«О!Деньги» Kaspi’ге акча которуудагы комиссияны нөлгө түшүрдү
«Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги» финансылык сервиси мурдагыдан да пайдалуу жана ыңгайлуу төлөм аспабы болууда.
Эми Kaspi’ге онлайн-которууну комиссиясыз жөнөтсө болот. Казакстанга акча которуулар банкка барбастан дароо смартфондон 24/7 бою жеткиликтүү.
Ыкчам которууну кантип жөнөтсө болот
· «Мой О!» тиркемесин → «О!Деньги» капчыгын ачыңыз.
· «Которуулар» бөлүмүн тандаңыз → «Kaspi которуу».
· Толук маалымат бериңиз, которуунун суммасын көрсөтүп, төлөмдү ырастаңыз.
· которуу заматта түшөт.
«О!Деньги» капчыгынын көптөгөн башка мүмкүнчүлүктөрү:
· О! терминалдарынан жана байланган картадан акысыз толуктоо;
· өлкөнүн бардык мобилдик операторлорунун абоненттерине жеткиликтүүлүк;
· коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү, интернетти жана каталогдогу 2500дөн ашуун сервисти төлөө;
· 200дөн ашуун мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө: патентти тариздөө, паспортту жасоо, ЖААКтын, ИИМдин, Юстиция министрлигинин кызмат көрсөтүүлөрү, Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымкаттары жана башкалар;
· QR аркылуу ар бир төлөмдөн 50%га чейин кешбэк;
· Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Украинын, Түркиянын, Азербайжандын жана Армениянын банктарынын капчыктарына жана карталарына которуулар;
· бүт өлкө боюнча O!Store дүкөндөрүнөн жана нактаматтардан акысыз накталатуу.
«Мой О!» тиркемесин Google Play’ден же App Store’дон жүктөп алып, накталайсыз төлөмдөрдүн бардык артыкчылыктарын пайдаланыңыз.
* «О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБдун 03.08.2017-ж. №2021030817, №3022030817 лиц.
16.07.2024