Бишкекте жол кирени накталай эмес төлөө: кантип QR менен төлөп, 50% кешбэк алса болот?
20-августтан тарта Бишкектин муниципалдык автобустарында жана троллейбустарында накталай эмес эсептешүү гана колдонулат. «О!Деньги» финансылык сервиси бул демилгени колдоп, жол киреге QR-код аркылуу ар бир төлөмдөн белекке 50% кешбэк берет!
QR-код менен төлөө өтө оңой жана утуштуу:
«Мой О!» тиркемесин жаңыртып, «О!Деньги» капчыгын ачыңыз.
Унаа каражатынын сыртында же ичинде жайгашкан QR-кодду сканерлеңиз.
Телефондун балансынан, капчыктан же байланган картадан төлөңүз.
Төлөм жүргүзүлгөндөн кийин 50% кешбэк заматта бонустук эсепке кайтарылып берилет.
Топтолгон бонустар менен бонустук программанын өнөктөштөрүнөн товарларды жана кызматтарды төлөсө болот. Толук маалымат тиркеменин «О!Бонус» бөлүмүндө.
21.08.2023