
Капчыкты тейлөөнү токтотуу
Урматтуу кардарлар,
"О!Деньги" системасын колдонуу жөнүндө Ачык офертанын
6.2.5 жана 6.2.8-пункттарына ылайык, тобокелдиктерге ички баа берүүнүн негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу максатында, 20.08.2025-ж. тартып "О!Деньги" электрондук капчыгыңызды тейлөө токтотулат.
Көрсөтүлгөн күнгө чейин акча каражаттардын калдыгын өзүңүзгө ыңгайлуу жол менен чыгарып алууңузду суранабыз:
• нактаматтар аркылуу;
• башка капчыктарга же карталарга которуу жолу менен.
20.08.2025-ж. тартып каражаттардын калдыгын каалаган O!Store кеңсесине паспортуңуз менен келип, арыз жазуу менен гана ала аласыз.
11.08.2025