toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

Салыктык карызды «О!Деньги» аркылуу онлайн текшериңиз жана төлөңүз

Салыктык карызды «О!Деньги» аркылуу онлайн текшериңиз жана төлөңүз

«О!Деньги» финансылык сервиси өз кызматтарынын катарын кеңейтүүнү улантып, Мамлекеттик салык кызматынын салыктарын төлөө боюнча жөнөкөйлөтүлгөн жаңы сервисти сунуштайт – учурда салыктарды төлөө бир кыйла тез жана ыңгайлуу болуп калды.

Эми салыктык карыздын бар-жоктугун дароо тиркемеден текшерип, онлайн төлөсө болот.

 «О!Деньги» аркылуу кайсы салыктарды төлөсө болот:

  • транспорт салыгын;

  • кыймылсыз мүлк салыгын;

  • пайдага салыкты;

  • пайыздарга салыкты;

  • бирдиктүү салыкты;

  • сатуу салыгын жана көптөгөн башкаларды.

Салыктык карызды кантип текшерип, салыктарды кантип төлөйт:

  • Google Play’ден же App Store’дон «Мой О!» тиркемесин жүктөп же жаңыртып алыңыз.

  • «О!Деньги» капчыгын ачыңыз → «Сервистер» → «Салыктар» → «Салыктык карыз»/ «Салыктарды төлөө».

  • ИСНди терип, салыктын түрүн тандаңыз.

  • салыктык карыздардын суммасы автоматтык түрдө эсептелет.

  • төлөмдү ырастаңыз.

Мамлекеттик салык кызматы эскертет, 2024-жылдын 1-сентябрына чейин транспорт салыгын жана кыймылсыз мүлк салыгын төлөө зарыл. 

 

* «О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБдун 03.08.2017-ж. №2021030817, №3022030817 лиц.