн соода кылып, сатып алууларды «Мой О!» аркылуу төлөп, бонустарды көбүрөөк алыңыз!
«Мой O!» тиркемеси App Store’до жана Google Play’де Кыргызстандын бардык мобилдик операторлорунун абоненттери үчүн жеткиликтүү.
Акция 31.12.2026 чейин жүрөт. 7% кешбэк «Бирге+» картасынын «Дарбыз карта» аттуу 4-деңгээлинде, O!Prime жазылуусу бар болсо жана «Мой О!» аркылуу QR менен 100 сомдон жогору төлөөдө жеткиликтүү. «Грин Телеком Сервис» ЖЧКсы. КРУБдун 03.08.2017-ж. №2021030817, №3022030817 лиц. Кененирээк: dengi.kg. «Бирге+» лоялдуулук программасы — «Умай Групп» ЖЧКсы.
16.11.2026