Globus дүкөндөрүнөн сүйүктүү азык-түлүктөрдү акысыз жеткирүү «Мой О!» тиркемесинде
«О!Маркет» маркетплейсинин жана Globus дүкөндөр тармагынын үзүрлүү кадамдарына жараша, эми азык-түлүктөрдү сатып алуу мурдагыдан да ыңгайлуу жана оңой болуп калды. Кыргызстандыктардын сүйүктүү дүкөнүнөн товарларды жеткирүү кызматы эми «Мой О!» тиркемесинен жеткиликтүү.
Globus жаңы жашылча-жемиштердин, эт жана сүт азыктарынын, балдардын тамагынын, тиричилик химиясынын жана көптөгөн башкалардын кеңири ассортиментин сунуштайт.
Эмне үчүн бул пайдалуу?
Сунушталган ассортименттин жагымдуу бааларынан тышкары, «Мой О!» тиркемесинин колдонуучулары Бишкек шаары боюнча азык-түлүктөргө буйрутма бере алышат. Буйрутманын суммасы 1000 сомдон жогору болгондо, жеткирүү акысыз.
«О!Маркетте» кандай ассортимент сунушталат?
Globus дүкөндөр тармагындагы 4 000ден ашык товар маркетплейсте жеткиликтүү. Ассортимент дайыма өсүп турат, анын ичинде колдонуучулардын каалоолору боюнча дагы. Товарларды үйдөн чыкпай туруп тандаңыз жана сатып алыңыз!
Товарлар канча убакытта жеткирилет?
Азык-түлөктөрдүн баарынын жарактуу мөөнөтүнүн оптималдуулугу жана таңгактарынын бүтүндүгү кылдаттык менен дүкөндөн текшерилет. Андыктан, буйрутманы тариздөө жана үйгө чейин жеткирүү 2 сааттан ашык эмес убакытты гана талап кылат.
Буйрутманы кантип тариздейт?
1. «Мой О!»мобилдик тиркемесин App Store’дон же Google Play’ден жүктөп же жаңыртып алыңыз.
2. «О!Маркет» бөлүмүн → Globus’ту ачыңыз.
3. Керектүү товарларды себетке кошуп, «Улантуу» баскычын басыңыз.
4. Жеткирүүнүн дарегин терип, «Төлөө» баскычын басыңыз.
5. Тиркемеде көрсөтүлгөн эсепти ачып, төлөмдү ырастаңыз.
Биринчи буйрутмаңызды дароо азыр тариздеңиз!
«О!Маркет» - ыңгайлуу сатып алуулар үчүн «Мой О!» тиркемесиндеги маркетплейс.
27.05.2024