toast__success-icon toast__error-icon

Сиздин өтүнмө кабыл алынды!
Чалууну күтүңүз.

Can't send contact info to email

Азыр сатып алып – кийин төлө! «Мой О!» тиркемесинде товарларга жана кызматтарга пайыздарсыз бөлүп төлөө

Азыр сатып алып – кийин төлө! «Мой О!» тиркемесинде товарларга жана кызматтарга пайыздарсыз бөлүп төлөө

Эми «Мой О!» тиркемесинин колдонуучулары комиссиясыз жана ашыкча төлөмсүз бөлүп төлөөгө товарларды сатып ала алат же кызматтарды төлөй алат. «Кийин төлө» жаңы кызматы үйдөн чыкпай туруп онлайн түрүндө 7 күнгө 10 000 сомго чейин тариздөөгө мүмкүндүк берет.

Мындан ары пландалбаган чыгашалар тууралуу тынчсыздануунун кереги жок - бардык шарттар максималдуу түрдө жөнөкөй жана түшүнүктүү.

Товарларды кантип бөлүп төлөө менен сатып алса болот?

1. «Мой О!» тиркемесин Google Play’ден же App Store’дон жүктөп алыңыз.

2. «Мой О!» тиркемесин ачыңыз → «О!Деньги» → «Акча Булак».

3. «Кийин төлө» баннерин басып, идентификациядан өтүңүз.

4. Тиркемеден онлайн түрүндө өтүнмөнү толтуруп, бардык зарыл документтерге кол коюңуз.

5. Өнөктөштүн дүкөнүнөн QR-кодду сканерлеңиз.

6. Төлөө ыкмасы катары «Кийин төлө» кызматын тандаңыз.

Товарларды ашыкча төлөмсүз бөлүп төлөөгө төмөнкү өнөктөштөрдөн сатып алса болот:

1. «Обувайка», «Кроха», Minimen, Kids Outlet балдар кийими жана бут кийими дүкөндөрү;

2. Studentka Boutique аялдар кийим дүкөнү;

3. Drive master автоэлектроника дүкөнү;

4. «Два прораба» курулуш гипермаркети;

5. Steak Dream азык-түлүк дүкөнү;

6. Bishkek Petroleum жана Partner Neft май куюучу жайлар тармактары.

«Кийин төлө» кызматынын өнөктөштөрүнүн тизмеси күндөн күнгө кеңейе берет.

Толук маалымат: www.akchabulak.kg. Кредиттөө сервиси «Акча Булак» МКК» ЖЧКсы тарабынан көрсөтүлөт, ал кредитти берүүдөн баш тартууга укуктуу. КРУБдун 22.06.2022-ж. эсептик каттоо жөнүндө №512 күб.