toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

Арзан авиабилеттер эми «Мой О!» тиркемесинде – оңой жана пайдалуу саякаттаңыз!

Арзан авиабилеттер эми «Мой О!» тиркемесинде – оңой жана пайдалуу саякаттаңыз!

«Мой О!» экосистемасы санариптик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү улантууда – эми колдонуучуларга дароо тиркемеден авиабилеттерди сатып алуу боюнча онлайн-сервиси жеткиликтүү!

Жаңы функционал учактарга билеттерди пайдалуу баада, оңой жана ыңгайлуу сатып алууга мүмкүндүк берет. Бул сервис аркылуу кыргызстандыктар бүт дүйнө боюнча көптөгөн багыттардын тизмесинен каттамдарды тандап алуу, пайдалуу сунуштарды оңой табуу жана брондоо мүмкүндүгүнө ээ болушат.

«Мой О!» тиркемесиндеги авиабилеттер - бул:

  • төмөн баалар;

  • ыңгайлуу издөө;

  • ички да, эл аралык да багыттардын көптөгөн түрлөрү;

  • ишенимдүү төлөө жолу – «О!Деньги» аркылуу;

  • сатып алуунун жана учуп кетүүнүн алдында тиркемеден айып пулдарды текшерүү жана төлөө;

  • учуп кетүүгө чейинки убакытты ыңгайлуу эсептөө;

  • ыкчам колдоо.

Жаңы сервис бардык каалоочулар үчүн сапарларды пландоону оңойураак жана жеткиликтүүрөөк кылат. Болгону Google Play’ден же App Store’дон «Мой О!» мобилдик тиркемесин жүктөп же жаңыртып алып, идеалдуу каттамыңызды тандаңыз!

«Мой О!» – пайдалуу учуңуз! 

*«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБдун 03.08.2017-ж. №2021030817, №3022030817 лиц.